АЗАМ уулу Амирбек: БАЙЫРКЫ МАДРИД КЫРГЫЗ УРПАГЫНЫН КӨЗҮ МЕНЕН (1-БАЯН)

Сүрөттөрдү караган кызык иш өзү. Мурда альбомдор популярдуу кезде ар бир фотографияга аздектеп мамиле кылчубуз. Эски сүрөттү көрөр замат кай күнү, кайдан келатып түшкөнүбүздү эстечү элек. Айфон жана кадры түгөнбөс фотоаппараттар чыгып, Фэйсбукка сүрөт жарыялоо адаты башталганы альбомдун да, сүрөттүн да кадыры качты. Ага кошо коноктор менен альбомду аяр барактап, сүрөт көрүү салты да жоголду. Ошого сүрөт көрмөй же сүрөттөр дүйнөсүнө саякат жасоо жалгыздын иши бүгүн.

Бүгүн сүрөт көрүү үчүн компьютердин экрандагы “Pictures” деген папкени ачкан жетиштүү. Мен да ушул жол менен 2016-жылы Мадридге аялым экөөбүз барганда көргөн ажайып жерлердин айрымдарын бир кыдырайын дедим. Сапар максаты жер кыдыруудан башка да эзелтен бапестеп багып жүргөн тилегимди: Леон Фейхтвагнердин “Испан балладасы” (орусчасы “Испанская баллада”) романынын негизги окуялары өткөн орто кылымдык Толедо шаарын жана бир кезде үстүндөгү “Күн эч качан батпас” империянын байтакты болгон Мадридди көрүү эле. Кудай жалгап, бул тушка Мадридде атактуу Прадо музейинде сюрреалисттердин бабасы, Иероним Босхтун эмгектеринин көргөзмөсү дал келип жатпайбы!!!

Бул көргөзмө  И. Босхтун одүйнө көчкөнүнүн 500 жылдыгына арналып, музейге голландиялык художниктин фантасмогориялык 50 эмгеги чогултулган эле. Эгер Босх Америка материгин Европага “жаңыдан ачкан” Христофор Колумб менен замандаш экенин эсетесек, сүрөткердин картиналарындагы жомоктогудай дүйнөнүн жаралыш себебин түшүнүүгө ачкыч болот деп ойлом. Себеби, Америкада буга чейин белгисиз жан-жаныбарлар менен кишилер жашайт деген кабар Босхтун фантазиясын кытыгылап, кыялын карбид ташындай кайнатканы талашсыз.

Иероним Босхтой көркөм табылгалары өз заманынан озгон жана фантазиясы бүгүн да адамдардын оозун ачырган художниктерди  өлдү дегенге тилиң да барбайт. Буга Прадо музейине Босхтун сүрөттөрүн көрүү үчүн узун кезекте (кеминде үч- төрт саат) турган адамдар дадил далил. Алардын арасында индусу, кытайы, жапону, корейи, жөөтү, испаны, французу, чехи да, айтор, дүйнөнүн чар тарабынан келген адамдар бар эле.

Дүйнөдөгү эң атактуу музейлердин топ башында аталып жүргөн Прадо музейин жанында романтизм доорунун көй кашка өкүлү Франсиско Гойянын эстелиги заңкаят.

Гойянын белгилүү картиналары “Кийимчен шаардык сулуу”, “Жылаңач шаардык сулуу”, ошондой эле Мадридде 1808-жылы 2-майда болгон көтөрүлүш жана 3-майдын түнүндөгү адаватчыларды атууга арналган атактуу полотнолорун Прадо музейинен көрөсүз.

Туристтердин учу жок аркандай чубалган кезегин Мадриддеги Испан падышаларынын ак сарайынан көрбөдүм. Болбосо, испан падышаларынын ырасмий резиденциясы катары кызмат кылган ак сарай – Европадагы монархтардын эң чоң сарайы деп саналат. Анын алды жагындагы аянтта алкынган аты ыргыштап, монументтен көз ачып жумганча секирип кетчүдөй болуп король Филип IVнүн айкели турат. Айкелдин көрүнүшү ушунчалык жандуу. Жандуулугу ушунда: жансыз таштын үстүндөгү Филип IV минип отурган ат көлүк шаардын чок ортосунда жүргөн адамдардын үстүнө секирип түшчүдөй көрүнгөн аргымактын алкынган элеси. Арийне, Филип IV кандай падыша болгону эсимде калбаптыр. Бирок Испаниянын бүгүнкү байтакты Мажирит деген эски сепил тарабында пайда болгону, а сепил тууралуу жылнамаларда обол 932-жылы эскерилгени жадымда.

Испан падышсынын бул монументи Европанын башка монархтарына орнотулган эстеликтердей эле туристтерди өзүнө бал аарыдай тартпаганын байыркы Мадридде жүрүп аңдадым.

Мадриддин нак борборундагы, туурасы 0 чакырымындагы Пуэрта дель Соль аянтында күрөң аюунун эстелиги бар. Ал эчен жолу буталып, төбөсүндө шактары калган тытка окшоп кеткен кызылгат дарагына ач аюудай чап жабышып, мөмөсүн терип жегендеги көрүнүш.

Биз бул жайдан 50 м жерде батир жалдап турдук. Ошого Пуэрта дель Соль аянтында логлоп чогулган элге кызыгып, ары-бери өткөндө “дагы эмне кызыр бар?” деп майданды кыдырып жүрдүк. Кызылгаттын ашын жейм деген аюнун жанында котолоп сүрөткө түшкөн адамдар дайыма толо. Муну көрүп, аюу сыяктуу жөнөкөй жаныбар да шаардын символу болгонго жарайт экен го деген ой туулду менде. А экс-советтик мейкиндиктеги шаарлардын бетке туткан символу – көбүнесе зоңкойгон тулпар минген жоо-жарактуу баатырлар эмеспи!

Ушул эле аянтта тияк-биякка өткөн туристтерди өзүнө имерип, алар чогуу сүрөткө түшүп, 4-5 еврого үмүт кылган “башы жок адмирал” да тирилик кылат.  Ал эми алдыңкы дөңгөлөгүнө мөңкүп, арткы дөңгөлөгү асманга көтөрүлүп калган моторолердин айдоочусу (кыз) үстүндө учуп кетчүдөй болуп бараткан жигитчи! Чынын айтсам, мындай экстремалдуу абалдагы өнөрпоздорду Европанын башка шаарларынан жолуктурган эмесмин.

Мадрид Европанын мурдакы империялык шаарларына архитектурасы, айкелдери, эли, маданияты, элдин менталитети жагынан да кескин айырмаланып турат. Эл демекчи, Франция, Британия, Германия жана башка Европа шаарларында жергиликтүү эл (окуучуларды албаганда) көпчүлүк учурда жуп-жуп болуп же жалгыздап жүрүшөт. Туристтерди албаганда. Ал эми Мадридде, мен байкагандан, үч же төртөө, же чоң караан болуп, көчөнү каптап келаткандай таасир калтырды.

Дагы бир кызык: Эгер Прага, Берлин, Брюссел, Париж, Барселона, Венанын эски бөлүгүндө биринчи кабаттагы дүкөндөрдүн терезелиринин ич жагында турган бийкеч-манекендер жолоочуларды үстүндөгү кийимдери же суйкалган келбеттери менен өздөрүнө тартса, Мадридде экинчи кабаттан туруп назданышат.

Биз көбүн эсе жаңы шаарларды экскурсоводу жок кыдырганды жакшы көрөбүз. Ал үчүн тийиштүү адабият (guidebook) толтура. Андай китептерде өзүңө кызыктуу тарыхый жана маданий жайлары тууралуу окуп алгандан жеңил эмне бар! Бирок Мадридде элинин көбү испанча сүйлөп, англис тилин билгендер Европанын башка чоң шаарларына салыштырганда алда канча аз экен. Ошого бужерде free walking tour алдык. Өзүн Мигель деп атаган 30 жаш курактагы испан жигит биздин 7 кишиден турган чакан топту, өзү айткандай, “эски шаардагы тарых мөөрү кылымдарга басылган жайлары” менен эки жарым сааттай кыдыртты. Ошондо көргөндөрүмдүн эң атактуусу, арийне, Эрнест Хемингуэй бир эмес, эки чыгармасында эскерип кеткен “Sobrino de Botín” рестораны. Хемингуэй “Бешимден кийинки өлүм” деп аталган эссесинде достору непадам кириптер болушу ыктымал жамандытарды ойлогондун ордуна, кечкисин “Ботинде” отуруп, торопой жегенди артык көргөнүн бир сап менен белгилей кеткен (Окурмандардын эсине сала кетейин; эссе испандардын бука менен жекеме жеке күч сынашына арналган). “Чал жана деңиздин” автору ички жасалгасы 18 кылымдын маанайын берген залдын бурчундагы чакан столдо отурган экен. Көпчүлүк туристтер тейде мен да улуу Хемингуэй отурган орундукка отуруп, сүрөткө түшүп алдым.

Кучилерос көчөсүндө (Calle de los Cuchilleros # 17) жайгашкан  ресторанда англис тилдүү атактуу жазуучулар Скотт Фицджеральд, Грэм Грим, Фредерик Форсайт да тамактанышканы алардын чыгармаларынан маалым. Бир кезде жалаң бычак жасоо, курчутуу менен жан баккан уста-кучилеростор  жашаган көчөдөгү атагы бүгүн ааламга кеткен атактуу ресторанды 1725-жылы франциялык келгин повар Жан Ботин аялы экөө негиздеген.

Дүйнөлүк рекорддорду каттоочу Гиннес китебинин тастыкташынча, “Sobrino de Botín” дүйнөдөгү эң эски ресторан деп саналат (Баса, Австриянын Зальсбург шаарында дүйнөдөгү эң эски иштеп жаткан ресторан деп гид аял  Stiftskeller St. Peter ресторанын атаган. Кечилдер негиздеген бул таверна, жылнамаларда жазылганга ишенсек, 803-жылдан тарта жолоочуларды тейлеп, түнөк берчү экен). Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок экенин окурманга түшүндүрө кетейин. Анткени, Зальсбургдагы ресторан же таверна конок үйүнүн алдында, ал эми Мадриддеги ресторан өз функциясын гана аткарат.

Дагы бир маанилүү факт: Мадриддеги Сүрөт академиясына окууга киргени келген Гойя бул ресторанда идиш жуугуч болуп, бир аз убакыт жан баккан экен. Муну да Гиннес китеби тастыктаптыр.

Бул атактуу ресторанды негиздеген эрди-зайыптын ишин уланткандай артында перзенти калбайт. Ошого үй-бүлөлүк бизнести Жан мырзанын кайнилеринин бири Кандидо Ремис улантат. Кандидо акылдуу жан экен, ресторанды жездесинин фамилиясында калтырып, “Ботиндин тууганы” (Sobrino de Botin) деп атап коюптур.

Деги кардар үчүн күрөш ишкер адамды ар кандай айла-амалды ойлоп табарына Sobrino de Botin ресторанына чукул турган башка бир ресторандын аталышы мисал. Ал мейманкана-тавернанын дарбазасынын үстүндө мармар ташка чегип жазылган “Хемингуэй бу жерде эч качан тамак жеген эмес” (Hemingway never ate here) деген жазуу күбөлөйт.

Уландысы>>>>

Амирбек Азам уулу