Роулд Даал: Татым шарап

  • 20.06.2025
  • 868

АҢГЕМЕ

Ошол кечте Лондондогу Майк Скофилддин үйүндө кечки тамакка алты киши чогулдук: Майк жубайы, кызы менен, мен жубайым экөөбүз, анан Ричард Пратт аттуу адам.

Ричард Пратт тамак-аштын, айрыкча шараптын жайын жакшы билген белгилүү гурман эле. Ал “Эпикурейчилер” аттуу чакан коомдун президенти катары коом мүчөлөрүнө наардуу оокат-аш, түркүм жемиш ичимдиктери тууралуу баракчаларды ай сайын тарата турган. Түштөнүү уюштуруп, чүйгүн даам, сейрек шарап сунуп, отургандардын оозун ачырчу. Тамактын даамын бузуп алгандан кооптонуп, чылым чекпейт, ал эми шарапка адамга кылгандай өнтөлөгөн мамилеси өөн көрүнчү. “Аярлыгында сөз жок бул шараптын, – дейт ал, – уяң, мөлтүлдөп колго кармалбаган менен ашкан кылдат”. Же: “Ойсоке шарап экен, сергек, бир аз кыйгылырак, анткен менен көңүл-көйү тоодой”.

Буга чейин Ричард Пратт менен Майктын үйүндө эки курдай чогуу тамактанган жайыбыз бар. Келген сайын Майк жубайы экөө белгилүү гурманга берерге ашын таппай, колунан келген чүйгүн тамактын түрүн жайнатышат. Албетте, бул жолу да ак көрпө жайыл марттыгынан жазышкан жок. Конок бөлмөгө киргенибизде дүйүм даамга толгон дасторконго көңүл тоёт. Турнанын шыйрагындай койкойгон шамдар, сары атыргүлдөр, күмүш идиштер көз жоосун алат, ар бир конокко балапан шыйрак бокалдан үчтөн коюлган, буга кошумча ашкана жактан куурулган эттин жыты ансайын ичтейди ачтырат.

Отурганыбызда Ричард Праттын мурунку эки келгенинде тең шарап кайсыл жердин түшүмү, качан куюлганын аныктоо боюнча Майк менен мелдешкени эсиме түштү. Пратт жылын таап, экөөндө тең жеңишке жеткен. Ушул кечте дагы мелдеш уланчудай көздөнүп калды. Ал эми Майк шарабынын мыкты экендигин далилдеш үчүн жеңилгенге да даяр болчу, Пратт, өз билимин шардана кылгандан ыракат алат шекилдүү.

Кечки тамакка куурулган чабак мозельвейн менен берилди. Майк өзү шарап куйду, отуруп жатканда Ричард Пратка көз кырын салганын көзүм чалды. Бөтөлкөнү эн белгиси окулгудай кылып так бет маңдайыма койду. “Гайерслей Олигсберг, 1945” деген жазууну окудум. Ал кулагыма эңкейип, Гайерслей Германиянын четиндеги анчейин белгисиз Мозеллдеги кичинекей айыл экенин шыбырады. Биз ичип жаткан шарап жөнөкөй шарап эместигин, жүзүмдүн түшүмү аз болгондуктан, бөлөк-бөтөн адамдын колу жете бербестигин айтты. Өткөн жайда өзү Гайерслейге барып, бир топ бөтөлкө ала келгенин кыстара кетти.

– Өлкө боюнча азыр мындай эч кимде жок, – деген Майк Ричард Пратты кайра карап жатканын көрдүм. – Мозелвейндин артыкчылыгы, – деп үнүн көтөрө сөзүн улантты, – кларетке чейин берилет. Көпчүлүгү анын ордуна рейнвейнди суна беришет, андан башкасын билбесе, эмне кылат анан? Рейнвейн клареттин даамын бузуп коёрун билчү белеңиз? Кларетке чейин рейнвейнди берген жеткен түркөйлүк эмеспи. Ал эми мозелвейн – үстүнөн түшкөндөй эле дал өзү.

Майк Скофилд – оозун ачса, жүрөгү көрүнгөн орто жаштагы ачык-айрым киши. Ал биржа брокери, тагыраагы, фондулук биржада комиссионер болуп иштечү. Өзүнө окшош көптөгөн адамдар сыяктуу эле, шык-жөндөмдү талап кылбаган жумуштан көп тапканы үчүн кысына берчү. Көшөкөр, сый-урматты жактырган, насилинде акчага аңдоосу жете бербесин жүрөк түпкүрүндө сезчү, мунусу досторуна да белгилүү экенин билет. Ал азыр маданияттуу адам болууга, адабий, эстетикалык табитин өстүрүүгө, сүрөт, музыка, китеп жаатын түшүнүүгө далалат кылып келет. Рейнвейн, мозельвейн жөнүндө элдир-селдир билгени ошондон.

– Даамы таңдайда калчу шарап бекен? – деп сурады.

Майк Ричард Праттан көзүн алган жок. Балыкты оозуна салганы эңкейген сайын үстөлдүн тиги башына акырын көз кыйыгын салганын байкап жаттым. Праттын шараптан татып көрүп, канааттануу, таң калуу аралаш башын көтөргөндөн кийин кептин башы ачыла турган учурду Майк күтүп жатканын жон теримен сездим, анан ага Гайерслей айылы жөнүндө айтып берет.

Мындайда Ричард Праттын шарапка кол сунгудай түрү жок, Майктын он сегиз жаштагы кызы Луиза менен кызуу кепке кирип алган. Ал кызга ыктай бурулуп, Париж ресторанындагы ашпозчунун окуясын айтып жаткандай. Кызуулана сүйлөгөн сайын баса жыгылчудай болуп, улам кызга жакындагандан жакындайт. Курган кыз Праттын жүзүн эмес, күрмөсүнүн үстүңкү топчусун тиктей, сылык гана башын ийкегилеп, айласы куруй оолакташка болушунча аракеттенет.

Балыкты жеп бүттүк, кызматчы аял табактарды алып кеткени келди. Аял Праттка келгенде, тамакка али колу тие электигин көрүп, тарткынчыктап турганын байкаган Пратт колунун сырты менен жаңсап койду, сөзүн токтото калып, кытырак балыкты аш айры менен сугуна баштады. Шам-шум эткенден кийин, бокалдагы шараптан эрдин тийгизе эки ууртап, аңгемесин улантканы Луиза Скофилдге дароо бурулду.

Майк баарын көрүп турду. Өзүн токтоо кармаган менен, коногунан көз албастан, ичинен бышып жатканын сезип-туюп отурдум. Праттын кылык-жоругун көрмөксөн боло бардаш кылып отурганы байкалат. Анын тегерек жүзү бир аз шапая түшкөндөй, ооз ачкан жок.

Көп өтпөй кызматчы аял экинчи тамагын көтөрүп кирди. Алдына келген куурулган борчо уй этин Майк ордунан туруп, өтө жука кесип, кызматчы аял тараткан табактарга салды. Баарына, акырында өзүнө салып бергенден кийин бычакты коюп, дасторкон четин кош колдоп таяна жүткүнө турду.

– Эми, – деди ал баарыбызга кайрылып, Ричард Праттан көзүн албастан, – азыр клареттен алалы. Ылайык көрсөңүздөр, мен барып, кларетти алып келейин.

– Сиз барып келесизби, Майк? – дедим, – ал кайда эле?

– Иш бөлмөмдө, оозун ачып койгом дем ала берсин деп.

– Эмне үчүн иш бөлмөдө?

– Бөлмөнүн табын ала берсин дегеним, кечээтен бери турат.

– Эмне үчүн так иш бөлмөдө?

– Эң ылайыктуу жер ушул. Өткөндө Ричард мага тандаганга жардам берген.

Өз атын уккан Пратт жалт бурулуп карады.

– Ушундайбы? – деп Майк сурап койду.

– Ооба, – деп жооп берди Пратт, башын олуттуу чайкап. – Ушундай.

– Иш бөлмөмдө жашыл үстөлдүн үстүндө эле, – деди Майк, – үлп эткен жел, кылт эткен ысык-суугу жок. Кечиресиздер, алып келе коёюн.

Мелдешкенге жарай турган шараптын бардыгы жан-дүйнөсүнө көктөм келгендей жадырап чыгып кетти да, бир аздан кийин кара бөтөлкө салынган себетти кош колдоп көтөрүп, жыла басып кирди. Жазуусу көрүнбөйт, оозу ылдый каратылган.

– Канакей! – үнүн көтөрө сүйлөдү дасторконго жакындай. – Бул боюнча эмне дей аласыз, Ричард? Бул жолкусун ныпым таппайсыз!

Ричард Пратт акырын бурулуп, Майкты карады, андан соң көзү себеттеги бөтөлкөгө түштү. Көтөрүңкү ийри кашы, былжыраган түйрүк астыңкы эрини аны ого бетер текебер, ары сүйкүмсүз көрсөтүп турду.

– Таба албайсыз, – деди Майк. – Жүз жылда дагы.

– Кларетпи? – деп сурады Ричард Пратт кемсинткен үн менен.

– Албетте.

– Чакан жүзүм бактын түшүмүнөн жасалган, менимче.

– Балким, ошондой, Ричард. А балким, андай да эмес.

– Бирок ошол жыл жакшы түшүм берген?

– Ооба, ал жагына кепилдик берем.

– Анда табыш жеңил эле, – Ричард Праттын маалката сүйлөгөнү менен жадатма өңү итиркейди келтиргидей эле. Чоюла сүйлөгөнүндө, жадатма өңүндө купуялык: көздөрүнүн түпкүрүндө кара ниет жамандыктын жышааны, турпатындагы кытмырлыктын көлөкөсү тынчсыздануу жаратты.

– Бул жолкусу чынында эле кыйын, – деди Майк. – Дагы мелдешели дебейм.

– Ап-баракелде. Эмне үчүн андай? – Кашы кайра жогору серпилди, көз карашы муздак, көздөгөнү бардай.

– Деген менен бул кыйын.

– Бул сөз менин дилиме жуга турган сөз эмес, билсеңиз.

– Кадырыңыз жан болсун, – деди Майк, – кааласаңыз, азыр эле мелдешебиз.

– Шараптын атын табыш кыйын деле эмес.

– Ошондо мелдешели дегени турасыз?

– Мен толугу менен мелдешкенге даярмын, – деди Ричард Пратт.

– Болуптур, мелдеш адаттагыдай эле болот. Бир жашик шарапка.

– Шараптын атын билбей калат деп ойлойт окшойсуз?

– Чын пейилден айтам, андай ойдон алысмын, – деди Майк.

Ал сыпайылык сактоого аракет кылды, Пратт болсо мында болуп жаткандын баары жакпай турганын жашыргысы келген жок. Эң кызыгы: анын кийинки суроосу көздөгөн амалынын көшөгөсүн ачып койду.

– Мындан чоңго мелдешпейлиби?

– Жок, Ричард. Бир жашик шарап болот.

– Балким, элүү жашикке мелдешербиз?

– Бул жөн гана кемчонтойлук болмок.

Майк отургучтун артында себеттеги бөтөлкөнү этияттай кармап тура берди. Таноосу кысылып, кумсарып, тиштене оозун кымтып алган.

Пратт отургучуна сулк отура кетти, кашы көтөрүлгөн, көздөрү жымшыйып жарым-жартылай жабык, ууртунда мыскыл жылмаюу уялаган. Жанатан берки камкорсунган мамиленин изи да калбай, көзүндө, карегинин тереңинде арам ниеттин изин кайрадан байкадым

– Чоңго мелдешкиңиз жок?

– Мага кабатыр болбоңуз, бурадар, эмнеге болбосун мелдешем, – деди Майк.

Үч аял, анан мен экөөнү карап, унчукпай отурдук. Мунун баары Майктын аялынын кыжырын келтирди, жарылчудай болуп тиштене араң олтурат. Алдыбыздагы уй этинен бышырылган куурдак муздап баратты.

– Демек, эмнеге болбосун мелдешүүгө макулсуз?

– Дедимби – дедим. Эгерде сиз үчүн маанилүү болсо, эмнеге болбосун мелдешем.

– Он миң фунтка дагыбы?

– Кандай кааласаңыз, ошондой болсун.

Майк өзүн бир аз ишенимдүү сезип калды. Ал ооздон чыккан канча акча болбосун Праттын макул болорун жакшы билчү.

– Эмнеге мелдешишти айта берейин анда? – Пратт кайра сурады.

– Ошону айтып жатам.

Үй ичи жымжырт боло түштү, ушул учурда Пратт үстөлдө олтургандарды – адегенде мени, андан кийин ар бир аялды кыдырата карап, мунусу бул сунушка күбө болгонубузду эскертип жаткандай сезилди.

– Майк! – деди Скофилд айым. – Майк, калжың кебиңерди токтотуп, тамак жейли, муздап баратат.

– Бул калжың кеп эмес, – деди Пратт токтоо үн менен. – Мелдешкенде эмне жазык?

Көк-сак кошулган тамакты элге тартар-тартпасын билбей арасат турган кызматчы аялды байкадым.

– Болуптур, анда, – деди Пратт. – Эмнеге мелдешеримди айтайын.

– Анда айтыңыз, – деди Майк ойлонбостон. – Оюңузга эмне келсе, ошого макулмун.

Пратт башын ийкеди, жамажайы жайыла күлүмсүрөй Майктан көзүн албай туруп, жай гана мындай деди:

– Кызыңызды мага бериңиз.

Луиза Скофилд ордунан ыргып турду.

– Токтоткула! – кыйкырып жиберди. – Жок! Бул тамаша эмес! Уксаңыз, ата, бул күлө турган нерсе эмес!

– Жок, чырагым, – деди апасы. – Экөө жөн эле тамашалашып жатат.

– Мен тамашалаган жокмун, – деди Ричард Пратт.

– Капкаяктагы сандыракты айтат, – Майк тили буулгандай булдуруктады.

– Эмнеге болбосун? Мелдешкенге даярмын дедиңиз.

– Мен акчаны айткам.

– Сиз акча деген эмессиз.

– Мен ушуну айткам.

– Кап айэ, түз айтсаңыз болмок. Кандай болгон күндө да, сөзүңүздү артка алгыңыз келсе, ага да макулмун.

– Сөзүмдү артка аламбы-албаймбы, маселе анда эмес, бурадар. Бул мелдеш эмес, анткени коёр эч нерсеңиз жок. Жеңилип калсаңыз, кызыңызды мага бербейсиз. Кызыңыз болгон күндө да, ага үйлөнбөйт болчумун.

– Кулакка жаккан сөз айттың, алтыным, – деди жубайы.

– Сизге жаккан нерсени коём, – деди Пратт жарыялагансып. – Менин үйүм, мисалы. Үйүмдү койсом кандай болот?

– Кайсынысын? – Майк тамашага бура сурады.

– Шаар четиндегисин.

– Эмне үчүн башкасын эмес, ошону эле?

– Макул, анда, эгер кааласаңыз эки үйүмдү тең коём.

Ошол учурда Майктын ойлонуп калганын көрдүм. Ал үстөлгө чукулдап келди да, бөтөлкөнү себети менен акырын үстүнө койду. Туз салгычты, калемпирди бир тарапка жылдырды, анан бычакты алып, мизин бир азга шыкаалап карап, ордуна койду. Кызы да атасынын арасат турганын көрдү.

– Ата! – деп кыйкырды. – Ушул кантип болсун?! Сөз жок! Мени мелдешке койгонго каршымын.

– Туптуура айтасың, кызым, – деди энеси. – Ушунчаңда токтот, Майк, отуруп тамагыңды же.

Майк ага көңүл бурган жок, кызын карап, аталык камкордук менен жылмайып койду. Күтүлбөгөн жерден көздөрүнөн учкун чачырап кетти.

– Билесиңби, – деди ал жылмайып, – билсең, Луиза, бул жөнүндө бир аз ойлонушубуз керек.

– Болду, токтотуңуз, ата! Мен сизди уга албайм! Өмүрүмдө мындай акмакчылыкты көргөн эмесмин!

– Жок, чын айтам, кызым. Бир азга аярлай турсаң, сөзүмдү уксаң.

– Уккум келбейт.

– Луиза! Сураныч! Мени уксаң. Ричард бул жерде бизге олуттуу мелдешти сунуш кылды. Муну мен кылган жокмун, өзү ушинткиси келет. Эгер ал жеңилсе, дүнүйө-мүлкүнөн ажыраганы турат. Эми бир аз күтө тур, алтыным, сөзүмдү бөлбө. Ал жеңе койбойт, кеп мына ушунда.

– Кыязы, ал башкача болот деп ойлоп жатат.

– Мени уксаң эми, оозумдан эмне чыгып жатканын билем. Кларетти татып көргөн адис, кайсы бир лафит же латура сыяктуу белгилүү шарап болбосо эле, жүзүм бакты гана атай алат. Балким, ал шарап чыккан Бордо аймагын же Сент-Эмийон, Померол, Грав же Медокту аташы ыктымал. Ар бир аймакта коммуналар, кичинекей графстволор, ар биринде чакан жүзүм бактар бар. Шарапты даамы, жыты менен гана айырмалаш кыйын. Эмне шарап экенин таба албайт. Мүмкүн да эмес.

– Сиз буга бөркүңүздөй ишенип алыптырсыз го? – деди кызы.

– Мен сага болчу нерсени айтып жатам, мактангандай болбоюн, шарап тууралуу аздыр-көптүр кабарым бар. Кызым менин, мен сенин атаңмын, Кудай бар, сен каалабаган нерсеге түртүүгө дитим барбайт. Мен болгону капчыгыңда акча болуп калса дегем.

– Майк! – келинчеги катуу айтты. – Ушунчаңда азыр токтот, Майк, суранам!

Бул жолкусун ага көңүл бурбады.

– Эгер бул мелдешке макул болсоң, – деп кызына кайрылды, – бир аздан соң заңгыраган эки үйдүн ээси болосуң да каласың.

– Мага чоң үйлөрдүн кереги жок, ата.

– Сатып жибересиң. Ушул жерден эле өзүнө сатасың. Баарын уюштурам. Анан ойлонуп көрчү, алтыным, бай болосуң! Өмүрүңдүн аягына чейин эркин жашайсың!

– Атаке, сизге өктөөм өмүр бою калбасын. Ак жолума бөөдө таш кулатпаңыз!

– Мага да бул жолоюң жакпай турат, – безеленген энеси тоокчосунан башын чулгуй ийкегилеп, – ушуну айткандан бетиң кызарса боло, өз каныңдан жаралган кызың эмеспи!

Майк аны караган да жок.

– Макул бол! – деди ал чукулунан кызын сурдана тиктеп. – Макул бол тез, утулбай турганыңа кепилдик берем.

– Бирок бул мага жакпай турат, ата.

– Антпе, кызым, удулу келип турганда!

Майк кызынын так маңдайына келип, каардуу көз карашы менен карап турду, кызынын ага каршы чыгышы оңойго турган жок.

– Эгер жеңилип калсамчы?

– Мен сага дагы айтам: жеңилбейсиң. Мен буга кепилдик берем.

– Атаке, ушуну кылышым керек беле?

– Мен сени алпейим жашоодо жашаса дейм, макул десең. Кандай дейсиң, Луиза? Кана эми?

Кыз акыркы ирет эки анжы болуп турду. Анан айласыздан ийинин куушуруп, мындай деди:

– Болуптур эми, жеңилбейбиз деп сөз берип жатсаңыз.

– Эң сонун! – Майк кыйкырып жиберди. – Жакшы! Мелдешебиз анда!

– Баштайлы, – деди Ричард Пратт кызды карап. – Мелдешсек мелдешели.

Ошол замат Майк шарапты алып, адегенде өзүнө куйду, толкунданган тейде үстөл тегерене башкалардыкын толтурду. Баарынын тиктегени эле – Ричард Пратт. Ал оң колу менен бокалды алып, мурдуна жакындатты. Элүү жаштагы бул кишинин жүзүндө жылдыздуулуктун учкуну да жылт этпейт. Адеп көргөн кишинин көзү адегенде оозуна, нымдалышкан эринине түшөт, бокалдын эрдөөсүнө жабышууга же тамакты илип алууга даяр астыңкы эрди салаңдап турат. “Майланган кулпунун тешигиндей болгон оозуңду...”, – дедим ичимден карап отуруп.

Бокалды акырын мурдуна жакындатты. Мурдунун учу бокалдын ичинде кылдаттык менен жыттай шараптын үстүн жайпап жылып жүрдү, бокалды акырын айландырып коёт. Бүткүл дитин коюп, көзүн жумуп алган, тулкусунун үстүңкү жарымы, башы, мойну, көкүрөгү муруну жөнөткөн маалыматты кабыл алып, чыпкалап, талдаган жыттагыч зор машинадай сезилди.

Майк Праттын ар бир кадамын байкап камырабай отурат. Скофилд айым үстөлдүн тигил башында жактырбаган көзү менен карап коёт. Кызы Луиза отургучун бир аз артка жылдырып, атасындай болуп тикирейип карап турду.

Анын жыттап-искегени бир мүнөткө созулду, көзүн ачпай туруп, башын былк эттирбестен бокалдагыны капортолотту, анан оозундагыны жутпастан даамдап жаткандай ууртунда кармап, кокосунан кантип өтүп жатканы көрүнөт, көбү оозунда калды. Калганын жуткан жок, шараптын буусуна каныккан оозундагы деми өпкөсүнө кирип кетти. Демин кармап, мурдунан чыгарды да, шарапты тилинин астына сала нан сыяктуу чайнай баштады.

Ал мунун баарын майын чыгара ийкемдүү аткарды.

– Мм, – деди Пратт бокалды жерге коюп жатып, кызарган тили менен эрдин жалап. – Мм, ооба. Жумшак, жанга жагымдуу, айымзаада шарап деп койсо болот.

Ууртуна толгон шилекейи сүйлөгөн сайын оозунан дасторконго чачырап жатты.

– Эми жарабаганын улам алып таштап ишти баштасак болот, – деди ал. – Муну кылдаттык менен жасаганымды туура кабылдайсыздар деп ойлойм, мелдеш болсо чоң. Негизи өз божомолумду айтам, анан шарт алдыга чыгам да, жүзүм бакты айтам. Бирок бул жолкусун этияттык менен иш кылышым керек, туурабы?

Ал Майкты карап, калбык былжыр эриндерин ачып жылмайып койду. Майктан жооп болгон жок.

– Биринчиден, бул шарап Бордонун кайсы аймагынан? Муну божомолдош кыйын деле эмес. Сент-Эмилион же Граванын шарабы дейин десең – өтө жеңил. Медоктун өзү. Эч шегим жок.

– Эми Медоктун кайсы аймагынын жүзүмүнөн? Улам бирден ала беребиз. Маргобу? Марго болушу мүмкүн эмес. Мында Маргонукундай күчтүү жыт жок. Пойякпы? Пойяк да эмес. Бул Пойякка келгенде өтө назик, торкодой жеңил, баёо. Пойяк шарабында курч даам бар. Дагы бир жагдай: менимче Пойяк ушул аймактын топурагынан алган жүзүмдүн күч-кубатына, кургак, күчтүү даамына ээ. Жок, жок. Бул… бул абдан назик шарап, адеп татканда оор басырыктуу, токтоо, башында уялчаактай сезилет, анан барып кулпуруп чыга келет. Экинчи татканда, оюнкараактай, андагы танин[1] тилди күдүрөйтүп, тентек кылган жайы да бар. Таңдайда не бир сонун, жубатыңкы, наздуу даам калат, андай даам Сент-Жүлиендин шарабында гана бар. Муну Сент-Жүлиен шарабы деп ойлонбостон айта алам.

Ал кайра отургучуна чалкалап, эки колун көкүрөгүнө көтөрө манжаларын кайчылаштырды. Компойгону күлкү келерлик, мунусун ал үй ээсин келекелеш үчүн атайылап жасап жаткандай сезилди мага. Андан ары эмне болорун чыдамсыздык менен күткөнүмчү. Луиза тамеки күйгүзөйүн деп жаткан. Пратт ширеңкенин чырк эткенин угуп, кызга кайрылып туруп, жаалын төгө унчукту.

– Токтотуңуз! Суранам сизден! Үй ичинен тамеки чеккен – жийиркеничтүү адат!

Кыз колундагы күйүп жаткан ширеңкенин талын кармаган бойдон бакырайган көзү менен анын жүзүн жек көрө карады, эңкейип туруп ширеңкени үйлөп өчүрдү, күйбөгөн тамекиси колунда кала берди.

– Кечиресиз, кымбаттуум, – деди Пратт бул жолкусун токтоолук менен, – өзүңүз байкагандай тамак үстүндө чылым чеккенди жактыра бербейм.

Кыз аны кайра караган жок.

– Кайсы жерге токтодук эле? – деп сурап койду. – Аа, ооба. Бул шарап Бордодон, Медок аймагындагы Сент-Жүлиен коммунасынан келген. Азырынча бардыгы ойдогудай келатат. Болгону азыр эң кыйынына келдик – жүзүм бактын аталышы. Үй ээси айткандай, Сент-Жүлиенде жүзүм бак көп, биринин шарабы менен башкасынын ортосунда айырма аз. Көрө жатабыз.

Ал көзүн жумуп кайра токтоп калды.

– Жүзүм бактын жашын аныктаганга аракет кылып жатам, – деди ал. – Эгер тапсам, иштин жарымы бүттү дей бер. Коё туруңуздар… Бул шарап, албетте, биринчи түшүмдүкү эмес, экинчиники да эмес. Шараптын шарабы деп да айтууга болбойт. Буга нур жетишпейт, күч-кубат жагынан дармансыз. Үчүнчү түшүмдүкү болушу толук ыктымал. Буга да күмөнүм бар. Үй ээси айткандай, түшүм мол болгон жыл экенин билебиз, бул шарапты бир аз мактагандай болуп калат. Этияттык, чебердик керек мага. 

Ал бокалды алып, дагы бир аз ууртады.

– Ооба, – деди ал, эриндерин жаланып, – туура таптым. Бул төртүнчү түшүмдүкү, бөркүмдөй ишенем буга. Түшүмү мол жылдагы түшүм. Ошол үчүн адегенде үчүнчү, кала берсе экинчи түшүмдүн шарабынын даамындай сезилди. Жакшы. Оңдой берди өңдөнөт. Түйүн чечилип келатат. Сент-Жүлиенде ушул жаштагы канча жүзүм бак бар?

Ал кайра үн дебей калды, бокалды колуна алып, эрдөөсүн салаңдаган астыңкы эринине тийгизди. Кызарган тилинин учун соймоңдото шараптын ичине матырып, кайра жай тартып алган жийиркеничтүү көрүнүштү өз көзүм менен көрдүм! Бокалды койду, көздөрү жабык бойдон калды, жүзүндө – ыкыластуу белги, үйүнөн ажыраган былжырак үлүлдөй эриндери гана кыбырайт.

– Ошол эле! – деп кыйкырды. – Танин даамданып, тилди куруштуруп жибергенин карабайсыңбы. Ананчы! Эми таптым! Бул шарап Бейшевелдин тегерегиндеги чакан жүзүм бактан жасалган. Эми эстедим. Бейшевель аймагы, дарыя, булганганынан шарап ташыган кемелер кире албаган чакан булуң. Бейшевель... Кудай акы, бул Бейшевель болушу мүмкүнбү? Жок, таптакыр ал эмес. Бирок ага жакын бир жер. Шато Талбот? Балким, бул Талботтур? Ушул сыяктуу. Коё туруңуздар.

Ал шараптан дагы бир ууртады, көзүмдүн кыйыгы менен карасам, Майк Скофилд үстөлдү улам өбөктөп барат, оозу бир аз ачылган, Ричард Праттан көзүн албайт.

– Жок, мен туура эмес айтам. Бул Талбот эмес. Талбот мындай эмес, дароо эле билинет, мөмөсү таңдайыңа шак эте түшөт. Отуз төртүнчү жылдагы түшүмдүн шарабы боло турган болсо, анда бул Талбот эмес. Ко-ош. Ойлонуп багайын. Бейшевель да, Талбот да эмес, экөөнө тең жакын болгон жүзүм бак болушу керек. Кайсы болушу ыктымал?

Ал кайра ойлонуп калды, биз болсо андан көз албайбыз. Баары, атүгүл Майктын аялы да ага көз кырын салып турду. Тынчтыкты бузбаш үчүн кызматчы аялдын мөмө-жемиш салынган идишти артымдагы көмүркөйгө аярлай койгонун уктум.

– Аа, баса! – деп кыйкырып жиберди. – Түшүндүм! Эми түшүндүм!

Акыркы жолу шараптан ууртады. Бокалын оозуна жакын кармаган бойдон Майкка кайрылып, жибектей жай жылмайып мындай деди:

– Бул эмне шарап экенин билесиздерби? Бул кичинекей Шатеу Бранер-Дүкрү кыштагынан келген.

Майк былк этпей отурду.

– Жылы – 1934.

Баарыбыз Майкты карап, себеттеги бөтөлкөнүн жазуусун көрсөтүшүн күттүк.

– Бул сиздин акыркы жообуңузбу? – деп сурады Майк.

– Ооба, ошондой.

– Болуптур, ошондойбу же андай эмеспи?

– Ооба, дал ошондой.

– Аталышын дагы бир кайталап коюңуз?

– Шатеу Бранер-Дүкрү. Ажайып кичинекей жүзүм бак. Сүйкүмдүү эски кыштакчаны жакшы билем. Эмнеге дароо таппаганымды карасаң.

– Кана, атаке, – деди кыз. – Бөтөлкөнү бери каратсаңыз, атын көрөлү. Үйлөрүмдү албаймынбы?

– Коё тургула, – деди Майк, – коё тургулачы.

Шаабайы сууп унчукпай отурган Майктын күч-кубаты өнө боюнан куюлуп кеткендей өңү купкуу.

– Майкл! – дасторкондун тиги четинде олтурган келинчеги ачуу унчукту. – Деги эмне болуп жатат бул жерде?

– Киришпечи, Маргарет, суранам.

Ричард Пратт Майкты жылмайып карады, кичинекей көздөрү жымыңдайт. Майк эч кимди караган жок.

– Атаке! – деп кыйкырган үнү кыйналып чыкты. – Ата, тапкан жок да, ээ?!

– Кабатыр болбо, кызым, – деди Майк. – Тынчсызданар эч нерсе жок.

Үй-бүлөсүнөн оолактай туруш үчүн Майк Ричард Праттка кайрылып мындай деди:

– Ричард, айтчу сөзүм бар. Тигил үйгө кирип, бир аз сүйлөшүп алсак жакшы болмок.

– Эч кандай сүйлөшөр сөзүм жок, – деди Пратт. – Бөтөлкөдөгү жазууну гана көргүм келет.

Ал азыр жеңгенин билди, жеңиштин даамы көөдөнүнө батпай менменсинет ансайын, жеңишинен маселе жаралар болсо, кыл чайнашкандан кайра тартпай турган кейиптенип калды.

– Эмнени күтүп жатасыз? – деп Майктан сурады. – Бөтөлкөнү бери караткыла.

Ошол учурда мындай болду: чийдей тулку-боюна ак-карасы жарашкан алжапкыч кийген кызматчы аял бир нерсени колуна кармап, Ричард Праттын жанында турду.

– Менимче бул сиздики, мырза, – деди аял.

Пратт бурулуп, аялдын колундагы мүйүз алкактуу ичке көз айнекти көрүп, карбаластап калды.

– Коюңузчу? Балким, ошондой го, билбейм.

– Ооба, мырза, бул сиздики.

Кызматчы аял – көп жылдардан бери бул үйдүн очогун булатып жүргөн алтымыштан ооп, жетимишке таяп калган аял. Көз айнекти Праттын алдына койду.

Ага ыраазычылык айткандын ордуна Пратт көз айнекти алып, төш чөнтөгүндөгү дасоромолунун[2] жанына салып койду.

Кызматчы аял кетип калбастан, Ричард Праттын арт жагында тура берди, анын былк этпеген ушул кебете-кешпиринде адаттан тыш бир купуялык бар эле, башкаларды билбейм, мени күтүүсүз кооптонуу каптады. Анын бырыш баскан куба жүзү тоңгондой томсоруп баратты, эриндери кымтылып, ээги чыгып, колдорун бекем кысып алган. Башкача баш кийими менен ак алжапкычы аны төш жүнү үксөйгөн эрсынарга[3] окшоштуруп турду.

– Сиз муну Скофилд мырзанын иш бөлмөсүнө калтырып коюптурсуз, –аялдын үнү табигый эмес, атайылап сылык чыкты. – Түшкү тамактын алдында киргениңизде жашыл үстөлдүн үстүндө туруптур.

Анын айткандарын толук аңдаганга чейин бир топ көз ирмем өттү, кулак-мурун кескендей тынчтыкта Майктын ордунан акырын туруп келатканы угулуп турду. Кубарган жүзү өңүнө чыгып, жымшыйган көзү ачылып, оозу кыйшайып, таноосу кыпчыла, жүзүнөн заар таамп келатты.

– Майк! – деди жубайы. – Өзүңдү карма, атасы, суранам сенден!

Англис тилинен которгон Эрмек Шоорук

2025-жылдын 18-июну

[1] танин – өсүмдүктү ультрасыякөк нурдан, зыянкечтерден коргогон өсүмдүк тектүү шарапка кошулуучу зат.

[2] дасоромол – жүзаарчы.

[3] эрсынар – чымчыктын бир түрү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз