АЗАМ уулу Амирбек: УНСУРАЛМААЛИ КАЙКАВУС: КАБУСНАМЕ (АКЫЛМАНДЫКТЫН КЕНЧИ) 8

ПАДЫШАГА УАЗИР БОЛУУНУН ЖОЛ ЖОБОСУ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, билгин, эгер ыкыбалың туура келип, уазир болуп калсаң, ишти талдай бил, аткарган иштериңдин эсебин бергенге үйрөн, элди ажырата бил. Ар ишти өз ыгына карай жүргүзө бил, өз бектериң менен чынчыл бол, өз бегиңе татыктуу сый-урмат көрсөт. Баарын эле өзүмө алайын дебе, анткени баарына жутунган адам куру кол калат деп айтылган эмеспи. Сага адамдар каалаганыңдын эле баарын бере беришпейт. Эгер бир нерсени убактылуу беришсе, кийин кустуруп алышат. Эгерде башында азга макул дешсе, кийин ага да макул болушпайт.

Анүчүн өз бегиңдин мал-дүйнөсүн этият сакта, эгер жечү болсоң тамагыңа тыгылып калбас үчүн чымчып же. Бирок амал-дарлардын(атка минерлердин) колун шарт эле алым-салымдан бууп салба, болбосо палоого куйрук керек болгондо ак майга жетпейсиң. Эгерде башкаларга данга калтырбасаң, сенин чөнтөгүңө дирхем түшпөйт. Пара алчу болсоң, колу жукалар аныңды айтпай коюшпайт, абийириң төгүлөт.

Эгер өз бегиңе адилет кызмат өтөсөң, аскерлер менен букараларга андан да калыс болгонго тырыш, аларга жалчыбаган кешик бербе, себеби тишке тыгылган эт-курсак тойгузбайт. Кешик берүү ар кандай олжодон артык, себеби кешикти аз берсең аскерлерди нааразы кыласың жана букараларды бегине каршы койосуң. Байлык топтоодо жөндөмүңдү көрсөтөм десең, эл-жериңди абаддаштырып берекесин көбөйт. Береке он эсе көбөйсүн десең жана жараткандын пенделери азык түлүксүз калуусун каалабасаң-өлкөнүн кароосуз жерлерин иштет.

Икая

Билип алгын, перс падышаларынын бири уазирине ачуусу келип, аны кызматтан айдап, анын ордуна башка бирөөнү уазир кылып алат. Падыша жанагы кызматтан бошотулган адамга: «Өзүң жашаганга ыңгайлуу башка бир жерди тандап ал. Мен сага ал жерди тартуу кылайын. Ал жакка мал-мүлкүңдү жана жан-жөкөрлөрүңдү алып, көчүп кет», — деп айттырат. Уазир ага: «Мага дүнүйөнүн кереги жок. Бар байлыгымды бекке тартуу кылдым. Мага иштетилчү жерди бергениңди каалабайм. Ал мага ырайым этсе, падышалыктагы бир бүлүнгөн кыштакты менчиктеп ал деп таберик кылсын. Ошол жакка өз жан жөкөрлөрүм менен барып, абаддаштырып гүлдөтүп алып жашайын» деген жообун айтат. Анда падыша: «Ага бүлүнгөн кыштактардан каалашынча бергиле!» деп буйруйт. Бүт падышалыкты чапкылатып, ага бергенге бир да бүлүнүп-таланган кыштакты жана алакандай да кароосуз калган жерди табышпайт. Ошондо уазир: «О, падыша, сен мага ишенип башкарткан өлкөдө кароосуз калган этектей да жер жок экенин билгем. Эми менден гүлдөп өскөн өлкөнү алгандан кийин, аны азыркы абалында кайтарып бере алчу ишенимдүү адамга тапшыр» дептир. Бул сөз падышага жеткенде ал кызматтан бошоткон уазиринен кечирим сурап, кайрадан уазир кылып дайындайт.

Ошон үчүн уазир кызматында тилиң жана колуң узун, жаның коопсуз болуусу үчүн куруучу да, адилеттүү да болгун. Эгер аскерлер сага каршы көтөрүлсө, алардын кылычы өзүнө каршы көтөрүлбөс үчүн бек оболу сенин мойнуңду толгойт.

Адилеттиктен тайсаң өзүңө да, аскерлерге да, бегиңе да адилетсиздик жасайсың. Бул аскерлерди жалчыбаган жалакы менен каңтарганыңдын баасы болот. Ошондуктан бегиң аскерлерге жана букараларга камкор болуусу үчүн сен ага үзбөй сый көрсөтүп тур. Анткени падыша өз букаралары жана аскерлери менен, кыштак-баба дыйканы менен гүлдөп өсөт. Демек, бай-дөөлөт турмуш курам десең, бийликтин колун узартканга аракет кыл; бийликти аскердин жардамы менен кеңейтүү мүмкүн, ал эми аскерлерди алтындын күчүнө таянып кармаса болот; казынадагы алтын элдин жыргал жашоосунан көбөйөт, а ават жашоо калыстык жана сот адилеттүүлүгү аркылуу жетишилет. Андыктан калыстыкты жана сот адилеттүүлүгүн бекем сакта.

Падышага жамандык ойлобой этият жүрсөң да андан дайыма сактан. Падышадан эчким уазирдей коркпошу керек. Падыша жаш болсо дагы аны жаш дебегин. Себеби, ханзадалар өрдөктүн балапаны сыяктуу болушат, а балапанга сууга сүзгөндү үйрөтпөйт. Ал көп убакыт өтпөстөн сенин жакшы жана жаман сапаттарыңды электен элеп алат. Ошентип, эгер падышах эл ортонуна келген болсо, ал же акылман, же опсолоң болот. Ал даанышман чыгып, сенин чыккынчылыгыңа чыдабаса, кандайдыр бир жакшы шылтоого жамынып, сенин колуңду кыскартат. Эгер ал дөдөй жана кем-акыл болсо, кудайга жалбарсаң да сени өтө осол жол менен кызматтан четтетет. Акылман падышадан балким өмүрүңдү куткарып аласың, ал эми дөдөй жана кем акылдан тирүү кутулбайсың.

Душмандарың падышага сени каралап, сага болгон жакшы мамилесин бузушпасы үчүн ал кайда гана барбасын жагыз калтырба. Оңтойун таап, шаанын көңүлүн сурап тур жана дайыма маанайынан кабарың болсун. Шаанын ар бир каш серпкени сага белгилүү болсун үчүн жана ууга каршы дарың жаныңда даяр жүрүүсү үчүн анын жакындары сенин жансыздарың болсун. Коңшу өлкөлөрдүн падышалары жөнүндө жакшы кабардар бол жана бир да өлкөдөгү досторуң менен кастарың сен укпай-билбей бир уурттам суу ичпесин. Өз падышалыгың жөнүндө кандай жакшы кабардар болсоң, коңшу падышалыктар жөнүндөгү маалыматың да ошондой жакшы болсун.

Икая

Фахруддавлдын заманында Сахиб Ысмайыл ибн Аббад[1] эки күн ордого келбейт, диванга катышпайт жана эч кимди кабыл албайт. Жансыз бул жөнүндө Фахруддавлга жеткирет. Ал кимдир бирөөнү сахибге жөнөтүп: «Сенин таарынычыңды эшиттим. Таарыңычыңа өлкөдөгү кайсы бир иш баана болсо айт, мен аны оңдоп түзөтөйүн. Эгер мага таарынган болсоң, аныңды айт, кечирим сурайлы», — деп айттырат. Сахиб: «Кудай сактасын. Кулда өз эгесине таарыныч болмок беле? Өлкөдө иштер ырааты менен жүрүүдө. Бек сайран кура берсин, кулдун таарынычы жакында тарайт», — деп жооп берет.

Ал үч күндөн кийин ордого демейдегидей шайдоот келгенде Фаруддавл: «Эмнеге таарындың эле?» — деп сурайт. Анда Сахиб: «Кашкардагы жансызым каган кайсы бир саркер менен кеңешти деп жазды. Мен кагандын саркерге эмне айтканын биле албадым. Капаланганымдан кекиртегимден тамак өткөн жок. Түркстандын каганы эмне айтканы балким бизге өтө маанилүү нерседир, бирок биз аны билген жокпуз. А бүгүн келген катта иштин жайын кабарлашты. Аны угуп, көңүлүм тынчыды», — дейт.

Сен анүчүн дос-душманыңдан коопсуз болуу үчүн жана сенин жөндөмүң белгилүү болуусу үчүн дүйнө падышаларынын ишмердүүлүгүнөн маалыматың болуп, алар жасап жаткан иштер жөнүндө өз бегиңе кабарлап турууң зарурарт.

Даражаны татыктуу адамга бер жана напси жоктук кылып, зулумдарга даража бербе. Себеби Бузуржмихрадан: «Сасаниддер сарайында иш-башы болуп жүрдүң. Сендей адам иш-башы болуп туруп, алардын ишинен эмнеге чатак чыкты?» – деп сурашканда, «Ал улуу иштерде майдабарат гулямдарга таянгандыктан, иши ушул абалга келди», — деп жооп бериптир. Ошондуктан, колу жука амалдарга чоң кызмат бербе, себеби ал өзү пайда тапмайын, сенин пайдаңды ойлобойт. Сен көргөн жоксуңбу: эгин жана агат сугарганда эгинге жана агатка кеткен арык ным болсо суу агатка тез жетет. Себеби, нымдуу жер сууну өзүнө аз сиңирет. Эгер арык кургак болсо жана көптөн бери суу көрбөсө, сууну ачканда өзү сууга канмайынча сууну эгинге жана агаттарга өткөрбөйт. Жарды амалдар какшыган арыкка окшош болот жана адегенде сени эмес өзүн ойлойт.

Берген буйругуңду баалай бил жана аны кимдир бирөөлөр ар кандай шылтоо айтып, бузуусуна жол бербе.

Икая

Угушумча Абулфазл Балами[2] Самарканддын сахибдиваны[3] кылып Сахл Хужанини дайындайт. Ал жөнүндө жарлык жазылып, мөөр басылат, Сахл Хужаниге чепкен берилет. Ал жолго чыгар күнү кожонун ордосундагылар менен кайыр-маазир кылганы жана көрсөтмө сураганы барат. Ошентип ал коштошуу үчүн жүгүнүп, жакшылык үчүн дуба кылып, эл алдынча айтылчу сөзүн айтып бүткөндөн кийин, кожо менен жүзмө-жүз сүйлөшүүгө уруксат сурайт. Кожо иш бөлмөдөгүлөрдү чыгып кетүүнү өтүнүп, Сахл менен жалгыз калат. «Бектин өмүрү узун болсун”, — деп сөзүн баштайт Сахли.

Албетте, кул барып, кызматына киришкенден кийин, бул жактан буйруктар келе баштайт. Ошондо бек кайсы иштерди алга жылдыруу керек экенин, кайсы буйрукту аткаруу жана кайсынын жөн калтыруу жөнүндө кулга белги берип койсун». Бул сөздү уккан Абулфази Балами: «Э, Сахл, жакшы сөз айтпадыңбы. Бул сөздү узак ойлонуп айтканыңды билем. Биз да жакшылап ойлонушубуз зарыл. Себеби тез жооп берип болбойт. Бир нече күн күтө тур», -дептир.

Сахл Хужани үйүнө кетет. Анын ордуна Самаркандын диванханасынын сахиби болуп Сулайман ибн Яхйа ассамгани дайындалат жана ага чепкен, парман берилип, ал кызматына жөнөп кетет.

Сахлыга «Сен бир жыл үйдөн чыкпай отур», — деп буйруйт кожо жана ал бир жыл үйүндө камалып отурат. Абулфазл бир жыл өткөндөн кийин аны чакыртып алып айтыптыр: «Эй, Сахл, менин бир чын жана бир жалган буйрук бергинимди бирдекиде көрдүң беле? Дүйнөнүн мен деген дөө-шааларын кылыч менен моюн сунганга үйрөтөбүз. Биздин буйрук бирөө. Букараларды баш ийбегенге үйрөтүп, мен акмак болгонумду кайдан көрдүң? Биз иштин аткарылышын кааласак — буйрук беребиз, каалабаган ишибизди буйрубайбыз. Биз эч кимден коркпойбуз жана ийменбейбиз, ар кандай ишке күчүбүз жетет. Сен шекшиген нерсе — байкуштардын иши. Сен бизди байкуш көрсөң, биз да сени кызматка татыксыз бечара көрдүк. Алар буйруган ишти аткарбай койсо болот деген сеникиндей ой менен кызматка чыгып болбойт. Эч кимдин биздин буйругубузду аткарбай койчу жүрөгү жок».

Андыктан, уулум, тирүү кезиңде жалган көрсөтмө бербе, а кокус сенин амалдарың буйрукту аткарбай койсо, аны эстен чыккыс кылып жазала. Сенин көзүңдүн тирүүсүндө парманың мартаба мене аткарылбаса, сенин көзүң өткөндөн кийин сен чыгарган парманды эбак о дүйнө салган уазирлер чыгарган жарлыктарды аткарып жаткандай кылып, эч ким аткарбайт.

Падышалар менен уазирлер бир гана буйрук чыгарышы лаазым жана аны эл сыйлап, иштин жүрүүсү үчүн буйрук айбаттуу болушу шарт.

Шарап ичпе, себеби шарап бейкамдыкка, илең-салаңдыкка, күнөөгө огожо болот, Алла бизди ар кандай арампөөш уазир жана амилден[4] сактасын! Падыша шарапка берилип, уазир да ага кошулса, апаат өлкөгө тез келет. Антсең сен өзүңө жана өкүмдарыңа чыккынчылык кыласың. Мен айткандай бол: уазирлер өлкөнүн сакчысы, сакчыга дагы бир сакчы керек болгону өлкө башына кара күндүн түшкөнү.

Эгер сен непада уазирликке жетпей, саркер болуп калсаң, саркерликтин жол-жобосун сакта. Алла өзү колдойт.

СИПАХСАЛАРЛЫК ЖАНА АНЫН САЛТ-ЖӨРӨСҮ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, билип ал, эгер сипахсалар[5] болсоң, аскерлерге жана кол астыңдагыларга жароокер бол. Өз атыңдан жана өкүмдариңдин атынан жакшы иштерди жасап, кол астыңдагылар үчүн соогат сурап тур. Дайыма заңкыйып жүр, аскерлерди талдоону жана күжүрмөн жебек түзүүнү мыкты бил. Айкаш болгон күнү оң жана сол канатка тажрыйбалуу, согушта сыналган, дүйнө көргөн амир лашкерлерди жөнөт. Өтө тайманбас амир лашкерлерди мыкты аскерлердин арт жагына жайгаштыр, алар кошуундун тылында болсун. Душман күчтүү болбосо да, аны алсыз деп санаба. Күчсүз душмандан кубаттуу жоодон корккондой сактан. Урушта опсолоң баатырдыктын кереги жок, опсолоңдуктан кошуунду кырып аласың; ашыкча да этият болбо, сактык кылам деп жатып, кошуунду жеңилүүгө кириптер кыласың.

Кайгуул жана чалгынчы жөнөткөндү унутпа. Уруш болчу күнү эки жактын колу каз-каз тизилгенден кийин, жоонун кошуунуна сереп салып, каткырып туруп өз кошуунуна: «Тигилер кимдер? Теги кайдан экен? Азыр аларды ташталкан кылабыз!» деп айткандай болгун. Ошо замат кошуунду алга айдаба, зобун артынан зобунду, кол артынан колду жана сарбаздарды жөнөт. Акимдер жана зардалдарды бирден дайындап: «Эй, баланча, өз адамдарың менен жөнө!» — деп кошуунду майданга сал. Эмирге кол салганга жарамдууларды өз жаныңда карма. Ким мыкты салгылашса же кимдир бирөөнү чаап түшсө, же жарадар кылса, же сарбазды туткунга алса, же ат олжолоп келсе, же душмандын башын алып келсе, же мактоого арзыгандай кызмат көрсөтсө, ага чепкен жана кошумча маяна берип сыйла.

Мындай учурда көздөгөнүңө жетүү үчүн алдым жуттумдук жана сараңдык кылба. Муну көргөндөн кийин бүтүндөй кошуун жанын берип согушкусу келет, айкашта эч ким илең-салаң болбойт жана сен тилеген жеңиш колуңа тиет. Ушинтип тилегениң ишке ашса, сонун жана керемет эмеспи! Бирок сен урушка киргенге шашпай өз ордуңда тургун, себеби амир лашкердин согушка түшкөнү кошуундун абалы начар экенин жышаандайт. Ошон үчүн эгер өзүң чабуулга түшүүгө мажбур болсоң: эч жалтанба, уруш майданын таштап качканды ойлобой тамчы каның калганча согуш. Анткени, ким өлүмгө даяр болсо, аны ордунан козгой албайсың.

Султан Махмуддун Хорезмди кантип чаап алганын ырдап жатып, Асжади айың кылып айткан амир лашкердей болбо:

Сактанган жок, баатыр болуп көрүндү,
Кол астында кошууну да кырылды,
Коркпоймун деп абийри да төгүлдү.

Согуш майданында жеңишке жеткенден кийин качкан жоонун артынан узакка кууба, эгер алар капылеттен чабышка түшсө, балакетке кабылууң ыктымал жана анын аягы эмне менен бүтөрүн билбейсиң. Улуу эмир, менин атам, Алла ага мээримдүү болсун, эч качан качкан жоонун артынан кууган эмес, эч кимге кууганга уруксат да бербеген, болбосо согушуунун жол-жобосун эч ким андан мыкты билген эмес. Бул эрежени Султан Махмуд да бекем туткан жана мындай деген: «Качкындар чарчап-чаалыккандан кийин акылы жок малга айланат жана кокус сага каршы көтөрүлсө, балээден качам десең, алар менен айкашпа».

Майданга аттанып баратканда көзүң аргасыздан айкашка кирчү жолду көрөт. А сен ички жана сырткы көздөрүң менен уруштан чыкчу да жолду көрө билүүң керек. Себеби, согуш сен күткөндөй аяктабай калышы этимал.

Мен мурда айткан мына бул сөздү унутпагын, аны дагы кайталайм. Салгылашуу жүрүп жатканда, кысылсаң да, артыңда боштук болгон учурда да, артка чегинбе. Сен бир кадам артка чегинчү болсоң, ошол замат душман сени сүрүп кирет да качууга мажбур кылат. Андыктан дайыма алга жылганга умтул, бир кадам да чегинбе. Аскерлериң дайыма сенин өмүрүңдү жана башыңды ураан чакырып согушсун. Аскерлерге жоомарт бол. Эгер аларга чепкен жана тартуу бере албасаң, нан менен шарапты, жароокер сөзүңдү аяба. Бир сындырым нанды, бир чөйчөк шарапты кошуун менен бөлүшпөй ичпе, анткени нан жасаган ишти не алтын, не күмүш, не чепкен аткара албайт.

Кошуунду дайыма шатыра-шатман маанайда карма; эгер алар сен үчүн жанын аябасын кааласаң, сен алар үчүн бир сындырым нанды аяба. Асыресе бардык иштин ийгилиги Алланын каалоосуна ылайык болгону менен, бар жумушту кылдат жана туура жаса; бешенеге эмне жазылса, андан баары бир качып кутула албайсың.

Эгер жараткан сага мээримин төгүп, колуңа падышалык бийликти берчү болсо, сен падышалык кылуунун жол-жобосуну сакта жана мактоого арзыгандай өмүр сүр, улуу максатка умтул жана күнкор болбо.

ПАДЫШАЛЫК КЫЛУУНУН КААДА-САЛТЫ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, эсиңе бекем түйүп алгын, сен эгер падыша болсоң, өзүңдү такыба карма, бөтөн бирөөлөрдүн гаремине назар салба жана кол сунба; пакиза бол, анткени адеп-ахлагыңдын тазалыгы — ыйманыңдын тазалыгы. Ар бир ишти акыл калчап жаса, жасачу ар бир ишиңди адегенде жакшылап ойлон, себеби, акыл-уазирлердин эң мыктысы.

Саалгытып чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар экенине көзүң жетсе, ашыкпа. Баштаганы жаткан ишиңе киришкенден мурда, аны кантип бүткөрүүнүн амалын жакшылап таразалап көр жана анын аягын көрмөйүнчө башына назар таштаба. Ар бир иште сыпайыгерчиликти сакта, эгер ишти сыпайыгерчилик менен алга жылдыруу мүмкүн болсо, аны сыпайыгерчилик менен гана бүткөр…

Адилетсиздикти колдобо, чындыкты калптан ажыратуу үчүн ар бир ишти жана сөздү адилет талдаганга аракет кыл; падышанын акылы тунук болбосо, ага чындыктын жана калптын жолу ачылбайт. Дайыма ак сүйлө, бирок кол алдыңдагылар сага күлбөс үчүн аз сүйлөп, сейрек күл: антпесең алар чээнден чыгышат. Анткени, падыша үчүн букараларынын акылсыздыгынан жана айлана-тегерегиндегилердин баш ийбөөсүнөн өткөн жамандык жок деп айтылган.

Тартуу жасай турган болсоң, аны татыктууларга бер. Аскерлер жана букаралар алдында кемсинбөө үчүн өзүңдү салабаттуу карма. Айткан убадаңда бекем тур, кудайдын пенделерине кайрымдуу бол. Бирок абийри жокторго таш боор болгун, аларды кечиргенди өзүңө адат кылып алба; аларга, өзгөчө, өз уазириңе талапты катуу кой. Уазириңдин алдында учкаяк болбо жана дайыма эле андан кеңеш сурай бербе. Уазир кимдир-бирөө жөнүндө эмне сөз айтпасын, кандай жол көрсөтпөсүн — ук, бирок ошо замат жооп бербе. «Көрөлү, зарылчылыкка жараша буйрук бербебиз» деп айт. Андан соң уазир бул иште сенин кызыкчылыгыңды ойлоп жатабы же өз пайдасын издеп жатабы, териштирип көр. Аны тактап бүткөндөн кийин өзүң оң тапкандай буйрук берсең, уазириң менин кеңешимсиз жашай албайт деп ойлобойт.

Кимди уазир дайындаба: иштин кызыкчылыгы үчүн жана өлкө зыян тартпоосу үчүн ага бийликти кең бер. Сен өзүң жашсыңбы же карысыңбы баары бир, бирок уазириң карыя адам болсун, жаштарга бул кызматты бербе. Анткени, бул сөз бекерден айтылбаган: Чачы буурул карыядан башка эч ким саркер болбосун.

Эгерде сен өзүң кары болсоң, жаштын карыя кишиге кеңеш бергени жарашпайт; сен да, уазириң да жаш туруп, кокус экөөңөр тең албууттанчу болсоңор өлкөнү аңтар-теңтер кыласыңар. Уазир кары же жаш экенине карабастан кубаты ташып турсун, коросон бойлуу, кебеже курсак, нарктуу адам болсун, ал эми арык, бою пакана, кара сакал уазирде эч кандай салабат болбойт. Сөздү түз айтканда, уазирдин сакалы узун болуп, жайкалып турушу керек.

Икая

Султан Тугралбек[6]  Хорасан уазирлеринин бирин өзүнө уазир кылып алмак болгондо сакалы жайкалып, белине чейин жеткен данышманды тандашат. Акылманды чакырып, султан сени өзүнүн уазири кылып дайындады, сен эми бизди башкарасың, бул кызматка султан сенден татыктуу эч кимди таппады дешип, жарлыкты окуп беришет. Ошондо акылман: «Жахандын өкүмдарына айткыла: миң жашка чыксын. Уазирлик бул көп сапатты талап кылган кызмат. Менде сакалымдан башка касиетим жок. Бек анын саламаттыгы үчүн дуба окуган кулунун сакалына суктанбасын. Уазирликти башка бирөөгө сунуш кылсын», — дептир.

Уазирге жана анын жакындарына жакшылык жаса, азык-түлүк бөлүштүргөндө, сарпай бергенде таарынтып алба. Бирок анын бир туугандары менен жакындарын кызматка койбо: бар куйрукту мышыкка бир берип болбойт. Уазир өз жакындарына чындап талап коюп, эсеп албайт, сенин дүйнөңдү арттырам деп, туугандарын таарынтпайт. Уазирдин туугандары да анын атына жаманышып, элге чоочун бирөө жасабаган жүздөгөн адилетсиз иштерди кылышат. Уазир жат бирөө алып келген кагазды четке какса дагы тууганы алып келген кагазга кол коюп берет.

Каракчы-талоончуну аяба, бирөөнү өлтүргөн адамды кечиргенге ык тутпа: өлүм жазасына тартылчу адамга жароокерлик кылсаң, анын кылмышы үчүн акыретте өзүң жооп бересиң. Анын үстүнө кылмышкерди жазага тартпасаң, бирөөнүн өмүрүнө кыянаттык кылчу бейбаштар көбөйөт.

Өз кызматчыларыңа мээрман бол, аларды жамандыктан корго. Анткени, өкүмдар имам сыяктуу, ал эми кол астындагылар үйүр мал кейпи болот; эгер койчу өз үйүрүн аябаса жана жырткычтардан коргобосо, тез эле малынан кол жууйт. Сен эгер кимдир бирөөнүн мыйзамсыз байлык топтогонун көрсөң, ага ишенбе. Бирок ага тапшырма бергенди токтотпо жана кызматын алып койбо, балким анын өз кызмат ордунан алган кирешеси мыйзамсыз жыйнаган дүнүйөсү менен кошулуп, азыраак күнөө жасайт жана сени азыраак түйшүккө салат. Адамдарды кызматка жөндөмүнө жараша жылдыр. Кол алдындагы кызматчыга кандайдыр бир кызмат берүүнү кааласаң, адегенде кылдаттап байкагын да ошондон кийин гана өзүнө ылайыктуу кызматка буйру. Татыксыз немени эч кандай кызматка дайындаба. Мисалы, шарап куйганга жарачу адамга килем салгыч фарраштын жумушун тапшырба, ал эми казыначы болгонго жөндөмдүү адамды хажиб кылып дайындаба.

Адам бардык ишке эле жөндөмдүү боло бербейт. Ошон үчүн «уйду касапчы сойсун» дегендей, «ар бир кызматта аны билген адам отурсун» деп айтылган. Болбосо сен жөнүндө жаман сөздөр айтылып, ишиңе зыяны тийет. Асыресе малайга ал билбеген ишти тапшырсаң, ал өз пайдасын ойлоп, бул иш колумдан келбейт деп айтпайт жана ишти эптеп бүткөрүп, өтөсүнө чыкпайт. Анүчүн ишти анын көзүн билген адамга тапшырсаң, кулагың тынч болот.

Намазга жыгылган сайын Алладан сурайм,
Уулум ишти жөндөмдүү адамга тапшырса деп.

Ошон үчүн кимдир-бирөөгө ыкласың түшүп, сыйлагың келсе, ага кызмат бербестен жана ылайыксыз ишти тапшырбастан эле түрдүү жакшылыктарды жасап, мал-мүлк берсең болот. Ошондо өзүң да иш билбеген жаман атты болбойсуң.

Падыша болуп турганыңда сен чыгарган парманды кимдир бирөөнүн аткарбай койуусуна жол бербе, болбосо ал сени тоготпой калат. Албетте, падышалык бийликтин ырахаты — башкаруу, андай болбогондо падышанын букарадан айрымасы болбой калбайбы; падыша менен букаранын айрымасы: падыша буйруйт, букара аткарат.

Икая

Уулум, сенин таятаң Султан Махмуддун заманында анын Абулфатх Бусти[7] деген амили болгон экен. Ага Ниса дубаны башкарууга берилет. Ал нисалык бир кишини зынданга салдырат да бар мал-мүлкүн жана короо жайын тоорукка деп тартып алат. Бул киши бир амал таап, зындандан качып чыгат дагы Газна шаарына жетип, эптеп султанга жолугат да адилеттүү сотту талап кылат. Султан арызгердин сөзүн эшиткенден кийин ага дивандан парман жаздырып берет. Береги киши Нисага келип, парманды амилге көрсөтөт. Амил: «Бул адам экинчи жолу Газнага барбайт жана султанды көрбөйт», — деп султандын парманын көзгө илбейт, тартып алынган жерди кайтарып дагы бербейт. Жанагы киши экинчи ирет Газнага барат да күн сайын сарайдын жанында султанды акмалап жүрөт. Бир күнү бакзардан келаткан султан Махмудду көрүп, чыркырап эле Нисанын амилинин үстүнөн даттанып кирет. Султан анын арызын угуп, кайрадан парман жазып берүүнү буйрут. Арызгер анда: «Мен өткөндө берилген парманды алып барсам, амил аны көзүнө илген жок», — дейт. Көңүлү башка нерсеге алакасып, ой басып турган султан: «Менин ишим парман чыгаруу. Ал эгер баш ийбесе эмне кылайын? Бар, башыңа күл сээп алып жөнө», — дейт. Берги киши айрантаң калып: «0, падышах, амил сенин буйругуңду аткарбаса, мен эмнеге башыма күл сээп алышым керек?» — деп сурайт. Анда султан: «Жок, кожо, мен өзүм башыма күл сээп алуум керек», — дейт дагы аксарайда кызмат кылган эки гулямды Нисага чаап жетип, дубандын шаар башчысын тартипке салып келүүнү буйруйт. Гулямдар Абулфатхты чоң кыштактын ортосуна дарга астырып, мойнуна султандын парманын илдирип коюшат.

Ал эми жарчы: «Ким өкүмдардын буйругун аткарбаса, мына ушундай жазага тартылат», — деп элге жар салат. Ушул окуядан кийин эч ким өкүмдардын жарлыгын аткарбай койгонго даабай, эл тынч жашап калат.

Икая

Уулум, бул окуяны билип ал. Масуд[8] падыша тактыга конгондо башкаруучулук тажрыйбасы жок болгондуктан, өлкөнү башкаруунун ордуна чорулар менен көңүл ачып, сайран курганга баш оту менен берилет. Анын мындай кылыгын көргөн аскерлер менен амалдарлар ага баш ийишпейт. Өлкө чакчелекей түшүп, аскерлер жана букаралар уят-сыйды жоготот. Бул абал Фараве рабатында жашаган бир катын ошол вилаеттин акимине арызданып келгенге чейин созулат. Султан Махмуд жанагы аялга парман жазып берип, артка жөнөтөт. Амил султандын буйругун аткарып тим болбостон: «Бул кемпир экинчи жолу Газна тарапка баспасын» деп буйруйт. Кемпир экинчи жолу да Газнага аттанып чыгып, арыз-дооматтарды кабыл алчу кеңсеге барып, султан менен жолуктурууну жана адилеттүүлүктү талап кылат. Султан Махмуд кайрадан парман жазып бергиле дегенде, кемпир: «Сенин мурдакы берген парманың аткарылбагандан улам сага келбедимби», — дейт. Султан: «Эмне кылайын?» — деп алакан жаят. Кемпир ошондо: «Вилаятте өз буйругуңду кыңк этпей аткарт же андан баш тарт. Ал аймакты өкүмү күчтүү башка бирөө башкарсын, а сен шапар тээп жүрө бер. Ошондо кудайдын пенделери сенин амилдериңдин зомбулугунан азап тартышпайт», — деп кеңеш берет.
Масуд бул сөзгө аябай уялат да кемпирдин укугун калыбына келтирүүнү жана
амилди шаардын дарбазасына асууну буйруйт. Ошондон кийин султандын
буйруктарын аткарбай койгонго эч ким даабай калган экен.

Ошентип буйругу аткарылбаган падышаны падыша эмес деп бил. Падышанын карапайым элден айырмасы болгондой эле падыша менен башка амалдарлардын буйругу ортосунда дагы айырмасы бар. Анткени өлкөдөгү тартип-буйруктардын аткарылышына жараша болот, ал эми буйруктарды аткаруу падышанын катаалдыгына багыңкы. Ошон үчүн буйруктарыңдын так аткарылышы жана ишиңе зыяны тийбес үчүн межирөө болбо, темирдей катуу бол. Аскерлерди бекем карма, аларга букараларды башкартып-тескетпе; аскерлердин кызыкчылыгын кандай коргосоң, букаралардын кызыкчылыгын андан кем эмес корго. Анткени, падыша күн сыяктуу эч кимди кемсинтпей, баарына тегиз нур чачат. Букараларды сот адилеттүүлүгү менен баш ийдирип туруу мүмкүн. Алар сот адилеттүүлүгүнөн гүлдөп-өсүшөт, казынага киреше букаралардан түшөт. Өлкөдө адилетсиздикке жол бербе, анткени, падыша сарайы адилеттүүлүккө таянса узак жашайт, адилетсиздик өкүм сүрсө тез кулайт. Себеби адилеттүүлүк бул бак-дөөлөт жашоо, адилетсиздик бул талоонго кабылуу. Бак-дөөлөт турмуш өлкөнү дагы узак жылдар гүлдөтүп, абаддаштырууга шарт түзөт, ал эми жокчулукка башы малынган коом тез кыйроого учурайт. Акылмандар айткандай: жашоодогу кубанычтын ачкычы — адилеттүү падыша, а кайгынын булагы – адилетсиз падыша.

Кудайдын пенделерин муңдатып-зарлатпа. Коомдон бөлүнүп калба, эгер сага эл жана аскерлерге жакын болуу жакпаса, өзүң да аскерлерге жек көрүндү болосуң. Аскерлерге жана букараларга жакшылык жасоодо жаңылба, жаңылыштыгың душманың үчүн табылгыс олжо болот.

Кошуунуң жалаң бир уруунун жигиттеринен болбосун. Кошууну бир уруудан куралган падыша дайыма алардын туткунунда болот, аскерлердин алдында кубатсыз болот. Асыресе уруулаштар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарганда аларды жазалатуу мүмкүн болбой калат. Кошуун ар түркүн уруулардан куралса, бир уруу экинчисинен коркуп, экинчиси биринчисинен коркуп, сага баш ийбейбегенге даабайт, аскерлер буйругуңду кыңк дебей аткарышат. Сенин таятаң султан Махмудда төрт миң түрк гулямы жана төрт миң индус гулямы болгон; ал индустарды түрктөрдүн күчү менен ийге салып, түрктөрдү индустардын күчү менен жазалап, эки урууну тең өзүнө баш ийдрип турган.

Аскерлерди дайыма тамак-ашка жана шарапка чакырып, сыйлап тургун; чепкен-чапан, белек, убада берип, көңүлдөрүн ал. Кимдир-бирөөгө белек бергиң келип, бирок ал кичине болсо, эл көзүнчө белегим кичине болуп калды деп айтпа; белек ээси сени сараңдык кылды деп баалабасы үчүн жашыруун ортомчу салып, белек кичине болуп калганын айттыр. Себеби, биринчиден, белегиң падышага татыктуу эмес болду; экинчиден, жалпы журтка сараң адам катары маалым болосуң.

Мен сегиз жыл Газна шаарында султан Мавдудду[9] надымы болуп турдум. Ошол кезде анын үч нерсени жасаганын такыр көрбөдүм: биринчиси, 200 динардан арзан белек жөнүндө эч качан эл алдында жараяна кылып айтчу эмес, андай белекти арачы аркылуу берип жиберчү; экинчиси, эч качан тишин көрсөтүп күлчү эмес; үчүнчүсү, ачууланганда эч кимди тилдеп урушпачу. Рум падышасы да ушул сапатты бекем кармаганын, аларда перс жана араб падышаларында жок каада-салтары бар экенин эшиткем. Кокус Рум падышасы кимдир-бирөөнү колу менен урса, ал кишинин көзү өткөнчө, эч ким ага кол тийгизе албайт. «Аны падыша өз колу менен урду. Эми аны уруу үчүн жанагыдай падыша болуш керек», — деп айтышчу экен румдуктар.

Эми жоомарттык жөнүндөгү биздин маекти улантайын. Мен сага кара күчкө жоомарт бол дебейм; өз табиятыңды өзүң тыя албасаң, мен айткандай, эл алдында эмне ойлогонуңду билдирбе. Эгер сен март болбосоң, эл сени жек көрө баштайт. Алар сага ошол замат кастык жасай алышпаганы менен, сага душман чыкса, өз жанын сен үчүн курмандыкка чалбайт жана сенин касташың менен достошот.

Падышалык бийликке мас болбогонго аракет кыл жана алты сезимден жаңылба, аларды бекем тут: катаалдык, адилеттүүлүк, жоомарттык, эстен чыгарбоо, чыдамкайлык жана чынчылдык. Падыша бул алты касиеттин бирөөсүнөн эле ажыраса, ал бийликке мас болууга жакындап калган болот; бийликке мас болгон ар бир падыша тактыдан ажыраганда башы жарылат.

Падыша тактыда отурганда дүйнө падышаларынын иштеринен кабардар болгун. Ар бир падышанын кантип дем алганы сага дайын болуп турсун.

Икая

Ыраматылык эмир, менин атам, Алла ага мээримдүү болсун жана сенин өмүрүңдү узак кылсын, айткан эле: Фахруддавла бир тууганы Азудаддавладан качкандан кийин эч жерден баш паанек таппайт да чоң атам Кабус падышанын ордосуна келип, жан соога сурайт. Чоң атам анын башына кепил өтүп, Аксарайда калтырат, ага мээримин төгүп, чоң той өткөрүп, таежемди берет. Чоң энем Фахруддавланын тай эжеси болгон, ал эми атам жана Фахруддавла болсо Хасан Фирузандын кыздарынын балдары эле. Андан көп өтпөй Азудаддавла Шамсалмаалиге чабарман менен кат жөнөтөт. Катта оболу жаратканды даңктагандан кийин: «Азудаддавла көптөн көп саламын жиберип, сага айтат: Бир тууганым эмир Али силерге барды. Биздин өз ара достугубуз жана туугандыгыбыз сага белгилүү. Экөөбүздүн уруубуз бир,ал эми бул бир тууганым мага душман болду, ошон үчүн аны мага кайра жөнөтүүн зарыл. Мен анын акысына өлкөмдүн сен каалаган аймагын тартуу кылам, биздин өз ара достугубуз дагы бекемделет. Эгер сен антип шерменде болом десең, аны мага жөнөтпөстөн уу берип тындым кыл. Ошондо менин да тилегим аткарылат, өзүң да шерменде болбойсуң жана өзүн каалаган аймакты аласын».

Катты окуган эмир Шамсалмаали: «О, жараткан! Ушундай сый-урматтуу адамды мындай сөз айтууга эмне мажбурлады? Мен акыретке чейин кусуру тийчү ишти жасай албайм», — дейт. Чабарман: «0, бек, андай сөзүңдү кой. Эмир Али үчүн Азудаддавланы, б. а. Фахруддавланы кемсинтпе. Анткени, биздин падыша сени киндиктеш бир тууганыңдан жакшы көрөт деп чарк айланып жалбарат. Падыша мага бул катты берип, сага жиберген күнү мени менен маектешип жатып: Шамсалмаалини мен кандай сүйөрүмдү кудай билет. Кайсы бир ишемби күнү, баланча айдан бир нече күн өткөндөн кийин, Шамсалмаали мончого барып, ортонку бөлмөдө буту тайып кетип, жыгылып калганын укканымда «Кырк жети жашты эми аттаса да ушунчалык дарманы кетип, карып калдыбы» деп абдан кейигем» деди», -дейт чабарман.

Азуддавладан аттанар алдында мыктылап кеңеш алып чыккан чабармандын максаты Шамсалмаалинин иштери жөнүндө өкүмдар канчалык мыкты кабардар экенин ага аңдатуу эле. Шамсалмаали да ордодогу иштерден жакшы кабардар экенин чабарманга айтат дейт: «Өкүмдардын өмүрү узун болсун, биз анын берегидей сыпайчылыгына аябай ыраазыбыз. Бирок мына бул иш үчүн мен абдан өкүнгөнүмдү айта бар: ал сени мага жөнөткөндө, баланча айдын шейшемби күнү түндө ордонун балаңдай бөлмөсүндө шарап ичип, андан соң Ануштегин деген хажиб менен жандарына эч кимди киргизбей камалып жаткан. Түн ортосунда ал бөлмөдөн чыгып, аялдар уктачу үйдүн чатырына чыгып, Хайзуран Аваде деген аялдын үжүрөсүнө кирип кетип, экөө жалгыз болушту. Чатырдан түшүп жатканда шатыдан буту тайып, кулап кетти. Ошондо өзүмчө: «Бул адам кырк эки жашта болсо да акыл-эси эмне жайында эмеспи? Чатырдан түшө албай калганча шарап ичеби? Түн ортосунда эмнеге төшөк алмаштырат? Бардык балээ ушундан башталат!» — деп ойлодум деген экен. Мунун сыңарындай, сенде дүйнөнүн падышалары тууралуу маалыматка катар өз өлкөң, анын аскер кошуундары жана букараларынын абалы жөнүндө да кенен маалыматың болсун.

Икая

Муну да билип, эсиңе тутуп ал: Таякең Мавдуд ибн Масуддун заманында бир ирет мен Газнага бардым. Таякең мени абдан сыйлап, ызаттачу эле. Ал мени узак мезгил сынап, жакшылап билгенден кийин өзүнүн надымы кылып дайындады. Жеке надымдын кызматы: үлпөттөргө жана маектерге дайыма катышып туруу. Мен ошон үчүн тамак жегенде жана шарап ичкенде башка надымдардын бар же жок экенине карабай сөзсүз болушум зарыл эле. Таякең бир жолу таң эртелеп шарапты тойо ичип, мас абалында аскерлерге сый тамак берди. Адамдар келип, ийилип таазим кылышкан бойдон кайра кетип жатышты. Ушул тушта таякеңдин увазари улуу кожо Абдураззак ибн Хасан ал-Майманди кирди. Ал да султандын кабыл алуусуна киргенге уруксат алды. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ордонун хажиби келип, Али ибн Раби деген кызматчыга катты берди эле, ал катты султанга узатты. Султан катты окуп болуп, уазирге кайрылды да: «Бул чагымчыга сабак болсун үчүн ага жүз палак урулсун. Эмки жолу эмне болгонун кенен жазып жүрсүн. Бул катта Газнанын он миң үйүндө кумар ойногондор кармалды деп жазылыптыр. А мен кумарпоздук кимдин үйүндө жана кайсы мааледе болгонун билбейм. Эмне ойлосоң да болот», -деп айтат. Уазир болсо: «Өкүмдардын өмүрү узун болсун. Ал сизге жеңил болсун деп, кыска жазды. Эгерде баарын толук жазчу болсо, бир-эки күндө окуп бүтпөс китеп болмок. Балким, мырза мээримдүүлүк кылып, аны кечирип койот. Мен ага эмки жолу баарын толук жаз деп айтайын», — дейт. Анда султан: «Бул ирет кечирдим. Бирок келерки жолу кожо кандай айтса, ошондой жазсын», — деди. Анүчүн аскерий кошуундун жана букаралардын абалынан жакшы кабардар бол жана өз өлкөң, айрыкча, уазириң жөнүндө маалыматың жакшы болсун, ал бир ууртам суу ичсе да билип тургун. Анткени, өзүңдүн үйүңдү ага тапшыргансың; эгер уазирге кылдат көңүл бурбасаң, аны кой, өз үйүңө да эмне болуп жатканына этибар бербей каласың. Коңшу өлкөлөрдүн падышалары сага татыктуу болуп, алар менен достук мамиле күтсөң, жарым дос абалында болбо, жоолашсаң ачык жоолош. Эгер ачыктан ачык касташчу болсоң, өз туугандарың менен тымызын касташпа. Себеби, мындай икая эшиткенмин.

Искендер Зулкайнар жоо менен салгылашууга баратканда ага: «0, падыша, бул киши сенин душманың. Ал камырабаган адам. Түндө капылет кол салалы», — дешет. Анда Искендер: «Жеңишти уурдап алган падыша эмес» — деп жооп берген экен. Падышалык кылып жүргөндө улуу иштерди жасаганга үйрөн. Себеби падыша элдин баарынан чоң болгондуктан, сөздөрү да башкалардын сөзүнөн улуу болсун. Каргыш урган ит жана Фараон өзүнө кудайдай сыйынууну буйруп, Алланын каргышына калган. Алла: Мен силердин улуу эгеңермин деген. Акыреттин күнүнө чейин Курандын бул сүрөөсүн окушат жана анын ысмын бул улуу сөзү үчүн сыйлашат. Ошон үчүн мен айткандай бол, анткени түйшүгү жок падыша даңкка жетпейт. Өзүндүн кол тамгаңды сыйла жана ар кандай майда барат кагаздарга кол койо бербе; эгер теңдешсиз белек жасачу болсоң же чоң бир дубанды тартуу кылсаң же чоң маареке-той берсең гана жарлыкка кол тамганды кой. Кол койгондон кийин жарлыгыңды өтө негиздүү бир себепсиз бузба. Сөзүнүн өтөсүнө чыкпоо ким үчүн болсо да уят, ал эми падыша үчүн татыксыз иш.

Падышалык өнөрдүн шарты ушундай. Ал улуу өнөр болсо да мен китептин ыраатына жараша ал жөнүндө айтып бердим жана жаздым. Сен кокус дыйканчылык менен алп урушчу болсоң же башка ишке бел байлап киришсең: дайыма тартип болсун жана ишиң ийгиликтүү жүрүүсү үчүн ал иштин жобосун бекем сакта. Алла өзү колдойт.

ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫН КААДА-САЛТЫ ЖАНА СЕН БИЛГЕН БАШКА ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ

Уулум, билип ал, эгерде дыйкан болсоң, дыйканчылыкка маанилүү убакытты жакшы бил. Эмне эгүүнү ойлосоң, аны эгүүчү мезгилди өткөрүп жибербе. Мөөнөтүнөн бир күн кеч сепкенден көрө он күн эрте сепкен жакшы. Буурусун-сокоң жана өгүздөрүңдү даяр карма. Өгүздөрдүн мыктыларын сатып ал жана чөптү мол берип бак. Кокус өгүз окустап, иш токтоп калбас үчүн жана эгин эгүүчү маалды өткөрүп жибербөө үчүн дайыма үйрөтүлгөн жуп өгүздү багууда кармагын.

Жер айдап, дан эгүүчү мезгил келгенде жерди чарчап-чаалыкпай кайра-кайра оодарып айда жана келерки жылдын айдоосуна быйыл камылга көр. Өзүн өзү баккан жерге эгин айдасаң, андай жер сени да багат. Өзүн өзү бага албаган жер, сени да тоюнтпайт. Дайыма чарбаңдын камын көрсөң, дыйканчылыктан киреше табасың. Базарда отурган кол-өнөрчү болсоң, кардарың көп болуусу үчүн, кандай буюм жасаба аны тез жана кылдат бүткөр. Жумушту өз коңшуларыңа караганда мыкты жасап, аз ныпага канаат кыл. Бир жолу жүздөн он пайда тапканча, эки жолу жүздөн беш пайда көр. Кардарларды бааны чоң айтып жана айтканыңдан түшпөй коркутпасаң, өнөрүң сени багат жана кардарың көп болот. Бир нерсени сатуу үчүн кардарга айланайын, досум, агай-иним деп кайрыл, жараткан кудайды да оозуңдан түшүрбө, жароокер бол; анткени кардарга жароокер жана сылык болсоң, ал сенден бир нерсе сатып албастан кетпейт, кабагын чытып, орой жана түнт болсоң эч нерсе сата албайсың. Кардарга мен айткандай астейдил мамиле жасачу болсоң, сенин кардарларың көп болот жана башка кол өнөрчүлөр аргасыздан сага суктанышат, сен эң атактуу жана таанымал кол өнөрчү болосуң.

Дайыма сатып жаткан нерсең жөнүндө чын сүйлө. Сараңдыктан сактан, бирок пайдаңды унутпа. Сенден мартабасы төмөн жана жарды адамдарга тартуу кыл, өзүңдөн өйдөлөргө сылык-сыпаа бол. Бирөөлөрдүн кемчилигин пайдаланба, аялдар жана балдар менен соода кылганда ашыкча пайда издебе. Чет элдикке жабышпа, уялчаак кардар менен узак соодалашпа. Абройлуу адамдарга жакшы мамиле кыл. Падыша менен чынчыл бол жана ага кызмат өтөгөнгө умтулба. Аскерлер менен мамиле күтпө. Суфийлер менен өзүң да пакиза суфий бол. Таразаң жана анын таштары туура болсун. Үй-бүлөң алдында куйтуланба, алар үчүн кирешени өзүнчө бөлбө. Шериктериңди алдаба, жасаган буюмуң билерман үчүн болобу, же тажрыйбасыз адам үчүн болобу, баркы болбосун, экөөнө тең ак көңүлдөн жана бирдей жаса. Мүмкүнчүлүң болсо, карызга бер. Жалган убада бербе, дайыма айткан убадаңда бекем тур. Пайыз алгандан кач жана шерттешип соода кылганда ашыкча катаал болбо.

Эгерде томаякка же сабатсыз наамага карыз берсең жана алардын каражаты жок экенин билсең, борчун кайра-кайра сурап, мазасын алба. Жолдуу болгуң келсе жана жараткан сенин тапканыңды алкасын десең, жүрөгүң таза болсун. Өзүн мындай кармаган ар бир кол өнөрчү айкөлдүн айкөлү болот. Кайсы ширкеттин кол өнөрчүсү болбосун, алардын ишинде жавонмардиликке[10] жол бар.

Кол өнөрчүлүктүн зарурат шарты жөнүндө мурда айтылгандыктан, китептин акыркы бабында, Алла колдосо, ар кандай ширкеттин жавонмардиси тууралуу колумдан келишинче кеп салып берейин.

ЖАВОНМАРДИЛИКТИН САЛТЫ ЖАНА ЖӨРӨЛГӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, сен эгер жавонмарди сыяктуу жүрөм десең, адегенде жавонмарди деген эмне экенин жана анын кандайча пайда болгонун билип алгын.

Билсең, адамга мүнөздүү үч касиет бар. Менде бул үч касиет жок деген бир да адамды таппайсың. Теңирим бул үч касиетти саналуу гана адамга бергени менен акылман, акылсыз жана акылдуу үчөө тең бул касиеттер бизде бар дешип, ал үчүн Алла таалага алкыш айтышат. Үч касиетке ээ адамдарга Алла таала өз ыкласын бөлүп, өзгөчөлөп койгон. Ал касиеттердин биринчиси — акыл-эс, экинчиси — чынчылдык, үчүнчүсү — адамгерчилик.

Сен жавонмардиликтин маани-мазмунуна көңүл бурчу болсоң, акыл-эстүү, чынчыл жана адамгерчиликтүү болууга умтулган ар бир адамдын ниети аруу экенин унутпа. Себеби бул үч сапаттын бири да жок бир да жан болбойт. Бирок өлүмсөктүк, наамалык жана туруксуздук көпчүлүк адамдардын баалуу үч сапатка жетүүсүнө кедерги болот. Жараткан адамдарды ар кандай бөлүктөрдөн бир бүтүн кылып жаратты. Аны макрокосмос дейсиңби же микрокосмос дейсиңби, баары бир. Анткени, адамдын денесинде табияттагы энергиянын, ааламдын, жылдыздардын, материянын, элементтердин, форманын, жандын жана акыл-эстин бөлүктөрү бар. Мунун баары өз ара байланышпаган, деңгээли боюнча айырмаланган өзүнчө дүйнө. Адам мына ушул түрдүү дүйнөдөн куралган бир бүтүн.

Жараткан мунун баарын бири бирине бириктирип, байланыштырып койду. Сен өзүң көрүп тургандай, бул кең дүйнөдөгү асман мейкиндиги, жылдыздар жана табигый күчтөр мазмуну боюнча ар башка болгону менен өз ара байланышып туру. Мисалы, от жана суу бардык сапаттары боюнча бири бирине карама каршы, жер менен аба да ошондой. Ал эми жер-суу менен отко арачы болуп, аларды байланыштырды. Жер кургак зат катары от менен, муздак зат ирети суу менен байланышат. Суу муздак зат катары жер менен байланышса, жумшактыгы жагынан аба менен, аба жумшактыгы боюнча суу менен, жылуулугу боюнча от менен, ал эми от субстанциясы боюнча эфир менен, эфир жалындап күйгөнү жагынан жылдыздардын жана ааламдын падышасы Күн менен, Күн субстанциясы боюнча материя менен байланышат жана материя ага таасир этип да турат. Себеби, Күн бешинчи элементтин субстанциясы. Материя эң жогорку эманациясы боюнча адамдын жаны менен, а жан өзү акыл-эс менен байланышта. Ошентип, пассивдүү кубулуштар материя жана потенция аркылуу активдүү кубулуштар менен байланышты. Эгер пассивдүү кубулуштар активдүү кубулуштардан ортодо пайда болгон катнаш аркылуу материя жана потенция алып турушпаса, кыйроого учурайт. Ошондой эле активдүү күчтөр ортодогу байланыш аркылуу асман мейкиндигинен, асман мейкиндиги материядан, материя жандан, жан акыл-эстен материя жана потенция алат, болбосо кыйрап калат. Андан аркысын буга окшоштуруп ой калчап түшүн.

Адамдын денесинде караңгыдан жана оордуктан чогулган нерсенин баары табигый күчтөрдөн жыйналды. Тулку келбети, бети, жаны, күч-кубаты, кыймылы асман мейкиндигинен чогулду. Дененин беш сезими: угуу, көрүү, жыт билүү, даам билүү, сезүүсү материядан чогулду, ал эми руханий сезимдери: эс тутуму, чечим чыгаруу, ойлонуу, элестетүү жана сүйлөө жөндөмү жаныдаң топтолду. Кишинин денесиндеги эң улуу касиет: адамгерчилик, акылмандык, өсүп-жетилүү жана ийгилик денедеги жогорку акыл-эстин эманациясынан жаралды. Бул касиеттин негизи акыл-эс. Демек, дене жаны болгону үчүн жашайт, а өмүр үчүн жан тирүү болуш керек жана жан акыл-эс барында жашайт. Эгерде кимдин денеси кыймылдаса, ал денеде сөзсүз жашоо бар болуш керек; ким сүйлөсө, сөзсүз анын жаны бар болуш керек; а жан бар жерде сөзсүз акыл-эс да бар.

Бул бардык адамдарга тийиштүү касиет, бирок дене жана жандын ортосунда илдет пайда болгондо, тең салмактуулук байланышы бошоңдойт, жандан денеге кубат, башкача айтканда, жанды кыймылдатчу кубат келбейт. Кимдир бирөөнүн өмүрү менен жанынын ортосундагы байланышка форма оордук кылса, анын жанынан өмүрүнө кубат, башкача айтканда, беш сезим келбейт. Кимдин жаны менен акыл-эсинин арасына караңгылыктын жана түшүнбөстүктүн көшөгөсү тартылса, анын жаны акыл-эсине ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алууну, адамгерчиликти жана чынчылдыкты жибербей калат. Демек, дене акыл-эссиз жана адамгерчиликсиз болбойт, бирок эманация руханий байууну токтотуп салат. Умтулуу болсо да мазмуун болбойт. Ошондуктан дүйнөдө адамгерчиликке умтулбаган эч ким жок. Бирок сен уулум, башкаларга окшош болбогонго тырыш, мазмуну жок доомат кылба, баш-аягы мазмундуу адам болуу үчүн жана жогорку эманацияны үйрөнүп түшүнүү үчүн ички дүйнөңдү ачык карма.

Уулум, билип ал, даанышмандар адамгерчиликтен жана акыл-эстен сөз жүзүндө фигураны жасашты. Бул фигурада денеси, жаны, сезими жана адамгерчилик сыяктуу руханий сапаты пайда болду. Алар: бул фигуранын денеси — жавонмарди, жашоосу — чынчылдык, жаштыгы — акылмандык, руханий маңызы — касиети деп айтышты.

Үлүшүнө дене тийген топко айярлар, аскерлер, базар адамдары кирип, аларды жавонмард деп аташты. Энчилерине дене жана жан тийген топ тышкы илимдин ээлери менен жарды суфийлер. Аларды элде аңдап түшүнгөндөр жана моюн сунгандар деп аташты. Үлүшүнө дене, жан жана сезим тийген топто акылмандар, пайгамбарлар, олуялар бар. Аларды эл ичинде жеткен даанышмандар деп эсептешет.

Периштерлердин энчисине дене, жан жана касиет тийген, ал эми адамдардын ичинен бул касиет пайгамбарларга тийген. Ошентип, (чыныгы байланышты билчү болсок) пешенсине жавонмарди болуу ырыскысы жазылган адамдар өкүлдөр тобу менен байланышкан. Жавонмардинин негизи үч нерседен турат: биринчиси — эмне сүйлөгөн болсоң, ошону жаса, экинчиси — чындыкка каршы иш кылба, үчүнчүсү — сабырдуу (чыдамкай) бол деп айтылат. Анткени, жавонмардиге тийиштүү бардык касиеттер ушул үч сапатка негизделген.

Уулум, бул сага кыйын болсо, сен аны билүүң үчүн бул үч касиетти береги топторго бөлөм дагы ар биринин маани-мазмунун жана чен өлчөмүн аныктап берем.

Кыстарма

Билгин, изги айяр бир нече асыл сапаты бар айяр: ал тайманбас жана эр жүрөк, акылман, ак дил, ар бир иште сабырдуу болуп, айткан убадасын бекем кармайт, эч кимге жамандык кылбайт, досторунун пайдасы үчүн өзү чыгым тартканга даяр, туткундарды кемсинтип, кордобойт, жардыларга жардамын аябайт, кара мүртөздөрдүн жаман ишти жасашына жол бербейт, чындыкты сүйлөйт, чын кепти угат, ар бир адамды татыктуу баалайт, нан жеген жеринде жаман ишке барбайт, жакшылыкка жамандык менен жооп бербейт, жакшы сөздөрдү сүйлөйт, жаман иштин жакшы жагын көрө билет. Эгер кунт коюп байкасаң, мына бу икаяда айтылгандай, мунун баары мен айткан үч нерсеге барып такалат.

Икая

Кухистанда айярлардын бир тобу чогулуп, сүйлөшүп отурган экен. Сырттан кирген адам салам айтып: «Мен Мерванын айярлары жиберген чабарманмын. Алар сиздерге саламын жолдоду. Кухистандагы баланча-түкүнчө деген айярларга айтып баргын дешти. Бизде сурообуз бар. Эгер ал суроого туура жооп берип, ага биз канааттансак, биз силерди өзүбүздөн улуу деп тааныйбыз. А натуура жооп берсеңер, биз силерден улуубуз», — деди. Мервалык айярлар: «Суроону айт» дешти. «Айткылачы, асылзат жана наркысыз деген эмне, асылзат менен нарксыздын айрымасы эмне? Эгер жолдо олтурган айярдын жанынан кимдир-бирөө өтүп, андан көп узабай аны өлтүрөм деген кылыччан башка бирөө өтүп баратып, айярдан бул жолдон бирөө өттүбү деп сураса, айяр кандай жооп бериш керек? Эгер көрдүм деп айтса, чагым болот, а көрбөдүм десе, калп болот. Антип да, минтип да айтуу айярга жарашпайт», — деди чабарман. Суроону уккан Кухистандын айярлары бири бирин тиктеп, мелтиреп отуруп калышты. Шондо алардын ичинен Фазил Хамадани деген адам туруп: «Мен жооп берем», — деди эле, айярлар:»Айт!» дешти жабыла. «Асылзаттыктын негизи: эмне айтсаң, ошону жасоо. Асылзаттык менен наркысыздыктын айырымасы — сенин сабырдуулугуңда. Ал эми айярдын жообу мындай. Ал отурган жайынан бир кадам жылып туруп: мен бул жерде отургандан бери эч ким өткөн жок десе, чындыкты айткан болот.»

Сен уулум, бул сөздөрдү билип алсаң, асылзаттык эмне экени сага айкын болот.

Аскер адамдарынын өзгөчөлүгү

Биз жогоруда айярлардын асылзаттыгы жөнүндө кеп кылдык. Аскерлер да сөзсүз түрдө өздөрүн айяр сыяктуу эле, атүгүл андан мыкты көрсөтүшү керек. Себеби, аскерий наам — бул айярлыктан да бийик даража. Ошон үчүн аскерий адам дагы жоомарт, меймандос, март, асылзат, кийими таза жана жакшы каруу жарактуу болушу лаазим. Бирок аялдарга жакындык, өзүн өзү сүйүү, кызмат кылууга даяр туруу жана чогоолдук аскер адамы үчүн жакшы сапат болсо, айяр үчүн кемчилик. Базар адамдарынын асылзаттыгынын өз шарттары бар. Ал жөнүндө кол өнөрчүлөр жөнүндөгү кеп кылганбыз.

Уламалардын өзгөчөлүгү

Адамгерчиликтин келбетинен денеге жана өмүргө татыган адамдар, биз мурда айткандай, алар диний илимдин ээлери менен жарды суфийлер. Алардын асылзат касиети деп билими жана топуктугу айтылат. Бул адамдар ашыкча асылзат болушат, анткени асылзаттык — фигуранын тулку, а чынчылдык — жашоосу, аларда жашоо, башкача айтканда, чындык бар. Андыктан бул адамдарга дайыма сылык мамиле жаса, себеби асылзат уламалар диний таанып-билүүнүн ээлери. Бул касиетке ээ адамдар топуктуу сүйлөшүп, өздөрүн ийги тутушат. Ошондой эле алардын жүрүм-туруму да ийги. Динге алар жан дили менен берилип, эки жүздүүлүктөн алыс болушат; эч качан эч кимге ачууланышпайт, жашоодо да куйтулук кылып, эч кимдин сырын ачышпайт; жубайлар ажыраша турганын ант берип тастыктамайынча фатва чыгарышпайт жана фатва менен адамдарды омуроого алышпайт; эгер кимдир-бирөө кандайдыр бир жаңылыштык кетирсе, аны түзөтүүнүн жолун билишет жана бакырлык кылбай эле жаңылыш ишти кантип түзөткөндү үйрөтүшөт. Өз ишенимин жашоонун орозгерлери үчүн сатпайт, риясат (аскет, бакыр) жашоосун элге шардана кылбайт, атак-даңктуу болушса да күнөөлүүгө күнөөсүнү айтып эл алдында басынтышпайт.

Эгер кимдир-бирөөгө кеңеш берчү болсо да элден купуя беришет, анткени эл алдында кеңеш айтуу — бул кемсинтип-басынтууга тете. Алар эч качан кимдир-бирөөнүн канын төккөнгө даап барышпайт жана кимдир-бирөө өлүмгө татыктуу экенин билген учурда да аны өлтүрүүгө уруксат да беришпейт. Анткени өлгөн адам кайра тирилбейт. Алар башка багыттагы адамды каапыр деп айтуусу шарт эмес, себеби каапыр – бөлөк багыт эмес, бөлөк ишеним. Өзү билбеген китептерди жана илимдерди чанбайт, ага белгисиз нерсени туура эмес деп да айтпайт. Адепсиз ишке даабайт жана жараткандын жакшылыгынан үмүт үзбөйт.

Бу айтылган касиеттерге ээ ар бир фатвачы жана момун адам да, жавонмарди да.

Суфийлердин касиеттери

Суфийлердин шарты, эрежеси жана асылзаттыгы жөнүндө алардын кашкөй устаттары, өзгөчө, устат имам Абулкасым Абдалкарим Кушайри[11] «Суфизмдин эрежелери жөнүндө кайрылуу» деген китебинде, шейх Абулхасан ал-Мукаддаси «Пакизалик жөнүндө эмгекте», Абумансур ад-Димишки «Улуулук» деген китебинде, Али Вахди «Барды далилдөө жөнүндөгү эмгекте» кеңири жазышкан. Эреже башка шейхтердин китебинде жазылгангандыктан, мен бул китепте тарикаттын эрежесин толук жазбаймын. Анткени бул китепти жазуудагы менин максатым: сага кеңеш берүү жана сен үчүн ийгиликке жетүү. Лекин, тарикатты жазган адамдарга кокус кездешип калсаң, сен аларга жана алар сага жат-чоочун болбосун деп, мен алардын ысымдарын атап кеттим.

Мен сага бул адамдардын асылзаттыгынын өзгөчөлүгү жөнүндө кеңири жазам, анткени башына түшкөн кайгыны алар таза жана такыба кабыл алганга умтулушат, бир да адам анча кайгы-муңга дуушар болбойт. Алар өздөрүн элдин эң мыктылары деп эсептешет. Угушумча, бул жолду биринчи болуп Узейр пайгамбар ачкан экен, жаткан жери жайлуу болсун; ал өз заманында ушунчалык аруу, пакиза жашап өткөн экен деңиз, жөөттөр аны кудайдын баласы деп аташыптыр, ооздоруна топурак!

Менин угушумча, пайгамбардын доорунда киркесин берген он эки «суффе адамы» болуптур. Пайгамбар аларды өтө сыйлап, тез-тез купуя сырлашып турчу экен. Ошон үчүн бул адамдарга асылзат болуу башкаларга салыштырганда татаал болгон. Алардын асылзаттыгы эки түргө бөлүнөт: бири — бакыр сопуларга таандык, экинчиси — сүйүшкөндөргө. Мен бул экөөнө тең токтолоюн. Эгер билсең, нукура дервиштик — бул бар дүнүйөдөн кол жубуу, анткени, мүлктөн баш тартуу жана Алланын бирлиги жөнүндөгү окуу суфизмдин түпкү маңызы.

Икая

Мен укканга караганда, бир курдай эки сопу жолдо баратыптыр. Бирөөсүнүн жанында сокур тыйыны жок экен, экинчисинде беш динары болот. Жакыр сопу кайда барбасын тайманбайт, өзүн коопсуз сезет, коркунучтуу жайларда камырабай уктайт, көңүлү каалагандай шатма-шат жүрөт. Беш динары бар сопу түнкүсүн коркуп уктабайт, бирок шеригин таштабайт. Алар кыдырып жүрүп, өтө коркунучтуу тогуз жолдун тоомундагы кудукка келишет. Акчасыз сопу тамак жегенден кийин ширин уйкуга кирет, акчалуу сопунун уктаганга жүрөгү даабайт да, өзүнчө:»Эмне кылсам? Беш алтын динарым бар, бул жер коркунучтуу жай болсо. Сен уктап калдың, а менде уйку жок. Уктай да албаймын, кетип да кала албайм», — деп күбүрөнөт. Муну эшиткен пулсуз сопу: «Беш динарыңды мага бер», — десе, шериги динарды берет. Ал динарды кудукка ыргытып жиберет да:»Эми сен кутулдуң! Тынч укта же отур, жардынын сепили жез деген», — дептир.

Ошентип, бардык шейхтердин аныктоосу боюнча суфизм үч нерседен турат: мал-мүлкү жоктук, өзүн кудайга тапшыруу жана бекем ишеним. Эгер сен баарына бир көз менен карасаң, жамандыктан алыс болосуң, бардык иштерде сага тоскоолдук болбойт, себеби сен тарикаттын маңызына жеткенсиң. Ошондуктан, дервиш ар дайым кудайга моюн сунуп, ойлорун бир тууганы жана өзүнөн башка эч бир агай инилерине ачпоого тийиш. Бир тууганынын кызганычы дайыма эмне үчүн менин бир тууганым менден жакшы эмес деген суроого багытталып, өзүн сүйүү жөнүндөгү ой анын башында болбош керек. Анын жеке максаты да болбоого тийиш, жеке кызыкчылыгын четке коюп, бардык нерсеге көңүл кош жана барына канаат деп кароосу лаазим; эч нерсеге экиленип карабоого тийиш, өз көз карашынан, бүтүмүнөн жана күмөнсүнүүлөрүнөн баш тартышы шарт. Бүтүм чыгарбоо бул барды тастыктоо эмеспи. Ага эч ким каршы болбойт, анткени чындыктын маңызы эки анжылыкты тануу, а чынчылдыктын маңызы карама-каршылыкты тануу.

Уулум, билгин, эгер кимдир-бирөө сууга чын дилинен аяк таштаса, суу анын таманы астында катуулайт. Бул нерсе акылга сыйбаса дагы ага ынанса болот. Сен нукура чынчылдыкты белген соң, аны танба жана ага ишенбе, себеби чынчылдык не акыл менен, не күч менен жүрөгүңө салчу кубулуш эмес. Чынчылдык денеңе теңдешсиз жана даңктуу кудайдын табериги катары гана орнотулат.

Дервиш дүйнөгө чын дилинен карайт, анда коркуу адаты болбойт, анын ички жана тышкы дүйнөсү окшош. Дервиштин жүрөгү жалгыздык жөнүндө ойлонуудан бош болбойт, бирок ойдун жалынында алоолоп кетпес үчүн шашпай ойлонгонду оң көрөт. Анткени, тарикаттын жолдоочулары ой жүгүртүүнү от деп таанышты, суу ал үчүн сооротуучу катары нерсе. Ушундан улам алар той-тамашага жана ыр-бийге көңүл жубатуунун каражаты катары мамиле жасашат. Эгер дербиш ырдабаса жана китепти обонго салып окубаса, ал дайыма ойдун отунда алоолоп күйөт. Ким жалгыздык жөнүндө ойлобосо, ага музыка менен ырды укканга болбойт, анткени ого бетер маанайы чөгөт.

Шейх Ахи Зангани[12] өмүрүнүн акырында музыкага тыйуу салып, мындай дептир: «Музыка суу, суу от бар жерге керек, сууну сууга куйгандан суу ылайланып, түбүндө кум-ташы көбөйөт. Элүү адамдын бирөөнүн колунда оту бар болсо, бир адам үчүн кырк тогуз адамды көөлөп-ыштагандын кереги жок. Береги бирөөдөн чыдамкайлыкты, калган кырк тогуз адамдан чынчылдыкты талап кылуу мүмкүн.»

Эгерде дербиштин жан дүйнөсү руханий тарбия көрбөсө, жок дегенде тышкы форма аны толуктап туруусу үчүн сырткы тарбиясы болушу зарыл. Ошентип, ички көрөңгөсү болбосо, тышкы форма ага көрк берип турсун.

Дербиш такыба, сөзгө уста, бирөөгө жамандыгы жок, кемчиликти жаап-жашырган, момун, кийим-кечеси таза болуп, анда саякаттоо жана конуп-түнөө үчүн дербишке зарыл асаба, кесе, кумура, жайнамаз, желпигич, тарак, ийне-жип, тырмак алчу маки сыяктуу буюмдары түгөл болууга тийиш. Ал кийим-кечесин тигүүгө жана жууганга муктаж болбой, тескерисинче, агай-инилерине бул эки кызматты көрсөтүүсү абзел.

Дербиш жер кезгенди жакшы көрүш керек, бирок сапарда жалгыз жүрбөөсү шарт. Ал сыйынтканага жалгыз кирбөөгө тийиш, анткени жалгыздыкта күнөө иштер жасалат; а сыйынтканага киргенде эч кимди максатына (жан жаркынына) жеткирбөөгө тырышпас керек, башкача айтканда, жыргалга батышына жолтоо болбош керек. Дервиш адегенде сол бутун чечип, кийингенде оң бутун биринчи кийүүгө тийиш. Белине кур курчанып алып, алдыга чыкпаш керек. Жайнамазын каерге салса, ошол жерге отурушу лаазим, а отургандан кийин уруксат алып туруп, эки ракат намаз окуйт. Сыйынтканага киргенде жана чыкканда салам айтабы же коштошобу, — маанилүү эмес. Бирок эртең менен амандашканды унутпоого тийиш.

Дербиш жакшы адамдар менен жүрүп, тыйуу салынган иштерден этият болсун. Эгер көзү ачылып жан жаркынына жетишпесе, агайиндер сыйлап, жакшы көрүүсү үчүн жан жаркындын сөздөрүн жаттап алса, ханакада дагы көп болууга мүмкүндүк алат. Эч кимге таңуулап мамиле курбасын, улууларды урматтасын, анткени улууларды урматтоо — зарурат милдет, сүйлөшүү зарурат эмес. Эмне гана жасабасын, жамааттын макулдугу жана буйругу менен жасасын. Эгер жамаат аны жемелесе, күнөөсүз болгон учурда да, каршы сүйлөбөсүн, кечирим сурасын жана жазалансын.

Өзү жок жерден сынга кабылбас үчүн адамдарга ашыкча сын такпасын. Көп убактысын жайнамаз үстүндө намаз окуганга арнап, базарга ашыкча барбасын. Зарылдыгы жок туруп кайсы бир ишти жасагысы келсе же өзүнчө бир иш бүткөрүүнү кааласа, жамааттын уруксаты менен гана жасасын. Чепкен кийсе же чечип койгусу келсе, жамааттан же жамаат аксакалынан уруксат сурасын. Жайнамазда бутун кайчылаштырып же бир нерсеге жөлөнүп отурбасын. Адамдардан жашынып алып, хыркасын тытпасын, адамдардан жашынып бир бадам да жебесин, себеби бул пастык саналат.

Буюмдарды тышкы белгиси боюнча атабасын жана жамаат кандай айтса, ошондой атасын. Жамаат ичинде көп сүйлөбөсүн. Башкалар хыркасын[13] кийсе, ал кийсин, чечсе ал да чечсин. Колунан келсе, эч кимдин хыркасын барча-барча кылып кеспесин жана тамак-ашты жыйнабасын. Анткени бул эки иштин ар ким эле аткара албагандай өз шарты бар. Шарты келип турса, дайыма колун жуусун, бутун бөтөн бирөөнүн жайнамазына же хыркасына койбосун. Жамаат ичинде шашып баспасын, тияк-биякка өтө бербесин, бирөөнүн ордуна отурбасын жана тарынчаак болбосун. Суу ичкенде, хыркасын жыртканда же башын ачканда, ордунан турбасын, эч ким менен сүйлөшпөсүн, керексиз бийге түшпөсүн. Денесиндеги кийими жыртылса, ошол замат чечип, аксакалдын алдына койсун. Эгерде дервиш аны жемелечү же мактачу болсо, анын сөзүнө ыраазылыгын айтып, бир нерсе сунуш кылсын. Дервиш ага хырка берсе, тийиштүү сөздү айтып, өөп туруп, кайтарып берсин.

Эгер дервиш үчүн кайсы бир ишти бүткөрсө, айталы, кийим тигип берсе же киринтчү болсо, алкышын укпай бербесин. Өзү дервишке осол иш жасап койсо, анысын тезирээк түзөтүп, чыгымын кайтарсын. Дервиш ага жакшылык кылса, тез алкышын айтып, тийиштүү сыйын көрсөтсүн. Өзү үчүн, мүмкүнчүлүгү болуп турса, өзгөчө дервиштерден эч нерсе талап кылбасын. Исфахандыктар өздөрү талап кылганы менен, башкаларга тиешелүү сый көрсөтпөйт; хорасандыктар талап да кылбайт, сый да көрсөтпөйт; табарыстандыктар да ошондой. Парс эли талап да кылат, берчүсүн да берет. Угушумча, суфизм обол Парста пайда болгон.

Дервиш жаш кезинде эмгекти кенч деп санап, карыганда жайбаракат турмушка өтүш керек. Көпчүлүктү күттүрбөө үчүн тамак маалында дасторкондон узакта жүрбөш керек; колун тамакка биринчи сунбашы керек, үлүшүн биринчи жеп бүтпөстөн эл менен чогуу жегени жөндүү. Ырыскысына тийгенден көптү каалабашы жана уруксаты жок эч кимге өз үлүшүн бербеши керек. Ооруп калып, тамак жей албаса, дасторкон салынганга чейин кечирим суроосу лаазим жана тамак үстүндө сүйлөбөөгө тийиш. Эгер орозо тутуп жатканда алдына тамак коюлса, орозо экенин айтпастан, тамакты жеп, орозосун бузса болот. Дааратты эби менен алып, жайманазды тепсебөөгө тийиш. Ар кандай жөрөлгө болсо эле даарат ала берген жарабайт.

Суфийлердин асылзаттыгынын шарты ушу мен айткандай. Сүйүшкөндөрдүн шарты алар суфийлер сүкүт салып, зикир чалып, ак урганда айткан сөздөрүн танбайт, мазмунун түшүндүрүп берүүнү сурайт. Сопулардын кемчилигин аларга ашык болгон жан изгилик катары эсептеши, мисалы, ишенбөөчүлүгүн алардын ишеними деп билүүсү шарт. Алардын сырын эч кимге айтпоого тийиш, а жасаган жакшы иштерин колдоп, татыксыз иштерин оңдогонго тырышуу керек.

Сопуларга баратканда таза кийинип, аларга ызат көрсөтүп отуруусу, бактысына туш келип калса, хырканы сыйлап кийүүсү, жерге таштабай башына жазданып жатуусу жана балит ишке пайдаланбоосу керек. Сопулар хыркасын чечсе, ал да хыркасын чечсин. Алар ага берилген хырканы тамашалап чечишсе, аны убада сөзгө же күл азыкка «сатып» алып, чекесин тийгизип өпкөндөн кийин, ээсине кайтарып берет. Эгер хырка чыр-чатак учурунда жерге түшсө, чатакка аралашпасын жана пирдин эркине койсун. Сопулар талашып-тартышып жатканда алардын үстүнө кирбесин, а кокус кирип калса, четке отуруп, чырга аралашпасын. Алар өз чатагын өздөрү басышсын.

Суфийлердин арасында: «Намаз убактысы келди» же «Тургула, намаз окуйлу» деп айткандай Кудайдын өкүлү жок; эч ким аларды Кудайга табын деп мажбурлабайт, себеби алар буга муктаж эмес жана эч ким аларга мындай буйрук бере албайт.

Сен сопулардын арасында көп күлбө, кабагыңды да салба, андай адамды «туфлей» деп аташат. Эгер ширин даамдык тапсаң, аз экенине карабай, сопуларга бергин жана куру кол келе албаганыңды айтып, даамдыктын аз экени үчүн кечирим сурагын. Таттуу жеген суфийлерге көбүрөк жарашат:

Ажайып ай чырайлуу сулуулугуң,
Суктанткан кары-жашты ажарың ай!
Эриниң-эриниңдин шириндиги,
Сопулардын жакшы көргөн Халвасындай.

Сен ушундай адам болсоң, суфийлердин досунун бардык милдеттерин аткарасың. Бул суфийлердин досторунун айкөлдүгүнүн жана чынчылдыгынын эрежеси. Адамгерчиликтин фигурасынан өз энчисине тулку дене, өмүр жана сезим, башкача айтканда, асылзаттык, чынчылдык жана акылмандык тийген адамдар алар пайгамбарлар.

Бир адамда береги үч касиет тең болсо, ал, албетте, пайгамбар же даанышман коргоочу, себеби анда физикалык да, руханий да сапаты бар. Физикалык сапат — чынчылдык жана билим, рухайий сапат — акылмандык. Сага акылмандыктын билимден жогору коюлуусу жана акылманды билимдүүдөн жогору бааланышы түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп берейин. Себеби, билим (маарифат) деген перс тилинде аңдап-билүүнү түшүндүрөт, а аңдап-билүү деген сенин билген нерсеңди терең түшүнгөнүңдү билдирет. Акылмандык (дониш) персче — билим (илм) деген, демек сен таанышты жана бейтаанышты, анын жакшы жана жаман сапаттарын билүү үчүн сага тааныш жана жат жактары боюнча ажыратып каласың. Билимиңдин толук экени беш нерсеге: «Эмне? Кандай? Канча? Эмне үчүн?» башкача айтканда «Сен эмнесиң? Сен кимсиң? Эмне үчүн сенсиң? Сен канчоосуң?» деген суроолорго байланыштуу. Сен эмнесиң? деген суроого: Мен баланча-түкүнчөнү, анын эмне же ким экенин билем деп жооп бересиң. Бул билим жаныбарларда да бар, анткени алар жечү тамагын, балдарын адам сыяктуу эле таанып билишет. Бирок адамга акылмандык кошулгандыктан, ал эмне, кантип, кандайча, эмне үчүн деген суроолорго да жооп бере алат. Мисалы, жаныбарлардын жайытына өрт коюп жиберсе, алардын башы отко тиймейинче, ал жерден кетпейт, себеби алар оттун кандай болорун билишпегендиктен, анын эмне экенин туйбайт. Адам болсо оттун эмне жана кандай экенин байкайт. Бул акылмандыктын билимден жогору турганынын далили.

Мен ошон үчүн ким жеткен даанышман болсо, ал пайгамбар экенин, биз жаныбарлардан канчалык жогору турсак, пайгамбарлар бизден ошончолук жогору экенин айтканмын. Жаныбарлар зат же кубулуш жөнүндө эмне деген гана билимге ээ болсо, адам андан башка дагы канча жана кандай деген суроолорду билет, жөндөмү адамдан да өнүккөн пайгамбарлар кантип, канча жана эмне үчүн деген суроолорго дагы терең жооп берет. Жаныбар оттун денени күйгүзөөрүн гана билсе, адам от кандай күйгүзгөнүн, а пайгамбар эмне, кандай жана эмне үчүн күйгүзгөнүн, эмне себептен ал ысыкты бөлөрүн да билет.

Эң акылгөй адам теңдешсиз айкөл болот. Ченемсиз айкөлдүк анын билиминин тереңдигинен; пайгамбарлар гана ченемсиз билимдүү болушат. Пайгамбарлардын руху чексиз, анткени адамдарда пайгамбардан артык касиет жок. Демек, адамгерчиликтин фигурасынан тулку денеге да, жанга да, сезимге да, касиетке да пайгамбарлар гана ээ боло алышат. Ырас эле кимде адамгерчиликтин бардык сапаттары бар болсо, аны аруу, таза деп гана сүрөттөө мүмкүн жана андан өйдөдөгү теңдешсиз жараткан гана ага окшош болот. Андай таза адам сүйлөшүү, сөз жана тажрыйба аркылуу аңдап-түшүнөт жана билет. Ким мындай тазалыкка ээ болсо, ал өзү менен өзү, баарын өзүнөн алып, өзү аркылуу өткөрүп жашайт. Анын суусу таптаза, максаты жеке өз кызыкчылыгы менен изденүүсүн көздөбөйт, коркууну билбейт, өзүнө өзү жубанып сыймактануудан жана ички карама-каршылыктан алыс. Анын реалдуу дүйнөсү, бытиеси өлүм менен бүтпөйт, өлүмү акырет дүйнө аркылуу түбөлүктүү жана реалдуу дүйнөдө өмүр сүрөт. Тазалыгы жагынан чексиз таза болот. Ал өзүн өзүнөн тыш дүйнөдөн (туруп) көрөт, өзүнөн тыштагы өзүн өзү жок көрбөйт. Ал мазмунду маанисинен ажыратып карайт. Ошон үчүн бул адамдардын даражасы улуу болсо жана урмат-сыйдан ажырап калса, мунусу да жөндүү.

Эй, уулум, ошентип, кандай гана болбо, дүйнөнүн сүймөнчүгү болуу үчүн алдыда болууга жана асылзаттыкка жетүүгө аракеттен. Кайсы гана даражада болбо, асылзаттыктын жолуна түшүүнү кааласаң, этияттыкты унтупа жана дайыма үч нерсени жабык карма: көзүңдү, колуңду жана тилиңди көрүүгө кажети жок, жасоого кереги жок жана сүйлөөгө зарылдыгы жок нерседен. Душманың жана досуң үчүн үч нерсени ачык карма: үйүңдүн эшигин, дасторкондун бурчун жана капчыгыңдын оозун.

Колуңдан келишинче жалган сүйлөбө, анткени нарксыздыктын негизи – жалган сүйлөө. Эгер кимдир-бирөө сенин асылзаттыгыңа ишенчү болсо, сен канчалык даңктуу адам болбо сага эң кымбат адамды өлтүрүп кетсе, ал сенин эң өчөшкөн жооң болгон учурда да, сага туткунга түшүп, өзүнүн алсыздыгын мойнуна алса, бардык адамдардын ичинен жалгыз сага ишеним көрсөтсө, андан өзүң өлгөн күндө дагы коркпо, бирок акыркы тамчы каның калганча, ал үчүн аракет кылсаң ошондо гана сен асылзат бойдон каласың. Анан дагы тирүү кезиңде өткөн иш үчүн кек кууба жана чыккынчылыкка барба, анткени бул эки жосун асылзаттыктын эрежесине сыйбайт.

Уулум, билип алгын, бул жол абдан узун, мен эгер элдин ар бир катмарынын асылзаттыгынын себебин кенен түшүндүрүп айтып берчү болсом, сөзүм көпкө созулуп кетет. Кыскача айтсам, эмне айтсам, анын баары мына бул сөздөн башат алат: айкөлдүктүн эң жеткен чеги — бул сенин өз мал-мүлкүңдү меники, бөтөндүкүн бөтөндүкү деп, башка бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпаганың болот. Эгерде сенде бир нерсең болсо, андан башка бирөөлөргө үлүшүн беришиң абзел башка адамдар жакшылык кылат деп үмүттөнбөөң зарыл. Өзүң койбогон нерсени алба; адамдарга жакшылык кыла албасаң, аларды жамандыктан коргосоң, бул эң улуу асылзаттык болот. Ким мен айткандай жашаса, азыркы дүйнө жана болочокку дүйнө ага таандык болот.

Уулум, билгин, мен бул китепте бир канча жолу талап этпөө жөнүндө кеп кылдым. Дагы кайталаймын: эгер сен пейлим тар болбойт десең, эч качан өкүмзар жана кызганчаак болбогун, ошондо маанайың дайыма ачык, жүрөгүң шайыр болот. Ар кандай кайгынын башаты кызгаанчактык, көк асмандын жакшы жана жаман амалдары кызганчаактык аркылуу адамдарды жеңет.

Менин устатым айткан: адам кыраакы болуш керек, бирок асман мейкиндигинин кудурети алдында башын төмөн салуусу жана оозун ачуусу абзел; бул асмандан ага алсыздык берилсе, аны мойнуна көтөрүү үчүн жана даамдуу тамак тийсе, оозуна салуу үчүн керек. Улуу, теңдешсиз эгем айткандай: мен эмне берсем ал жана сыпаа адамдардын бири бол. (Куран, VII, 141).

Асман мейкиндигинин кудурети мына ушул эки түрдө гана болот. Эгерде сен бул жолду кармансаң, сенин денең эч качан кул болбойт. Ач көздүккө жүрөгүңдөн орун бербе. Жамандыкка же жакшылыкка кабылба, шүгүр де. Ар кандай даража-наамдагы адамдардын баары тең улуу жана теңдешсиз теңирдин кулу экенин, алардын баары — Адам атанын балдары экенин, жайы жаннаты болсун, бири экинчисинен кем эмес экенин эсиңде тут. Адам жүрөгүн ач көздүктөн бошотуп, топуктуу жашоону эреже кылып алганда, ал бүтүн дүйнөгө муктаж болбой калат.

Оо, уулум, ач көздүктү унутсаң, жашоо сага жеңил болот,
Барына каниет, шугур десең, жашаган жайың гул бакка айланат.

Мына ушинтип, эч нерсеге муктаж болбогон адам — ал дүйнөдөгү эң кадырман жан; ким адамдарга муктаж болуп, анысын жашырбаса жана алтын-күмүш үчүн өзүнө окшош бирөөлөргө кызмат кылууга даяр болсо, ал жеткен бечара жана пас адам.

Икая

Укканыма караганда, бир кур Шибли, Алла ага ырайымдуу болсун, эки ракат намаз окуп, андан соң эс алуу үчүн мечитке барат. Дал ошол кезде мечитке келген талиптер тамактанып жаткан болушат. Эки бала Шиблинин жанына отурат, Алла ага ырайымдуу болсун. Алардын бири байдын, экинчиси бакырдын баласы болот. Байдын баласынын баштыгында нан жана халва, кедейдин баласынын баштыгында наны бар экен. Байдын баласы нан менен халва жеп жатканын көрүп, кембагалдын баласы андан халва сурайт. Ошондо байдын баласы: «Эгер мен сага халва берсем, сен менин итим болосуңбу?»деп сурайт. Бечара бала «Болом» дейт. Анда тиги: «Адегенде сен үргүн. Халваны анан берем» дептир. Бактысыз үрөт да байдын уулунун халвасын алып жейт.

Бул жорук бир нече жолу кайталанат. Аларды көргөн шейх Шибли, Алла ага ырайым кылсын, ыйлайт. Шейхтин муриддери: «0, шейх, сага эмне болду, эмне ыйлап жатасың?»- деп сурашса, шейх айтыптыр: «Карагылачы, ачкөздүк жана канааты жоктук адамды эмне кылды. Эгер кедей бала өзүнүн нанына канаат кылып, байдын баласынын халвасын каалабаса эмне болмок? Анда ал өзүнө окшогон неменин ити болмок эмес!».

Демек, уулум, тарки дүнүйө дербиш же кечил болсоң дагы жашоодо улуу жана таза болуу үчүн дайыма барына канаат кылып, тобо де.

Уулум, билгин, мен бул китептин кырк төрт бөлүмүндө сага өзүм билген бардык илимдер тууралуу колумдан келишинче айтып бердим, түркүн нерселерге байланыштуу сага акыл-эстен башка да бир аз насаат-кеңеш айттым. Мен сага эч качан өзүңдү кыйнап акылдуу бол деп айтпайм, анткени күчкө салып акылдуу болгонго үйрөнүү мүмкүн эмес.

Билгин, акылдын эки түрү бар: бири — табият берген акыл-эс, экинчиси – турмуштук тажрыйбадан үйрөнүп алган акыл-эс. Экинчисине үйрөнүү мүмкүн, бирок табигат берген акыл-эс бул даңктуу жана баарынан улук жараткандын табериги, ага окуп жете албайсың. Эгер сага даңктуу жана улуу жараткан табигый акыл берсе, бул — сен үчүн улуу бакты, анда турмушту дагы үйрөнүп, акыл-эсиңди байыт жана аны табигый жөндөмүң менен айкаштырсаң, өз мезгилиңдин чилистени болосуң. Эгер табият акыл-эс бербесе, анда мен да, сен өзүң да, башка бирөө да эч нерсе кыла албайт. Анда турмуштук тажрыйбадан үйрөнгөндү унутпа, колуңдан келишинче окуп үйрөн, ошондо данышмандардын бири болбосоң да, жок дегенде кем акылдын бири болбойсуң. Эч нерсеге жетпегенден көрө, бу айтылган экөөнүн бирине жеткениң артык. Айтылган эмеспи: эгер атасы жок болсо, өгөй атадан өткөн эч ким жок.

Эми акылдуу болом десең, накыл сөздөрдү үйрөн, анткени, накыл сөздөрдүн жардамы менен акылдуулукка үйрөнүү мүмкүн. Даанышман Аристотелден: «Акылдын күчү эмнеде?» деп сурашканда, ал: «Бардык адамдардын күчү тамактан, а акылдын күчү — акыл сөздөрдөн», -деп жооп берген.

Ушинтип, уулум, эмне адатым болсо, анын баарын бир китепке бириктирдим жана өзүм билген түрдүү илим, көркөм өнөр, түркүн өнөрчүлүк жөнүндө бул китептин кырк төрт бапына жайгаштырдым.

Уулум, билип ал, балалык күнүмдөн картайганга чейин менде мындай бир адатым бар эле, өмүрүмдүн алтымыш үч жылын да ушундай жолойдо жана ушул таризде өткөрдүм. Мен бул китепти төрт жүз жетимиш бешинчи жылы жаза баштадым. Ушундан кийин да, кудай өмүр берсе, көзүм тирүүсүндө ушундай калыпта өтөм жана өзүмө эмнени жакшы десем, аны сен үчүн да жакшы деп билем. Эгер сен мындан жакшы каада-салттарды жана касиеттерди тапсаң, өзүң туура көргөнүңдү тандап ал, эгер таппасаң, менин кеңешимди жана насаат сөздөрүмдү жүрөгүңдүн кулагы менен аңдап түшүн жана аларга баш ий.

Эгер укпай койсоң жана кабыл албасаң, сени мажбурлай албайм, кимди Кудай бактылуу жаратса, ал окуйт жана түшүнөт, себеби мунун баары эки дүйнөдөгү бактылуулардын белгиси.

Жараткан, ал каситтүү жана улуу боло берсин, мага жана сага жароокер болсун жана менин жакшы ыкласым сага таасир этсин, Мухаммед пайгамбар, анын үй-бүлөсү жана анын тазалыгы үчүн Алла улуу ыкыбалын бөлсүн. Аллага, дүйнөнүн ээсине даңк!

СОҢУ

Которгон Амирбек АЗАМ уулу

[1] Сахиб Исмаил ибн Аббад буиддердин атактуу уазири.

[2] Абулфазл Мухаммад ибн Убайдулла Балами (940-жылы өлгөн) – илимпоз, мамлекеттик ишмер, эмир Наср ибн Ахмад Саманиддин уазири (914-943).

[3] сахибдиван – дивандын башчысы. Ал алымсалымдарды, келген кат-кабарларды көзөмөлдөгөндүктөн, ордодо таасири күчтүү болгон.

[4] амил – салык чогултуучу жана башкаруучуну билдирчү араб термини.

[5] сипахсалар – аскер башчы, башкы командачы

[6] Тугралбек Рукнадцин Абуталиб (993-1063) селжуктар мамлекетин негиздөөчү.1038-жылы Хорасандын бир бөлүгүн басып алат жана Нишапурда султан жарыяланат.

[7] Абдулфатх Бусти амил. 1011-жылы өлгөн белгилүү акын Абулфатх Дустинин адашы.

[8] Масуд — султан МахмудГазневинин уулу, 1030-1041-жылдары башкарган.

[9] Мавдуд – Шахабаддавла (1041-48) газневиддер династиясынан чыккан 10-султан. Масуддун уулу, Махмуддун небереси.

[10] Жавонмарди – сөзмө сөз мааниси «асылзаттык, рыцарлык» дегенди түшүндүрөт. Терминдин араб тилиндеги эквиваленти — футтува. Өз укугун жакшыртуу үчүн феодалдык бийликке каршы күрөшкөн кол өнөрчүлөрдүн жашыруун коомунун мүчөлөрү өзүлөрүн жавонмардилер деп аташкан. Бул коом кандайдыр бир деңгээлде диний мүнөзгө да ээ болгон жана суфизмдин айрым агымдары менен байланышып турган.

[11] Абулкасым Абдалкарим ибн Хавазин ал-Кушайри (986-1074) белгилүү суфий шейхи.

[12] Ахи Фаррух Зангани – белгилүү шейх, хронологиялык жактан жакындыгы болбосо да, бул ысымды улуу Азербайжан акыны Низами менен байланыштырып жүрүшөт.

[13] хырка – сопулар кийчү таманга чейин жеткен узун көйнөк.