
“Сиасет-намэ”. Низам ал-Мулк (1018-1092)
Отуз алтынчы бап
Кызматын кынтыксыз жакшы аткарган ар бир малайды өз учурунда алкоо жана сыйлоо керек. Кимде ким тегин жерден же жаңылышып осол иш кылса, кулдар кызматын ынтаа коюп аткаруусу үчүн, аны жасаган жосунуна жараша жазалоо абзел; кылмышкер жазадан коркуп, бардык иш талаптагыдай аткарыла баштайт.
Икая. Хашимит[1] бала кайдадыр бир жерде чогулган элди таарынтып коёт; алар баланын атасына барып даттанышат. Атасы уулун жазаламак болот. Баласы: “Ата! Мен акылым жок болгондуктан кылмыш жасадым. Мени жазалаба, сен акыл-эстүү жансын да”,- дейт. Бул сөз атасына жагып, уулун кечирет.
Икая. Хордадбех[2] айтат: Парваз падыша жакын жөкөрүнө нараазы болуп, камакка отургузат. Ага Базида деген музыканттан башка бир да жан даап барбайт. Өнөрпоз ага күн сайын тамак-аш ташыйт. Муну Парвазга жеткиришет. Ал Базидадан сурайт:”Камакта отурган адамга кам көргөнгө сенин кандай акың бар? Ким биздин каарыбызга калып, абакка отургузулса, ал жашоо үчүн каражаттан айрыларын сен эмне билбейсиңби?” “О, шах! Сен ага мен жөнөтүп жаткан тамак-аштан көп дөөлөт калтырыпсын?”- дейт ал. “Мен ага эмне калтырыпмын?”- деп сурайт. “Өмүр. Өмүр мен ал үчүн жасап жаткан нерсенин баарынан кымбат”,- деп жооп берет. Падыша: “Баракелде! Аны сен үчүн кечирдим”,- дейт.
Икая. Сасаниддер тукумунда мындай бир адат болот: кимдир-бирөө алардын алдында сүйлөп же өз өнөрүн көрсөтүп жатканда аларга жагып калып: “Бали!”- деп айтышчу болсо, ошо замат казыначы тиги адамга миң дархем берчү экен. Хосрои падышалары, өзгөчө, Адилетчил Нуширван башка өкүмдарлардан акыйкатчылдыгы, асылзаттыгы жана айкөлдүгү жагынан өйдө турган.
Икая. Бир мертебе Адилетчил Нуширван жан-жөкөрлөрү менен аң уулганга жөнөйт. Падыша бир кыштактын жанынан өтүп баратып, жаңгактын көчөтүн отургузуп жаткан токсон жаштагы чалды көрөт. Нуширван таң калат, анткени жаңгак дарагы жыйырма жылдан кийин гана түшүм бере баштайт. Ал сурады: “Эй, абышка! Жаңгак отургузуп жатасыңбы?” “Ооба, өкүмдар!” — деп жооп берди. “Анын түшүмүн жеп калыш үчүн дагы канча жыл жашаймын деп ойлойсун?”- деп сурады. Чал айтты: “Мурункулар тикти, биз жедик, биз тигебиз, кийинкилер жейт”. Нуширван чалдын жообуна ыраазы болуп: “Баракелде!” деди жана казыначысына чалга миң дархем бер деп буйруду. “О, өкүмдар! Жаңгактын түшүмүн менден тез эч ким жеген жок”,- деди чал. “Кантип?”- деп сурады. Чал айтты: “Мен көчөт отургузбасам, өкүмдар жолдон өтпөсө, бу кулга азыркы ырыскы тиймек эмес; эгер тиги кул жанагыдай жооп бербесе, мен кайдан миң дархем алат элем”. “Баракелде! Баракелде!”- деди Нуширван. Падыша эки ирет “баракелде” деп айткан үчүн, казыначы чалга эки миң дархем берди.
Икая. Мамун[3] бир жолу букаралардын арыздарын карап жатканда, ага кимдир-бирөөнүн өтүнүчүн беришет. Мамун бул өтүнүчтү Сахлдын[4] уулу Фазлга тапшырып: “Мунун өтүнүчүн канааттандыр, ый-муң бир калыпта сакталбас үчүн көк асман айланып турат жана бир да дос өзгөрбөй турбаган үчүн бу дүйнө да жакында эски досторго толот. Биз бүгүн жакшылык кыла алабыз, а эртең ушундай күн келет: кимдир-бирөөгө жакшылык кылайлык десек да, кудуретибиз жетпей калат.”
Отуз жетинчи бап
Мукта[5] алчу кирешеге жана эл ишине кылбат мамиле кылуу жөнүндө
Эгер кайсы бир дубанда каатчылык болуп, эл тозуп жатканы тууралуу кабар келип, аны ниети бузук адамдар айттырды деген ой жаралса, ал жакка ордодогу мартабалуу бирөөнү токтоосуз жиберүү ылаазым жана ал кандай тапшырма менен кеткенин эч ким билбеш керек. Ал кандайдыр бир шылтоо менен дубанда бир ай болуп, шаар-кыштактардагы абал менен таанышсын; өсүп өнгөн жана бүлүнгөн жерлерди көрсүн, мукта жана амил[6] тууралуу ар кимдердин айткандарын кулак түрүп уксун жана туура маалымат алып келсин. Мансаптуу атка минерлерде: “Бизде душманыбыз бар эмеспи”,- деп ар кандай ылаажы таап, шылтоо айтмайы бар. Аларды укпаш керек! Болбосо алар уят-сыйды жыйнап коюп, бар каалаганын кылат; дубандагы абалды маалымдагандар менен өкүлдөр болсо өкүмдар жана мукта бизди өз көмөчүнө күл тартууда деп ойлобосун деп чочушуп, кеңеш бергенди токтотушат. Ушинтип дүйнө кыйрайт, эл жакырланат, тозот жана салык мыйзамсыз жыйнала баштайт.
[1] Хашимиттер- Мухаммед пайгамбардын бабасы Хашим бин Абд-Манафтан тараган уруу.
[2] Абу-л-Касим Обейдаллах бин Ахмед бин Хордадбех китеп менен соода кылган багдаддык ан-Надимдин “Китаб ал-Фихрист” деген эмгегинде эскертилет.
[3] Мамун – абасиддер династиясынан чыккан халиф.
[4] Фазл бин Сахл бин Абдаллах ас-Сарахси, Мамун халифтин уазири, 202 (817/18) — жылы өлгөн.
[5] Мукта-бек, феодал. Пашылыктагы кайсы бир дубан жана андан алынчу киреше кимдир бирөөгө иктага же мурастап калуу укугу менен берилет.
[6] Амил-салык чогултуучу.