Гун Ечан аттуу студент жакыр жашаганы менен абдан билимдүү болуптур. Анын чымчыктардын тилин билген укмуштуудай өнөрү да бар экен.
Гун Ечан бир күнү үйүндө китеп окуп отурса терезеден кандайдыр бир куштун сайраганы угулат. Сыртка көз жүгүртүп, бакта конуп отурган кичинекей чымчыкты көрөт.
— Гун Ечан, Гун Ечан, түштүк тоонун боорунда ак аркар өлүп жатат, аны алып кел да этин өзүңө ыйгарып, мага ичеги-кардын бер, - деп ал бир нече жолу кайталайт.
Гун Ечан чымчыктын айтканынын чын-төгүнүн текшермекчи болуп, жанына жип алып түштүк тоого жөнөйт. Чыгып барса чын эле тоо боорунда кимдир-бирөөнүн жебеси көөдөнүнө сайылганда качып келип жыгылган ак аркар өлүп жаткан болот.
Гун Ечан аркарды жиптин жардамы менен жонуна артып үйүнө алып келип союп алат. Ал ушунчалык кубангандыктан, чымчыкты унутуп коёт да аркардын ичеги-карынын тазалап артып, ошол эле күнү бышырып жеп алат. Аркар абдан чоң жана семиз болгодуктан Гун Ечан көп күндөр бою ток жүрөт.
Бир күнү үйүндө отурса терезеден баягы чымчыктын сайраганы угулат:
- Гун Ечан, Гун Ечан, түштүк тоонун боорунда ак аркар өлүп жатат! Гун Ечан, Гун Ечан, түштүк тоонун боорунда ак аркар өлүп жатат!
Муну укканда абдан катуу сүйүнгөн Гун Ечан дароо эле жибин алып, түштүк тоого жөнөйт. Алыстан эле тоо бооруна чогулуп, эмненидир курчап турган кишилерди көрүп кыйкырган бойдон чуркап жөнөйт:
- Тийбегиле ага! Ал меники! Мен аттым аны!..
Кыйкырыкка кылчайып караган кишилер чуркап келип Гун Ечанды кармап, колдорун байлап, ак аркар өлгөн жерди карай дегдеңдете түртүп жөнөшөт.
- Мени эмнеге кармап алдыңар? – деп сураганга араң жарайт, эч нерсеге түшүнө бербеген Гун Ечан.
- Азыр эле айттың го, өлтүрүлгөн өзүң колдуу болгонун, - деп алар баягы ак аркар өлгөн жерге жете беришкенде адамдын ок жеп суналган сөөгүн көргөзүшөт.
Ошентип Гун Ечанды сотко алып келип суракка алышат. Ал болгонун болгондой айтып берет.
- Сенден чымчык чындап эле аркардын ичеги-кардын сурады беле, анан анын өтүнүчүн аткардыңбы?- деп сурайт сот.
Ошондо гана Гун Ечан бул ак жерден торго түшүшү чымчыктын өч алуусу экенин түшүнүп:
- Жок, - деп күңк этет.
Гун Ечандын айтканына ишенбеген сот аны абакка салат. Ошентсе да анын куштардын тилин билерин текшерип көрмөкчү болушат. Эртеси сот өз үйүнүн бооруна уя салган чабалекейдин балапандарын алып, кутуга салып жашырып коёт да, сакчыларга Гун Ечанды алып келүүнү буюрат.
- Сен куштардын тилин түшүнөм дедиң ээ? Андай болсо айтчы, үстүбүздө чырылдап учуп жүргөн чабалекей эмне деп жатат? – деп сурайт, Гун Ечан келгенде сот балапанын издеп аянычтуу үн салган эне чабалекейди көргөзүп.
- “Урматтуу сот, урматтуу сот, ортобузда эч кандай душмандашуу же таарыныч болгон жок эле го, анан эмне үчүн балапандарымды алып, кутуга катып койдуңуз?” деп сурап жатат, - дейт Гун Ечан чабалекейди тыңшап.
Ошондо гана сот Гун Ечандын сөзүнө ишенип, актыгына көзү жетип, абактан бошотуп жатып мындай дейт:
- Куштардын тилин билериңе ишендим. Азыр үйгө бара бергин, бирок жакшылык кылгандарды мындан кийин эсиңден чыгарбай жүр, ал тургай кичинекей чымчык болсо да ыраазылык келтире бил!
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ