Марк Аврелийдин эң мерчемдүү ой-толгоолору

  • 16.07.2025
  • 688

Текст автордук укук ээси тарабынан берилген http://www.litres.ru/pages/biblio_book/?art=40160363&lfrom=1021453250&ffile=1

"Ой толгоолор”: [латын тилинен которулган] /Маркус Аврелиус": Эксмо; Москва; 2019

ISBN 978 5 04 095596 1

Рим императору жана философу Марк Аврелийдин «Ой толгоолору» дүйнөлүк адабияттын эң көп окулган эстетикаларынын бири. Согушчул мүнөзгө ээлик кылбаган Марк Аврелий өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн аскердик жортуулдарга арнаган, негизги чыгармасында ал милдет жана намыс деген эмне, өлүмдөн эмне үчүн коркпош керек, ачууга алдыруунун коркунучу эмнеде жана азыркы коомдун эң маанилүү көйгөйлөрү эмнеде экенин чагылдырат. Бул басылма Римдин беш жакшы императорунун акыркысынын эң маанилүү идеяларынын жыйнагы болуп саналат.

"Адам жан дүйнөсүн улуу кыялдар гана козгойт"

Биринчи китеп

1. Мен чоң атам Верустан[1] адептүү жана сабырдуу болуунун эмне экенин билдим. Өз атам (1)[2] калтырган атак-даңк мени адал иштерге жана эрдикке түрттү. Энем (2)[3] мага кудайдан коркуу жана кайрымдуулукка үйрөттү – мени жаман иштерден гана эмес, жаман ойлордон оолактатып, өзүмдү карманып, байлардын жашоо образына ыктабайм. Таятам (4)[4] мага коомдук мектептерде жакшы нерсени үйрөнбөйсүң деп, каражатты аябай эң мыкты адамдардан устаттарды тандоону сунуштады.

2. Тарбиячым (5)[5] мени ат чабыштар менен жоокерлердин оюн-зоокторуна берилип кетпешиме үндөдү, ал мени ак эмгек кылып, аз нерсеге ыраазы болууга, башкаларга өзүм жасай албаган нерселерди жүктөбөөгө, бир эле учурда бир нече ишти аткарууга зарыл нерселерди кечиктирбөөгө жана ар кандай жаман сөздөргө шектүү менен кароого үйрөттү.

3. Диогнет (6)[6] мага майда-чүйдөлөрдөн алыс болууга, божомолдордон, магиядан, көз боёмочулардан оолактоого жардам берип, ал мени куштарга жана куштардын турмушуна кызыгуудан алыс кармады. Мага акылдуу сөздөрдү түшүнүүгө үйрөтүп, философияга болгон кызыгуумду өнүктүрдү. Ал мени сыз жерге жаныбарлардын терилерин жамынып жатканга үйрөттү, дегеле гректердин катаал тарбиясына көндүрдү.

4. Рустикуска (7)[7] ыраазычылык билдирем, анткени ал мени өзүмө сын көз менен карап, өсүүмө шыктандырды. Анын таасири менен менменсинген софисттердин артынан ээрчибедим, абстракттуу трактаттар жазбадым, бирөөлөргө кыйынсынып акыл үйрөткөндөн алыс болдум, билимим менен мактанбадым. Ал мага риторикадан, поэзиядан жана шылуундуктан баш тартууну, ошондой эле жөнөкөй жазууга, анын Симуэссадагы менин энеме жазган катындай жазууга үйрөттү. Ал мага сабырдуу болууга жана өз катачылыгын мойнуна алып, тынчтык издеген адамга кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөттү. Ал мага терең жана көңүл буруп окууну, үстүрттөн алган билим менен канааттанбоого, билерманданып көп сүйлөгөндөргө ишенбөөнү үйрөттү. Ал мага Эпиктеттин чыгармаларын тааныштырды жана өз китепканасынан анын чыгармаларын берди.

5. Аполлоний (8)[8] мага эркиндикти кандай пайдаланууну жана кырдаалдан көз каранды болбой тынчтыкты сактоону үйрөттү. Ал мага дүйнөдөгү бардык нерселерге акылдын чечиминен башкага таянбоону, баланын өлүмү же узакка созулган оору сыяктуу катаал азаптарды чыдамкайлык менен көтөрүүнү үйрөттү. Ал бир эле адамда кайраттуулук, жумшактык бар экенин ачык жана көрүнүктүү мисалдар менен көрсөттү. Ал ашынган философ болгон жок, философияны майда-чүйдөсүнө кирбөнү, анын теориясын баяндап берүү өнөрүнүн төмөн бааларын коомдон жашырбай айтты. Достору менен болгон мамилесинен алардын жардамын кандай кабыл алуу керектигин, аларга көз каранды болбой, нааразылык жаратпоо керектигин түшүндүм.

6. Секстен (9)[9] сүйлөшүүлөрдө сылык болууну үйрөндүм. Анын үй-бүлөсү сүйүү менен негизделген, табият мыйзамдарына ылайык патриархалдык жашоонун үлгүсү болду. Ал маанилүү жана терең ойлуу адамдай көрүнчү. Анын бул көрүнүшү жасалма эмес эле, досторуна көңүл буруп, аларга жардам берүүгө аракет кылчу, жөнөкөй адамдарга кечиримдүү болуп, уят-сыйытты унуткан адамдарга акыл айтчу эмес. Кыскасы, ал ар бир адамды өзүнө тартууну билчү. Ошондуктан, аны баары урматтап, акыл-эске чакырган аңгемелерин курулай мактоолор менен көтөрө чалып кошомат кылуулардан жогору баалашчу. Ал ар бир адамга жашоосунда колдонууга болор эрежелерди жөнөкөй жана ачык түшүндүрчү. Анда ачуулануу же тынчсыздануу белгилери эч качан байкалчу эмес. Ал кумарлануулардан алыс болсо да, досторун чын жүрөктөн сүйчү. Ал жакшы атакка жана көптөгөн билимге ээ болгон, бирок манчыркап көпкөн жок.

7. Грамматик Александр (10)[10] да мага үлгү болду, ал эч качан бирөөнү тилдеп, сын таккан жок, башкалардын катачылыктарына күлүп, сүйлөшкөн адамын уят кылчу эмес. Тескерисинче, катачылыктарын жумшак, байкатпай оңдоп, ар бир адамдын өзүнө болгон сыйлоосун сактоого аракет кылчу. Мисалы, ал жаман айтылган ойду дароо кемчиликсиз түрдө кайталап, айтылган ойду өз кадыр-баркы менен бекемдегиси келгендей түр көрсөтчү же башка бир акылдуу жана зыянсыз ыкманы ойлоп табар эле.

8. Фронтон (11)[11] мага өзүм билемдик жек көрүү, уятсыздык, эки жүздүүлүктү жаратарын жана "патрицийлер" делгендердин арасында башка адамдарга караганда адамдык касиеттер азырак экенин түшүндүрдү.

9. Александр Платоник (12)[12] мага эч кандай зарылчылык болбосо, сөз менен же кат менен "менде убакыт жок" деп жооп бербөөнү, досторума иштин көптүгүнө шылтоолоп жардам берүүдөн баш тартпооону үйрөттү.

10. Катулл (13)[13] мага бирөөлөрдүн арыз-муңуна, ал канчалык акылга сыярлык болбосо да чын ниетиң жана сабырдуулук менен мамиле жасап, анын жүгүн жеңилдетүүгө үйрөттү. Ошондой эле өз балдарымды ыгы менен, чектен ашпай сүйүүмдү табыштады.

11. Север (14)[14] мага үй-бүлөгө, досторго жана жакындарга, чындыкка жана адилеттүүлүккө болгон сүйүүмдү ойготуп, ошондой эле мыйзам менен адилеттүүлүк дал келген, бардык жарандар мыйзам алдында тең болгон коомдук тартиптин үлгүсүн көрсөттү. Ал жарандык эркиндикти коргогон монархиялык бийликтин идеалын ачып берди. Ал мага философияга дайыма кайрылууну, кайрымдуу жана жоомарт болууну, жакшылыкка, достукка ишенүүнү сунуштады. Мен анын достор менен болгон мамилесиндеги чынчылдыгын байкадым. Эгер ал кимдир бирөөгө нааразы болсо, ал аны бетине айтчу, достору дайыма анын менен кандай мамиледе экенин так билишчү.

12. Максим ар бир адам өз ишенимине бекем турушу керектигин жана өз ойлоруңа туура келбеген башкалардын пикирине кошулуп кетпеш керектигин эскерткен. Ал оору-сыркоолорго же башка бир оор кырдаалдарга кабылганда өзүн жоготпой, бир калыпта, оор басырыктуу алып жүрчү. Ишке келгенде, ал жигердүү жана чечкиндүү киришчү. Бардыгы ал дайыма оюндагысын айтат деп ишенчү. Ал эч качан ачууланып же каалоосунан тышкары эч нерсе кылчу эмес, сейрек кубанчу же таң калчу. Шашылып барып алчу да эмес, кечикчү да эмес, уялчаак жана чечкиндүү болчу, бир тараптан экинчи тарапка өтүп, чайпалып чачылчу эмес, өткөн ишке өкүнүп, капа болуп, шек саноолорго жол берген жок. Ал дайыма жумшак, чынчыл жана жардам берүүгө даяр болчу, бул касиеттер анын тарбиясы же билиминен эмес, табигый түрдө берилгендей эле. Акырында, анын алдында эч ким өзүн төмөн сезген жок, бирок эч ким андан жогору да боло албады. Ал тамашалаганды билчү... жана жагымдуу боло алчу.

13. Менин атамда кандайдыр бир жумшактык жана ошол эле учурда катаалдык бар эле, ал ойлогон нерселерин так жана толук ойлонуп чеччү. Ал мактанчаактыкка жана өзүнө көңүл бурдуруудан алыс болчу, тышкы көрүнүш жана сый-урмат аны кызыктырчу эмес. Ал ыракат менен чарчабастан иштечү, коомго пайда алып келчү сунуштар менен келгендерди угуп, кай жерде токтоп, кай жерден улантуу керектигин так билчү. Ал бош жүргөн жаштар менен достошпой, ойлорун коомго жакшылык кылууга багыттачу. Жакындарын дайыма жанында болууга мажбурлачу эмес. Эгер кимдир бирөө анын жанында болбосо, ал аны жаман көрүп, мамилесин өзгөртпөгөн. Кеңеш бергенде ал иштерди узакка, терең ойлонуп, шашпастан ылайыктуу чараларды издечү. Кеңеш берүүдө биринчи эле сунушталган пикирди кабыл ала коюп, тез кутулууга аракет кылчу эмес. Достукта ал туруктуулугу менен айырмаланчу, досторуна милдетин артпай, бирок аларды ашыкча мээрим менен да эркелетпей, адептүү мамиле жасачу. Анын жүзүнүн бырыштары токтоо, акылдуу жанды көрсөтчү. Ал алысты көрө билчү, алдын ала ойлонуп, буйруктарын эң майда-чүйдөсүнө чейин эсептеп, шашпай берчү. Кошоматчылык менен ызы-чууну жактырбай, бир гана магистратураны өз аброюна ылайык сый-урмат менен өткөрчү. Мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү сарптап, сын-пикирлерге көңүл бурбай, нааразычылыкка да ачууланчу эмес. Ал кудайды урматтачу, бирок ырым-жырымдарды эл көңүлүн буруу үчүн жасачу эмес. Анын ой жүгүртүүсүнө акылдуулук, туруктуулук мүнөздүү эле, бардык нерсени өз убагында жасачу, жаңычылдыкка жол берчү эмес. Ал жашоонун ыңгайлуулугу үчүн керектүү нерселер көп болгонуна өзгөчө маани берер эле. Эгер андай ашыкчылыктар жок болсо, ал аны ойлоп да койчу эмес.

Эч ким аны софист, оратор, жазуучу же окумуштуу деген жок, бирок баары аны жетилген, билимдүү, шылуундуктан алыс, өзүнө жана башкаларды башкара алган адам катары билишчү. Ал чыныгы философторду жогору баалаганына карабастан, башкаларды да жаман көрчү эмес. Үй-бүлөлүк чөйрөдө анын сүйлөшүүлөрү эркин жана жагымдуу болчу. Өз денесин кароодо ал тең салмактуулукту сактап, өмүрүн толугу менен денесине арнабай, бирок ага көңүл бөлүп, ден-соолукка акыл-эс менен кам көрүү дарыгерлерден жана дары-дармектерден кутулууга жардам берет деп эсептечү.

Анын өзгөчө бийик касиети бар эле: өзгөчө билими менен өзгөчөлөнгөн, мисалы, тарых, мыйзам же каада-салт жаатындагы өтө жогорку жетишкендиктерге ээ боло алган ар бир адамга ичи тарыбай, ич күйдүлүксүз кунт коюп угуп, керек болсо ага жардамдашуудан кайра тартчу эмес. Ал ата-бабалардын каада-салтын бардык жагынан карманса да, ал тууралуу башкалар сөз кылышканын жактырбайт эле.

Анын табити туруктуу болгон, ошол эле жер, ошол эле кесиптерди сүйчү. Катуу баш оорусу кармап, жакшы болгон соң, ал күндө кылган жумушуна шымаланып, көңүлдүү киришер эле. Анын айрым мамлекеттик иштерден башка эч кандай жашыруун иштери болгон эмес.

Ал көпчүлүк үчүн уюштурулган оюн-тамашаларга, коомдук иштерге, элге көрсөтүлгөн кайрымдуулук менен жоомартыкка абайлап, өтө этият мамиле кылган. Аларды өзүнө атак-даңк алуу үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн акылга сыярлык көз караш менен караган.

Ал үчүн мончолор белгиленген күндөрдө гана даярдалчу, ага чоң үйбү, кичине үйбү – баары бир эле. Тамак-ашка, кызматчылары көрүнүктүүбү, узун бойлуубу деген нерселерге маани берчү эмес. Кийимдеринин түсүнө, кездеменин сапатына көңүл бурчу эмес. Булар Лориумдагы чакан жер тилкесиндеги өз койлорунун жүнүнөн жасалчу же Ланувиумдан Тускуландагы үйүнүн ижарачысы аркылуу алдырчу.

Дегеле анын негизги адеп-ахлактык сапаттары: адамкерчилик, жумшактык, өзүн-өзү кармай билүү, токтоолук, бардык кылган ишинде тең салмактуулук жана тартип болгон. Сократ жөнүндө айтылгандар ага толугу менен тиешелүү. Ал башкалар жетеленген азгырыктардан алыс болууга күчү жеткен, башкалар баш оту менен кирип кеткен ырахаттардан чеги менен пайдаланууну билген. Өзүн кармана билүү жана ар нерсени колдонууда чегин билүү – бул күчтүү, жеңилбес рухка ээ адамдын касиеттери, аны атам Клавдий Максимдин (15)[15] оорусу учурунда иш жүзүндө көрсөткөн. 

14. Мага кудайым урмат-сыйга татыктуу ата-бабаларды, боорукер ата-энени, эже-карындаштарды, тарбиячыларды, жакшы кулдарды, дос-туугандарды берди. Алардын эч кимисин капа кылбаганым үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Бактыга жараша, мен көп учурда жамандыктан араң тыйылсам да, уятка калар эч нерсе кылган жокмун. Билимим чоң атамдын күңүнүн көзөмөлүндө аз гана убакытта болгону жана өспүрүм кезимдеги тазалыкты мөөнөтүнөн мурда жоготпогонум үчүн Кудуретүү Кудайыма ыраазымын. Менменсинүүдөн эрте арылткан ушундай атанын жетегинде болгонума бактылуумун. Ал мага жан сакчыларсыз, саймалуу формасыз, факелсиз, айкелсиз жана башка кымбат жасалгаларсыз жашай аларымды, монархтын айкөлдүгү, анын инсандык улуулугу жана анын кайрымдуулук ишмердүүлүгү жөнөкөй кийим кийүү менен эч кандай кемибестигин мээме сиңирген эле.

Мага жакшы жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөткөн, мени назик сүйгөн агам барына, балдарымдын акыл-эси да, дени-карды да соо төрөлгөнүнө, риторика, поэзия жана башка илимдерде тез ийгиликтерге жетпегениме кубанам, анткени аларда өзгөчөлөнсөм, балким, өзүмдү жалаң гана ошолорго арнамакмын. Тарбиячыларымдын али жаш экенине шылтап, «убагында» кам көрөм деген куру убадалар менен капа кылбай, алар каалаган ардактуу кызматтар менен убагында камсыз кылганыма сүйүнөм.

Жаратылыш мыйзамына ылайык жашоо жөнүндөгү ой жана ага болгон жандуу каалоо мээмде тынымсыз жана даана чагылдырылып турганы үчүн мени Аполлонийге, Рустикке, Максимге жолуктурганы үчүн Жазмышыма шүгүр дейм. Ошондуктан мен кудайдан ар кандай колдоо жана ырайым алдым, билбестиктен жашоомду жаратылыш мыйзамына ылайык уюштура албадым деп айта албайм. Эгер мен ушул убакка чейин алсыздыктарымдын кулу болуп, алардан баш тарта албасам, буга өзүм гана күнөөлүмүн, анткени анын насааттарын укпай, ага таянбай, анын мага айткан үнүнө кулак салбай келгем. Менин денем жашоомду кантип жаман өткөзүп келгенине карабастан, ушуга чейин эч кандай зыян көрбөй сакталып келгенине таңмын!

Мен Бенедикта менен Теодотага болгон сүйүү мамилелерим сөз менен гана чектелип, иш жүзүндө ишке ашпай калганына, андан кийин да кумарлар мени кайрадан ээлеп, мен аны акыл менен жеңе алганыма; Рустикуска ачууланганымда, кийин өкүнүп калгыдай ага каршы эч нерсе кылбаганыма; жапжаш бойдон кайтыш болгон апам акыркы жылдарын мени менен өткөргөнүнө; муктаж болгон бирөөлөргө жардам бергим келгенде, керектүү акчаны эч тоскоолсуз алганыма жана өзүм да муктаждыкка кабылбаганыма; менин мээримдүү, жөнөкөй жана баш ийген аялым бар экенине; балдарыма жөндөмдүү тарбиячыларды таба алганыма; айрыкча Гаэта менен Хризде жапа чегип, кан түкүрүп жана талма менен ооруп жүргөнүмдө түшүмдө мага белгилүү бир дарылар ачылганына; философияны изилдей баштаганымда софисттердин таасири астында калбаганыма жана уят-сыятсыз авторлорду окуу менен убакытты текке кетирбегениме, логиканын кылдаттыктарына же астрологиянын кызык изилдөөлөрүнө алданып калбаганыма Тагдырыма ыраазымын.

Биринчи китептин соңу

Которгон Абийрбек Абыкаев

[1] (1) Анниус Верус (Чынчыл) 121-жылы Римдин консулу болгон.

[2] (2) Дагы бир Анниус Верус претор болгон, анын карындашы Валерия.

[3] (3) Домиция Люцилла.

[4] (4) Катилий Северус 120-жылы Римдин префекти жана консул болгон.

[5] (5) Маркус Аврелиус тарбиячысынын атын атабайт, кыязы бул Марк Аврелийди стоиктердин окуусун сүйүүгө жана Фронтонун таасири менен көз каранды болгон риторикага салкын мамилеге таасир тийгизген стоик Аполлониус Халкедон болсо керек.

[6] (6) Диогнет, белгилүү болгондой, Марк Аврелиустун живопись боюнча мугалими; аны башка Диогнет менен чаташтырбоо керек, ага Ыйык Иустин ошол кездеги «христиан окуусунун чындыгы» жөнүндө атактуу катын жазган. Эки Диогнеттин ортосундагы бул айырмачылык абдан маанилүү, анткени Марк Аврелий Христостун окуусу жөнүндө билгени тууралуу кымындай да белги жок.

[7] (7) Стоик Юний Рустикусту Марк Аврелий өзгөчө сүйгөн. Фаустина Марк Аврелийди багып алган император Антонин Пиуска үйлөнгөн.

[8] (8) Аполлониус, кыязы, №2де айтылган адам болсо керек.

[9] (9) Секст Плутархтын небереси, ошондой эле стоик.

[10] (10) Александр Фригийский Марк Аврелийге грек тилин үйрөткөн, анда императордун ой жүгүртүүлөрү жазылган.

[11] (11) Корнелиус Фронтон Киртадан (Константин) келгин африкалык, оратор, Маркус Аврелиустун мугалимдеринин эң атактуусу жана илимдүүсү, латын адабиятынан жана риторикадан сабак берген.

[12] (12) Александр Платонист, кыязы, Селевский, Афинада жашаган белгилүү чечен. Анын жашоосун сүрөттөгөн Филострат аны Пелоплатон, башкача айтканда, Платондун бейбашы деп атаганын айтат.

[13] (13) Цинна Катулл – стоик.

[14] [14] (14) Кыязы, Клавдий Север перипатетиктердин мектебинен.

[15] (15) Клавдий Максим – стоик.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз