Болгар эл жомогу: Эчки кулак Троян падыша

  • 13.08.2021
  • 2763

Троян падыша абдан келбеттүү болгону менен кулагы эчкиникиндей болот. Мындай кемчилигин эч кимге билгизбестен кулакчындуу баш кийим кийчү экен. Анын чачын кырган чачтарачтар кайра артка кайтышпаптыр. Анткени алар падышанын чачын алса, падыша эчки кулагын көргөнү үчүн алардын башын алчу экен.

Бир күнү Трояндын чачын алуу кезеги бир жесирдин жетимине жетет. Жигит чачын кырып бүткөндөн кийин падыша андан сурайт:

- Сенин бир туугандарың барбы?

- Жок, улуу урматтуум. Мен апамдын жалгызымын.

Падыша жаш баланын энесин аяп мындай дейт:

- Менин башыман көргөнүң тууралуу эч кимге айтпа, айтчу болсоң башыңды алдырам.

Бала тилин тишине басып, көргөнүн оозунан эзели чыгарбасын айтып карганат. Падыша балага ишенип, буга жараша акча берип, аны өзүнүн жеке чач алгычы кылып дайындайт. Ошентип бала падышанын чачы өскөн сайын алып жүрөт. Убада бергениндей эчки кулак жөнүндө эч кимге айтпайт. Бирок бул сыр анын көңүлүндө жөн жатпай кытыгылай берет. Кытыгыламак тургай оор жүк сыяктанып кыйнайт, кадимкидей бук кылып жиберет. Муну байкаган энеси эмне болгонун сурайт.

- Эгер кимдир-бирөөгө көңүлүмдөгү сырды аччу болсом башым кетет. Ошон үчүн оозумдан чыкпашы керек, бирок айткым келип, өзүмчө эле кыйналып атам, айтып алсам жеңилдей түшөт элем, - дейт бала. 

Ошондо көптү көргөн апасы мындай кеңеш берет:

- Ээн талаага баргын да, терең чуңкур казып, ага башыңды тыгып, алиги сырды үч жолу катуу айтып, көөмп салып келе берсең жеңилдей түшөсүң.

Муну туура көргөн бала апасы айткандай чуңкур казгандан кийин башын тыгып:

- Троян падыша эчки кулак! – деп үч жолу катуу айтат. Ошентип чуңкурду көөмп келгенден кийин бала чындап жеңилдей түшкөнсүйт.

Аз өттүбү, көп өттүбү – бир күнү алиги казылып кайра көмүлгөн жерге үч бутактуу чырпык өсүп чыгып, жылдар өтө чоң даракка айланат. Бир күнү бул дарактын түбүндө жатып жайылган койго көз салган койчуман зериккенинен бутактан кесип алып чоор жасайт. Жасап бүтүп эле оозуна такап үйлөсө:

- Троян падыша эчки кулак! – деген үн чыгат. Чочуп кеткен койчу кайра үйлөсө жанагы сөз кайра кайталанат: - Троян падыша эчки кулак!

Ошентип чоор үнү элге тарап, падышанын кулагы эчкиникиндей экени сыр болбой калат. Ал акыры падышага угулганда сырды сактабаганы үчүн баланын башын алдырмай болот. Жансоогалаган бала актануу иретинде болгонун болгондой айтат. Эми падышанын ачуусун таң калуусу жеңип, ошол сырды элге жайган даракты көрсөтүүсүн буюрат. Бала падышаны даракка ээрчитип келип, болгон ишти далилдөө иретинде андан чоор жасап үйлөгөндө “Троян падыша эчки кулак!” – деген үн чыгат.

Ошондо Троян падыша бул дүйнөдө эч бир сыр сакталбасына көзү жетип, баланы кечирип, эчки кулагын эми элден жашырбай калат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз