Булактын көзү бар. Жылжып аккан салаа-салаа ар булактын суусу дайрага кантип барып кошулуп каларын билбейт. Мен ошондой болгомун. Турмуштун агымына батпай, ташкындап турган учурум. Кайсы дайрага барып кошуларымды анда кайдан билиптирмин… Багытым жок, бирок дымагым шумдук эле. Айтору, бирдин ичинен чыгар көздөнүп жүрчүмүн… Театр өнөрүнүн улуу реформатору Константин Станиславскийдин илимий-теориялык да, практикалык да эмгектерине кызыгуум күч болучу…
А бирок күргүштөгөн турмуш дайрасынын кайсы бирине барып аралашаарым али күмөн эле.
Күнү-түнү укканым классикалык музыка. Окуган жерим – опера-балет театры. Ышкындай солкулдаган балериналардын ажарына арбалып жүргөн кезим. Кыз-келиндердин эң сулуу, эң көрктүүлөрү театр искусствосуна атайы тандалып алынгандай… Анан андай жерде адам соо жүрчүбү: адегенде эле сүйүүгө кабылбайт бекен жаш жүрөк…
Бара-бара артисттердин сылаңкороздугу мага да жага баштады. «Стильный» кийингенге өттүм. Аларга окшоп чачты узун өстүрдүм, сакал-мурутту кырбай койдум. Койкоюп жакшы өстү. Анда сакал, мурутум капкара эле. Азыр агарып атыр… Сулуу актрисалардын назарына түшүш үчүн элде жок кийимге жетип, элде жок модага өтүш керек окшойт дедим. Дедим да, жаңылбаптырмын: «заимный» сүйүүгө кабылдым.
Театр турмушуна тез аралашып кеттим.
«Кулдай иштеп, байдай жаша» деген улуу накыл кулагыма кайдан киргени эсимде жок: тың тирилик үчүн түнкүсүн борбор калаанын көчөлөрүн шыпырып, айлыгы чоң жумушка да орношуп алдым. Ал кезде тазалык, тартип бекем эле борбор шаарда. Көчө шыпыргандардын айлыгы очойгон акча болучу. Кыз-келин жандаган мендей бойдоктун чөнтөгү кур болгону курусун деп көчө шыпыргандан уялбадым, намыстанбадым… Шыпырса түнкүсүн шыпырат экемин, эмне….
Айлыгым баарына жетчү. Өзүм курдуу студенттер бир гана стипендиясына анан ата-энесинин айылдан жөнөткөн көмөгүнө ишенсе, менин туруктуу айлыгым бар киши элем. Чөнтөгүмдү тултуйткан айлыгым түгөгөнчө акрисаларга обед аперип, тамактын биринчисин да, экинчисин да, атүгүл десертине да заказ берип жеген дымагы бар бойдок элем.
Китеп дүкөн көрсөм кыя өтпөй, дүйнө адабиятынын көз кызарткан авторлору биринен сала бири кызыктырып жүрүп, жазуучулук азгырыкка оой баштадым. Адабият дегениң кыз-келинден өткөн чоң азгырык экен көрсө. Сөз курап чиймелегенден өткөн ыракат жок экен дедим жашоодо. Ал эмес машинке сатып алдым. Себеби кыйкаңдаган кол жазмамды өзүмдөн башка киши окуй алчу эмес.
«Театр өнөрү кийим илгичтен» башталат деген Станиславскийдин накылы катуу таасир эткенби, кылт эткен нерсеге сын көз менен карачу болдум. Ошол кездердеги «стильный» кийингенимдин бир мандеми да ошол болсо керек…
Ал эми айлана-чөйрөмө сын көзкараш менен караганга өттүм дегеним, театрдын босогосун аттамак тургай, төрүнө чейин тебелеп өтсөң да искусство храмы саналган опера-балет театрынан кут уча баштады. Репетицияга бир саат мурда келип музыкалык аспаптарын футлярдан чыгарып, чаңын сүртүп, күүсүнө келтирип турар өнөр сүйгөн еврей, немис улутундагы музыканттар Израилге, Германияга четинен зуу коюп, театр кабинеттеринде, «оркестровая ямада» жалаң эле бөтөлкөнүн түбүн жалаган орустар менен кыргыздар кала берди.
Анан бир күнү колум да, тилим да кычышты, гезиттерге театрдын абалы жөнүндө макала жаза баштадым. Алардын бирин «Асаба» гезитине жөнөтүп жибердим… «Асаба» ал кезде эң чоң тираж менен басылган, эл сүймөнчүгүнө арзыган жападан жалгыз гезит эле.
* * *
Жатаканамда машинкемди шыкылдатып бирдеңке басып отурам. Бирөө каалгамды тыкылдатып калды.
– Кире бер, – дедим каадалуу.
Узун бойлуу, көздөрү бадырайган чап жаак, жүзү жайдары бир жигит баш бакты.
– Олжобай деген сенсиңби?
– Йе…
– Сени мынабу дарек боюнча издеп келдим, «Асаба» гезитине срочно сүрөтүң керек болуп мени редакциядан жөнөтүштү.
Ал кезде мага окшогондун көбү жазгандарын гезит-журналдарга почта аркылуу эле жөнөтүп жиберчү…
Келген мейман – Жыргалбек Касаболотов экөөбүз ошондо биринчи жолу тааныштык. Шаарда өсүп-тарбияланып, шаарда окуп чоңоюптур. Велосипед менен келиптир. Дароо жылдызыбыз келишип калды. Агер ошол күндөн ушул күнгө чейин менин эки досум болсо, бирөөсү – Жыргалбек. Агер жалгыз досуң ким дей тургандарга да жалгыз досум Жыргалбек дээр элем…
Көрсө, «Асабага» жөнөткөн макалам редакциядагылар үчүн уу-дуу менен кабыл алынып, авторун издешет. Акыры атка жеңил, тайга чак жаш журналисттердин арасынан Жыргалбек жөнөтүлгөн экен. Гезитке ылайык сүрөт издеп отуруп, ылайыктуусун тандап алган Жыкем жөнөп кетти. Эртеси гезит чыкты. Кудай бетин салбасын, гезитти ача салгандале 3-беттеги «Үчилтик» рубрикасында профессор Кусеин Исаев, белгилүү демократ Топчубек Тургуналиев, анан эле менин сүрөтүм макалам менен кошо бакыйып көзгө урунду! «Поклонницаларыма мактанганга сонун эле болду» дедим ичимден. Сонун эмей не. О ал кезде азыркыдай жамыраган гезиттер жок, саналуу басылмалардын эң алдыңкысы «Асаба» асаба болуп турган заман…
* * *
Театрда СССР эл артистеринин оозу ачылды мага. Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Хусейин Мухтаров, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев сындуу аттуу-баштуу артисттер театр коридорунда мен жөнүндө шыбыр-күбүр болуп калышчу болду. «Эй, апкелчи гезитиңди» дешет биринен бири талашып окуп. Сүрөтүмө окшотуп тааныганы: «Өй, бала, бери жакын келчи» дешет. Корсоюп басып барам алдыларына. «Театрдын жакшы жагын деле жазбайсыңбы» дешет. «Жакшы дей турган несин жазам» дейм дымактуу…
Өздөрү деле 90-жылдардан кийинки театр турмушу адам ыйлай турган абалга кептелгенин менден жакшы билишет, бирок айтышпайт…
* * *
«Асабанын» редакциясына баш бактым бир күнү. Каныбек Иманалиев алдыман карп-күрп кездешип эле, таанышканга өттүк. Кабинетине алып кирип кетти. Редакциянын далисинде болсо котологон эл толтура. Баары эле Мелис Эшимкановго идея ташып келгендер. Ал кезде Эшимканов «Бей-бечаралар» партиясын түптөй коюп, бийликтин тополоң-тозун чыгарып жүргөн кезең. Президент Аскар Акаевге оппозиция бир тең, Эшимкановдун «Бей-бечаралар» партиясы бир тең болуп, айтор, баары Эшимканов менен гана эсептешер заман келген. Ошондон улам баш редактор Мелис байкенин убактысы аз үчүн редакция жүгүн өзүнүн орун басары Каныбек Иманалиевдин мойнуна илип койсо керек…
Каныбек чү дегенделе:
– Бизге штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштеп бербейсиңби, – дебеспи.
– Менин журналисттик билимим жок да, – дедим аңкайып.
Каныбек бирок театр проблемасын ичинен жакшы билеримди макаламдан улам баамдаса керек, бизде искусство жаатында жазган калемгерлер өтө саналуу экенин айтып, мени журналистикага ынандыра баштады. Атүгүл гонорарды туруктуу чегерип беребиз деп шыктандырып жиберди. Мен күтпөгөн сунуш болду бул! Вау! Акчанын жытын туйган киши туйлайт ко ичинен. Туйладым. Гезитте маданий теманы чагылдырар авторлор аз экенин айткан Каныбек менен ошол күндөн баштап чыгармачылык алакам бекиди.
Кийинки материалымда театр сахнасында балет бийчилерин залдагылар рогатка менен мээлеген «өнөр» пайда болгонун жазып чыктым. Балет искусствосун түшүнбөгөн мектеп окуучуларына бийден мурда чулка кийген артисттер кызык көрүнүп, залдан рогаткадан мээленген ок артисттердин такымына таамай тийсе, ордуларынан ийиктей чимирилип, такымдары тызылдап ооругандан улам кайсы бир спектакль үзгүлтүккө учураганы туурасында айтып берген Айсулуу Токомбаеванын интервьюсун жарыялаган элем. Резонанс катуу болду!..
Театр проблемасын уламдан-улам чагылдырганым үчүн аттуу-баштуу артисттер датын мага айтып, мен болсо артисттердин арыз-муңун «Асабага» жеткирип, айтор, штаттан сырткаркы кабарчылык ишимди катырып, ай сайын алган гонорарымдын көлөмү көчө шыпырганда тапкан акчамдан да оңой табыларын сездим. Чөнтөк калыңдады… Үч жерден айлык алчу болдум.
* * *
Эми үчүнчү айлыгым жөнүндө кеп кылганым, айрым окурмандарга өзүмдү өзүм көтөрө чалып мактангандай туюлушу мүмкүн, бирок ушул жерден мактана кетейин. Мактана тургандай эле окуя аным. Театр алдындагы эки жылдык студиянын жетекчиси Жумабек Аалиевич экөөбүз бир айылдан элек. Бирок ал киши экөөбүздүн жылдызыбыз башынан эле келишпей калды. Капысынан бир күнү үч литрлик банканы карматып, колума акча сунду:
– ЦУМдун алдына барсаң, четки күркөдө жаңы сүзүлгөн бозо саткандар отурат. Чуркап барып келе кал.
Ал заманда ошондой болчу, “Айчүрөк” дүкөнүнүн күн батыш тарабындагы мажүрүм талдардын далдасында отуруп соода кылгандар көп эле. Үйүнөн самогон ачытып, бозо ачытып келгендер менен манты, оромо түйүп келген катын-калачтар кыдырата тизилип алышып бака-шака соодаларын жүргүзүп, биздей бөрү тоют студенттердин каңылжаарын каптаган тамак-аштын жыты ары-бери өткөн сайын азгырып турар эле. Ар-ар жерде казандар чыркырап, майга оонаган пирожки, беляши, чебуреки, камырга оролгон сосискаларга шилекейибизди чубуртуп өтөр элек. Жумабек Аалиевич мени ошол жерге чуркап барып кел дегени...
Бирок мен армиядан жаңы келген ал жылдары дедовщиналык кулк-мүнөзүмдү али таштай элек корсойгон кезим. Ансыз да кежир жаным, Жумабек агайыбыздын буйрук иретинде корс эткенине желкем тырыша түштү да:
– Башкаларын жөнөтүңүз, мен барбайм, – дедим түз эле.
– Эй, бала... Барып келе кал эми.
– Азыр сабагыбыз башталат, кечигем, – деп кирип кеттим.
«Актёр чеберчилиги» деген сабакты баардык сабактын ичинен өзгөчө жакшы көрчүмүн. Ошол сабактан бир мүнөт да кечикким келбеди. Сабагыбыз башталары менен каалга тыкылдады. Агайыбыз Искендер Сартбаев (айтылуу ырчы Кайыргүл Сартбаеванын баласы) сыртка бир азга баш багып, кайра кирди:
– Эгембердиев (бул менин фамилиям) Жумабек Аалиевичке жолугуп келчи, – дебеспи.
Шылкыйып сыртка баш баксам, баягы үч литирлик банкасын көтөргөн Жумабек агайыбыз турат.
– Агай, мен барбайм, – дедим шарт эле.
– Эй, бала, токто. Сени менен сүйлөшпөсөм элеби? – Жумабек Аалиевич мага сес көрсөтчүдөй өңү кумсара түштү.
– Барбайм дедим, барбайм! – жулкунуп кирип кеттим сабагыма.
Искендер Сартбаев да тез эле келип калганыма түшүнүп-түшүнбөй:
– Мен сага уруксат бердим, Жумабек Аалиевич сени сурап алды, – деди экөө сүйлөшүп алгансып.
А мен көк беттенип отуруп алдым. Чыкпадым. Бозого кимисин чуркатты билбейм, айтор, ошол күндөн баштап Жумабек агайыбыз мага кесенип, эскерткени бар:
– Сениби, шашпа! Кышкы семестрди кандай тапшырарыңды көрөм!
Муну уккандан кийин менде кайдагы тынч уйку болсун. Тирмейип, күнү да, түнү да жалаң сабактарым менен алышмай. Театрдын кыз-келиндери менен шыңаарлашмайды таштадым. Башка курсташтарым ойноп-күлүп, каалагандай жашайт. А менин санаам – кышкы семестрде. Темирлан Дайрабаев аттуу курсташым экөөбүз күнүгө кечинде шаардын көчөлөрүн шыпырганга жөнөп кетебиз да, түн жарымынан оогон кезде бутубузду сүйрөп араң келебиз. Айлыгы жакшы жумуш болгондуктан, ал экөөбүз үч киши шыпыра турган участканы бөлүп алганбыз. Эс ооп келип да таң заарда турам. Темирлан досум камаарабай уктап жаткан болот. А мен чала-була шам-шум этип, театрга жөнөйм.
* * *
Театрга жан киши басып келе электе мен келип, каалгасын кагам. Көзүн ушалаган кароолчулардын бири чыгат. Тынч уйкусун бузган кишини эле ким жакшы көрсүн. Мага тим эле көздөрүн акшырайтып карашат. А мен экзаменге даярданышым керек деп атып театр эшигин ачтырам. Кыскасы, кышкы семестрдеги сабактарымдын баарысынан шыр өтүп кеткидей катуу даярданган экемин, Аалиев эч нерсе кыла алган жок. Себеби экзамендик комиссияда отургандын баары жалаң театр корифейлери: Т.Сейталиев, К.Сартбаева, Х.Мухтаров сыяктуу дөө-шаалар болгондуктан, Жумабек агайыбыз мага тишин кайраган бойдон калды.
Ал тургай экзамендик комиссия мүчөлөрүнүн назарына илинген 3-4 студент ошол эле күнү опера-балет театрынын академиялык хор артистигине кабыл алынып калсак болобу. Ошону менен көчө шыпырган айлыгыман, гезиттен алган гонорарыман сырткары да хор артистигине кабыл алынгандагы айлыгым жалгыз башыма кенен жетип, студенттик күндөрүмдө эч кимге жүгүмдү артпадым. Буга кантип мактанбайм...
Мынча болду дагы бир мактанычымды кыстара кетейин: Кыргызстандын Эгемендиги жаңыдан жарыяланган тушта кабыл алынган өлкөбүздүн азыркы гимнин ырдагандардын арасында чабалекейге окшоп фрак кийип ырдагандардын сабында биз да барбыз...
* * *
1992-жыл. Театр деректири – Чолпонбек Базарбаев. Бир күнү сабактан бош кезде курсташ балдар кыздарды өбүштүн айласын издеп, лифтиде кубалашып ойноп жүрөбүз. Жүгүрүп. Акактап... Оюн шарты – кайсы кыз колго түшсө, чопулдатып өпмөй. Балдар колго түшсө, кыздар төпөштөп же төө бастыга алмай. Бирок балдарды балдар куткармай жок. А кыздар бирин-бири куткарса болот. Кыздар-балдар бул шартты бекем кармоону оюндун башында сүйлөшүп алганбыз...
Биринчи кабаттан бешинчи кабатка чейин кубалашып, театрдын ичин чаңызгытып атканбыз. Бир убакта лифт үчүнчү кабатка токтоду. Кайсы кыз колума тийсе да бетинен чопулдатмай болуп күтүп калдым. Даяр турдум өпкөнгө. Анан да колума автомат кармаган "позада" лифт ачылаары менен немистин солдатындай "та-та-та-та" десем эле, ичинде театр деректири Чолпонбек Базарбаев! Жылан көргөн бакадай тостоюп турам. Базарбаев күлүп ийди. "Эх, студенттер... Силердики кандай бактылуу күндөр өтүп атат... Киресиңби... Кайсы кабатка чыгасың?" дегенин угуп, мен жымырыла түштүм. А мага кайсы кабатка болсо деле баары бир, колума кыз эле тийсе болду да...
* * *
Экинчи жолу да легендарлуу бийчи менен лифтиден карпа-күрп кезигишип калдым. Рыспай Абдыкадыровдун кайсы бир ырын жайдары маанайда кыңылдап ырдап биринчи кабатка түшүп бараткан экен. Лифтинин оозунда оңтойсузданып турганымды көрүп "кире гой, тартынба" дегенин угуп, лифтиге кадам шилтөөгө аргасыз болдум. Дароо башыман сылап: "Абдыкадыров, Казаков, Тагаевдин обондору кандай керемет ээ, сага жагабы?" - деген күтүүсүз суроосуна мукактанып жооп бергенимче биз биринчи кабатка келип калыптырбыз.
* * *
Өзү бир жакка шашылыш жөнөп атса керек, зуу койду. Легендарлуу кишинин эл сүйгөн обончуларды кеп кылганына, анан мага жасаган мамилесине ичим жылый түштү.
Ичим жылыган себеби: бизге мугалимдер классикалык гана музыкаларды угууга уруксат берип, айылдан созолонтчу секетпай ырларды укканыңарды койгула деген нускоону көп айтышар эле. Ошондон улам мен да опера-балет театрынын ичиндегинин баары классикадан башка музыканы укпайт деп ойлочумун. Анан калса Базарбаевдей улуу бийчи эл сүйгөн обончулардын ашыктык ырларына тамшанганы мен үчүн таптакыр күтүүсүз эле. Себеби балет бийчилеринин да, опера ырчыларынын да арасынан кыргызча ырдагандарды кой, кыргызча сүйлөгөндөрү чанда кезикчү.
Чолпонбек Базарбаев
* * *
Ошондон көп өтпөй Чолпонбек агай Маданият министри болуп калды. Ал кезде мен өнөр өстөнү жөнүндө бирин-экин макала жазып, гезит-журналдарда ырларым жарыяланып, дымактуу кезим. "Кербез" аттуу музыкалык басылма жарыкка чыгып, калем кармасам эле бирөөнү "шылып" түшкөндү негизги озуйпамдай көрүп, маданият министринин ишмердүүлүгү туурасында кылдан кыйкым издегенге көнүп алгамын. Өзгөчө ошол кезде маданият тармагы чоң кризиске кабылганына кабыргасы кайышкандар көп болуп кеткен. Ошол нааразы болгондордун оозу менен Базарбаев жөнүндө сындарды "Кербезге" үзбөй жарыялачумун. Биринин артынан бирин...
Бир күнү министрдин катышуусу менен маданият өкүлдөрүнүн чоң жыйыны болорун угуп, жөнөп калдым. Жыйын Кыргыз драма театрынын чоң залында башталды. Залда өңчөй дөө-шаалар. Ыраматылык Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Арсен Өмүралиев, айтору СССР жана Кыргыз Эл артисттери жык жыйма. Баары Маданият министринин ишмердигине нааразы экенин айтып, Базарбаевди айда талоонго алганга өтүштү. Бир убакта залдагы эл күтпөгөн шумдук болду: баятан элдин нааразычылыгын угуп, башын шылкыйтып отурган Маданият министри трибунага чыкты. Шарт-шарт кадам шилтеп, жаркылдап... Баятан элдин жемесин угуп, бирок эч күнөөсү жоктой жүзү жарык эле...
* * *
Колуна калың доклад кармаган Чолпонбек агай трибунага чыгары менен: "Айланайын, бир туугандарым! Кесиптештерим! Мен сыйлаган улуу залкарлар отурасыңар. Албетте, силердин алдыңарда тоодой күнөөмдү сезип атам. Мен бүгүн, мына бул докладды атайы түнү бою даярдап келдим эле. Бирок баятан сезип отурам, ушул докладдын эч кереги жок экенин. Ага эч кимиңер кызыкпайсыңар дагы. Эми мен силерге кесиптеш катары, бир тууган катары айтайын. Мен маданиятка чоочун адам эмесмин..." - деп келип, ичинен жарылып алды.
Көкүрөгүндө болгон бугун минтип төктү: "Азыр дүйнө эмне болуп атат? Маданият тармагындагы кризисти айтпайлы, килейген өндүрүштөр, завод-фабрикалар кыйрап атат. Бир кездеги империя деген СССР кыйрады, ошол ири советтик системанын тагдыры кыйрагандан кийин, искусство эмне болуп калыптыр?! Бир эле Кыргызстандын маданият министри ушундай акыбалга келген жок бүгүн! Менин ордума сыйкырчы бирөө келсе да маданият тармагын көтөралбайт. Мен колуман келген бардык аракетимди кылып атам, эмне кыл дейсиңер!? Маданиятты көтөрүү жалгыз менин колумда эмес, ушул залда отурган баарыбыздын колубузда. Бул жерде менден кадырлуу, бийликтегилерге сөзү меникинен өтүмдүү улуу таланттар отурасыңар. Бирок урматтуу аксакалдар, кимиң мага ушуга чейин: "Кел, Чолпонбек! Маданиятты көтөрүү баарыбыздын милдетибиз, бизден кандай жардам керек?" деп айттыңыздар? Мага келгениңер эле сыйлык, наам сурап келет экенсиңер. Эгер маданиятка чындап күйсөңөр, силер да мага жардам бергиле. Президентке кирели, премьер-министрге кирели. Аларга менин сөзүм өтпөсө, силердики өтөр..." - деген кыска, так сөзү менен залдагыларга бир сыйра таарынычын айтты эле, отургандар өздөрүн күнөөлүү сезип тып эле басылышты.
Ошондо Чолпонбек агайдын чын жүрөгүнөн айтылган акыйкат кеби маданият ишмерлеринин биринин да башына келбегени залга "жарк" эткен чагылгандай таасир этип, ага чейин министрге жаалданып, нааразы болгондорду заматта жибитип жиберди. Министрдин ишмердигине нааразынын баары Чолпонбек агайдын 1-2 мүнөттүк жогорудагы сөзүнөн кийин капиталисттик заман деген эмне экенин ошондо гана түшүнгөндөй болду зал отургандар...
* * *
Мени журналист деп жүргөндөргө айтаарым ушул: менин эч кандай журналистикалык билимим жок. Дегеле колума диплом албаган кишимин. Эч бир окуу жайдан билим да алганым жок. Кайда болсо ит кыялым кармап, өмүрүмдө бир жерде туруктуу иштеген да учурум болбоптур...