Бир күнү үй чычканы менен токой чычканы жолугуп калышат. Учурашып таанышкан соң үй чычканы талаа чычканынан жашоо-турмушу тууралуу сурайт.
- Менде баары жакшы. Жашоомо нааразы эмесмин. Тамак-ашты жайы бою жетиштүү даярдап алам, дарактын дүмүрүнөн оюп алган үйүм кенен, түлкү менен үкүдөн гана сак болушум керек, - дейт токой чычканы.
- Ыркыйган кебетеңе карап, жыргал жашооңо анча деле ишенбей турам. Тамак-ашың аз, коркунучуң көп окшойт. Менин дасторконум майлуу-койлуу, кампам азык-түлүккө толо, кааласам нан жейм, кааласам бал жейм, жашоом коопсуз жана шаңдуу, муну сырткы кебетемден деле байкасаң болот, - дейт чын эле семиздигинен жүнү жылтыраган үй чычканы мактанып.
Талаа чычканы үй чычканынын бул жашоосун элестете албагандай эле үй чычканы да анын турмушун түшүнбөйт, бирок экөө тең бири-биринин үйүн көргүсү келет. Биринчи токой чычканы конокко чакырат. Ал жаңы таанышын дарактын коңулундагы үйүнө ээрчитип келип тобурчак, жаңгак, мөмө-чөмө, чөп-чар, тамыр жана башка азыктары менен сыйлайт. Кышка камдап койгон ушундай дан-аштыктарын көрсөтүп мактанат.
- Жаман деле жашабайт экенсиң. Бирок буга жетиш үчүн дайыма жан талашып, баарын өз колуң менен жасашың керек турбайбы. Менде эч бир көйгөй жок, баарын башкаларга жасатып, өзүм дайыма эс алуунун үстүндөмүн, - деп бул көргөндөрү менен таткандары дегеле жакпаган үй чычкан мурдун чүйрүп тим болуп, жаңы таанышын кыштактагы үйүнө ээрчитип келет.
- Бул менин кышкы батирим, - дейт кампанын жертөлөсүндө жайгашкан коңулуна киргенде үй чычканы. – Мына бул тешикти ачсаң буудай агат, мунусун ачсаң даяр ун эленет, бул тешиктин тыгынын алсаң таруу куюлат, мунусунан чемичке агат. Каалаганыңдай жашай бер. Ал эми эт, май, колбаса, балык, сыр сыяктуу азык түлүктөр жайкы батирим болуп саналган чатырда жайгашкан. Чыккын да каалашыңча жей бер. Мындан башка да менин ээлигимде кампа, сарай, буфет жана сандык бар. Бүгүн сага жакшы бир майлуу сала даярдатып койдум эле, жүрү чатырга, - деген үй чычкан жогору чыгып келген соң түркүктөрдө илинген чүйгүн азык-түлүктөр менен коногун жакшылап сыйлайт.
Өмүрү мындай тамактарды көрбөгөн токой чычканынын оозу ачылып, өзүнөн мурда көзү тоюп, ар кайсыдан бир ооз тийип тим болуп, мынчалык мол оокатты ким даярдарына кызыгат.
- Баардыгын адамдарга даярдатам. Алар аштыгымды жертөлөмө куюп, азык-түлүгүмдү чатырга илип, бут алдыма килем-килче төшөп, зериксем музыка коюп, кубулжута ырдап беришет. Бул үчүн эч кандай акы доолашпайт. Ушундай жакшы малайларым бар, - деп мактанат үй чычканы.
- Аларды көрсөм болобу?
- Болот көрсөң. Алар үйүмдүн ортоңку бөлүгүндө жашашат. Жүрү көргүң келсе. Бирок азыр эс алып отурушат, көздөрүнө көрүнүп тынчын албай эле койолу.
Алар шыптагы жылчыктан шыкаалап адамдарды көрүшөт. Ушундай жандарды жалдап алган үй чычкандын бактысына суктанган токой чычканынын көзүнө эми беймарал уктап жаткан мышык урунат.
- Тигил чоң жаныбар ким? – деп сурай токой чычканы таң калып.
- Ал менин улуу агам, - деп калп айтат үй чычканы жаңы таанышынын мышык аттуу жаныбарды тааныбасын билери менен муну мышыкка салып берип, токойдогу коңулун ээлеп, жайкы эс алуу жайына айлантайын деген жаман ою менен.
- Абдан чоң экен. Таанышсам болобу? – деп сурайт энөө неме.
- Болот. Жанына секирип түшүп мурутунан тартсаң ойгонот. Кичинекейлер менен таанышып, ойногонду өлөрчө жакшы көрөт. Тартынбай эле бара бер. Мен азыр артыңдан түшөм.
- Мен бирок шаардык улуу чычкандар менен учурашканды билбейм да.
— Сен анын жанына жетериң менен: «Укинчара, чикинчара, хурма-саки гуу» дегин да аны мурутунан силкилдете тарткылап учураш. Ал сени ошол замат бооруна кысып эркелете баштайт,— дейт үй чычкан.
Токой чычканы курдашы айткандай кылат. Полго секирип түшүп, көзүн ача калган мышыктын маңдайына жетип, шак эле муруттан алып үй чычканы айткандай учурашып турат:
— Укинчара, чикинчара, хурма-саки гуу!
Чычкан аттуунун мындай мамилесине эзели кабылбаган мышык көргөн көзүнө ишенбей, таң калган бойдон маңырайып туруп берет.
— Укинчара, чикинчара, хурма-саки гуу! – чычкан мурдагыдан да катуу учурашат.
Буларга шыптын бурчундагы жаракадан көз салган үй чычкандын абдан катуу күлкүсү келип, боорун тырмап, жер тепкилеп чалкасынан кеткенде, майланышкан жону аркылуу токтой албай тайгаланып бөлмөгө кулап түшөт.
Так маңдайына экинчи чычкан пайда болгондо гана эсине келген мышык өз милдетин эстейт. Ал сала жыттуу семиз чычкан маңдайына келип атса, ыркыйган арык кебетелүү талаа чычканын карамак беле, дароо бир секирип үй чычканын тутат. Ошондо гана маңдайында эмне деген жырткыч турганын билген токой чычканы бул жерден көздөн кайым жоголуп, экинчи шаарга киргиз болот.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ