
(Буддизм икаяларынан)
Кары жана жаш кечил сапарда бараткан. Алар жүргөн жол буркан-шаркан түшүп аккан, бирок көп деле жайык жана анча терең эмес өзөнгө барып такалат. Экөө дарыядан эми өткөнү жатканда тайыз кечүү издеп жүргөн жарашыктуу кийинген сулуу аял алардын жанына келет. Аял колундагы желпүүрүн желпигенде жылмайган жүзүндөгү бакыракай көздөрү бирде жумулуп, бирде ачылат.
— Ой, суу аябай эле муздак, агымы да шар экен. Кокус суу тийсе, жибек кимономдун көркү бузулат. Кимдир бирөөңүздөр мени дарыядан көтөрүп өткөрүп койсоңуздар болобу? — деп бийкеч жаш кечилге үмүт менен карайт.
Бирок жаш кечилге аялдын сөзү такыр жаккан жок. Ал аялды бузулган адепсиз неме турбайбы, бети жокко таалим-тарбия керек экен деп ойлоду. Анын үстүнө кечилдер аялдар менен эч кандай мамиледе болбош керек эмеспи, деди ал өзүнчө. Ошон үчүн жаш кечил аялдын өтүнүчүн таназар албастан сууну кечип өтүп кетти. Карыя кечил ийнин куушурду да бийкечти артына көтөрүп алып, каршы жээкке жеткирип койду. Анан эки кечил сапар улантты.
Экөө узак жолдо сүйлөшпөй баратты. Жаш кечил шеригин бузулган жаш аялды эркелетип, акылга сыйбаган адепсиздик кылды деп, кыжыры кайнады. Андан да жаманы – аялга денесин тийгизип, кечилдердин тартибин бузду, деди ал шеригин жек көрүп. Жаш кечил не кырда, не сайда ушундай оюн токтото албай, ичинен бышып -кайнап жатты. Акыр аягында чыдамы түгөп, аялды дарыядан көтөрүп өткөнүң чекилик болду деп шеригин катуу жемелей баштады. Жаш кечилдин оозунан заарлуу сөздөр суудай агылып, бети кыпкызыл болуп, көздөрү чанагынан чыгып каарланды. Аны үн-сөзсүз карап турган карыя кечил бир кезде:
— Ой, айнанайын! Сен жанагы аялды алиге чейин үстүңдөн түшүрбөй көтөрүп жүрөсүңбү? Мен аны бир саат мурда эле жээкке калтыргам, — деди да ийнин бир күйшөп алып, жолун улантты.
Которгон Амирбек АЗАМ уулу