Жаш янки бай фермердин кызы менен көпкө чейин сүйлөшүп жүрөт да, сөзү бүткөндө атасынан кыздын колун сурап келет. Жаш жигит үчүн бул иш азоону үйрөткөндөн да кыйын болот; сүйлөп жатып толкунданганынан колундагы таягын өзү да байкабастан макиси менен жонуп кирет. Карт фермер болочокто күйөө бала болор жигиттин сөзүн кунт койо уккуча анын ар бир кыймылына көз жүгүртүп отурат. Ошентип жигит айтчусун айтып бүткүчө колундагы таягынын эч нерсесин калтырбай жонуп бүтөт. Ошондо кыздын атасы ага мындай деп жооп берет:
- Эмне деймин, жаш жигит. Сенин кебетеңден, кийген киймиң менен минген атыңдан бай жердин баласы экениң көрүнүп турат. Бирок кызымды сага бере албайм. Эмнеге дегенде ушул азыр эле колуңдагы таягыңды жонуп атып бүтүрдүң, бүт байлыгыңды куру бекерге короторуңду көрсөтүп койдуң. Болгон байлыгыңды жөн жерден шамалга учурган соң кызымды бактылуу кыла албайсың. Эгер азыр менин көзүмчө таягыңдан өзүңө керектүү бир нерсе жасаган болсоң, кызым экөөңө ак батамды бермек элем. Ошон үчүн кечирип кой, сага кызымды бере албайм, – деген экен.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ