ДИЛ МАЕК
(эссе)
Бу жарыкта баттым канча күнөөгө,
Бу жарыкта жеттим канча мүдөөгө.
Экөөбүздүн эсептешер учур чак,
Айтам сага, айтпайм башка бирөөгө.
Күлгүн дедиң, а мен качан күлбөдүм,
Күлдүм, бирок ичтен түтөп зилдедим.
Алдап-соолоп күч алуунун ордуна,
Сүйрөптүрсүң калгычакты сүлдөрүм.
Күйгүн дедиң, а мен качан күйбөдүм,
Күйүп-түтөп, түгөнөрүм билбедим.
Суранаарым айтып койчу бай болгур,
Кайда менин күйгөндөгү күлдөрүм.
Учкун дедиң, жок болсо да канатым,
Учтум анан учпай кантип калайын.
Көнүл жайлуу болсун десең азырак,
Көрсөт мага учкандагы карааным.
Чурка дедиң, чуркап турдум күлүктөй,
Чарчабай да, чаалыкпай да жиникпей.
Топук кылып токтоп калбай андан соң,
Тоо бастырдың, каңгып калган кийиктей.
Баскын дедиң, кайда гана баспадым,
Аксасам да, салып турдум таскагым.
Канатымды сууга салып коргодум,
Качан, кайсыл мээнетимди актадың?
Жазгын дедиң, а мен качан жазбадым,
Жазганымды жан адамга айтпадым.
Бүгүн окуп кечээкимди кайталап,
Ыр эмес деп, тытып-өрттөп таштадым.
Бир ыр беле тилегениң, таппадым,
Табамын деп, тапканымды аттадым.
Эссиз жүрөк кайсы бириң айтайын,
Эки дүйнө ушул сага жакпадым.
Кээде жаркып, кээде кабак түнөрүп,
Кээде солуп, жүрөгүмө гүл өнүп.
Мен жөнүндө кандай айтса өз эрки,
МЕКЕН жайлуу – бир ыр калса түбөлүк.
Топту жарып суурулбадым менмин деп,
Төбөл деле болгонум жок эл бийлеп.
Бересемди бергичекти шашылсам,
Аласамды алалбадым бергин деп.
Ай шум жүрөк! Кайда гана түртпөдүң,
Кайрып, бутап, сындырып да бүктөдүң.
Жолуң болсун, жоготконум көп экен,
Сенин кайсыл жоругуңа түтпөдүм.
Делбектебе, демиңди бас сен эми,
Ар нерсенин болот тура ченеми.
Арзан баада канча жылды өткөрдүк,
Ашыкпагын, эс-акылга келели.
Тамамдалды тоюбуз да, кечебиз,
Тарып барат биздин таштак көчөбүз.
Жер алдында сырдакана досторум,
Жетелешип жалгыз калдык экөөбүз.
МЕДАЙЫМГА
"Кырк" деп чочуп градус карап улам,
Кош каректер чыкчудай чанагынан.
Таң калбаңыз садага периште кыз,
Чочулаба мен үчүн санаа кылбаң.
Пир жазганды көрөрбүз бешенеге,
Билем, туура. Ден-соолук керек эле.
Мен көнсөм да, жүрөгүм эркин өскөн,
Көнбөйт экен айтылган эрежеңе.
Кармагандан калганча ажырагыс,
Калем менен күнү-түнү кажынабыз.
Ханыңды кой, кудай да токтото албас,
Кармай калган кездерде "ажынабыз".
Болбойт дешет, болот деп урушабыз,
Болтурууга күч үрөп тырышабыз.
Арыз-муңун жазалбай жүргөндөргө,
Аман эмес сыяктуу "крышабыз".
Ырга салдым эргитип жүрөгүмдү,
Элди, Жерди, Мекенди сүйөрүмдү.
Ооруса ооругандыр эл катары,
Кайдан издеп тапмакмын күнөөлүүнү.
Аалам сырын ачууга үңүлөбүз,
Анан кантип жашоодон түңүлөбүз.
Ысык жашап өткөнгө эмне жетсин,
Өлүп муздап калганга үлгүрөрбүз.
Ысып-солуп ыкшыткан жөтөл эле,
Күчүм да бар, кайрат бар жетер эле.
Кырк градус үстүнө кыркты кошуп,
Сексенин да, сени да көтөрүүгө.
УРПАКТАРГА
Белгисиз да кимдин кандай болору,
Бат эле экен адам деген жоголуу.
Ал арада таарынычка таянбай,
Жашаш керек жамандыктан жогору.
Тирүүлүктө керек дайым жан жолдош,
Тилеги бир эч нерсеге зар болбос.
Силерсиңер ата салтын улаган,
Силер барда өлүгүбүз кордолбос.
Хандай, пирдей туялы өзүбүздү,
Ант ичкендей туталы сөзүбүздү.
Силерсиңер сактаган ата наркын,
Тепсетпеген душманга сөөгүбүздү.
Насип кылсын кучактап өбүшкөндү,
Көңүл калбай кубанып көрүшкөндү.
Силерсиңер таяныч Ала-Тоодой,
Кадырлаган биз жаткан көрүстөндү.
Ким сагынып туруптур күндө бизди,
Силерсиңер улаган дүйнөбүздү.
Өлсөк дагы өлөлү абийир менен,
Зээни кейип караарга мүрзөбүздү.
Таанып алгын казынаң тонооруңду,
Билип сыйла чыныгы коногуңду.
Силерсиңер кыргыздын келечеги,
Силерсиңер өлкөнүн кожоюну.
ЖОЛЧУ КАРЫ
Ошол кары, Жолчу кары,
Такыр эстен кетпеди.
Таш ыргытып жаткан жолдон четкери,
Ар тамгасы таштарындай салмактуу,
Бир макала жазсам дегем,
Таш көтөргөн сүрөт менен,
Газетага бассам дегем,
Макалама сыйбай койду ал Айкөл.
Келип тургун жакшы болот келгениң—
Деген эле кийип жатып мээлейин.
Мен коштошуп кетээрдеги
Каткырыгы угулат.
Келечектин алкоосуна ээ болуп,
Жолду сүйрөп бараткандай туюлат.
ЖОЛБУН ИТ
Куугунтук жеп ашканадан, дүкөндөн,
Карайлады, кара жаны эзилди.
Түгөл баары, бардар ушул заманга,
Түкүрүнүп бараткандай сезилди.
РЕКВИЕМ
Турар, Жолон басып өткөн өмүрү,
Табылдынын бүтпөй калган ырындай.
Табылдынын, Тургунбайдын өмүрү
Жаш акындын жазылалек ырындай.
Бул жолдордо жайкы аптап дымыгат,
Бул жолдордо жазгы жамгыр бууланат.
Бул жолдордо күздүн көзү куюндап,
Бул жолдордо кыштын каары бурганак.
Өсөрүндө өзөк өрттөп өксүткөн,
Күлөрүндө күлдүрбөстөн ыйлаткан.
Бул жолдордо атак-даңкты тааныбас,
Алыкулдун сөөгү жатат чым баскан.
Ишене албай айткан сөздүн кээсине,
Ишене албай көрүп турган көзүмө.
Туңгуюктан жол таба албай түйшөлүп,
Кээде чыны түрмө болом өзүмө.
КӨПӨЛӨК
Секелек кыз кызыл-тазыл бантиктерин,
Селпилдетип эч бир жанды тоготпой.
Гүл экенин билбейт экен балалык,
Гүл үстүнө тээп жатат оромпой.
9-МАЙ
Атам Дүйшекенин жаркын элесине.
Кең Россия кадыр-баркың билбей калды.
Жөө-жалаңдап танканын арт жагында,
Керзи өтүкчөн, шинелчен жаштайыңда,
Кенигсберг, Сталинград, Варшавада,
От кечкен өмүрүңдүн куну болуп,
Пайдасыз орден калды арт жагыңда.
Кылымдарда өткөн согуш бириндей,
9-Май да калат билинбей.
Кең Россия бар-жогуң билбей калды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR