Дустбек Сулайманов: Жасалма «миллиардер»

  • 20.02.2022
  • 2562

АҢГЕМЕ

– Акчаны качан кайтарасың?

– Айттым го берем деп. Мага мынча жабышып калдыңбы?

– Берем дегениң качан эле, сен үчүн бирөөдөн алып бергем.

– Ашыкпа. Мен качкан жокмун.

– Туура, качкан жоксуң, бирок сени деп мен бирөөлөрдөн качып жүрөм, митаам? - Акбар Санжардын жакасына жабышты.

— Колуңду коё бер, — Санжар жулкуду. – Кай жерден жолуктум өзү сага. Эгер сен болбогондо эч нерсе болмок эмес.

– Дагы мени күнөөлөп жатасыңбы? Сен жакшылыкты билбеген жүзү кара экенсиң?

– Өзүң жүзү кара. Болбогон ишти деп башыма бир дүйнө чыр-чатакты арттырып алдым.

– Мен билбейм, башымды оорутпа, акчаны тап, – Акбар тумчуктап кыйкырды. – Э, сага окшогон достун барынан жогу жакшы...

Ал колун булгалап басып кетти.

*     *     *

Санжар интернетке кирип электрондук почтасына көз чаптырды. Ой, жаңы каттар келиптир го. Кимден? Экөө тааныштарынан, бирөө белгисиз даректен эле. Аты жана дареги англис тилинде түшүнүксүз жазылган экен. Катты окуду. Чет тилде жазылган каттан эч нерсе түшүнгөн жок. Болгону 400 000 фунт стерлинг дегенин түшүнгөндөй болду. «Бул эмнеси болду? Лотерея сыяктуу нерсе эмеспи?»

Катты кагазга чыгарып, чет тилдер институтунда окуган таанышы Акбарга көрсөттү. Үч жылдан бери институтта окуп, англис тилин жакшы билип калган студент кыскача түшүндүрдү:

– Кыскасы, досум лотерея утуп алыпсың. Англияда жашаган бир миллиардер каза болуптур. Андан калган акчаны мураскорлорго өткөрүп бериш керек экен. Эң кызыгы...

– Мынча көп чайнадың? Айта бер.

– Ал миллиардердин мураскорлорунун арасында сен да бар экенсиң.

– Мен Лондондо эмне кылып жүрөм?

– Анысын билбедим, менимче бул кандайдыр лотереяга окшогон нерсе. Аракет кылып көрүү керек, балким ооматың келип, айтылган акчаны алсаң, сенден бай, сенден артык киши болбойт. – Анан билгичтик кылып эсептей баштады:

– Кана, 400 миң фунт стерлингди долларга которсок, 800 миң доллар болот, ал бизде 2 миллиард сомдон ашат. Дагы билбедим.

– Эй, сөздү кыска кыл, эмне деп жатасың?

– Дос, куттуктайм, миллиардер маңдайымда турганын билбеген экем.

– Тамаша кылба, сени азыр аяп отурбайм.

– Кара, каттын аягында, эгер анкетаны белгиленген мөөнөткө чейин толтуруп жиберсең, финиш сеники деп жазылган.

– Тагыраак түшүндүр.

– Жүр, интернетке кирели, – Акбар Санжарды сүйрөп кетти. Ал тууралуу интернетте суралган маалыматтардын баарын жазып жиберишти.

– Дос, кызматың чоң болуп жатат, буюрса, акчаны алсам, сага жаңы «Нексия» белек кылам, — Санжар да утуш бар экенине ишене баштады.

– Чын элеби? Кандай жардам керек болсо айт, тартынба.

– Макул, каттын жообун күтөлү.

Эки күндөн кийин ошол эле даректен дагы кат келди. Котормочу Акбар маңдайын тырыштырып которо баштады:

– Алардын адвокаты сенин адвокатың менен сүйлөшүп алуусу керек экен. Ал акча которуу маселесин чечүү керектигин айтып жатат.

– Дагы кандай адвокат? Адвокатты кайдан табам эми?

– Керек болсо табасың, калган сөздү ук. Эртең саат 11:00дө адвокат телефонуңа чалат экен.

– Кызык, адвокатты кайдан табам?

– Эмне коркунучу бар? – Акбар быдылдап дагы сүйлөй кетти. – Чалсынчы мурда. Мен сага адвокат болом. «Нексияны» халал алышым керек.

– Макул, келиштик, эртең парага кирбейбиз. Ушул маселени чечип алалы.

Санжар бөлмөсүнө келип ордуна жатты. Таттуу кыялдар менен уктап калды. Түшүндө ал үрөй учурган чет элдик машине айдап бараткан экен. Жанында акча толтурулган чемодан. Болот экен го деп акчаны алганына сүйүнүп кетиптир.

Ал кубанганынан ойгонуп кетти. Бул түштүн бир өзгөчөлүгү бар деп ойлоду. Ага дагы кыялданып отурду. «Эки миллиард сом. Бир дегенден ушунча акча. Канакей, азыр колумда болуп калса. Биринчи кезекте Акбар досума машине алып берет элем, кызматы көп анын. Атамдын “Жигулиси” да аябай эскирди. Бир «Нексияны» белекке берсем жаман болбойт. Аябай кубанат эле. Менин окуума төлөгөн контракттын акчалары заматта унутулмак. Агамга «Дамас» алып берсем, иним да куру калбасын, «Матиздин» ачкычын колуна карматсам болот. Кана, эми өзүмө шаардан жакшынакай үй алсам, «бай» атка ээ болгондон кийин, машине жок дегенде «Ласетти» болушу керек. Дагы канча акча калды?.. Кыял жакшы нерсе, каалаганча сеники, аны эч ким тартып ала албайт. Санжар да таттуу кыялданып жатты.

Эртең менен Акбарга жолугуп:

– Саат 11де жолугушууну унутпа, – деп кайра-кайра айтты.

– Сөз жок, баары «окей» болот, – деди Акбар жылмаюу менен баш бармагын көтөрүп.

Макулдашылган убакытка аз калганда аллеядан жолугушту.

– Телефон чалган жокпу? — деди Акбар энтигип.

– Жок, эми чалып калса керек. Жүр, тиги скамейкада отуруп туралы.

Макулдашылган убакта белгисиз номерден коңгуроо чалышты.

– Саламатсызбы, угуп жатам, - деди Санжар эч нерсеге түшүнбөй, анан телофонду Акбарга сунду. - Ме, сүйлөш, англисче сүйлөп жатат.

Акбар жарым-жартылай болсо да кыйла убакыт сүйлөштү. “Окей, окей, сенкю, сенкю” деп бир нече жолу кайталагандан кийин сүйлөшүү бүттү.

– Смит мырзанын адвокаты эмне дейт? Сүйлөчү?

– Баардык иш жакшы дейт. Дагы бир кат келет экен. Ал катка жооп жазышыбыз керек экен.

– Акчаны жиберебиз деп жатабы?

– Билбейм. Анын айтымында, баары ордунда.

– Макул, күтө туралы анда.

Эртеси дагы кат келди. Акбар шашып которо баштады:

– Алардын айтымында, нотариус жана башка айрым кызматтар үчүн акча төлөшүң керек дейт. Кана, дагы көрсөтүлгөн эсеп номерине 600 доллар салуу керек экен.

– Эмне деп жатасың, дос, тырмагымдын кирин соруп жүргөн студент болсом, 600 долларды кайдан табам?

– Эми сен да түшүнчү, дос, илгеркилер айткандай, 80 сом кетпесе, 90 сом келбейт. Сен болгону 600 долларга миллиардер болуп жатасың.

– Кана, эмне кыл дейсиң, мээң компьютер го, колдон, бекер «Нексия» алып берер акмак жок.

– «Нексия» алып берем деп башымды оорутпа. Мен да карап турган жокмун. Натыйжа болуш үчүн айтылган долларды таап жөнөтүш керек.

– Макул, түшүндүм. Акчаны кимден алам эми?

– Сен да акча изде. Мен да карап турбайм.

Санжар тааныштарынан карыз алды. Ар ким колунан келишинче акча берип, жардам беришти. «Кара базардан» 600 доллар алып, банкка барып, көрсөтүлгөн эсеп номерине жөнөтүштү.

Арадан күндөр, айлар, жылдар өттү. Бирок эми кат да, кабар да келе элек.

Өзбекчеден которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Дустбек СУЛАЙМАНОВ – 1981-жылы 21-февралда Самарканд облусунун Кошрабат районунда туулган. 1998-жылы ушул эле райондогу № 70-орто мектепти аяктаган. 1999–2003-жылдары Самарканд мамлекеттик университетинде окуган. 2005–2006-жылдары ошол эле университеттин магистри болгон.

Эмгек жолун 2003-жылы “Эрудит” чыгармачылык борборунда адабий кызматкерликтен баштаган. 2004–2005-жылдары Самарканд медициналык институтунун «Шифокор» гезитинде жооптуу катчы, 2007–2008-жылдары «Ало кайфият» журналынын редакторунун орун басары, 2008–2009-жылдары «Эрудит» гезитинин редактору, 2009–2011-ж. - «Адолат сари» юридикалык гезитинде кабарчы, 2013-жылдан Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Хукук» юридикалык гезитинин Самарканд, Жызак облусу боюнча кабарчысы, 2014-жылдан бери Самарканд облустук прокуратурасынын басма сөз кызматында эмгектенип келет.

Анын чыгармачылыгы республикалык жана жергиликтүү маалымат каражаттарында үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Ошондой эле “Зарафшон мавжлари” альманахы жана “Ziyouz” порталында “Өзбек прозасынын онлайн антологиясына” кирген.

2020-жылы "Чокуларды көздөй..." аңгемелер жыйнагы, 2021-жылы "Салам кана?" сатиралык аңгемелер жыйнагы басмадан чыккан.

Өз кезегинде аңгемелери орус, тажик жана түрк тилдерине которулуп, чет элдик басылмаларда жарыяланган. Анын сценарийлеринин негизинде бир нече теленовелалар эфирге чыккан.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз