Белгилүү фермер Манас Саматов «жер — бул университет» дейт

  • 29.05.2025
  • 1846

"Мамлекетти башкалардан көзкарандысыз абалда кармай турган жападан жалгыз мүмкүнчүлүк, бул – айылчарба. Арийне, дүйнөлүк башка байлыктарга ээлик кылып, өлкөнүн соода тармагы дүркүрөп, бакубаттыкка жеткен күндө да, акыры башкалардын азык-түлүгүнө көзкарандылык жаралат. Андыктан толук көзкарандысыздык дегенди айылчарба деп түшүнүш керек". 
Жан-Жак РУССО

Айыл чарба инженери, техника илимдеринин кандидаты, тажрыйбалуу фермер, эл аралык агрокеңешчи Манас Саматовдун айыл чарба тармагындагы дыйканчылык менен багбанчылык боюнча ташка тамга баскандай накыл кеби жаамы журтка кеңири жайылса дейбиз. Өзү айтмакчы, “коомчулукта фермерлердин зоболосун көкөлөтүү модага айланышы керек”.

Арийне, иштин көзүн таба билген мындай адистердин бай тажырыйбасы агро маданияттын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, сырларын үйрөтөрүн эске алып, «РухЭштин» окурмандарына жер киндигинен баш көтөрбөй эмгектенген эл багарлар үчүн каарманыбыздын “Жетиген” (№5 – май, 2025) журналында жарык көргөн маани-маңыздуу ой-куржунун кыскартылган вариантында жарыялоону эп көрдүк.

*     *     *

Кыялдарым миссияга айланды, кыргыздын урпагы катары өз алдымча ыктыярым менен койгон максатым – кыргыз жерин бүтүндөй мөмөлүү дарактар дүйнөсүнө айландыруу, айылдагы ар үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагын калыптандыруу.

*     *     *

Глобалдуу заманда элибиз дүйнөлүк базарлардын талабына жооп берер сапатка ээ, эл аралык атаандаштыкка туруштук берер органик айыл чарба азыктарын өнүктүрүүгө тийишпиз.

*     *     *

… Үй-бүлөлүк фермер чарбалары таканчыктап,  «өзүмдүкү дегенде өгүздөй күчү» барлар арбыганы менен, менчик жерлерди иштетүү тажырыйбасы көбүндө жок үчүн, жакырчылыктан көтөрүлө албады көбү. Себеби, мамлекет менен фермерлердин ортосунда мамиленин жемиштүү формуласын алигече таба элекпиз… Өкмөт, айыл чарба министрлиги акыркы жылдарда гана айыл чарбасына көп каражат бөлүп, иштиктүү колдоо жолго коюлгансып калды.  Буюрса, айыл чарба тармагын заманбап технологиялык нукка буруп, санаприптик системага келтирүүнү жолго салып кетерибизге ишеним жаралды.

*     *     *

Айыл жериндеги ар бир үй-бүлөдө короо-жай тутуу, мал багуу, жер иштетүү, чарба жүргүзүү маданиятына жараша балдарыбыздын кулк-мүнөзү, жөндөмү калыптанат. Учурдун талабынан карай турган болсок, бул эң татаал маселе. Ал үчүн инженер-агроном, ветеринар,  механик-конструктор, архитектор, дизайнер болуу өтө маанилүү экен… Анткени айыл өндүрүшү бул – интеллектуалдуу агробизнес экенин убакыт көрсөттү. Бизде кээси айыл чарба агрономиядан гана тургандай ойлонот. Чынында бул — агроинженерия, агрохимия, маркетинг, биотехнология жана агроэкосистемалык ойломдун чөйрөсү. Кесиптик жолду ар тараптуу илим менен байытууну максат кылганыбыз оңдуу.

*     *     *

Кесиптик жол – бул жөн гана эмгек таржымал эмес, ал адамдын дүйнө таанымы, ички мотивациясы, турмуштук максат-мүдөөсү. Айыл чарба мен үчүн жөн гана кесип эмес, өмүр миссиям. Анын башаты – үй-бүлөлүк тарбия, айылдагы жашоо.

*     *     *

Жер — бул университет. Анын сабагын күн сайын угуп, аракет кылгандар гана ийгиликке жетет.

*     *     *

… Илим менен практиканы айкалыштыруу — менин башкы философиям. Практика бул – фермерлик жана ишкерликти жуурулуштурат.

*     *     *

Кесиптик жолдун өзгөчөлүгү — тынымсыз изденүү. Айыл чарбада эч качан “мен баарын билем” деген ой болбошу керек. Ар бир жыл жаңы климаттык сыноо, жаңы оорулар, жаңы сорттор менен коштолот.

*     *     *

Айыл чарба – жан дүйнөмдүн кыймылы. Ар бир көчөт, ар бир түшүм – өз колумдун, акылымдын, жүрөгүмдүн туташ тамырындай. Бул жол жеңил болгон жок, бирок эң маанилүүсү — өз жолумду таптым.

*     *     *

Бүгүн айыл чарба тармагында, айрыкча багбанчылыкта жаңылануу жана илимге таянган ыкмалар гана ийгиликке жеткирет. Менин багытым да ошол заманбап, рынокко багытталган багбанчылыкты өнүктүрүү. Интенсивдүү, жогорку түшүмдүү бактар — келечектин багы. Биздин чарбада классикалык, совет доорундагы эмес, интенсивдүү типтеги алма, өрүк, шабдалы, алмурут бактары өстүрүлөт. Булардын айырмасы: тамчы сугат системасы аркылуу органик жер семирткичтери менен азыктандыруу. Бүгүнкү күндө 10 гектар жерге эски ыкма менен бак тигип, 10 тонна түшүм алгандан көрө, 1 гектарга заманбап бак тигип, 30 тонна түшүм алган оң.

*     *     *

Уникалдуу сортторду адаптациялоо — негизги багыт. Биз Германия, Италия, Польша, Түркия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн бир нече жаңы сортторду алып келип, климаттык шартка ылайыктап жергиликтүү шартка көчүрдүк. Алар: Гала Вал, Фуджи, Ред Чиф, Супер Чиф, Жерамини, Иноред Стори сыяктуу экспортко ылайык алма сорттору. Свит Леди, Венус сыяктуу нектарин сорттору биздин шартка жакшы отурду.

Биз көчөттөрдү жөндөн жөн тиге бербейбиз. Ар бир көчөттүн генетикалык тазалыгы; вирустардан корголушу; тамыр системасынын күчү; өсүү вектору (вегетациялык цикл) изилденип, анан тандалып алынат. Айрым көчөттөрдү in-vitro лабораториясында кыйыштырга ыкма менен өстүрүп, алардын сапатын жогорулатабыз.

*     *     *

Заманбап агротехнология менен жерди иштетүү — жаштар үчүн дем-шык, өлкө үчүн экспорттук потенциал, коом үчүн азык-түлүк коопсуздугу. Биз өстүргөн ар бир көчөт — билимдин, ишенимдин жана келечекке болгон инвестициянын символу. Бир көчөт – жөн эле өсүмдүк эмес, отуз жылдык түшүм бул, элдин азыгы, дыйкандын кирешеси, мамлекеттин байлыгы.

*     *     *

Негиздеген чарбабыз жөн гана бак тигүүчү жай эмес, бул илимий ыкмага негизделген заманбап моделдеги багбанчылык лабораториясы. Жүзөгө ашкан иштерибиз: Европадан, Түркиядан көчөттөрдү алып келип, жергиликтүү шартка адаптациялоонун программасын түздүк. Кыргызстандагы ар түрдүү климаттык тилкелерде тикелей талаа сыноолорун өткөрдүк. Жогорку түшүмдүү, ооруларга туруктуу, экспортко багытталган сортторду көбөйтүүнү ишке ашырдык.

*     *     *

Көчөт тигүү — бул бир күндүк иш эмес, бул муундарга калтырчу салым. Жаш адистерди даярдоо жана билим берүү – эң башкы озуйпабыз.

*     *     *

2024-жылдын башында өз демилгем жана бир катар ишенимдүү өнөктөштөрдүн колдоосу менен  жаңы коомдук бирикме “Бай Багбан”  Ассоциациясы түзүлдү. “Бай Багбан” – тармактык биримдик, келечек үчүн аянтча. Ассоциациянын максаттары – багбандарды бириктирүү жана алардын укуктарын коргоо; жогорку сапаттагы көчөттөрдү, үрөн жана агрохимикаттарды катталган каналдар аркылуу камсыз кылуу; багбанчылыкка тиешелүү инновацияларды тааныштыруу жана жайылтуу; эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар менен диалог жүргүзүү; аймактык фермерлерге билим берүү жана колдоо көрсөтүү системасын түзүү; экспортко багытталган өндүрүштү уюштуруу.

*     *     *

Арийне, жеке ийгилик — убактылуу кубаныч. Ал эми жалпы тармактын өнүгүшү — келечекке инвестиция. “Бай Багбан” ушул максатты көздөйт.

*     *     *

Багбанчылык узак мөөнөттүү, туруктуу киреше берүүчү бизнес экенин унутпашыбыз керек. Багбанчылыкта биринчиден, көчөт тигип, аны 3-5 жыл күтүш керек. Экинчиден, жылдык киреше түшүмгө жана сатыкка жараша өзгөрөт. Үчүнчүдөн, багбан бул капиталдык инвестиция менен иштеген фермер. Багбанчылык – бүгүн тигип, эртең жыйначу тармак эмес. Бул келечекти пландаган, стратегиялык ой жүгүрткөн адамдын иши. А мамлекеттик колдоо – потенциалды күчөтүү үчүн негиз.

*     *     *

Мамлекет өзү эле эмес, жеке сектор менен өнөктөштүктө агробизнести өнүктүрсө, натыйжа көп эсе жогорулайт. Мисалы, кооперативдер менен иштешүү; ири багбанчылык чарбалар менен пилоттук долбоорлор; инновациялык технологияларды киргизген чарбаларга салык жеңилдиктери; эл аралык тажрыйба (мисал катары Түркия).

Себеби Түркия багбанчылыкка 50% субсидия, тамчылатып сугарууга 80% грант, багбанчылык техникаларына жеңилдетилген лизинг бөлөт. Мунун натыйжасында Түркия дүйнөнүн топ-5 багбанчылык өлкөсүнүн бири болуп калды.

*     *     *

Багбанчылык – кирешелүү гана эмес, элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул мүмкүнчүлүк мамлекет менен жеке сектордун тандеминде гана ишке ашат. Багбанчылыкта ийгилик жеке эмгек менен башталып, а мартабасы мамлекеттин стратегиясы менен бирге артат.

*     *     *

Учурда өлкөдөгү дыйканчылык, багбанчылык абалдын көйгөйлөрүнө келсек, өсүү бар, бирок системалуулук жетишпейт. Кыргыз айыл чарбасында дыйканчылык, багбанчылык – негизги тармактарыбыз. Азыр бул багытта ички керектөө үчүн азыктар өндүрүлүп, айрым багбанчылык чарбалар экспортко чыгып, фермерлер саны өсүүдө, бирок алардын көбү чакан жана майда чарбалар.

*     *     *

Көйгөй эмнеде? Иштөө бар, тек инфраструктура жана билим жетишсиз. Илимий агротехнологиялар колдонулбайт. Көпчүлүк фермерлер тажрыйбага гана таянып иштешет. Топурак анализи, фенофаза боюнча тыңгылыктуу, биотехникалык коргоо сыяктуу ыкмалар жетишсиз колдонулат. Жогорку түшүмдүүлүккө ээ интенсивдүү сорттор менен иштөө аз. Суу тартыштыгы андан: сугат системаларынын 60% эскирген. Айрым аймактарда суу 2 жумада 1 жолу гана берилет! Тамчылатып сугаруу ыкмасы кеңири тарай элек. А сертификация жана логистика маселесинде: продукция сапаттуу болгону менен сертификация (GAP, HACCP) жоктугунан экспортко чыга албайт. Муздаткыч, таңгактоо, сактоо инфраструктурасы жетишсиз.

*     *     *

Суу тартыштыгы келечектин негизги көйгөйү! Суу тартыштыгы азыр реалдуу кыйынчылык, көптөгөн дыйкандарды, багбандарды сызга отургузуп, карызга батырчу көрүнүш! Кыргызстандагы суу ресурстарынын көбү муздак булактардан, дарыялардан келет. А 90% айыл чарбасында колдонулганы менен ошол 90% суунун жарымы эле ачык каналдарда тосулуп, буулуп отуруп жоголуп тынат. Кыргызстанда орточо эсеп менен жылына 13 млрд м³ суу тоолордон агып түшүп, анын 6–7 млрд м³ гана пайдалуу колдонулат. Эмне үчүн суу тартыш? Каналдардын жана суу системаларынын эскилигинде кеп. Айтсак, каналдардын 70%и Совет мезгилинде курулгандыктан, бетон жабдуулары жок үчүн жыл сайын курулай коромжу болгон суунун айынан аймактарда жер иштетүүдөн баш тарткандар көп. Буга кошул-ташыл климаттык факторлор бар: жай мезгили узарып, кургакчылык күчөгөн доор.

*     *     *

Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдагы маалыматына ишенсек, Кыргызстанда 100 миң гектарга 600 гана заманбап техника туура келет, бул көрсөткүч дүйнөлүк стандарттан 5-7 эсеге төмөн. Техникалык базанын негизги көйгөйлөрү: амортизация жана оңдоого келгенде эле эски техникалар көп бузулат, тетиктери чет өлкөдөн кымбатка келет. Ремонттук тейлөө борборлору жетишсиз. Инновация жок. GPS-навигация, агрономиялык сенсорлор, туура себүү системалары сыяктуу агро-техникалык жаңылыктар колдонулбайт. Айрым техникалар жер кыртышын бузуп, деградацияга алып келет. Финансылык мүмкүнчүлүктөрдөн улам жаңы техника сатып алуу кымбат (1 трактор — 2–5 млн сом). Лизинг программалары жай иштейт, бюрократиялык тоскоолдуктар көп. Айрыкча жаш фермерлер техниканы сатып ала албайт.

*     *     *

Техника – бул агрардык экономиканын скелети, ага жан киргизилбесе, дене алдыга жыла албайт.

*     *     *

Түп тамырыбыздан өзгөрүүнү кааласак, системалуу көз карашты талап кылган негизги маселелерге көңүл буруубуз керек. Дыйканчылык жана багбанчылык – жөн эле жер иштетүү эмес, маданият, илим, экономика, дүйнөтааным. Аларды өзгөртүү үчүн адам түшүнүгүн өзгөртүү керек. Маданият дегеним: жерди кантип айдайсың? Эмне себесиң жана качан? Кантип сугарасың, коргойсуң? Продукцияны кантип сактайсың, сатасың, кайра иштетесиң? Жерге жана эмгекке көз карашың кандай? Эмнеге азыркы маданият өзгөрүүгө муктаж? Көпчүлүк дыйкандарыбыз дагы деле ата-бабасынан калган ыкмадан баштары чыга элек.

*     *     *

Эмгек көп, бирок түшүм аз болгон себеби, илимий негиз жок. Айыл чарбасы кесип катары эмес, арзан жумуш катары каралат.  Жаштар дыйкан болууну каалабайт, анткени ал мурда таасирдүүлүккө ээ болгон эмес. Тескерисинче, эл жакшыларынын биографиясында баары “кедей дыйкандын” үй-бүлөсүнөн чыккан.

*     *     *

Өзгөртүүнүн 6 негизги жолу бар

1) Билим берүү системасын түп-тамырынан реформалоо зарыл: Агрономия, агроинженерия, агробизнес багытындагы ЖОЖдо. Аймактарда агромектептер, практикалык полигон-фермаларды ачып, жаштар жайында иштеп, кышында билим алаар шарт түзүү маанилүү.

2) Агро-агартуу жана медиамаданият: телеканал, YouTube-та, TikTok-та агрардык контенттерди көбөйтүп, ар бир фермерде агрардык мобилдик колдонмо болушу керек. Агроблогерлер жаштар үчүн таасирдүү каарманга айланышы керек.

3) Агротехникалык сабаттуулук: фермер жер кыртышын анализдеп, карта түзүп, ошол негизде үрөн сээп, жылдык агротехниклык талаптарга жараша иш жүргүзүп, тамчылатып сугарууда топурактын нымдуулугуна жараша иш план жүргүзсө.

4) Экономикалык түшүнүктү өзгөртүү: ар бир бак, талаа — бул инвестициялык объект. Азык-түлүк — калктын улуттук коопсуздугу. Туура өстүрүп жыйуу менен катар кирешелүү пайда табар сатуучулук өнөрдү үйрөтүү маанилүү.

5) Аймактык агрардык лидерлерди тарбиялоодо: ар бир райондо жаңы технологияларды көрсөтөр бир үлгүлүү чарба болушу керек. Ошол өрнөк аркылуу кооперация, тажрыйба алмашуу, сатып өткөрүү жүргүзүлөт.

6) Мамлекеттик нускоочу саясатта “Дыйкан – улуттун тиреги” экени сүрөөнгө алынышы керек.

*     *     *

Коомчулукта фермерлердин зоболосун көкөлөтүү модага айланышы керек. Технология менен маданияттын биримдиги гана ийгилик менен коштолот. Себеби, технология – инструмент, а маданият менен аң-сезим, аны колдонуудагы максат. Эгер маданият өзгөрсө, технология өз жолун табат! Экскаватор-фермер гана тоону томкорот, эгер анын колунда дагы деле кетмен түшпөсө, түгөнгүс түйшүк чырмаганы ошол. Аны мээ эмес, тагдыр башкарат.

*     *     *

Дыйканчылык маданият – таалим-тарбияны, технологияны, экономиканы, идеологияны бирдиктүү иштеткенде гана ишке ашат. Ар бир дыйкан жерди эмес, системаны иштеткени оңдуу. Биз азыр жалаң продукция эмес, агромаданиятты жаратуучу мезгил. Бул үчүн агробилим берүү борборлорун түзүп, жаштар арасында агростартаптарды колдоп, медиа аркылуу агро ийгиликтерди көрсөтүү абзел. Агро элита жаралмайын айыл турмушу оңолбойт.

*     *     *

Азыркы глобалдык агроэкономика заманында сапаттуу продукциянын баасы дайыма жогору, бирок мындай продукцияны алуу үчүн, биринчи кадам — сапаттуу үрөн. “Эмне сепсең — ошону оросуң” деген накылдын түбү ошол. Сапаттуу үрөндүн сортунун тазалыгы 99–100% тен кем болбой, текшерүүдөн өткөн, сертификатка ээ болуш керек. Анан да аймакка адаптациялашкан, климатка ылайыктуу, ооруга туруштук берер өзгөчөлүгү болмоюн, түшүмдүүлүк жакшырбайт. Генетикалык потенциалы өнүккөн үрөн гана түшүмдөн куру жалак калтырбайт. Жер кыртышың канчалык түшүмдүү болгону менен, сапатсыз үрөн – шамалга буурчак чачкандай кеп. Мол түшүм бербейт.

*     *     *

Сапаттуу үрөн — фермердин капиталы, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу, экспортко жол ачкан негизги фактор. Аны алуу үчүн илим, практика жана көзөмөл үчөө чырмалышып иштеши керек!

*     *     *

Европа өлкөлөрүн кыдыруу жөн гана сапар эмес, бул дүйнө таанымды өзгөрткөн агрардык көз караштардын улуу мектеби. Ар бир сапарда жаңы идея, жаңы технология, жаңы түшүнүктөр жаралды. Европанын айыл чарбасы дээрлик илим менен башкарылат. Менин агрардык сапарларым негизинен Германия, Голландия, Франция, Америка, Австрия, Түркия, Түштүк Коея, Польша, Чехия, Словакия сыяктуу өлкөлөрдө болду. Бул өлкөлөрдөгү дыйканчылык жана багбанчылыкты атасам: илимий негизде пландалган процесс, техникалык автоматташтырылган система, экономикалык анализге негизделген бизнес. Экологиялык жоопкерчиликти талап кылган маданият. Европалык фермер агроном да, инженер да, финансист да, маркетолог да болуп калыптанат. А бизде элдик аң-сезимде да тээ илгертен “кедей дыйкан” түшүнүгү жашайт.  Азыр бул түшүнүктү кескин жаңыртуу доорунда жашап жатканыбызды унутпашыбыз керек.

*     *     *

Ар бир чарба — бул мини-лаборатория. Голландиядагы багбанчылык фермаларынын ар бир талаа кыртышына анализ кылынып, микробиологиялык баланс менен башкарылат. Тамчылатып сугарууда жогорку тактыктагы системасы бар. Автоматтык сканерлер, дрон менен байкоо, жылуулук сенсорлору колдонулат. Мисалы, бир фермер өзүнүн алма багын 6 тилкеге бөлүп, ар биринин pH деңгээли, электро-чубалгысы, микроэлементтер курамы боюнча жеке график менен иштейт. Бул – агро-менежменттин эң жогорку деңгээли. Европанын артыкчылыктары – билимге жана инновацияга инвестиция кылат. Жыл сайын агро-көргөзмөлөр, семинарлар, демо-фермалар өткөрүлүп, жаштар үчүн фермердик лицей, практикалык коллеж, мастер-класстар өтөт. Өнөктөш чарбалар бири-бири менен маалымат алмашып, агротурларды уюштурушат.

*     *     *

Илим менен практика жашоонун бир бөлүгү. Бизде да дыйканчылык сыймыктуу кесипке айланыш керек. Европадан алган негизги сабак: агрардык ийгилик — жогорку маданияттын, так илимдин жана заманбап технологиянын жыйынтыгы. Биз да ушул үч таянычты бириктирсек, кыргыз багбанчылыгы дүйнөлүк деңгээлге чыгат.

Европа мага агрономия илими тургай, агрардык философияны үйрөттү. Жер айдоодон мурда акыл айдоо керек экен.

*     *     *

Айыл чарбасына кызыккан, бирок эмнеден баштаарын билбеген мекендештерибизге туура жол көрсөтүү — бул эксперт катары эң башкы милдетим. Бүгүн дүйнөдө багбанчылык жана дыйканчылык жөн гана жер иштетүү эмес, илимий, стратегиялык жана бизнес-пландарга негизделген тармак болуп калды.

1. БИРИНЧИ КАДАМ — ЖЕРДИ ТҮШҮНҮҮ

Көпчүлүк жаңы баштагандар жер болсо эле дыйканчылык кылса болот деп ойлошот. Чынында ар бир жер – өз “паспортуна” ээ. Баштоо үчүн төмөнкү кадамдарды так жүргүзүү зарыл:

            •          Кыртыш анализин жасоо (pH, гумус деңгээли, механикалык курамы, микроэлементтер);

            •          Климаттык шарттарды (жылдык жаан-чачын, температуранын амплитудасы) эске алуу;

            •          Суу булагы жана ирригация мүмкүнчүлүгүн баалоо;

            •          Базар анализи – кайсы продуктыларга суроо-талап бар?

Жерди эгин үчүн эмес, стратегиялык актив катары карашыбыз керек. Ошондо дыйканчылык инвестицияга айланат.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз