АЗАМ уулу Амирбек: САЯСЫЙ КУУГУНГА КАБЫЛГАН ТҮРКМӨН ЖАЗУУЧУСУНУН ТАГДЫРЫ

Худайберди Халлы (Халлыев) Түркмөн жазуучусу. Бирок тагдыр буйругу экен, азыр Чехия жараны. Акыркы 20 жылдан бери Прагада жашайт. Бүгүн 70тин босогосун аттап отурган жазуучу өзүнүн киндик кан тамган мекенинен тозуп, дүйнө кезген сапары – 1989-жылы, 2-сентябрда өз санаалаштары менен чогуу “Авзыбирлик” (Биримдик) кыймылын түзүшкөндөн кийин башталган десе болот. Бул кыймыл Түркмөн тилине мамлекеттик тил макамын берүү; Түркмөн маданиятын жандандыруу жана Түркмөнстандын СССРден күнкөрсуз өлкө болуусуна жетишүү деген максатты алдыга койгон эле. “Авзыбирлик” 1990-жылы, 12-январда Россия империясынын аскеринин Гөктөпө сепилин алуусуна байланыштуу 111 жылдыгын жана андан кийинки кызыл кыргынды эскерүү митингин өткөрүшөт. Советтик Түркмөнстандын коммунисттик жетекчилиги береги митингди “Авзыбирлик” кыймылын тыйуу үчүн пайдаланат.

Кыймылдын жетекчи кеңешинин мүчөсү Худайберди Халлынын чыгармалары китепканалардан жылан сыйпагандай шыпырылып алынат. Анысы ал, муну менен эле кыбасы канбаган бийликтин ишаратын илгиртпей аткарар Жазуучулар союзу тарабынан да куугунтукка кабылат. Бул тушта «Азаттык» радиосу менен кызматташып, Түркмөнстандагы абал тууралуу репортаж жарыялап турган калемгерди президент Ниязов жана өкмөттүк масс-медиа акалакчылары өлкө бетине кара көө сыйпаган жалганчы, жалаакор катары каралайт. Худайберди ага өзүн коргоо үчүн сотко кайрылат. Сот болсо анын өзүн айыпка жыгып, акчалай жазана төлөөгө милдеттендирет.

1994-жылы, ноябрь башында Улуттук коопсуздук кызматы изине түшүп кармап кетет. Атайы кызматтын жасоолдору аны үч күн абакта кармап, суракка алат. Кийинки жылы 10-августта белгисиз адамдар майышпас жазуучуну машине менен Ашхабаддын сыртына алып чыгып, ур-токмокко алып, чөлгө таштап зекийт: “Оозуңду жап! Бойго жеткен эки кызың бар экенин жадыңдан чыгарба, чал1!” Үш алаар эскертүү эмес бекен бул! Ошондон кийин кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөгөн жазуучу Атамекенинен аргасыздан жашыруун чыгып кетет.

Худайберди Халлы ондон ашуун китептин автору. Айрым чыгармалары орус, казак, перс, чех тилдерине которулган. Худайберди аганы 17-апрелде болчу 70 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз жана ал киши менен маекти сунуш кылабыз.

Амирбек АЗАМ уулуХудайберди ага! Cиздин бөтөн жерде жашап жатканыңызга жыйырма жылдын жүзү болду. Бул аралыкта Түркмөн бийликтери Атажуртуңузга барууга бир гана жолу уруксат берди. Анда да виза болгону 20 күнгө гана берилген экен. Мунун баары тууган жериңизге, түркмөндөргө болгон мамилеңизге кандай таасир этти?

Худайберди ХАЛЛЫ: Албетте, таасир этти. Биринчиден, мен Түркмөнстанга барганды кааласам же виза берүүнү сурасам, алар мага виза береринен күмөн санабайм. Бирок азыр мага визанын сары чакадай да кереги жок. Эсиңде болсо керек, Владимир Высоцкийдин советтик адамдын сырт мамлекетке чыгар алдында кандай текшерүүлөрдөн өтөрү, жанагы партком менен коопсуздук кызматтары —  КГБ душмандын уюгунда этият жүрүп, кыраакы болуу боюнча кандай  инструкция бергенин шылдыңдаган бир ыры бар эмеспи. Ошондо минтет эле:

Сплю с женой, а мне не спится: «Дусь, а Дусь.
Может я без заграницы обойдусь?
Я ж не ихнего замеса, я сбегу.
Я ж на ихнем ни бельмеса, ни гу-гу.

Мен да Высоцкийдин ырындагы ошол жумушчу сыяктуу ары ойлонуп, бери толгонуп жатып, Түркмөнстанга барбайын деп чечтим. Эмнеге дебейсиңби? Менин тааныштарымдын көбүнүн көзү өтүп кетти. Ал эми сак-саламат жүргөндөрү менден качып тынышты. Себеби, кайда жүрбө, Улуттук коопсуздук кызматынын агенттери, тыңчылары артыңдан сак-сактап жүрөт. Бийликтин мындай тарханы2 түбөлүктүү эмес да. Мекендештериңдин сени менен сүйлөшмөк түгүл, саламдашкандан коркконун көрүп, маанайың чөгүп, кимдир-бирөө менен кездешкиң да келбей калат. Түркмөндөрдө “Айбан бири-бирин жытынан билет. Адам бири-бирин сурашып билет” деген макалы бар. Ал-жай сурашпаган, ой-тоону айтып баарлашпаган кездешүү кездешүүбү? Ошого Атажуртума барганга ыкласым жок. Мекеним азыр менин эскерүүлөрүмдө. Сагынычымда.

А.А: Жазуучулар эл аралап, эл менен сүйлөшүп, суу ичип чаңкоосун жазган адамдай дем-күч, чыгармачылык эргүү алып турат деген кеп бар. Атамекенден айрылуу чыгармачылыгыңызга зыян кылбадыбы?

Х.Х: Ооба деп  да, жок да деп айтар элем. Чындыгында жазуучулар жандуу чөйрөдөн жана жандуу тилден “суу ичип” турат. Мен эчен жылдан бери бөтөн журтта жашаганым менен мурда топтогон сөз казынам, сөз дөөлөтүм өлгөн жок. Жана эч ким менин эне тилиме болгон сүйүүмдү жана кызыгуумду токтотподу. Тескерисинче, эне тилиме болгон сүйүүм жана кызыгуум мурдакыдан да күчөдү. Орус маданиятына кайрылсак, Иван Бунин, Владимир Набоков жана башка даркан жазуучулар чет өлкөдө жашашса да орус тилине болгон сүйүүсүн жоготкон эмес. Өздөрүнүн чыгармаларында орус тилин өтө чоң чебердик менен пайдаланышкан. Өзүбүздүн эле Махмуд Кашгарини алсак, ал гениалдуу эмгегин (“Диван лугат ат-түрк”) туулган жери Ысык-Көлдө эмес, башка жакта жүрүп жазган да. Мен Түркмөнстанда жашаган чагымда балдарга арнап Атажурт, анын ичинде сөзсүз Кара-Кум чөлү жөнүндө жомок жазсам деп кыялданчумун. Бирок жаза алган эмесмин. А чоочун жерде жүрүп балдар үчүн жомокторду жаздым. Ошондуктан, мен үчүн Кара-Кум сапырылган эле кум эмес, а ыр. Мукамдуу, обондуу ыр. Алыстан биздин жаратылышыбыздын өзгөчөлүгүн, элибиздин мүнөзүн жакшыраак байкайсың.

А.А: Ата жериңизге болгон сагынчты кантип жазасыз? Түркмөнстанды сагынганда өзүңүздү эмне менен алаксытасыз?

Х.Х: Ал жактагы туугандырымды, агайындарымды, эже-карындаштарымды сагынам. Куса болом. Аларды өз жанымдай жакын сезем. Алар жөнөкөй, карапайым, момун, өздөрүн өздөрү коргой албаган карып адамдар. Аларды көзгө жаш албай эстөө мүмкүн эмес. Алар мага жазуучу деп ишенишчү. Алар мени жакшы китептерди жазат деп үмүт кылышчу. Күтүшчү. Сыймыктанышчу. Анан дагы биздин жердин сулуулугун көз алдыма элестетип, куса болом. Аптабын, ысыгын сагынам. Кээ күндөрү кадимки нанды, мөмө жемиштерди сагынам.

Мекениме болгон сагынычымды музыка менен жазам. Музыка керемет дүйнө да. Фольклордук чыгармаларды окуйм, жакшы адамдарды жана кубанычтуу окуяларды эстейм. Бирок да сагынычты басуунун негизги дарысы — эмгек.

А.А: Сизди, маркум Ширалы Нурмурадовду (1945-2016) жана башка чыгармачыл адамдарды эрктүү Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов маалында, 1990-жылдардын ортосунда республикадан чыгып кетүүгө мажбур кылышкан. Андан бери анча мезгил өттү. Азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун чыгармачыл адамдардан коркуу себеби эмнеде?

Х.Х: Себеби алар айкындыктан, чындыктан, ачуу сөздөн коркушат. Өлкө президенти өзү баш болуп, бүт бийлик коррупция сазына батып калган. Түркмөнстандагы бийликтин 80 проценти Гурбангулы Бердымухамедовдун кичинекей уруусунан чыккан адамдардын колунда топтолгонун маалымат каражаттары көп эле жолу жазбадыбы. Бул жөнүндө Түркмөнстанда бир да тирүү жан “лам” деп ооз ача албайт.

А.А: Cиз Түркмөнстанга барганда элдин чарк-маанайын байкагандай мүмкүнчүлүгүңүз болду да. Көпчүлүк калк азыркы бийликтин кем таалай саясатын түшүнөт бекен?

Х.Х: Албетте. Бирок аларда азыркыдай бийликтин күнү бүтөт деген үмүт жок. Аларда эртең эркин жашоо да келет деген ишеним жок. Алар инерция менен жашоодо. Эч кимде болочокто тигиндей кылам, мындай кылам, мындай иштерди жасайм деген конркреттүү план жок. Андай ойлору болсо да, анын шыбырап, жең ичинен айтышат.

А.А: Сиздин китептериңиз өлкөдөгү бардык китепканалардан жыйналып алынып, окууга тыйуу салынган адабияттардын тизмесине киргизилген. Жаңылбасам, Ширалынын да китептери кара тизмеге кошулган. Мындан ким көп зыян тартты: Бийликпи же Сиз жана Сиздин калемдештериңизби? 

Х.Х: Менин оюмча, ким жоготуу жөнүндө ойлосо, ким эми баарынан кол жуудум десе, ал баарынан айрылат, баарын жоготот. Ошентсе да, биз көптү жоготтук деп ойлойм. Эгер өлкө дарбазасы биз үчүн ачык болгондо, мен жана менин калемдештерим көп пайдалуу иштерди жасамакпыз. Биз жок биздин адабиятыбыз жетим калды, биздин балдарыбыз жетим болду. Биз өзүбүз көп нерсени жоготтук.

А.А: Ошол эле учурда республикада жыл сайын Махтумкули3 күнү ырасмий түрдө белгиленет. Бул өздөрүн журт кеменгери деп атаган президенттердин букараларга өздөрүн илим-билимдүү көрсөтүү аракетеби же алар чындап эле Махтумкулинин чыгармаларын урматташабы?

Х.Х:Амирбек, билесиңби? Ким айтканы эсимде жок. Айтор, бир европалык акылман айткан: «Биз башка бирөөлөрдүн ысмына айткан мактоо сөздөр кайсы бир жолдор менен өзүбүзгө кайтат» деп. Бул сөз, өзгөчө, чоң кызматтагы адамдарга тиешелүү. Махтымкули Пирагани бийлик канчалык көкөлөткөн сайын, Аркадагдын тегерегиндегилер анын өзүн да ошончолук Айга, Күнгө теңеп мактай баштайт эмеспи. Экинчиден, Махтумкили улут сыймыгы, жандай көргөн акыл тумары. Ошого улуу сопу акындын ысмын бийликтегилер эл менен тең бөлүшүп, анын аркасы менен Махтумкулинин руханий дөөлөтүн улут көсөмү-президент да сыйлайт деп элге шарданалап жатпайбы. Бирок алар Махтумкулинин мурастарын ушундай эле энерегия менен басып жаткан жок да. Элге ташбыйкаттап же пропагандалап жаткан жок. Анткени Махтымкули Пирага эки жарым кылымдай мурда айтып кеткен ойлор авторитардык башкаруу үчүн “дүрмөттүү челектей” коркунучтуу.

А.А: Кандай деп ойлойсуз: бүгүнкү ааламдашуу заманында адабият сөз эркиндиги, ой эркиндигине уруксат берилбеген, өлкө президенти “жазган китеп” калк үчүн Алиппе ордуна Алиппе болгон жана каалгасы жабык коргон ичинде өнүгө алабы?

Х.Х: Жок! Андай коргондун ичинде адабияттын өнүгүүсү мүмкүн эмес. Ырас, сырт дүйнөгө жабык коомдо адабият өнүгүп жаткандай көрүнүшү ыктымал. Ал бирок жазуучулардын жигеринен жаралган реалдуу адабият эмес. Түркмөнстанда  басмадан китептер чыгып жатат, атүгүл китеп көргөзмөлөрү уюштурулат жана Түркмөнстан түрдүү эл аралык китеп жарманкелерине такай катышып жүрөт. Өкүнүчтүүсү, андай көргөзмөлөргө негизинен сөздүктөр коюлат, а көркөм адабият жокко эсе. Өлкөнүн азыркы президенти — Аркадаг 2007-жылы тактыга отургандан бери 40 чакты китеп жазганга үлгүрдү. Ал китептердин кайсынысы негизги китеп экенин эч ким билбейт. Бардык жетекчилер жумуш ордундагы столдун бетине Бердымухаммедовдун беш-алты китебин коюп койгон. Ал китептердин бирин окуганбы же жокпу, ит билет? Анткени, Аркадаг өзү жазган китептерин окубаган. Окуган болсо, жолугушууларда же башка бир салтантаттарда ошо жазган китептеринен бирин-экин акылдуу сөздү, болбосо жок дегенде китептин атын атамак.

А.А: Худайберди ага! Сиздин эң чоң тилегиңиз эмне?

Х.Х: Түркменстанда сөз эркиндиги болсо, бийлик биздин жана башка дүйнө жазуучуларынын китептерине эшик ачса дейм, аттиң! Себеби ар кандай прогресс, ошондой эле кадыресе жашоо чындыктан, чын пейилден айтылган адилет сөздөн башталат.

«Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн диссидент жазуучу Худайберди Халлы менен маектешкен Амирбек АЗАМ уулу. Прага шаары

P.S. Биз да боордош элибиз – түркмөн калкынын өз Атажуртунан алыста жүргөн жазуучусу Худайберди аганы 70 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз! Жана даа кыргыз элине Худайберди Халлынын чыгармаларын которуп жеткирүү жагын колго алаар ниетибизди билдиребиз…

1Чал – бул сөз түркмөн тилинде улуу кишилерге карата айтылып, ак чач адам, абышка, чал деген маанини билдирет.
Тархан- бул сөз түркмөн адабий тилинде ченде жок өзүм билемдик, бейбаштык, адепсиздик дегенди түшүндүрөт.
Махтумкули Пираги (1724-1807), түркмөн акыны, ойчулу, түркмөн адабиятынын классиги.