Аскарали Ражабалиев: Эски кыяк муңканат

  • 25.10.2025
  • 404

АҢГЕМЕ

Кечки бир айылда кыяк авазы сыбызгыйт. Кыяк үнү муңканат бир ыргакта, эски-эски күүлөр ойнолуп. Кыргызымдын атам-замандагы машкылары жаңырат, таң атканча. Айсыз түн, сабалган ак пахтадай каалгыган ак мунарык жарытып турат айыл ичин.

Too тараптан соккон жел дарактардын шактарын шуудуратып, кыяк үнүнө айкалыша, сыйкырдуу айыл түнү. Түнү бою айыл уктай албай чукуранып, койну сыйкыр авазга толуп кетти.

Ак мунарыкты аралай ак сөлөкөттөр жүрөт каалгып, буттары жерге тийбей. Баарынын чачтары аппак, өңдөрү керсары. Ак кийимдери түңкү желге желпилдеп, ак куу канатына окшойт. Алар илгери-кийин о дүйнөгө кетишкен ушул айылдын тургундары. Кабырларынан чыга тууган айылдарын айланчыкташат түн бою. Сулайман кыякчынын арбагы да жүрөт араларында. Шол тартып атат кыягын тынбай.

Иттер бир үрүп койбой, таң сөгүлүп баратса деле короздор чакырбай, айыл тыппынч. Шул түнү айылдыктардын баары түш көрүштү, түштөрүнө көзү өткөн жакындары аралашты. А, Сулайман кыякчы баарынын түшүнө кирди...

Кыяк авазы жаңырыктап чыккан айылдын өз аты өзүндө - Кыякчы айылы. Болгону элүү түтүн чакан турак. Кут жагын дарыя, күн жүрүшүн жарлуу адыр кысмакка алып, узуну бир чакырымча. Короо-короодон арык толо суу агып, бак-дарагы калың. Эски үйлөрү бир сыдыра жаңыланды акыркы он жылда. Айыл ыманы ысык, куш уя. Өзүнө жараша улуулугу менен сулуулугу бар.

Ыраматылык кыякчынын эски тамы берки үйлөрдөн обочороок этекте. Бир караганга өөн көрүнөт көзгө, эскилиги шунчалык, жаан-чачынга дубалы сай-сай болуп кеткен. Короосунда дарагы суюк, эки-үч түп тәнә кары өрүктөр сороёт. Бирок эски там ээсиз эмес. Бир кемпир эшигин ачып, морусунан түтүн булата, кирип-чыгып жүрөт. Экөө бири-бирине караан, эш болуп өмүр сүрүп келатышат.

Кемпирдин бир уул, бир кызы бар. Кызы күйөөгө тийип, кошуна айылда. Уулу аскерге кеткен күзүндө шоякта үйлөнүп, кайсыл бир казак шаарында жашайт. Бир жылдай болду келе элек. Кемпир убак-убагы менен уулун, неберелерин, сагына көз жаш кылып алат. Мындайда эшигин ичинен илип, үн чыгарбай ыйлайт, оромолунун учун тиштеп алып. Көз жашы сызылып чыкканынан ыйлады дебесең, бышактабайт.

Жаны оорубай, бакубат жүрдү кемпир кечээкиге чейин. Эки жылдай болду дарманы кетип, кичине эңиштей басып калганына. Түнү буттары, бели сыздап ооруп, уйкусу качты. Төтөнчө кыштын узак түндөрүндө таңдын атышы кыйын. Баарынан да жалгыздык деген айыкпас дарт жакасына жабышып, мүшкүл болду карыган чагында.

Күйөөсү Сулайман кыякчы отуз жыл илгери каза тапкан. Суучул эле, мөңкүп аккан дайра толкунунда балыктай чабак уруп, төө өркөч болуп кутура аккан дарыянын аркы өйүзүнө өтүү ал үчүн көнүмүш болчу. Шондо уулу беш жашта эле. Коконго базарга барып, ошояктан ооруп келген күнү көз жумган. «Карачач, жашаарыма ишенбей калдым, балдарыңды зарыктырбай эрезеге жеткир. Уулума калтырар ата мурасым, өзүм ойноп жүргөн кыягым. Эсине киргенде өз колуң менен тапшырып кой, кыяк тартса ата-бабасы эсине түшүп жүрсүн. Кыяк авазы элимдин өтмүшүн жаңырыктаткан шундай бир керемет. Ата керээзим да шул, үйрөнүп алсын уулум кыяк тартышты. Шонтсе аталарынын арбактары маңги колдоп жүрөт», - деген жан-таслим болорунда кыякчы. Шо күндөн бери Карачач эне жесир. Кезинде кырк жаштагы нооча бой, буудай ыраң, ысык ыман жуванга жуучу көп түшкөн. Көнгөн эмес бирине да, өгөй атанын алдында балдарымды жер каратып коём деп. Уул-кызын көкүлдөрүнөн сылап жүрүп эрезеге жеткирди. Эми карыган чагында жалгыз калды, эски тамына эш болуп...

*     *     *

Шөнтүп таң атканча кыяк авазы жаңырып чыкты, бирде наристенин үнүндөй назик, бир туруп жаш келиндин күлкүсүндөй сырдуу, анан эле кары адамдын каргылданган добушундай онтоп. Шу түнү айылдагылардын баары түш көрүштү. Түштөрүнө көзү өткөн жакындары аралашты. Баарынын түшүнө кирди.

Сулайман кыякчы. Ыраматылык кыягын муңканта ойноп чыкты түнү менен.

Карачач эне да түш көрдү, түшүндө күйөөсү экөө көпкө сагыныша сүйлөштү. Ак кепиндүү кыякчы кемпирине бөтөнчө мээрин төгө сүйлөп, тынымсыз кыягын тартат. Айыл түнү сыбызгы аванга жык толгон.

«Сен жарык дүйнөдө жалгыздыктын азабын көрүп атыпсың. Өзүм менен апкетем!» - дейт кыякчы. Карачач энеге:

«О, жок! Али менин жарык дүйнөдөгү ишим бүтөлек! Уулум үйгө кайтып келсин, анан өзүм келем жаныңызга!» - жооп катат кемпир.

– «Сени таштап кеткен уулуңдан көңүлүң калалекпи?» — сурайт күйөөсүнүн арбагы.

– Кантип көңүлүм калсын, өз пушту-кәмәримден бинаа богон перзентимден!» — деп жооп берет кемпир.

Экөө дарыя жээгине келишти жетелешип. Бир кезде Сулайман кыякчы өзү отургузган талдын түбүнө көчүк басышты. «Тал да карыптыр, саңа окшоп. А, мен силерден жашмын! — шүнттү кыякчы. Чын эле ал каза тапкан маалындагы кырк жаш курагында калыптыр. Тек, чачы купкуу, аппак, өңүнүн кан-сөлү жок. Жылаң-аяк, жылаң-баш, жакасыз, жеңсиз ак кепини түңкү желге желбиреп...

«Мени менен кетпейсиңби, Карачач! Кыйналганыңды билип кабырымда тынч жата албай жүрөм! — дей берген күйөөсүнүн сөлөкөтү анын аппак чачтарынан сылагылады. — Карыпсың, көздөрүң гана жаш бойдон. Анан муруңкудай эле чыдамдуулугуңдан кайтпапсың. Шон үчүн жалгыз уулуңдун айынан жалгыздыктын мүшкүлүнө чыдап жүрөсүң да. Бир жагы тууру кыласың. Өз перзентинен наалып, бөтөнгө жамандаш эненин кылар иши эмес. Абийириңе доо кетет. Эх уулум, уулум!»...— кейип атты кыякчынын арбагы. Бирок көз жашы чыкпады.

«Капа бовоң уулуңузга. Азыр дүйнөнүн бир каваты шундай. Бир эле сиздин уулуңуз энесин каравай койгон жери жок. Сиздин арвайыңызды сыйлап, уулумдан наалыбай жүрөм. Жакшы адам эдеңиз. Жакшынын баласы жакшы бовоптур деп эл сөз кылбасын үчүн уулумдун осол пейилин ичкимге айтпаймын. А майлига, жүрсө жүрөр, өзүм жөнөттүм деп коём сурагандарга» - деди кемпир өзүн жайдары тутушка урунуп.

«Айткандай, алиге менин кыягымды уулума берелексиң. Уулум энди келсе колуна тапшыргын. Үйрөнсүн кыяк ойношту, - дей берген кыякчы ордунан жеңил турду.Турду да, кемпирин колунан тартты. - Карыпсың, андан көрө аркы дүйнөгө жүр. Тынч жатабыз!»

Кемпир үн катпады. Таң сөгүлө баштап, күйөөсүнүн купкуу жүзү, оту өчкөн көздөрү дапдаана көрүндү. Шонтсе да, жаш бойдон калыптыр. Унчукпай ойго батып турушту бир саамга. Асмандагы булуттардын чыгыш тарабы кызгылтым - ак тартып, жылдыздар бириндей сөңүп атты.

«Кой, Карачач. Мен энди кабырыма кетейин. Эх, кантсе да жарык дүйнө не жакшы, азабы, мүшкүлү болгону менен, — муңкана күңгүрөндү атарабына көзү тойбой карай берген Сулайман кыякчынын сөлөкөтү. Анан көздөн кайым болду, көрүстөн тарапка каалгый уча берип...

*     *     *

Чочуп ойгонду эне. Көргөн түшү көз алдынан кетпей, денеси титиреп, манжалары калтырайт. Эки көзүнөн сызылып чыккан эки тамчы жаш эрдине куюлуп, кермек даам. Колдоруна таяна оор ордунан туруп, колуна алды бурчтагы таягын. Эшиги «кыйч» ачылып таңкы жымжырттыкты бузду. Босогодо ити жатыптыр. Куйругун бултаңдатты, эненин бут алдына жыгыла: —Тур оякка! Путтарыма оролушпай! - итин нукумуш этти таягы менен.

Эзилип бышкан өрүккө окшоп, сөнүп бараткан суйдаң жылдыздар бүл-бүл, жерге күбүлгөнү турат. Караңгыда секин таягына сүйөнө бүкчүйө басып, коргонунун четиндеги дарыя кашатына келди. Жээкте кургай жаздаган карт талдын чоң шактары арбаят. Төмөндө кыйла тартыла түшкөн дарыя. Тал түбүнө отурду кемпир. Таңкы салкын жел көкүрөгүн аймалап, ныксыраган денесин сергитти. Анан түшүн агын сууга айта баштады:

– О, жарыктык суу! Шу тапта бир ажайып түш көрдүм! Түшүмдүн жакшысын өзүмө калтырып, жаманын агызып кет! - Суу агып атты таң алдында шау-шуу. Көргөн түшүн агын сууга бүт айтып берди.

Кусалыкка толгон көкүрөк жүгүн жеңилдете. - Шундай түш көрдүм, жарыктык агын суу! Сен сайга батпай күркүрөп агып турган кезде шу эшикке келин болуп келген эдем. Мен карыдым. Дайыма эле күрүлдөп-шарылдап турбайт экен киши баласы да, агын суу менен бүт макулуктар, жер бооруна бүткөндүн баары шундай. Өтмүш дүйнө дегени шул экен...

Жер жарып, айыл тегиз ойгонду. Иттер жарыша абалап, короздор кыйкырып кирди биринен сала бири. Эски талдын суюк жалбырактары шуу-шуу. «Шуулдаса жаш дарак шуулдасын. Карт дарактын шуулдаганы жүрөктү эзет экен...» - ичинен күңгүрөнүп койду эне үшкүрүнө.

*     *     *

Бир айча өтүп, уулу келди бала-чакасы менен. Бечара эне жан-алы калбай сүйүнүп, тегиз чакырды айыл-апаны. Кой сойдуртуп, казанга салдыртты. Нообат менен өпкүлөй берди неберелерин. Шол күнү кызын да чакыртып алды.

Ушул саатта Сулайман кыякчы кырк жыл илгери курган жапыс там бакытка маарып, ырыска көлкүдү. Жаңы бүтүрүлгөн чагында уулу менен кызы эрте уктап, жубайлар тар төшөктө кыткылыкташа ойноп, таң атырышчу. Үй ичи Карачач келиндин күлкүсүнө толуп-ташып, учу кыска өзөндөй экөөнүн бактысы көпкө узабады. Күйөөсү беймаал каза таап, жесир калды. Карачач шодон бери көңүлү өксүк. Эки баламды жер каратпайын деп башка күйөө күтпөдү. Уулу менен кызы үйдөн чыгып кеткенден бери үй да, кемпирдин кабагы да түнөрүп, суздук уя салды эки тамдын шыбына.

Эшиги кыйчылдап ачыла эненин заманасы куурулуп, жүрөгү эңшерилет. А, бүгүн эшиги кечке тынбай кыйчылдады, жүрөгү эзилген жок. Шунун «баарын көңүлүнөн өткөрүп отурган кемпир «Кана энди, уулум үйдө калса...» - деп койду ичинде, уулун карай берип. А, уулу айыл аксакалдарынын ортосунда отурат, анчалык эле кеп-сөзгө аралаша бербей. Атасына окшоп кара-тору, узун бой. Кабактуу келип, чап жаак. Тек, атасынын маңдайы жазы болчу, мунуку куушурак. Атасындай ачык көңүл болбой, тырс этме пейли бар. Кичинесинен ушундай пейил күтүп келатат. Өз билгенин жасап көнгөн. Мүмкүн мунусу эне бечара урушуп-нетпей, маңдайынан сылап чоңойткондур. Же нургунунда барбы, ким билет. Нак шул пейили келип-келип өзүнө эмес, карыган энесине мүшкүл болду. Аскерге кеткен бойдон шоякта үйлөнүп-жайланып алды.

– Энди, Саматбек, кыркка кирип калдың, ата сакалыңа оозуңа пүтүп. Айылга кел. Энең болсо таза карыды. Кокус кудаанын бир күнүндө лап деп кулап берсе, кабырына бир ууч топурак салышка үлгүрбөй, эл алдында жер карайсың. Анан элге окшоп манавы атаңдын тамын жаңыла. Шуйерде деле бир күнүң өтөт, балам... — шашпай салмак менен сүйлөдү айыл аксакалдарынын бири Саматка тике карап.

– Шундай кыл, Саматбек. Айылда кал. Заман кимине оордоп, жашоо азырак кыйындаса эле шаарга качмайды адат кылып алдыңар бүгүнкү жаштар. Ачпы-токпу миң жылдап ушул тоо айылдарын байырлап келатат кыргыз баласы. Баарыбызды шаар бакпайт. Аталар сактап келген тоо айылдарынын түтүнүн өчүрсөңөр кусур урат, Саматбек. Көп эле шаарга кача бербегиле, аягы жаман болуп жүрбөсүн... Арбактар нааразы болбосун бу жоругуңарга, - деди айылдын экинчи аксакалы.

Баятадан берки бака-шака тып басылды. Отургандардын баарынын көздөрү Саматта. «Кана, оозунан не деген суухан чыгар экен?» — дегендей күтүп калышты кайтарар жообун. А, Саматтын башы шылк эте, жер карады, килемди сөөмөйү менен чукулай берип.

«Неге башын шылкыйтат?» – Эненин тынчы кетти. Бир маалда уулу бурк этти жер караган күйүндө:

– Туугандар, насаатыңарга, жакшы тилегиңерге чоң ырахмат! Каерде жашасам да, өз нанымды өзүм таап жеп жүрөм. Ар кимдин насип-тагдыры ар жерде... - Сөзүнүн аягына чыкпай жер карады.

Ичтеринен тынып кала беришти отургандар.

– Андай босо, оягын өзүң бил...— деп койду жана биринчи сөз сүйлөгөн аксакал.

Уланбады андан ары сөз учугу. Не дээрин билбей отуруп калды эне. Бир саамга уулу экөөнүн көздөрү чагылыша түштү, «А, уулум десе. Сөзгө шунчалык да чоркок болосуңбу!» — дегендей уулун аяп, алем, арман менен карады. Отургандар дастарконго дуба кылышып, орундарынан турушту тегиз.

– Уулумдун жоову саңа оор тийди окшойт. Көңүлүңө алва. — деди Карачач эне азыр эле Саматка насаат айткан аксакалга.

– Несине капа болоюн, Карачач. Журтта бир эле сенин уулуң ата конушунан качты беде. Карыганда сага эле кыйын, бовосо... — башын чайкай чыгып кетти аксакал.

Өздөрү гана калышты үйдө. Эне бир жерде отурат, ичинен ыйлап. Бала бир жерде отурат башын жерге салып. Кызы менен келини эне-баланын көңүлдөрүн кантип жылытарды билишпей маң. Кызы тапты айласын акыры.

– Эне, атамдын Самат авама калтырган мурасын көрсөтсөңүз. Кандай мурас экен!

Нак шуну күтүп тургандай, кемпирдин көңүлүнө кичине жылуулук аралап, кабагы жазыла түштү. Билинер-билинбес күлкүнүн эпкини жүгүрдү ууртуна. Самат да килем чукуганын койду. «Атам кандай мурас калтырды экен?»—дегендей түр менен.

– Балдарым, адам болуш шундай кыйын нерсе. Көңүл онон бетер назик. Энди жаштыгыңар калган жок. Оюңарга, тил учуңарга келген сөздү лап эткизе сүйлөп салаардан мурун, угуп алкан адамдын көңүлүнө да карагыла. Сөз менен кишинии көңүлүнө азар бериштен осол нерсе жок киши баласы үчүн. Жанагы аксакал аваң тууру эле насаатын айтса, сакалынан алгандай оройлондуң, балам! Будан ары сен деле карыйсың. Ойлонуп сүйлөп жүргүн, - деди Карачач эне.

Уулу өзүн күнөөлүү сездиби же угуп аткан сөздөрү кулагынын сыртынан кеттиби, айтор, лам дебей отурду. Эне ордунан тура, төрдө илинген эски кыякты алды. Кош колдоп кармай, оболу эрдине, анан маңдайына тийгизди.

– Атаңар ыраматылык кыякты сыбызгыта ойночу. Айыл-апанын эрмеги эле эртели-кеч. «Кыяк чертсем черим жазылат. Кыяктын сыбызгы авазынан ата-бабамдын эски-эски элес үнү жаңырыктайт. Кыргызымдын кылымдык кыйыр-кыйыр жолдору көз алдыма келет!..» - дечү, жаткан жериң жайлуу болгур. Мынобу кыяк ошо атаңар көп жыл ойногон керемет мурас. Саңа шуну ыйык мурас катары калтырган, балам. Үйрөнүп алып, атаңды сагынганыңда ойноп жүргүн. Me, садага болоюнум, өз колуң менен кабыл ал!

Самат козголо бербеди ордунан, кабагы кайра түнөрүп, жер карады. Ордунан лып тура калган келин, кайын энесинин маңдайына келип чөгөлөй берди:

– Ана, кыякты маган берсеңиз. Осы казыр Саматтын көңүли недендир шөгүп тур! - жалооруй өтүнө сүйлөдү келин казакча.

– Кой келиним, өнтпөгүн. Ата мурасын кааласа баласы өз колу менен алсын. Атасынын аманат керээзи шундай. Сен алгыдай онун көзү жок эмес, отурбайвы маңдайымда. — Үнү каргылдана чыгып, бир чети өз перзентинин мынчалык түркөйлүгүнө ичи күйдү. - Кыргыз ата-салтында мурастан ашкан дөвлат, ыйык нерсе бовойт. Атаң сен үмүт кылгандай артында түрүлгөн дүнүйө калтырвады. Бар өмүрү кыягын ойноп, журтун курсант кылыш менен өтүп кеткен ыраматылыктын. Кавыл авасаң өзүң бил, мен бир өмүрлүк карызымдан кутулдум. - Эне кыякты төрдөгү мыкка кайра илип койду.

– Ойлосоң эне, кырк үйлүү айылда кантип оокат кылам? А, атамдын эски кыягын мектеп музейине тапшыр. Мен урунгудай жаңы болсо экен.

– Эл оокат кылып атпайвы. Бу айылга көнбөсөң районго кел. Же Айдаркен, Кызылкыяда тур. Эл шунтип оокат кылып атпайбы.

Эртеси Самат жолго чыкты бала-чакасы менен. Эне неберелелсрин өпкүлөп, келининин жүзүнөн сүйдү. Көз жашы кылды, уулунун мандайынан жыттап.

– Тез-тез келип тур, уулум. Энең түгөп баратат. Кабырыма топурак салвасаң, өмүрбакы арманда каласың...

*     *     *

Карачач кемпир уулунун айылга көчүп келишинен биротоло үмүтүн үзүп, кыйла чөгүп кетти. Үшкүрүнө берди үйүнө кирип-чыгып. Эки күндөн соң кызы да үйүнө жөнөп, эски там, ити - үчөө калышты. Жарыкчылыкта үйдүн томсоргонунан жаман нерсе жок. Эшик «кыйч» деп ачылса, кемпирдин заманасы куурулат.

А, эски тамчы!? Эми бир жолу кайтпай турган болду мураскор. Очогуна от жагылбай, морусунан түтүн булабай калабы. Кемпир болсо күнүгө кеч шамды күтүп, чырак коёт. Сандыктагы өлүмтүгүн күн алыс колдон өткөрүп, кудайдан тилегени эле жеңил жан-таслим болуу. Бирок жалгыз уулун каргаган жок. Каргыштын жети кылы-пушту урпагы алмашса да кетпесин билет.

Эне эски кыякты мектеп музейине тапшырды. Музей башчысы окуучуларды жыйып, кыякты эненин колунан салтанат менен кабыл алды. Ийининдеги жүгү кыйла жеңилдеп, көңүлү көтөрүлүп кайтты үйүнө.

Шодон бир жыл өткөндөн кийин Карачач кемпир о дүйнө сапар чекти. Уулуна болгон капачылыгы жазылбай, сөөгү менен кошо кетти о дүйиөгө. Аттиң, перзент үчүн мындан осол, мындан ашкан күнөө болбос! Энесинин кабырына бир ууч топурак салышка үлгүрбөдү уулу, алыс жолдун айынан. Энеси өлгөндөн он күндөн кийин бир келип, шодон бери кабары жок.

Тек, эски кыяктын муңканган авазы Кыякчы айылында түн ичи кез-кез жаңырат. Өткөндөрдүн арбагы айылга түн ичи келип Сулайман кыякчы таң атканча кыяк тартат. Алардын арасында Карачач кемпирдин арбагы да бар. Күйөөсү экөө дубалы урап, чалдыбары калган эски тамды айланчыктап чыгышат таң атканча. Муңкана жаңырыктаган аваз бирде наристенин үнүндөй ширин, бир туруп жаш келиндин күлкүсүндөй кумардуу, анан эле карт адамдын каңырыгындай онтоп жиберет.

Өтмүштүн эски-эски авазы, жаңырыгы урпактардын дилине куш уя салып алгысы бар. Бүгүнкү урпактар үйлөрүнө уя салган карлыгачтарды кууп, уясын бузгандан, эски авазга да жүрөктөрүнөн түнөк бергилери жок. Шондуктан, кыяк үнү ыйлуу чыгат. Ал эмес урпактары Саматка окшоп кыяк тартышты намыс көрүп жүрүшөт. Аттиң ай, өздүгүн тануу түбү жакшылыкка алып келбес!..

Аталардын эски күүлөрүнүн сыйкыр авазы жан сезимдерине сиңбей аткандыктанбы, көп жаштар өз жерин таштап, бөтөн жерге кызыгы артып барат. А, аталар кут келеби, жут келеби Ата конуштарын, мунобу ыйык тоолорду жеришкен эмес, комуз менен кыякты колдорунан түшүрбөй.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз