Антон Чехов: Тергөөчү

  • 02.09.2021
  • 2937

АҢГЕМЕ

Ажайып бир жаздын түшкү чээнинде өлүктү талдоо үчүн округдун доктуру менен соттук төргөөчү жолдо баратышты. Отуз беш жашка барып калган тергөөчү аттарды саамайы менен сыдыра карап олтуруп, сөз салып калды:

- Табиятта билинбеген нечен сырлар жатат, бирок кадимки турмушта да акылга сыйгыс окуяларга байма-бай кабылат экенбиз. Дегеним, бир гана көз ачык же спириттер гана түшүндүрүүгө чамасы жетчүүдөй бир канча табышмактуу, кызык өлүмдөргө күбө болдум. Мындайга жөнөкөй адамдар акыл калчап, түшүнүк бере албас. Мисал кылып бир интеллигенттүү аялды сөз кылайын. Бу аял өзүнүн өлө турган күнүн алдын ала билип, ошол күнү эч бир себепсиз көз жумду. Ал өзү айтканындай баланча күнү өлүп тим болду.

- Аңгыча болбой, шамалсыз бактын башы кыймылдабайт, - деп калды доктур. Өлүм болдубу, анын артында себеп да жатат. Алдын ала айтканы дейсиң, бул жерде таң калаарлык деле иш жок. Бизди курчаган аял, кемпирлерден бири калбай алдын ала билүү, сезүү деген жөндөмдөрүнө ээ эмеспи...

- Анткен күндө да доктур, мен айткан аял таптакыр өзгөчө. Анын өлүмү тууралуу алдын ала айтканында, эч кандай көз ачыктык, кемпирлик жок. Дени сак, акылдуу, эч кандай ырым-жырымы жок эле жаш бир аял болчу. Анын ушундай ачык, өткүр, чынчыл көздөрү жалт урунчу; деги анын жүзүнөн, эриндеринен маңдайы жарык, эстүү, орустун чыныгы жеңил күлкүсү бар аялын гана көрүүгө болор эле. Кемпирлик же катындык дейсизби, кандай баалаңыз, анда бир гана сулуулук жашаган. Бүт жагынан келишип, сымбаттуулугу, түпкү ушул кайыңдай болуп, чачтары да бир укмуш таралчу. Түшүнбөй калбаңыз! Дагы айта түшөйүн, ал ээликтире күлдүргөн, бейгам жашаган, өзгөчө акылы менен урунган, жеңил ойлуу адам болчу, аны көрүп катардагы жөнөкөй, жайдары адам экенин билүүгө болор эле. Бул жерде көз ачыктык, спиритизм, алдын ала сезүү же дагы бирдеме тууралуу сөз болушу мүмкүнбү? Мунун баарына ал күлүп гана коймок.

Доктурдун арабасы бир кудуктун жанына барып токтоду. Төргөөчү менен доктур суудан жакшылап ичип алышып, өйдө көтөрүлүштү да, айдоочу аттарды сугаргыча күтүп калышты.

- Качан араба ордунан козголо түшкөндө, эми ал аял кандайча көз жумду?- деп калды доктур.

- Анын өлүмү таң калаарлык. Жакшынакай эле бир күнү жолдошу аялына келип, Бобчинди (жолдошунун ушундай аты бар эле) алдыга чыгарыш үчүн, сол тарткычты которгондо тоскоолдуктар жаралбасын деп, жазгыга эски арабаны сатып, ордуна жаңы, жеңил араба алсакпы дейм? – деп кайрылып калат.

Аялы угуп бүткөн соң, жооп ирээтинде:

- Мен үчүн баары бир, өзүң билгениңдей кыла бер. Жайында мен көрүстөндө болом,- дейт.

Жолдошу болсо, этибар албай, ийинин көтөрүп күлүп коёт.

- Мен тамашасы жок,- деп калды анда аялы. - Мен сага жакын арада өлөрүмдү чындап айтып турам.

-  Деги чындап дегениң качан?

- Дароо төрөттөн кийин. Төрөйм анан өлөм.

Жолдошу аялынын бул сөздөрүнө анчалык маани бербеди. Ал алдын ала сезүү дегендерге ишене берчү эмес. Ошондой эле аялдардын кежирленип, болор болбос жаман ойлорду сүйлөп турарын да жакшы билчи. Бир күн өтпөй, жубайы, төрөттөн кийин өлөрүн кайрадан эскертип калат. Мына ошентип үйдүн кожойкеси ар күнү бул сөздөрүн айтып, көнүп алат. Жолдошу аялынын кылыктарына күлүп, кандай көз ачык, кемпир, жооруугучсуң деп эле, шылдыңдап калат. Аа болбосо аялды бу өлүм толугу менен арбап алат. Күйөөсү укпаса, аш бөлмөдөгү алдейчи менен ашпозчуга барып арманын айтат:

- Менин жашоом аз калды, алдей апа. Качан баламды көз ачырып алсам, дароо эле өлчүдөймүн. Мен деле эртелеп өлгүм келбейт, бирок тагдырым ушундай экен.

Муну укканда алдейчи менен ашпозчу да ыйлап ийишер эле. Кээде тиги үйдүн кожойкеси менен почточунун аялы келип калышчу. Анда да болбой, аларды бир бурчка отургузуп алып, жакынкы өлүмүн айтып, өксүгүн чыгарып алат. Алардын каршы сөздөрүнө кулак салбастан, жүзүн каардуу кылып алып, ыксыз күлкүлөрү менен чыныгы мүнөздө сөздөрүн кайталайт. Убагында сыланкорооз, саркеч неме болчу, эми жакында өлөр себептүүбү, эч нерсеге маани бербей, илээнди болуп калды. Мурункудай дарылдап алып айтчу кыял – жоорумасы жок, китепти барактаганы, күлүп калганы жок. Анысы аз келгенсип, жеңеси менен көрүстөнгө барып, өзүнө бейит тандады. Төрөрүнө беш күн калганда керээзин баракка түшүрдү. Ойлоп көрсөңүз, мунун баары эч бир оору-сыркоосуз, эч бир коркунучсуз эле болуп өттү. Төрөт аныгында зор нерсе, өлүмгө да алып барышы мүмкүн, бирок баары ойдогудай жакшы болгондуктан, коркуштун кажети жок эле.

Акырында аялынын бул кылыктары жолдошун тажатып ийди. Түштөнөрдө жолдошунун жини келип, ачуусу менен суроолуу сүйлөп ийди:

- Укчу бир, Наташа, бул жаман жоруктарың качан бүтөт?

- Бул сиз ойлогондой эмес, мен чындап турам.

 - Сандырактык! Мен сага бул келесоо жоруктарыңды токтот дейм, кийин өзүң эле уят болуп каласың.

Аз өтпөй төрөт күнү да келип жетти. Жолдошу шаардын эң мыкты төрөт айымын алып келди. Аялынын биринчи төрөтү болсо да, төрөт жеңил өттү. Төрөт бүткөн соң жаш апа баласын көрүүнү суранды. Баланы карады да, үнүн чыгарып, эми өлсөм болот туура,- деди.

Жанындагылары менен коштошуп, акырын көздөрүн жумду да, жарым саат аралыгында Кудайга жанын тапшырды. Акыркы мөөнөттөргө чейин ал баарын билип турган. Турганы ал, суу ордуна сүт келгенде, акырын үнүн чыгарып:

 - Эмне үчүн мага суунун ордуна сүт берип жатасыңар? - деген.

Окуя мына ушундай жүрдү. Кандай айтса, ошондой болуп көз жумду. Тергөөчү биразга унчукпай туруп, үшкүрүнүп алып кайра сөзүн улады:

- Айтыңызчы, ал эмнеден көз жумушу мүмкүн? Сизге чындыкты гана айтып турам. Мунун баары жөн эле ойдон чыгарылган окуя эмес, баары болгон окуя.

Ойлонуп олтуруп асманды карады да,

- Өлүктү союш керек болчу?- деди доктур.

  - Эмне үчүн?

- Өлүмдүн себебин билиш үчүн. Ал өзүнүн алдын ала сезе билгичтигинен өлгөн эмес. Кыязы, ал аял уу ичип өлгөн.

Тергөөчү доктурга жүзүн тез буруп, көздөрүн жүлжүйтүп, кайра суроо узатты:

- Эмне үчүн аны уу ичип өлдү деп жүйөө чыгарып жатасыз?

- Мен жүйөө чыгарбай эле, болгону божомолдоп турам. Жолдошу экөөнүн ортосу түзүк эле беле?

- Анчалык эмес... Пикир келишпестиктер үйлөнгөндөн көп өтпөй эле пайда болду. Бир канча жагымсыз окуялар болуп өткөн. Раматылык күйөөсүн башка менен болгон учурунда көрүп калат. Анткени менен ал күйөөсүн дароо кечирген.

- Алгач кайсынысы болду, анын өлөм деген ойлорубу же күйөөсүнүн ойноштук кылганыбы? - десе доктур, тергөөчү болсо доктур эмне үчүн мындай суроолорду берип жатат деп, түшүнүш үчүн аны такый тиктеди.

- Коё туруңуз, - деди ал бираз туруп. - Уруксат бериңиз, эстеп көрөйүн. - Тергөөчү башындагы шляпасын чечип, чекесин арчымакчы болду. - Ооба, ооба, анын өлөм деген сөздөрү, ошол окуядан кийин башталган.

 - Мына, ойлоп көрсөңүз. Кыязы, ошондо эле ал уу ичип өлүүнү ойлоп койгон. Өзү менен бирге ичиндеги баласын чогуу ала кеткиси келбей, өлүмүн төрөттөн кийинкиге калтырган.

 - Андай эмес. Андай болушу мүмкүн эмес. Ал ошондо эле кечирбеди беле...

 - Дароо кечирди дейсизби, жок, анын оюнда ошондо эле ушул ойлор тым эткен. Жаш катындар оңой менен кечире бербейт.

Тергөөчү өзүнүн толкунданганын билдирбеш үчүн араң жылмайып, папирусту шимире баштады.

 - Андай эмес, андай эмес,- деп уланта берди. - Менин оюма мындай жүрүш такыр келген эмес. Ойлой келсек, күйөөсү деле анчалык күнөлүү эмес.

 - Каалоосу менен деле аялына ойноштук кылган эмес. Үйүнө кечинде көңүлдүү келет. Ушунчалык аялын эркелеткиси келген. Бирок шайтан алгыр, кайдан-жайдан конокко үч күнгө келип калган бир аял алдынан чыгып, аялына алмаштырып алат. Кайдагы келесоо чалдыр, ырайы суук неме экен. Муну ойноштук деп да саноого болчудай эмес. Муну аялы деле көрүп түшүнүп, дароо кечирген. Бул тууралуу андан кийин деле бир сөз чыккан эмес.

  - Адамдар себепсиз өлө бербейт,- деп калды доктур.

  - Аныңыз туура деңизчи, бирок уу ичип өлгөнүнө дагы да күмөн болуп турам. Бирок кызык, мындай жүрүштүн акылыма келбегени... Мындайды эч ким деле ойлонгон эмес. Баары анын айткан өлүмүнүн иш жүзүндө болуп чыгышына гана таң калышкан. Ойго да келген эмес мынтип өлөрү...  Жок, ал уу ичип өлүшү мүмкүн эмес! Жок!

Тергөөчү ойлонуп калды. Өлүктү карап жатканда да, таң калычтуу өлүм анын оюнан кетпей турду.

Доктурдун айтып жатканын жазып атып, кабагын карыштыра буруп гана, чекесин деликкендей сүртүп турду.

Доктур баш сөөктү союп жатканда, “Эч оорутпастан, сааттын чейрегине жеткирбей, жанды ала турган уу барбы, доктур?”- деп калды ал.

  - Ооба, бар. Мисалы; Морфий.

 - Мм. кызык. Ушул өңдүү бир нерсени кармап жүргөнүн эстеп турам. Бирок болушу мүмкүнбү?!

- Отура берип тажап да кеттим, бираз жөө жүрсөкпү, - деп доктурдан өтүнүп калды.

Жүз кадам өтпөй эле тергөөчүнүнүн бийик тоого чыгып бараткансып кыйналып турганын байкады доктур. Ал токтоду да, доктурду элеңсиреген көзү менен, кызыктай карап, үнүн чыгарды:

- Оо кудай, эгер сиздин айткандарыңыз туура болгон болсо, бул окуя башка түшкөн эң чоң азап. Башканы азапка салыш үчүн уу ичип өлгөн туура.  Бир күнөө ушунча оор турабы... Ээ, Кудай! 

- Доктур, эмне үчүн мага ушундай жаман ойлорду белек кылдыңыз?!

Тергөөчү айласы кетип башын мыкчыды да, кайра сөзүн улантты:

- Сөздүн ачыгы, мен, аялым, өзүм жөнүндө сүйлөп келдим. Ээ, Кудайым! Мен анын алдында, ооба, күнөөлүмүн, кемсинттим, бирок кечиргенден өлүп алган артыкпы ыя! Ушул аялдардын ойлору, аныгында таш боор, ырайымсыз ойлор тура. Ооба, ал жашап жатканда эле таш боор эмес беле... Эми эстеп турам. Эми гана мага баары айкын.

Тергөөчү сүйлөп баратып, бирде ийинин кууштуруп, бирде башын мыкчып ийип атты. Доктурдун айткан ойлору аны айран кылып уулап алды, качан шаарга киргенде ал өзүн жоготконсуп, жан-жүрөгү эле эмес, бүткүл денеси алсырап чыкты. Ага чейин убада кылынган түштөнүүдөн баш тартып, доктур менен коштошуп кете берди.

1887

Орус тилинен которгон Тариел АМАНТУРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз