Надежда Теффи: Модалуу адвокат

  • 22.04.2025
  • 600

АҢГЕМЕ

Бул күнү сотто эл аз болчу. Кызыктуу отурум деле күтүлгөн эмес. Сот залындагы отургучтарда тик жака көйнөкчөн үч жаш жигит уйкулары келип, зеригип олтурушкан. Сот залында бир нече студент жигиттер, кыздар, бурчта эки репортёр отурду.

Сотто Семён Рубашкиндин иши каралмак. Ага гезитке чыккан макаласында «биринчи Думаны таратуу тууралуу жалган ушактарды тараткан» деп айыпталууда деп жазылган протоколдо.

Айыпталуучу залда жубайы жана үч досу менен эл алдында ары-бери басып жүрдү. Бардыгы жандуу, абалдын өзгөчөлүгүнөн улам бир аз көңүлдөрү көтөрүңкү, ар нерсени айтып тамашалашып, күлүп жатышты.

— Эми эртерек баштаса жакшы болмок, — деди Рубашкин, — курсагым жаман ачты.

— Биз бул жерден түз эле «Венага» таңкы тамакка барабыз, — кыялдана кетти жубайы.

— Ха! ха! ха! Эгер аны түрмөгө жиберсе, таңкы тамак да ошол жерде болот, — деди достору тамашалашып.

— Жакшырагы Сибирге жиберишсин, — деди жубайы ойсоктоп, — биротоло ошол жакта жашоо үчүн. Мен башка бирөөгө турмушка чыкмакмын.

Достору каткырып, Рубашкинди моюнунан кучактап, тамашалашты. — Эгер дагы башка жактарга которууну кааласаңыз, арыз жазып коюңуз!

Залга фрак кийген толмоч мырза кирди, айыпталуучуга менменсине башын ийкеп койду да, үстөлгө отуруп, портфелинен кагаздарын сууруп чыга баштады.

— Бул ким? — деди жубайы.

— Менин адвокатым.

— Адвокат? — достору таң калышты. — Сен акылдан адаштыңбы! Мындай майда иш үчүн адвокат жалдап не кыласың! Муну укса тооктор да күлбөйбү. Ал бул жерде эмне кылат? Ага сүйлөй турган сөз да жок! Сот ишти ушул эле жерден токтотот.

— Мен, чындыгында, аны чакырайын деген эмесмин. Ал өзү кызматын сунуштады. Жана акча албайт. Биз, – дейт – мындай иштерге принцип үчүн гана киришебиз. Гонорар алуу биз үчүн уят. Мен албетте, каршы болгон жокмун. Аны эмне үчүн уят кылышым керек?

— Уят кылуу жакшы эмес, — макул болду жубайы.

— Экинчи жагынан, ал мага кандайча тоскоол болот? Көп болсо беш мүнөт сүйлөйт. Балким, пайдасы тийер. Ким билет? Эгерде сот дагы кандайдыр бир айып салууну ойлосо, ал ишти жөнгө салат.

— О-о, чын эле, — деп макул болушту достору.

Адвокат туруп, муруттарын чыйратып, кабагын чытып, Рубашкинге жакындады.

— Мен сиздин ишиңизди карап чыктым, — деди ал олуттуу, анан: «Сабырдуу болуңуз» деп кошумчалап койду.

Андан кийин өз ордуна кайтып барды.

— Кызык киши экен! — достору күлүп жиберишти.

— Шайтан алгыр, — Рубашкин тынчсызданып башын чайкады. — Айыптын жыты жыттанат.

*      *      *

— Туруңуздар! Сот келатат! — деп кыйкырды соттун катчысы.

Айыпталуучу өзүнүн тордогу ордуна барып отурду, жубайына жана досторуна башын ийкеп, өзүн жаңы эле бирөөдөн жаман сөз уккан адамдай ыңгайсыз абалда сезип турса да, башын бийик көтөрүп жылмайып койду.

— Баатыр! — деп шыбырады досторунун бири жубайына.

— Православ динин тутунам! — деп жооп бере баштады айыпталуучу, төраганын суроолоруна.

— Сиз С. Р. деп кол коюлган макаланын автору экениңизди мойнуңузга аласызбы?

— Мойнума алам.

— Бул иш боюнча дагы эмне айта аласыз?

— Эч нерсе, — деди Рубашкин таң калып.

Бирок ушул учурда адвокат алдыга суурулуп чыкты. Ал тамагына койдун сөөгү тыгылып калгансып жүзү моюнуна чейин кызарып, көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюп, күрөө тамырлары көөп чыгыптыр.  

— Урматтуу калыс соттор! — деп кыйкырды ал. — Ооба, бул сиздердин алдыңыздарда турган Семён Рубашкин. Ал макаланын автору жана биринчи Думаны таратуу тууралуу ушактарды таратканы үчүн айыпталууда, макалага эки гана тамга менен кол коюлган, бул тамгалар С. Р. Эмне үчүн эки тамга деп жатсаңыздар керек. Эмне үчүн үч эмес, мен да ушинтип сурагым келет. Эмнеге ал сылык жана жакшы тарбия көргөн уул, атасынын аты-жөнүн толук жазган жок? Эмне үчүн ал С. жана Р. деген эки тамгага гана муктаж болду? Бул анын кооптуу жана күчтүү партиянын өкүлү экенинин далили эмеспи? Урматтуу калыс соттор! Чын эле мен коргоп жаткан адам болбогон бир сөздөр менен, эч нерсеге татыбаган макаланы жазган жөнөкөй гезитчинин бири деп ойлоп жатасыздарбы? Жок, урматтуу соттор! Сиздер аны минтип уят кылууга, анын кадырына шек келтирүүгө укугуңуздар жок, ал, балким, жашыруун күчтүн, башкача айтканда, биздин улуу революциялык кыймылдын эмоционалдык жаратылышын билдиргиси келгендир. Анын күнөөсү өтө кичинекей деп айтасыздар. Жок! деп айтар элем. Жок! Мен буга каршымын!

Төрага сот кызматкерин чакырып, залды элден тазалоону өтүндү.

Адвокат суу ууртап, сөзүн улантты:

— Сиздерге сөзсүз эле ак папах кийген баатырлар керек! Сиздер «колуңду көтөр!» деп кыйкырып, алдыга чыккан карапайым эмгекчилерди тааныбайсыздар, бирок дал ошолор кылган иштерин кыйкырып жарыялабай, тымызын жүрүп эле күчтүү кыймылды башкаруушуда. Москвадагы банкты тоногон банданын башчысынын башында ак папах бар беле? Фон-дер... өлтүрүлгөн күнү көзүнөн жаш чыкканча кубанган адамдын башында ак папах бар беле? Мага өз кардарым тарабынан берилген ыйгарым укуктар чектелүү. Бирок ушул чектерде да мен көп нерсени айта алам.

Төрага эшикти жабууну жана күбөлөрдү чыгарууну өтүндү.

— Сиздер, бир жыл түрмөгө олтургузуп бул арыстанды коёнго айлантабыз деп ойлойсуздарбы? – Бурулуп, бир нече мүнөттөн бери өзүн жоготуп, денесинен муздак тер чыпылдаган Рубашкинди колу менен көрсөттү. Андан соң бул укмуш көрүнүштөн көзүн албагандай түр менен сөзүн улантты: — Жок! Эч качан! Ал түрмөгө арыстан болуп отурат, ал эми чыкканда көп баштуу ажыдаар болуп чыгат! Ал, жылан сыяктуу, душманынын моюнуна оролот, административдик зулумдуктун сөөгү анын күчтүү тиштеринде кычырап жок болот. Ага Сибирди даярдадыңыздарбы? Бирок урматтуу, соттор! Мен сиздерге эч нерсе айтпайм. Сиздерге бир гана суроо берем: Гершуни кайда? Сиздер Сибирге сүргөнгө айдаган Гершунини айтам! Ошонун кереги бар беле? Түрмө, сүргүн, кыйноолор — булар намыскөй адамдын оозунан жок дегенде моюнга алган бир сөздү же миңдеген шериктеринин биринин ысмын атоого мажбурлай алабы?.. Жок, Семён Рубашкин андай адамдардан эмес! Ал эшафотко башын бийик көтөргөн боюнча барат, желдет менен попко тике карап: «Мен силердин кызматыңарга муктаж эмесмин!» — деп өз мойнунуна сыйыртмакты сыймыктануу менен өзү салат.

Урматтуу соттор! Мен бул асыл адамдын элесин «Эсимденин» беттеринен көрүп турам, бул улуу күрөшчүнүн акыркы мүнөттөрү жөнүндөгү менин макалам аны орус революциясынын легендарлуу баатырына айлантат. Мен да анын башына баштык кийгизгенде анын айтаар акыркы сөздөрүн кайталап кетейин: «Жамандык жоголсун...»

Төрага адвокатты сөзүнөн ажыратты.

Адвокат баш ийди, болгону анын кардары Семён Рубашкиндин кечирим сурап жазууга такыр макул эместигин билдирген арызын кабыл алууну өтүндү.

*      *      *

Сот, кеңешке чыкпай туруп, дароо айыптоо беренесин өзгөртүп, Семён Рубашкинди бардык мүлкүнөн ажыратууга жана асуу аркылуу өлүм жазасына өкүм чыгарды.  

Айыпталуучуну залдан эс учунан танган боюнча алып чыгышты.

*      *      *

Буфетте жаштар адвокатты дуулдаган кол чабуулар менен тосушту.

Ал жылмайып, башын ийип, кол алышып жатты. Андан кийин сосиска менен бир шише сыра ичип, соттун катчысынан анын сөзүнүн корректурасын жиберүүнү өтүндү.

— Мен басма каталарын жактырбайм, — деди ал.

*      *      *

Коридордо аны жүзү кубарып, өң-алеттен кеткен эркек токтотту. Бул Рубашкиндин досторунун бири эле.

— Чын эле баары бүттүбү! Эч кандай үмүт жокпу?

Адвокат кабагын чытып жылмайып койду.

— Эмне кыла алабыз! Орус реалдуулугунун коркунучтуу көрүнүшү!..

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз