АЗАМ уулу Амирбек: ПАЛЕСТИН ЭЛ ЖОМОКТОРУНАН: ЧАБАЛЕКЕЙ ЖЫЛАНДЫ КАНТИП АЛДАДЫ

Кайсы бир заманда, узак-узак жылдар мурда Шайтан жаман жүрүм-туруму үчүн жаннаттан куулат. Бир күнү Шайтан кайра  жаннатка кантип баруунун амалын ойлой баштады. Ал көңүлү чөгүп, бир кыйла убакыт отурду. Анан тегерегиндеги айбандар менен сүйлөшүп, ага жаннатка киргенге жардамдашчу бирөөнү издеди. Ары карап, бери карап отуруп, Жыланды көрдү да “буйруса, эми жолум болот окшойт” деп ойлоду. Жылан Шайтандын сөзүн кунт коюп угуп турду. “Мен билем, сен үчүн кыйын эч нерсе жок, Жылан. Ошон үчүн мен сенин тишиңе отуруп алсам, эмнеге болбосун? Сен мени эч кимге билгизбей көтөрүп кете бересиң. Сага оорчулугум да болбойт, эч кандай ызы- чуу да болбойт, ”- деди Шайтан.

Жылан Шайтандын сөзүнө көндү. Эмне үчүн дебейсиңби? Ач көздүгү жеңди. Себеби Шайтан Жыланга ааламда жок даамдуу тамак берем деп убада кылды. Ал Шайтандын жаннатка кайра кирсем, сага такай адамдын этин берип турам деген азгырыгына алданды. “Адамдын эти балга же сүткө караганда да жакшы. Ал сенин кекиртегиңден жибектен да жеңил өтөт,”- деди Шайтан.

Жылан Шайтан айткандай жасап, жаннатка эч бир жанга байкалбай кирип кетти. Өзөгү кургап турган Жылан убакытты бекер өткөрбөй акысын алганга шашты. “Сен каалаганыңа жеттиң. Эми мага убада кылганыңды бер”, — деди Шайтанга барып.

“Албетте, берем. Адамдар сеники. Сенин мээнетиң ак”, -деди  Шайтан да элпек сүйлөп. Жылан эми даамдуу эт жей турганын ойлоп, сүйүнгөнүнөн жаагын жаадай ачып, кайра жаап жыргап турду.

Бу тушта акылдуу чымчык — Чабалакей  көктө учуп баратып, Шайтан менен Жыландын бул сөзүн угуп калды. Ал Адам менен Умайдын жакшы досу болчу. Ошого Жыландын сыйтамакка Адам менен Умайды жегенине жол бербейин деп чечти. “Адамдын эти баарынан даамдуу экенине сен ишенесиңби?”- деп сыпайы сурады Чабалекей Жыландан. “Адамдын эти эттердин эң мыктысы деп мага Шайтан айтты”, — деди Жылан сугалактанып.

“Шайтандын сөзүнө деги ким ишенет?» — деди Чабалекей. “Ал бир нерсе айтам деп оозун ачканда эле таңдайынан жалган сөздөр кумдай куюлуп турат.” Анан Чабалекей бир саам ойлонуп туруп, сунушун айтты: «Мен эң даамдуу этти кантип тапкандын жолун билем. Кел, Чиркейди дүйнөнү кыдырып, ар бир жаныбардын этинен даам татып, кайсынысынын эти эң даамдуу экенин билип келгенге жөнөтөлү. Ал бир жыл ичинде адамдын эти чындап эле бардык жаныбарлардын этинен даамдуу же жок экенин билип келет.”

Жылан бир аз ойлонуп туруп:“Сен туура айтасың. Бул эң даамдуу этти табуунун бирден бир туура жолу”, — деди моюнун иймеңдетип. Анан Чиркейге бурулуп чечимди айтты: “Бар, тез жөнө!”

* * *

Чиркей дүйнөнүн чар тарабын кыдырып, ар түркүн эттердин даамын текшерип жүрдү.

Ал бийик тоолордун башына чейин чыкты, көк жашыл бак-дарактарды, жайык деңиздерди жана куму алтындай жайнаган чөлдөрдү калтырбай тинтти.

Күндүн ысык аптабы, нөшөрлөп куйган жамгыр, өргүштөгөн суу ташкын, лапылдап жааган кар — эч нерсе Чиркейди токтото албады. Ал ар бир чоң, кичине жаныбарга тиш салып, этин жеп, даамын текшерип жүрдү.

Чиркей өз ишине ушунчалык катуу берилгендиктен, Чабалекей артынан калбай ар бир кадамын көзөмөлдөп жүргөнүн байкабады.

* * *

Бир жыл тез эле өттү. Жаныбарлар кайра чогулчу убак да келди. Ар бир жаныбар Чиркейдин маалыматын чыдамсыздык менен күтүп жатты. Чабалекей да өзүнүн адам досторунун тагдырын ойлоп, катуу тынчсызданды. Ал жаны жай албай, октой учуп Чиркейге жетти. “Айнанайын, болчу тез. Жүрөгүм дүкүлдөп, өлөйүн деп турам. Айланайын, бизди зарыктырбай өз сөзүңдү айтчы! Жыланга кайсы жаныбардын эти сыйтамак болот?”

“Макул. Мен айтайын. Шайтан туура айтыптыр: Адамдын эти чындап эле аябагандай жакшы экен. Эч бир жаныбардын эти адамдын этине тең келбейт”, — деди Чиркей.

Муну уккан Чабалекей: “Мени кечирип кой. Эмне деп айтканыңды укканым жок. Ушу оң кулагым жакшы укпай, дүлөй болуп бараткансыйт”, — деп Чиркейге жакын барды.

Чиркей үнүн Чабалекей уккандай катуу чыгарыш үчүн көкүрөгүн кең жайып, терең дем алды. Анан оозун мүмкүн болушунча кенен ачып, эми сүйлөйүн дегенде Чабалекей чагылгандай тез ийилип, Чиркейдин тилин сугунуп алды.

Чиркей сүйлөдү эле “Бззззз” деген гана үн угулду. Ал канча аракет кылбасын, оозунан “Бзз, бззз, бззз” дегенден башка үн чыкпай койду.

“Сен тынчсызданба”, — деди Чабалекей. “Мен сен айтчу сөздү жалпы жаныбарларга жараян кылам.”

Бардык жаныбарлар Чиркейди күтүп жатты. Бирок алардын бири да жаңылыкты Чиркейдин артында учуп келаткан Чабалекей айтат деп ойлогон эмес. Жаныбарлар жаңылыкты угуу үчүн береги экөөнү тегерете курчап алган соң Чабалей сөздү баштады.

— Мен силер күткөн жаңылыкты билем. Аны мага Чиркей үнүн жоготуп койгондон мурда айтты. “Баканын эти баарынан даамдуу”, — деди ал. Бул – Чиркейдин чечими. Ал баарынан Баканын этин жакшы көрөт. Чиркей бардык жаныбардын этин жеп көрдү, бирок Баканын этинен башка эт ага жаккан эмес.

Бул сөз Жыланды аябай кыжырлантты. Себеби Чабалекей жаныбарларды алдап жатканын билди. Ошого ал: “Мен сенин жаныңыды сууруп алам”, -деди да башка жаныбарлар эсине келгенче Чабалекейди куйруктан тиштеди. Жылан сугунганда оозуна Чабалакейдин канаты толуп калды. Чабалекей чыйпылыктап, жан-алы калбай кыйкырып жатып, бир маалда Жыландын оозунан бошонду эле, куйругу айрыдай эки ача болуп калган экен. Жылан оозун шөлпүлдөтүп ачып-жаап, түшкү тамакка Баканын этин жегенге аргасыз болду.

Эми силер эмне себептен чиркейлер сүйлөшпөгөнүн, жыландар эмнеге бакаларды жегенин жана эмнеге чабалакей ача куйруктуу экенин билип алдыңар.

Түш ээрчиген дыйкан 

Сирис кыштагында бир дыйкан жашайт. Анын кичинекей үйүнүн маңдай жагындагы багында эки түп лимон дарагы өсөт. Береги бакта дыйкандын зайыбы жашылча  жана жыттуу чөп-чарларды өстүрөт. Дыйкан өзүнүн жети уулу менен жыл бою он эки ай тынбай иштешет, бирок эч кемтиги толбойт, акчасы да жетпейт.

Бир мертебе таң эртең менен үй-бүлөсү нанүштө кылып отурганда дыйкандын зайыбы күйөөсүнөн сурайт: “Сен эмнегедир бир нерсеге кабатыр болуп отурасын. Сага эмне болду?”

Дыйкан айтат: “Мен өткөн түнү түш көрдүм. Бирок түшүмдү сага түшүндүрүп бере албайм. Түшүмө ылайык, мен Иерусалимге барышым керек. Себебин билбейм. Анан Дамаск дарбазасынын жанында бир жайдан жылбай күтүп турушум керек экен.”

“Эмнени күтүшүң керек?”-  зайыбы сурайт.

“Ошо эмнени күтүш керек экенин билбейм”, — дейт дыйкан. Ал ошол күнү иштебей жатып,  кечке жуук түшүн унутуп койду. Бирок ал түнү жана кийинки түнү кайра эле баякы түштү көрдү. Дыйкан кайра-кайра көргөн түшүн зайыбына айтып берди.  “Мен үч күн катары менен баякы түшүмдү көрдүм. Бул эмненин аяны деп ойлойсуң?”

Зайыбы көпкө чейин ойлонуп, мындай дептир: “Сен Иерусалимге барып, Дамаск дарбазасынын жанында күтүп турбайсыңбы… Ошондо түшүңдүн манисин билет элек.”

Дыйканда киреге ат же качыр алганга акчасы жок болгондуктан, үч күн тынбай жол жүрүп, акыры Иерусалимдин Дамаск дарбазасына жетет. Ал жерде бир орунда каккан казыктай жылбай күтөт. Адамдар тынбай келип да, кетип да жатты. Бирөөлөр соода кылганы келсе, экинчи бирөөлөр ишке келет. Алардын баары солдоюп турган дыйкандын жанынан өтүшөт. Кээси аны кайырчы деп ойлоп, жанындагы баштыгынын үстүнө майда тыйын таштап да жатты дейт.

Дыйкан эч тажабай күтө берди, күтө берди, күтө берди. Бирок эч нерсе болгон жок. Түн да кирип, бардык дүкөндөр жабылып, адамдар үйлөрүнө тарашты. Бирок дыйкан ордунан козголбой тура берди. Чочуган бир ит дыйканды анча убакыт шектүү карап, анан чыдабай кетип калды. Ал жалгыз өзү калды, бирок күтүп тура берди.

Кийинки күнү да ошондой болду.

Үчүнчү күнү да дыйкан турган ордунан жылбады.

Үчүнчү түнү дүкөндөр жабылгандан кийин дыйкандын жанына бир киши келип, мүрүсүнө колун элпек коюп: “Мен сиздин арт жагыңыздагы булгаары саткан дүкөндүн ээси болом. Сиздин үч күндөн бери бир орундан карыш жылбаганыңызды байкадым. Сизге эмне болду?”- деп сурады.

Дыйкан дүкөнчүгө көргөн түшү жөнүндө айтып берди: “…жана өзүңүз көрүп тургандай, дагы эле бир нерсе болот деп күтүп жатам.”

Дүкөнчү бир топко чейин каткырып күлдү дагы: “Бул мен уккан окуялардын эң акылга сыйбасы болду. Сиз түш көргөнүңүз үчүн эле үч күн тынбай бастыңыз жана бул жерде үч күн, үч түн күтүп турасыз”.

“Ооба,”- деди дыйкан.

Дүкөнчү кайра боору эзилгенче каткырып күлүп, анан айтты дейт:

“Эй, менин жакшы адамым. Барыңыз, үйүңүзгө кетиңиз. Ансыз да бул жерде туруп, алты күндүк жумушуңузду короттуңуз. Эмне үчүн? Эгер ар бир адам түшүндө көргөн нерсесин аткарам десе, эгерим жумуш бүтпөйт. Мисалга мени алалы. Мага да сиз көргөндөй түш жети күн удаа кирди. Мен түшүмдө кичинекей үйдүн маңдайындагы эки лимон дарагы өскөн бакка көмүлгөн кенчти көрдүм. Ал үйдүн аты жадымдан да чыгып кетти! Балакет баскырдыкы десе… ал үй Ссс-си деген кыштакта экен. Дүкөнүмдү жаап коюп, түшүмдө көргөн кенчти издеп, кайдагы бир эч ким атын укпаган жайды издегендей мени ушунчалык акмак деп ойлойсуздарбы?! Мен… ”

* * *

Дүкөнчү ушинтип сөзүн айтып бүтө электе дыйкан турган ордунан кайып болгондой жоголгонун көрдү…

Англисчеден которгон Амирбек АЗАМ уулу