
АҢГЕМЕ
Жыйым-терим бүтүп, талааны кыроо баскан кез. Ал шаарга иштегени барды. Кышы бою бекер жаткысы келген жок. Ал эмгекчил, мээнеткеч, боорукер эле. Бир гана анын жагымсыз жагы – тырылдаган үнү. “Тр-тр-тр-тр”.
Шаардын борбордук көчөсү. Трактор көңүлдүү кетип баратты.
– Эй, трактор, жолдун баарын ээлебей четке чык! – деди жанындагы автобус.
– Үнүң жагымсыз, баарыбызды тажатты, – деди троллейбус жактырбай.
Бардык унаалар аны кубаттап, чурулдап калышты. Булардын мындай мамилесине трактор арданды.
– Мен шаарга иштегени келдим эле, – деди трактор.
Аңгыча оор жүк көтөргөн “КамАЗ” жолдун кесилишине туруп калды. Бели ийилип кетиптир. Машиналар өтө албай, тыгын башталды. “КамАЗга” баары ачууланып жатышты.
– Жүгүң абдан оор окшойт. Жарымын мага бер, жеткирип берейин, – деди трактор.
– Жакшы болот эле. Рахмат сага! – деди “КамАЗ” сүйүнө. Кирпичтерди экөөлөп курулушка жеткиришти. Жол ачылды. “КамАЗга” жардам берген тракторго баары ыраазы. Эртеси да трактор көп жумуш аткарды. Таштандыларды ташыды. Үйлөргө көмүр жеткирди. Жолго сепкенге туз, кум ташыды. Караңгыга чейин иштеди. Келе жатса, жол жээгинде троллейбус токтоп турат. Жакын барса, баягы жактырбай, урушкан троллейбус экен.
– Трактор, трактор, сенин үнүңдү угуп, сүйүнүп кеттим, – деди троллейбус.
– Ой, сен эмне турасың бул жерде? – деди трактор.
– Электр тогу өчүп калды. Мен ансыз жүрө албайм. Токтоочу жайга жете албай калдым. Мага жардам бере аласыңбы? – деди жалооруй карап.
– Албетте, жардам берем. Жүрү анда, кеттик, – троллейбусту чиркештирип алып сүйрөп жөнөдү.
– Трактор, сенин үнүңдү жактырбай айткан сөзүм үчүн кечирип койчу, – деди троллейбус артынан.
– Эч нерсе эмес. Биринчи көргөндө көбү үнүмдү жактырышпайт. Бирок таанышкандан кийин көнүп кетишет. Экөөбүз сыяктуу дос да болуп калабыз. Экөө каткырып күлүштү.
Шаар унаалары трактор менен достошуп алышты. Баары анын күжүрмөн эмгекчилдигине, боорукерлигине ыраазы. Ал кышы бою жакшы иштеди.
Жаз жакындады. Трактор эми айылга кетүүнү самады. Анткени айдап себүү башталат. Айылдын таза абасын, кенен жолдорун да сагынды. Шаардагы достору менен коштошту. Алар:
– Биз сени сагынабыз, трактор. Кышында дагы кел, күтөбүз, – дешти.
Трактор айылга келди. Жуунуп, тазаланды. Тетиктерин оңдотту. Жаздан кеч күзгө чейин тырылдап көп жумуш бүтүрдү. Мээнети кайтты. Кырманы данга толду. Жашылча-жемиштери да түшүмдүү болду. Трактор чекесиндеги терин сүртө дөңсөөгө чыкты.
Ала-Тоонун салкын абасы анын жылмайган жүзүн эркелете сылады.
Ал шаардагы достору ушундай сулуулукту көрсө деп кыялданды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.