Бир багбан өмүр бою бел чечпей эмгектенип, эң бир керемет бакча өстүрөт. Дүйнөдөгү бардык өсүмдүктөр менен жемиштер өскөн бул бактын даңкы дүйнөгө дүң болот. Муну ач көз падыша да угуп, ошол эле күнү желдеттерин жиберип, багбанды кубалап чыгып, бакчаны тартып алат да күнүгө барып сейилдеп, жемишин тердирип жеп ыракатка батат.
Бакчасынан башка эч нерсеси жок багбан үй-бүлөсү менен талаада калат. Эски урандылардын арасында баш калкалап, таштандыдан оокат таап жеп жүрөт. Жай өтүп кыш жакындаганда аязда тоңуп өлөрүнө көзү жеткен багбан бир амал ойлоп таап, падышаны алдамай болот. Болгон жакшы кийимин кийип, жаман куржунун ийинине салып ак сарайдын алдына келет да күзөтчүлөргө падышада жумушу бар экенин, ага пайда келтире аларын айтат. Желдеттер жолоочунун максатын падышага жеткирип, ал багбанды кабыл алат.
- Мен дүйнө кыдырып хандар менен падышаларга таажы жасаган улуу устамын. Жасаган таажыларым сыйкырлуу да, касиеттүү дагы. Алар душмандын көзүнө көрүнбөйт, колуна кармалбайт. Досторго гана көрүнүп, колуна урунат. Эгер ушундай таажы жасатчу болсоңуз - айланаңыздагы сыртынан дос болумуш этип, ичинен арам ойлогон душмандарыңызды таанып аласыз, - дейт багбан падышанын алдында чөгөлөй отуруп.
Айланасындагылардан ар дайым шек санап, алардын арам ою менен тымызын жасачу кыянатчылыгынан коркуп, бийлигин кызганып жүргөн падышага багбандын бул сунушу абдан жагат. Андыктан мындан баш тартпай сыйкырдуу таажыны буюруп, ошол эле күнү казынаны ачтырып, таажы жасаш үчүн багбан сураган асыл таштар менен алтын-күмүштү бердирип, жанына ден сакчы кошуп, ишти бүтүрүүсүнө кырк күндүк мөөнөт берип, буюртма аткарылбаса башы чабыларын эскертип узатат. Багбан шаардын жакшы жеринен падыша берген байлыктан сарптап үй сатып, баардыгына акчасы жеткен байларча ичип-жеп, шапар тээп үй-бүлөсү менен жыргап-куунап жашай баштайт. Бирок багбандын аялынын кекиртегинен тамак өтпөйт. Күн өткөн сайын санаасы күчөйт.
- Ардагым, антип эмне санаа жейсиң? Мен падышаны алдабаган күндө да ачкадан же сууктан өлмөкпүз. Андан көрө кырк күн жыргап жашап алалык,- дейт багбан.
- Кырк күндөн кийин башың алынарын билип туруп кантип тынчсызданбайм! Алдамчынын аялы деп падыша мени да жөн койбос.
- Падышадан ушунча алтын менен асыл ташты алган күйөөң аны дагы да алдай алат. Кам санабай жашай бер, - деп багбан аялын тынчтандырат.
Анын күйөөсүнө ишенгенден башка аргасы жок, башка түшкөндү көрбөскө аргасы калбайт. Ошентип кырк күн да өтөт. Желдеттер багбанды падышага алып жөнөшөт. Ал бош куржунун ийнине артып сыр алдырбай ак сарайга келет. Падышанын алдына чөгөлөйт. Ал багбандан сыйкырдуу таажыны көрсөтүүнү буюрат. Багбан ордунан туруп, астейдил кыймылдап, куржунун ийнинен алып жерге коюп, килитин чечип оозун ачып, жок таажыны кош колдогондой кармап, тактыда отурган падышанын маңдайына келет да куттук айтып башына кондургандай түр көргөзүп мындай дейт:
- Сыйкырлуу таажыңыз кут болсун, падышам. Бул досторго көрүнгөн, душмандарга байкалбаган касиети менен ак санатайлар жана арам ойлууларды айкындап берет, башыңыздан албай отуруп, адамдарды бирден чакырып, кимдин ким экенин биле бериңиз.
Падыша эч кандай таажыны көрө албагандыктан, кармаса колуна да урунбагандыктан - багбандын алдап жатканынан шектенет, бирок “өз таажыма өзүм душман болуп жаткан жокмунбу?” деген ойго келет да, башкалардан сурап көрүүнү чечип, вазирлери менен кеңешчилерин чакыртат.
- Кана айтчы! Жаңы таажым кандай жасалыптыр? – деп сурайт ал баары келгенде башкы вазиринен.
Падышанын ушундай таажы жасатып жатканынан башкы вазир турмак элдин баары кулакдар болгон эле. Андыктан ал таажыны көрө албай турса да, анын өзүнүн эле көзүнө көрүнбөй жатканына ишенип, чындыкты айтчу болсо падышанын душманы катары башы кетерин ойлоп калп айтат:
- Падышам, жаңы таажыңыз эң жакшы жасалыптыр, кут болсун! Тактыңыздан түшпөй, сыйкырдуу таажыңыздын касиети колдоп, түбөлүк жашаңыз, - деп падышанын этегинен өпкүчө чөгөлөй калганда, башка вазирлер менен кеңешчилер да анын артынан дүрбөп, падышанын көзгө көрүнбөгөн таажысы менен куттукташат.
Ошентип ханга душман болуп көрүнүүдөн корккондун баары жок таажыны көрдүк дешет. Падышага чындап эле ичинен кек сактап жүргөн кээси анын сыйкырдуу таажы жасатканына ынынышат. Андыктан падыша да башында касиеттүү таажы бар экенине ишенип, өз душманы өзү экенин элге сездиргиси келбейт. Андыктан багбанга сыр алдырбастан белек-бечкек берип узатат. Ошентип багбан ач көз падышаны көз көрүнөө алдайт. Муну элдин баары көрүп турса да коркконунан эч ким унчукпайт.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ