Жаңыл Мырзалы: Бөлүнгөн жан

  • 20.10.2025
  • 879

АҢГЕМЕ

Апам:

— Атаң сага эмне алып берди акыркы жолу?

Мен:

— Эстей албайм... сага окшоп көп сүйлөбөйт ал дагы...

Апам унчукпады. Кичине ыйлагандай болду, бирок бурч жакка бурулуп алды. Мен да унчукпадым. Тултуйдум апама.

Кайрадан апамдын үнү:

— Эми сен чоңоюп калдың, өзүң чечесиң, кимибиз менен жашагың келсе...

“Чоңоюп калдымбы?” дедим ичимден. Кечээ эле апам менен базар кыдырып, балмуздак жеп жүргөн элем го. А азыр менин жашоомду «ким менен жашагың келет» деген бир эле суроо жанымды экиге бөлдү.

Атам менен жолугушкандачы… Үнү мурдагыдай жумшак эмес. Ал мени карап күлгөндө, күлкүсүнүн артында күнөө менен коркуу жашынгандай.

— Апаң кандай? — деди.

— Жакшы эле, — дедим.

— Сага баары жетиштүүбү?

— Жетет.

— Мени унутуп калган жоксуңбу?

Жооп берген жокмун. Атам көзүн башка жакка бурду. Мен анын колуна карадым. Кезинде ошол кол менин башымды сылачу. Эми болсо экөөбүздүн ортобузду бөлгөн көрүнбөс муздак аралык бар…

Ал мени кучактагысы келип, бирок бир нерсе токтотуп тургандай. А ичимден «кучактачы» деген үн думугуп жатты… сыртка атыла албай!

Кечинде апам менен чай ичип отуруп сурадым:

— Силер эмне үчүн ажыраштыңар эле?..

Апам мени карап унчукпады. Чайынан буу көтөрүлүп, анын жүзүн жашырып турду.

Акыры жай үн катты:

— Атаң экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөй калдык.

Ичимден кыйкыргым келди: "Эмне үчүн мени түшүнгүңөр келбейт?!"

Бир күнү мектептеги классташым күлүп суктанды мага:

— Эки үйүң бар, бактылуусуң! Бир күнү атаңкында… бир күнү апаңдыкында…

Эки үй… Биринде — апамдын жымжырттыгы, экинчисинде — атамдын уялып сүйлөгөн жылмаюусу. Эки башка дүйнө... экөөндө тең мен толук жашай албайм. Өзүмдү толук сезбейм…

Кээде түшүмдө атам менен апамды чогуу көрөм. Экөө отурушат, мени карап жылмайып. Шылдыңдашкансып. Ошого да карабай мен алардын ортосуна жүгүрүп барып, кучактап алам. Дүйнөм саал бүтүндөй сезилет. Бирок ойгонгондо бөлмөдө тынчтык… Апамдын жалгыз бут кийими босогодо турат.

Кээде ойлойм: чоңдордун ажырашуусу — кагаздагы кол коюшуу менен эле бүтөт. Бирок баланын ичиндеги жара — өлгөнчө бүтпөйт.

Кечинде апам эшикти жапты. Мен терезеге карап, шыбырадым: “Ата... апа... экөөңөрдүн чогуу жашаган турмушуңарды сагындым”.

Мунумду бирөөсү да уккан жок. Бирок мен ишенем: мени Асман укканына...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз