Михаил Зощенко: Баасын бычып баш кошуу

  • 17.09.2021
  • 2730

АҢГЕМЕ

Мурда, - дейт Григорий Иванович, - бардыгы жөнөкөй эле. Күйөө болчулар үчүн бардыгы алаканга салгандай. Мисалы, мына колукту, мына анын энеси, а бул кызга берилчү сеп. Сеп болгондо, эсеби маселен, кандай сеп: акчалайбы же, балким, фундаменттүү үйбү.

Маселен акчалай болсо – сүйүнгөн атакеси суммасын жарыя кылат. Эгер фундаменттүү үй болсо, кайрадан эле башка кеп –  ал кандай үй? Балким жыгачтан салынганбы же балким, кирпичтен тургузулгандыр. Бардыгы ачык, бардыгы көрүнүп турат, эч ким эч кимди алдай албайт.

А азырчы? Бечара күйөө. Барып көр. Себине эмне берет, эмне коёт сураба – унчукпай үйлөн. Анткени азыркы кайната, кайненелерде септи акчалай берүү деген адат  жоголгон. А колукту менен кошо мүлк келет деп үмүттөнгөн  күйөлөрдүкү – андан да жаман.

Эсеби маселен, кыймылсыз мүлк дейли – илгичте тон илинип турат. Болуптур, илинип турсун. Бир ай өттү, экинчи айда деле ошол жерде. Күн сайын көз алдыңда, колуң менен сылап-сыйпап көрсөң да болот, а чындыгына келгенде, ал тон  сеп менен келбей эле, бөлмөдө силер менен ижарада жашаган жигиттики болуп чыгат. Же мамык төшөктү алалы. Карап турсаң  - куштун тыбынан жасалган мамык эле төшөк, жата кетсең куштун тыбыты эмес, канат-куйругун эле кескилеп салып койгон болуп чыгат.

Мына сага сеп! Мындай септен каның бузулат эмеспи.

Эх, деги бул дүйнө эмне болуп баратат – эсеп-кысабы жок, а сен үйлөн!

Мен 1909-жылдан берки, эски революционермин, бардык партияда болдум, ошентсе да башым тегеренип акылым  жетпейт.

Бирок бирөө бар – кызматта иштеген колуктулар. Алардыкы көрүнүп турат: айлык маяна, разряд, категория... Бирок, бул жерде да сызга отуруп калышың мүмкүн.

Мага ошондойлордун бирөө жагып калды. Тиктештик. Тааныштык. Тигил-бул сөз, кайда иштейсиз, канча аласыз? Разрядыңыз,  маянаңыз?

- Складда иштейм, -дейт. - Маянам мынча.

- Анда, - дейм, - мерси, абдан жакшы. Сиз, - дейм, - мага жагасыз. Разрядыңыз да татынакай экен, маянаңыз да көңүл жубатарлык. Таанышып алалы.

Кинематографга бара баштадык. Мен төлөйм. Бир же эки жумадан кийин маселени кабыргасынан коюп:

- Үйүңө чакыр, - дедим.

Үйүнө келдик. Үйүндө картаң энеси, атасы – улгайган революционер, Кызы – колукту, аны жандаган мен – анын жигити сымал.

Ошону менен алардыкына келе баштадым. Келип байкоо салам. Апасы менен философиялык темада маектешем: турмуш шартыңар кандай, кыйналган жоксуңарбы? Кудай сактасын деңизчи, жардамга муктаж эмеспи?

- Жок, - дейт кемпир, - жардамга муктаж эмеспиз. Сеп боюнча болсо, калп айта албайм, - себи жок. Ошентсе да ич кийим, жарым дюжина[1] кашык кошуп берсе болот.

- Ах, -  дейм, - байбиче, кудайдын сүйгөн пендеси! Жарым дюжинабы же толук дюжинабы, - аны бара көрөбүз. Алдын ала эле айтып эмне азап. Мага, - дейм, - кызыңар ансыз да жагат. Кантсе да он бешинчи разряд, жеңилдиктер, талондор... Ошолор эле сеп эсебинде эмеспи.

Байбиче, кудайдын сүйгөн пендеси, - ыйлап жиберди. Атакеси,эски революционер, ал да көзүнө жаш алды.

- Андай болсо, үйлөнсөң мейли, кагылайын, - деди.

Ошону менен куда түштүм. Сөздөр. Күбүң-шыбың... улутунуу...

Кемпир, кудайдын сүйгөн пендеси, чиркөө тууралуу сөз козгойт. Чиркөөдөнбекемдеп койсо дурус болот эле дегендей.

А мен болсо:

- Ансыз да бекемдейбиз. Мен, - дедим, - эски революционермин. Тазаланууну күтпөй партиядан чыгып алгам. Өзүмдүн абийриме каршы бара албайм. Кыйнабагыла.

Кемпир ыйлады. Атасы да, эски революционер көзүнө жаш алды. Бирок макул болушту.

Биз үйлөнүп алдык.

Ар күнү жаш, сулуу келинчегим таң эртеңден кызматына кетет, саат төрттөрдө - үйгө кайтат. А колунда түйүнчөк.

Арийне, адаттагыдай эле эркелеткен сөздөр – тура-гой Гриша, капталың ооруду го,- дегендей.

Кайрадан сүйүнгөндөн көз жаштар, ысыгыбыз тарабайт.

Ушундай ынтымак жаңы стил[2] боюнча эки айга чейин уланды.

Анан эле бир күнү жаш, сулуу келинчегим түйүнчөгү жок келди. Ыйлап алгандай.

- Эмне ыйладыңсыз,- дейм,- кудай сактай көр, эмне, түйүнчөгүңүздү жоготуп алдыңызбы?

- Ой жок, - дейт, - түйүнчөк эмне экен? Мени кыскартып, иштен бошотуп коюшту.

- Койсоңузчу, -дейм, - ал эмнеси!

- Ошондой болду, - дейт.

- Кечирип гана коёсуз, - дедим, - мен силерден сеп доолаган жерим жок,  себеби, - дедим, - мен сиздин кызматыңызды эсепке алгамын да.

А жаш келинчегим ого бетер өңгүрөйт.

- Ооба, - дейт, - турмушка чыккан катары бошотуп коюшту.

- Коё тур, - дедим, - мен өзүм силердин кызматыңарга барып, түшүндүрөм. Андай болбойт.

Ошентип, шымымды шаша- буша кийдим да, чыгып кеттим.

Келдим. Жетекчиси сакалчан, эски революционерге окшогон эме экен.

Мен ал акмакка бардыгын түшүндүрүп айтсам да, кебелип койбойт: эч нерсе билбейм дейт. Мен ага сеп жөнүндө айтсам, ал үй-бүлөлүк ишиңерге кийлигише албайм дейт.

Мен:

- Мен дагы сага окшогон эски революционермин, 1905-жылдан бери, - дейм.

Ал болсо сыйым менен бөлмөдөн чыгып кетүүмдү өтүндү.

Аны менен коштошуп, үйгө жөнөдүм. Келдим. Келинчегим отурат, ыйлабай калыптыр.

- Эмнеге, - дедим, -  ыйлабай калдыңыз! Мен, - дедим, - сизге үйлөнгөн элем, а сиз жумушуңуздан эмне кыскарасыз?

Аны колдон алып, энесине келдик.

- Ыракмат, - дедим,- кылганыңарга. Дюжина кашык бердик, бүттү дегиңер барбы?

Кемпир, кудайдын пендеси ыйлап атат. Атакеси,эски революционер, ал да көзүнө жаш алып:

- Бардыгы, - дейт, - кудайдан да. Балким, - дейт, - ансыз деле жашап кетээрсиңер.

Бул сөзү үчүн атакесин тумшуктан ары бир салгым келди, бирок кармандым. Бул шүмшүк сотко бериши да мүмкүн да.

Түкүрүп туруп баса бердим...

Ажырашып кеткем. Учурда ылайыктуу колукту издеп жүрөм...

Которгон Марсел ИСАКОВ


[1] Эски сан бирдиги бирдиги. 1дюжина  - 12 даанага туура келет.

[2] 1918-жылы февралда Россия жыл саноонун жаңы стилине – Юлиан календарынан Григориан календарына өткөн. Декрет боюнча 1918-жылдын 31-январынан кийин 1- февраль эмес, 14-февраль деп эсептелип, ошондон бери ушул стилде эсептелинет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз