БИР ШАКТАГЫ АЛМАЛАР
Жер менен таңдай дос элек.
Экөөбүз тең ыр жазчубуз эгиз окшош жоош эмес.
Сен бүтө элек монологду күпүлдөтө мен улап
бир гана роль аткарчубуз, ээ, Мурат.
Биздин элпек манжалар
бир гана роялда даң салышчу
жүзүбүзгө жүрөктөн кан шар атып.
Ойноочубуз бир аянтта
жалгыз топту жарылгыча талашып.
Тоодон чыгып,
тоого житкен жолубуз да бир эле,
тим эле
сөздөр менен шаар курчубуз тилибиздин үстүнө.
Тайралаңдап бир кыз келди экөөбүздүн тагдырга,
сүйүп калдың,
сүйүп калдым. Таштап салдык жанды ырга.
Саа шимиткен эриндерин мага дагы шимитти.
Көчөлөрдө ортобузда ойсоктоп,
сени менен,
мени менен бийлеп жүрду «Твисти».
Бир күн сенин көөдөнүңө күп жыгылып ыйлады,
аз калдың баш кошкону,
бир күн менин көөдөнүмө күп жыгылып ыйлады,
аз калдым баш кошкону...
Азыр сенде ошол кыздын кош колу!
Ыр жазганды ыргыттың да,
сынды ышкырта баштадың
бектей каардуу,
төрөпейил сөз менен,
ырларымды окуйсуң
акшырайган көз менен...
Башка кызды сүйүүгө анда
жетпептирби же кубат.
Бир шактагы алмалардай окшош элек, ээ, Мурат!
27. 12. 1968.
АТА
Ал оор үшкүрдү.
Көздөрү жашылданды кайгы тамактап,
жел китебин окуп жатты барактап.
Терезеге ачык — экрандай,
ар жагында кайнаган тиричилик.
Ал карады Күнгө тике,
энеге эреркеген наристедей,
Көздөрү бытырадай жашка толду,
жүзүнө агып селдей.
Жеңилденди...
Салаалады тармалынан жанган чачын.
Ай-талаадай маңдайында
синусоида — сызыктардын толкуну.
(Жел бетинен баладай аймады да...)
Өйкөп жатты көкүрөгүн
кайгылардын борчугу.
Күзгүлөнгөн карегине кадалган...
Уул элеси жез алкакка камалган...
«Ак кар басты башымды...
Тирүү болсоң улантпас белең жашымды!
Учуп кеткен жаш өмүрүң упадай... —
Күңүрөнөт туруп алып бутадай,—
тирүү болсоң колдон алып эл ишин,
кайра элге берет элең
эмгегиңдин жемишин...»
Ал оор үшкүрдү.
Көздөрү жашылданды кайгы тамактап,
жел китебин окуп жатты барактап.
Бөлмөсүндө турган дым чыкпай,
эшикти кол чокуп жатты чымчыктай.
Селт этти ал,
житип кетти кайгылары бир жакка.
Эшик ачты,
— Сүйүнчү! — күлөт жайнап,
коңшусунун тентек кара баласы,—
апам түндө кыз төрөдү...
«Аман болсун, адам болсун бөбөгү!» —
Ал калдактап кайра кирди бөлмөгө,
тердеп кетти түшкөн өңдүү көлмөгө.
Өз уулунан калган оюнчуктардын
алды баарын текчеден,
кучактатты пейли менен кепкенен.
Өпкүлөдү — ооба, бир күч айматты...
Салып уруп кетти наристе...
Балалыкка термеп аймакты...
Ойлор жетип келсе керек мүшкүлдүү,
ал оор үшкүрдү.
Жашаргысы келди кайра шарактап,
жел китебин окуп жатты барактап.
* * *
Менде кайсы тынчтык болсун, байкебай,
кулактарым капкайдагы үндөрдү
жыйып алып сезимге чаң салдырат.
Сезимдерим арфанын кылдарындай шаңгырап,
чарт үзүлөт заматта...
Кайгы, сүйүү, кубаныч
Коргошундай уюп турат... толкуп турат кабакта.
Мээмде ойлор жылкылардай дүбүрөп,
көздөрүмчү, дүйнө кезип жүгүрөт.
Дүйнө — базар... Көздөрүмдү куюп алып табакка
көрсүн деп нагыз чындыкты,
сунгум келет сокурга!
...Алдамчы жүрөктөргө картеч болуп атылып,
жалганчы өпкөлөргө өчпөс өртү чачылып,
кастарлап чындык асманын
келет күлүп карегим.
Жерге, сууга, таштарга
чындык үчүн бытырадай таштарын
келет күбүп карегим!
...Кызып ачуу кептерге,
тарам-тарам нугунда
кыпкызыл жылдыздардан бүткөн каным шарпылдап,
уйкум ачат умачтай.
Аппак таңдай мамыкта,
чабалактайм булактай...
...Күндү артымдан ээрчиткен,
там-туң баскан сүйүүлөр жүрөгүмдө телчиккен.
Жүрөгүчү сүйүүмдүн,—
асмандаган кызыл аска, алп аска,
чыгып барам кумурскадай жөрмөлөп,
чокусуна сайып коюп, кирсиз туумду көңүлдөй
Чокусунан келет карагым,
дүйнөлөргө бей тааныш...
Өмүр гана, ырлар гана даң салган...
Мен өзүмдү жуургум келет чындыктан бүткөн сүйүүгө,
мен өзүмдү сүйдүргүм келет чындыкка,—
менде кайсы тынчтык болсун байкебай...
ЧАК ТҮШТӨ
Гүлдөрдөй бажырайып алда-кайдан
сайылган кол чатырлар кумга бекем.
Мишендей көлөкөлөр тептегерек,
жатышат кыздар уюп — таттуу каймак.
Көл дагы кумарланып кетсе керек,
жете албай жанталашат таштан аймап.
Желаргы толкундардан тайгалана,
кыздарды таман өйдө жыттагылайт.
Таратып кум, күн демин денелерге,
жалындап жаш сүйүүдөй ысыгын айт!
Чардактар толкун көзөп жазат черин...
Көл мен өңдүү суктанып сулууларга,
ыргытат мөлтүрөгөн каректерин.
* * *
Чыктыңыз аппак Күнгө
жашынган идеалдай,
жел элем, бороон болдум
сизди эч ие албай,
сизди эч ие албай.
«Өт!» дедим
канжайлоодой
көңүлүмдү ача сала.
Эх, сизди жулуп кетти троллейбус!
Эх, сизди катып алды жатакана!
Сезимдер шуудур каккан
чытырман камыш экен,
бачырап күйүп жатат,
кылайган түтүнү жок,
жалыны агыш экен,
сезимдер шуудур каккан
чытырман камыш экен...
Сүйүү эмне, мыкты оюнбу,
ачылдым сахнадай.
Сүйүү эмне, кыска оюнбу,
жабылдым сахнадай.
ДЕҢИЗДЕ
Улуттук боштондук үчүн күрөшкөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн патриотторуна
Деңиздин түбүнө бир түштүң бекен?
Таң каласың,
Ачалбай басымдын «дарбазасын»,
жашынып токоюна балырлардын
не деген «кембагалдар»
тостоюп карап турат.
Булгалап кылыч тишин акулабай
аларга чууну салып... алат дуулап!
Кыпкызыл канга батып деңиз түбү...
балыктар салют сымак атылышып
эңсешет жеңиш күнүн...
Чуу салат аларга анан кашолоттор —
билет алар бир гана оозун ачып... жутканды.
Медузалар чакыраят... жыйрылат
айрый албай досу менен душманды.
А киттердин ашказаны өзүнчө эле бир дүйнө,
тыбырчылайт анда канча тонна
балык менен дельфиндер
табалышпай эркин жер...
Самап алар жашоонун көк асманын,
сүйөт чексиз деңиздин
күндөр чыгып, күндөр баткан жактарын!
Алар — шайдоот чалгынчы.
Алар — улуу адилет!
Сүйүүлөрү жүрөгүңдү тарс-тарс муштайт:
«Кабыл эт!».
...Бу не деген кан төгүшүү басып жөө!
Быт-чыт кылып деңиз түбүн...
А дельфиндер жалбырт этип
жарыялайт ЖЕҢИШ КҮНҮН!
* * *
Мелмилдеген мейкиндерге,
деңиздерге барбайын(!)
ар дайым
тармал чач байкемдей серепчилеп,
жеңекемдей булгалап тыбыт жоолук,
тоолор мени жок издешип
мойнун созуп карашат,
санааркашып, эчкирип, —
келатканда күйүп таң,
келатканда кеч кирип.
...Кайтам кайра жарым жолдон
Кочушумдан шар төгүлүп жаштыгым...
15. 01. 1969.
ТҮН+ЭТЮД+АЙ
Ай
футбол тобундай
гол! батышка.
Сен менден ыдырайсың... качып ары.
Фонтамастын жүзүндөй көпкөк асман,
алтын чечек, күмүш чечек басып аны.
Мен сенден сууруламын ак албарстай.
Чекең мага жылдыздуу аалам сындуу,
терлери көздү уялтып — тып, тып, тып...
Жүгөндүн ооздугундай шылдырап суу,
кошкурат бир аргымак күн кулактуу,
аны атаң таппай жүрөт жыгылып-кооп,
ал баткан ай сыяктуу.
Экөөбүз алма менен алмурут болуп
кыйышкан гүлүн жерге эч мүрзөсүз...
Көзүңдөн тайгылган ай
сен көрө элек денемдей күрөң эле...
Керсары эле
сүйгөнүнө жегпеген бечарадай.
Жеке таздын башындай жылтыр эле
куулукка жык...
Азыр ал угуп жаткан болсо керек
бырбыктаган ыйларды же күлкүнү,
жалпактаган жалбарууну,
чак-чак эткен сөгүүнү.
Чыктыбы ал аш үстүнөн? Той үстүнөн?
Ажыдаардай булутка жутулдубу?..
Нурлары анын
жылт-жулт этип мизиндей устаранын
ар качан таштап кетет экөөбүздү.
Бир жерде катып калуу —
душманы анын.
21. 01. 1969.