Жашоомдогу ойношторум – адабий китептер

  • 29.12.2022
  • 4173

БҮТҮН ДҮЙНӨ ЖАНА МЕН

Баарын билем, баары мен аркылуу өткөн. Ошол эле мезгилде эч нерседен кабарым жок. Бала болуп башыма жүн чыкканы, сөзгө, жомокко, китепке өч болдум, анан ЫРГА. Табигат ушинтип жаратыптыр. Тагдырым экен.

Бүттү баары. Кайра баштан баары башталат. Жалгыздыкка, жалгыз гана КАДАМ ташталат.

Китеп жана мен

Эсимде калганы, көк тыштуу К.Ушинскийдин “Жарганат” деген китеби. Жомок: “Жалгыз жашайт жарганат” деп аяктайт. 6–7 жаш курагым. Куурчагымдай кылып койнума алып жатчумун.

Мааниси: чычкандар дүйнөсүндө акыл-эси өзгөчө, келбети келишкен бир чычкан төрөлөт. Чычкандар анысын кумир тутуп, көкөлөтүп, башына көтөрүп... Өзгөчө чычкан, өзүн башкалардан өйдө сезип, айланасын теңсинбей... Баягы чычкан бир күнү ийинден сыртка баш бакса, асманда – канаттуулар. Кудайга наалый баштайт, канатынын жоктугуна зээни кейип. Чычкандарга окшоп жөрмөлөп жүрбөй, асманда учкусу келет.

Кудай аке тилегин кабыл алып канат берет чычканга. Ийинден атып чыгып, асмандагы канаттуулар ааламына учуп чыгат. Чымчыктын баары андан коркуп, жырткыч куштар кол салып, канаттуулар кошпой койгондо, өз жанын араң куткарып, баягы өзү чанып жүргөн чычкандарына кайра келсе, алар үркүп... Ошентип, жомок аяктайт: “Жалгыз жашайт жарганат” делип.

Китептин таасири менен жарганат жалгыз калбай, биз менен жашасын деген ойдо, кеч күүгүмдө мен аларды тута албай, апам: “Шамда кырсыктап калбасын” – деп мени тыйып, башка чаап жетелеп келип, иши кылса эсимде калган биринчи окуган китебим эле. Койнумдагы китебим, өзүмдүн эрмегим жыртылган, апам жыртып таштаган.

4–5-класстарда окуп жүргөнүмдө тапкан китебим Тургеневдин аңгемелери. Кошо түнөчүбүз. Китептеримдин ичинен жактырганым эле. Күндө койнума алып жатпасам, бир нерсе жетишпегендей боло берчү. Акыры бу кылыгыма жини келген апам иштин бүтпөй атканына шылтоолоп, анымды да жырткан. А мен апамдын журналдарын, кагаздарын тытып, эне-бала кыйла болгонбуз. Апам айылдагы ФАПта иштечү. 7-класста окуган курагым эле.

8-класста В.Шукшиндин китебин сөздүктүн жардамы менен орусча жазылганын окугам. Орус тилден берген эжеке Шукшин жөнүндө айтып берген эле. Чуть ли орус болуп кете жаздагам. Кучагымдагы китебимди өз эрким менен 11-класста Ч.Айтматовдун “Кыямат” китебине алмаштыргам, классташыма.

Жашоомдо Рамистин китебин жолуктурбадым, “Ала-Тоо” журналындагы ырларын окуп... Ошол барагын ачып, кучакташып гана түнөшүп жүрдүм. Ошол журналым кечээ Рамистин өзү менен жолукканымча жүрдү, китептеримдин арасында. Анан эле не болгон, таппай калдым. Рамистин таасиринен улам Зайырга окшоп ушул элдин АКЫНЫ болгум келген. Учурунда бул тилегимди ачыкка чыгарганга дараметим жетпеди. №1 душманым – Рамис, окурмандарын өзүмө тартып алгым келчү. Жолукканымда, өзүнө деле айткам.   

Мени менен такай кошо түнөгөн китептерим кийин кимиси болду, өзүм деле билбейм. Менин жашоомдогу ойношторум – адабий китептер болчу. Бара-бара андай адатым кала баштаган. Ушул адат Москвада жүргөнүмдө кайталанды, 2011-ж., М.Басёнун китебин окуганымда, болбосо жаш бала эмесмин, унутуп деле калгам. Негизи жөн эле жаздыгымдын түбүнө коюп койсом, эч ким деле тийишпейт. Аны билем. Бирок... билесизби, балалыгыңдагы адатың – кимдир-бирөө эмес, өзүң түшүнбөгөн адатың бууп туруп алат. Бул бир мистикалык абал.

Эрнис агайдын (Асек) кол жазмасы менен 2008-жылы таанышкам. Оригинал кол жазма. Эшекчесинен күлгө оонап алгың келет дейсиң. Бу кыргыз, мени эмнеси менен өзүнө тартканын сезип калганга, кол жазмасына тың болгонучу. Колума карматпаган. Мен таанышып көргөнүмө 13 жыл, бир муун аралыгы толгондо, ошол кол жазма китепке айланыптыр. Каалагандай оонадым. Эгер көзү өткөнү чын болсо, өзү айткандай, көзү өткөндөн кийин китеби жарыкка чыгыптыр. Башка не дейт элем. Жалган болсо көрсөтүлгөн спектаклдин чеберчилигине таң берип, алакан чаап, таазим кылса болот.

Кыргыз журналистикасы жана мен

Мектепти жакшы окугам, математика сабагын сүйүп окудум. Мугалимим күчтүү болгон. Мендеги талантты ойгото алган. Анан тарых менен адабият сабактарын. Жогорку класста окуган учурумда “Пайшамбаны” окучумун, “Асабанын” тиркемеси деп жазылчу. Ойлонуп калчумун, неге тиркеме деп жазышат деп.

1996-ж. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетине тапшырып, инженердик окууга өткөм. Пахтадан жаңы келген учурубуз, базар тарапта гезит сатылып атыптыр. Базардагы гезит “Асаба” экен. Мунусу нелерди жазат болду экен деп сатып алгам. Гезиттеги А.Токтомушевдин “Жолбүгүн” деген темасы бир башкача сезилген. Рубрика экенин кийин билдим, башында тема дечүмүн. Гезитти такай окуй баштагам, акыркы тыйыныма сатып алып окучумун. Башында “Жолбүгүн” рубрикасы болсо гана сатып алсам, бара-бара рубрика чыкпаса деле алчумун.

Кубат дегенине Мелис дегени кат жазып, а Кубаты Мелиске жооп жазып, экөө ошентип таанышкандыгын Мелис жазыптыр. Мен туурамак болдум. Кыргыз адабиятын чемичкедей чакканым менен тилди катырчу эмесмин, жазганда грамматикалык каталарды кетирчүмүн. Токтомушевге кат жазыш үчүн китептерди атайын издеп, ар кимден сурамжылап жүрүп, кайрадан окуп чыккам. Алакандай кат жазыш үчүн. Бир жылдай атайын даярдыктан өтүп, бир күнү катымды жазып, шаардын почтасына барсам, “Кыргыз почтасы” менен “Асабачылар” кыйсыпыр түшүп кырылышып жүрүшүптүр. Катымды почтадагылар албай коюшкан. 1–2 жумадай каттап, анан тыйылгам. Кат жөнөтпөгөм редакцияга.

Ошко гезитти жеткиртпей да жүрүшкөн бир учурларда. Самолётко чыкпаптыр деп жүрчүбүз окурмандар, гезит күркөлөрүн аңдып. Гезиттин арты менен көп тааныш ашыргам. Окурмандар гезитибизди билгендей талкуулачубуз. Гезиттин, “Азаттык” радиосунун таасири мени журналистикага азгырган. Жалпайып жатып алып “Жолбүгүндү”, “Бүгүнжол”, “Бүжолгүн” деп тема коюп, каалагандай көчүрчүмүн, тажачу эмесмин. Кызык болчу. Алымдай журналист болгум келчү, акын экенин билгенге ого бетер ышкым күчөп, өлдү дегенде бир көрүп алгым келчү. Ыр арнап деле көргөм. Түшүнбөстүктөн улам “суицидге” кабылып, ошондогу бар болгон ырларымды өз колум менен жыртып таштагам.

Редакциянын коллегиясы менен тереңден тааныша баштагам. Ар бирин элден сурамжылап жүрчүмүн. Кимиси ким экенин билгим келчү. Аралашып иштешким келчү. Түштүк аймак бу гезит Мелистики эмес, Кубаттыкы деп билгенге, абамды Гүлчөгө чейин атайын издеп да көргөм. Кердегейине жетпегем. Коомдогу регионалдык бөлүнүүчүлүктү ошондо билип жүрөм. Бөлүнүүчүлүктүн себебин түшүнчү деле эмесмин. Аймак гезитти сүйүп окуганы менен, баары бир кандайдыр бир мен түшүнбөгөн, бирин бири өгөйлөө бардыгын туюгумдан боолголочумун.

Окуу жайды бүтүрүп, Оштун рыногуна батпай калгандыктан, анан бир өмүр чын эле өзүмдүн кумирим А.Токтомушевди көрүш үчүн Бишкекке баса бергем. Ушул кадамдын Алым үчүн кадыры болбогон, бирок бул менин жолум болуп калды азыр ойлосом, жүрөгүм ток экен. 2002-ж. 16-июлунда келгем. Бардык жолдор мени да Римге алып келген.

“Асаба” гезити “Агым” аталып калган учур. Редакцияга кантип барыштын жолун билбейм, социалдык муктаждык бир жагынан этектеп, иши кылса өрдөктүн өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө эле. Бир күнү «Агым пейджерге» сөз айтсам, жеңүүчү кылып коюшуптур. Баргам. Китеп белек кылган. Кумиримден кол тамга алгам, гезит үчүн сүрөткө түшкөм. Ошол окуя себеп болуп, эч нерседен эч нерсе жок, КУУнун журфагына сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. 2003-жыл эле.

2004-жылы бычак мизинде зордукталгандан кийин Кубатты табыш керек болду, ким каалагандын көңүл аччу ишканасы болгум келбеген. Ага чейин суицидден өткөнгө, өзүмө өзүм кол салбагам. “Агымдын” журналисти М.Сабыров менен таанышкам. Май айларында болушу керек эле. Мамат аке мени журналисттердин жашоосу менен тааныштырды, аларга аралашса болорун иш жүзүндө көрсөтүп берди. Жазганымды алып барчумун, гезиттин материалдарын мага оңдотчу. Мамат акемди сүйүнтүп, кол жазмаларын бадырактай-бадырактай кылып көчүрүп берчүмүн, үч айдай убакыттан кийин гана редакциядагы корректировка бөлүмүндө иштеп жүргөндүгүмдү билгем.

Мамат акенин мага эң чоң пайдасы – кризис абалда турган мени өзүм сүйгөн ишке алаксыткандыгында, адамдарга болгон ишенимимди таптакыр суутуп койбогондугунда, анан издеген кишимди табышыма түздөн-түз кол кабыш кылгандыгында. Кубат абанын шаардагы дарегин Мамат акеден алгам. Биздин муундагы балдардын ичинен Эрнис агайдын ыр жазып жүргөндүгүн да бир гана Мамат акеден уккам, классикалык адабият жөнүндөгү маалыматтарды берген. Журналист десе, азыр ушу кишини биринчи эстейм.

Жумушка киргизбеген, болбосо редакцияда бу кишинин орду бар эле. Мени сунуштай алмак. Башка журналисттерге деле барып көрдүм, жумушка орношмокко. Кубат абам айткандай, бири да жумушка орноштурбады. Ж.Эдигеевдин, Э.Асектин, В.Монуевдин артынан темселеп жүрдүм. Гезиттин дөө-шааларына тишим өтпөгөн. “Еврейлерге” кол шилтеп, Вахаб агайыма, атайын Кубат абамдан записке деле алып барган элем. Баары бир... А Т.Карыкеевге кайрылганымда эле жумушка орното албастыгын айткан. Үмүткөр кылбаган. Болбогондо, ички бугумду сыртка чыгарыш үчүн өзүмдүн эле абамдын бир ооз сөзүн коомго таратып, журналист болдум. Өзүмдөгү ички муктаждыкты ушул жол менен канааттандырдым. Мен деле журналист боло алаарыма өзүм ишендим.

Улуттук Идеология жана мен

“Агым” гезитине “Уй менен Ат” деген рубрика жарыкка чыгып жүрдү. Ошондогу менин абалым кимдир-бирөөгө белги болуп түшүп жатканын боолгологом. Автор – Ш.Дүйшеев же Э.Асек деп жүрдүм. Авторун жазышчу эмес. Абалымды шардана кылбай, өздөрүн тыйбаганы, бул нерсе эки тараптуу болорун философтор билбейби, куп жакшы билиши керектиги, абалымдын таамай чагылдырылып жатышы менин кыжырымды кайнатып жүрдү же окубай койбойм өзүм деле. Тытынып жүрүп, авторун так билдим, Кубат экен. Чимирилип кеткем. Көзүм аңтарылып, муунум титиреп, укмуш реакция кылгам. Бу кишинин кимдигин жүздөгөн адамдардан угуп жүрчүмүн да. Редакцияга атайын адамдар келип Эрнис агайга: “Элдин кыжырына тийбегиле, жазбагыла” – дешиптир. Аны агайым Кубат абама айтат, абам жазганын токтотот.

Мамат аке жазган ырларымды бир блокнотко жазып жүрүшүмдү, анымды эч качан бирөөлөргө бербешимди, бир гана Кубат акеге көрсөтөрүбүздү айтып жүрдү. Аткардым. Сааты чыкканда Кубат акеге барып жолуккам, блокнотумду колума кайтарып берген: “Менин колум тийди, кол кудайдын мөөрү, эми бул документ. Ырдын ээсин таап, колуна берип кой, ырдын ээси – КЫРГЫЗ, а мен ырдын эмес СӨӨКТҮН ЭЭСИМИН, мени КИШИ десе, кыргыз өзү ырын көтөрүп келет” – деп туруп.

Ооз ача албайм, таңыркап тиктеп калсам: “Дагы бир кол жазма бар, ал жөнүндө кулагың чалыптыр, байкаштырып көр эй, ошол ээсидир, мен билбейм” – деген. Көзүмдөн эле окуп койчу жагы, чынында бардыгы таң калтырган. Эсим ооп, унчукпай артка кайткам. Кайра кайрылып:

– Сизге келе берейинчи, – деп жалдырагам.

– Жүрөгүң тартса кел, болбосо кой, мени менен ойношпо, мертинип каласың, – деп муздак сүйлөгөн.

Өзүм деле эл арасынан ар кандай сөз уккам, абам жөнүндө. Кандайдыр бир энергия тартып турду, башында тобокелчиликке салдым. Ошентип каттоо башталган. Абам мени фольклор менен бакты, баласындай асырады, оюм менен болду, өз каалоомо койду. Эркиндикти сезчүмүн. Өлүп кете берчү мен жашоого умтула баштагам, психикамды оңдогон. Кыргыз коомундагы дагы бир оригинал кол жазма менен 2008-жылы 13-январында кезиктим. Ага чейин кыргыз поэзиясы эле эмес, орус поэзиясы, дүйнө берметтери менен элдир-селдир болсо да тааныштыгым болгон. Кол жазма – оригинал эле. Мамат аке мага маалыматты так, анан туура берген, алдабаган.

Кол жазмасын сураганымда, автор караманча көшөрүп бербей койгон. Документти документ (паспортумду сунуштагам) менен да ала албагам. Кол жазма менен кеңири масштабда таанышып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүгүнө ичим ачышып калган мен, Кубат абама маселени кырынан койгом. Нервим кашайып, акыныбыздын көкмээлигине кыжырданып, абама ой-даа концертимди коюп, арызданып ажылдагам. Ажылдаган мага абам, бу ыр ошо “көкмээники” эмес, тагдырдын катаал сыноосуна тушугуп, өз жеринен өзү үркүп баратып, орустун огунан ашуунун туу белинде жер жайнап шагырап кала берген, бүгүнкү күнгө чейин кепинделип көмүлбөй, ай-талаада озондоп, өз ордун издеп, бирок таппай жүргөн сөөктүн ыры экендигин, ырга бир автор эмес, бүтүндөй бир суу ЭЛ ээлик кыларын, ырдын өзүнүн ээси болорун, ошон үчүн мага карматпастыгын, агер эле ошо кол жазмага ошончо кушум түшсө, ээсин бала кылып жетелеп келсем, ошо “акмактын” башына чаап туруп эле, менин колума кол жазманы алып бергенге күчү жетерин айтып, мени баскан.

Тиктеше түштүк. Көпкө чейин көздөрүн тиктеп олтура бергем, айтылган сөздү аш кылып, кыла албай. Абамдын карегиндеги мээрим, мендеги ички “паниканы” баскан. Дендароо абалда унчукпай, артыма кайткам. Өзүмчө жатып алып ойлонуп көрдүм. Чын эле төрөп албаймынбы, өзүмдүн балам болуп калат, кол жазмасын катын баласына бербегенде, кимге берет. Эки ортодо өзүм пайдаланам, балалуу болуп калам. Ушул ой мени укмуштуудай сүйүнткөн.

Убакыт сааты чыкканда абама барып:

– Мен төрөйм! – дегем. Абам бу идеямды ойлонбой туруп, колдоого алган.

Эрнистин кол куурчагына айланып калбас үчүн, өз жүзүмдү өзүм кишинин алдында ачып алыш үчүн, өзүмдүн таянчу жерим болушу үчүн:

– Сизге келейлиби, сиз бизди “я объявляю вас муж и женой” дейсиз. Мен Эрниске тийип, төрөп алайын, – десем, абам:

– Андай экен, өзүңөр келгиле, эй, – деген. Абамдын кылымдарга калып кетчү бир ооз:  – КЕЛГИЛЕ, – деген сөзүнүн тарыхы ушул.

Идеябызды Эрнисибизге айтпайбыз, жашырып. Аныбыздын артынан абасы кызы каалагандай тон бычып жүрөбүз.

– Сизге келсе, карабай коюң эле, чогуу келейли да, өлүп кетсин, не болсо ошо болсун, – десем, абам макул болгон. Жеке келсе, кабыл албаганга убадасын берген.

Агайым Кубат акесине бармай болуп атканын мага айтканынан, экөөбүз барбайлыбы десем, сылык түрдө баш тарткан. Өзүнүн сөзүн өзү “тряпка” кыла берчү эркек сөрөйлөрдүн түрүн билгенге, Кубаттын кимдиги эми мага билинет деп ичтен тынчыгам. Абам мага берген убадасын аткарып, Эрнисибиз атайын Кердегейге барса, кабыл албай коюптур.

Кубаттай кишиге менин сөзүм өткөн!!! Абам өзүнүн айтканын өзү аткарган. Агайым башында Кубат акесине куп эле таарынып жүрдү, абам шаарга келгенде, экөөбүз чогуу баралы дегениме агайым көнбөгөн, “кайнагам алпарсын” деп. Кайнагасы менин Өмүрбек акем экен. Экөөбүздүн жашообузга бу кишинин кандай тиешеси бар экенине башым жетчү эмес. Жашай турган экөөбүз да, Текебаевдин кандай тиешеси болмок? Иши кылса...

Кыргыз журтчулугуна гана эмес, бүтүндөй адамзатка, адам баласынын коомдук түзүлүшүнө өзөк болчу, өзү түзгөн Үчилтик Идеологиясын 2009-жылы февраль-март айларында мага актай баракка чийип көрсөткөн. Сөздөрү орусча болчу: “царь, царевна, царевич”. Суроо белгисинин ордуна крест койгон. Кагазын сураганымда бербеген, менин көзүмчө жыртып таштаган. Сөзүн оозеки айткан, жадыбалдай жаттап, өзүмчө “сразу” эле кагазга сөзүн, чиймесин түшүрүп койгом.

Улуттук сырды эч кимге ачпашым керектигин, тилиме тишим күбө болорлугун, биринчи КЫРГЫЗдын өзүнө айтып көрөрүбүздү, андан не сөз чыкса ошого карап, иш алпарарыбызды эскерткен. Абамдын кыргызы – Рамис.

Мен карандай муздак акылды, кашка суудай тунук эсти кайрадан жаңыртып төрөп деле алгым келе берчү. Күндөрдүн бир күнүндө абамдын пешенесинде жөн эле олтуруп, өзүмдөн өзүм дүүлүгүп чыккам. Көздөрүм тунарып, өзүмө өзүм ээ боло албай калгам. Аралыктан эле абам өзүн токтотуп койгонун сезип: “Мен не болуп атам?” деп эсим оойт өзүмө. Абам мага карап:

– Эй, мен кишимин, мени ким деп жүрөсүң сен? - десе, бир кызарып, бир бозоруп, ордумдан туруп, абама өзүм баш ийгем. Кыргыз дүйнөсүнүн тазалыгы мени таазим кылдырган.

Болуп өткөн окуяны Эрнис агай менден байкап койгон.

– Кубат эми аке болуптур, бу киши Кубат аке турбайбы. Чочогун башкара алыптыр да, – деп. Мурдумду тырыштырсам, агайым: – Анан өз кызын өзү булгап олтурса, Кубат болмок беле, - дейт. Алкашыбыздын сөзүн угуп олтурбай кетип калгам. Бул белги Рамиске да түшөрүн боолгологом. Чын эле Рамис да билип койгон:

– Сенин ыштаның таза калыптыр, – деп. Жиним келген, ыштанымдын контролёруна. Кол шилтегем.  

“Төрөйм” деген өз идеяма өзүм чалынып, бир адашып көргөнүмдөн кийин, айланам мени жерип койгон. Эч кимисине эч нерсе дебестен, өзүмдүн абама баргам:

– Ооба, адаштым, бир адашсам, ушунча кыласыңарбы, кимиңер периштесиңер? – деп.

Чоң концерт коюп бергем абама. Жамбы эжемдин эси ооп:

– Что она скандалит? – деп...

Экөөбүздү эки жерге олтургуза койгон абам. Ошол адашуудан эми сабак алышымды баса белгилеп, мени өзгөртүп ийген. Талапты катуу койгон. Абамдын мага болгон мамилеси мурдагыдан таптакыр башкача нукка түшкөн. Кадимкидей өзгөрткөн. Мурдагы жумшак мамилени, шамал учуруп эле кеткен. Катуу көзөмөлдүн астында СӨЗҮН коомчулукка тараттырыш үчүн мени атайын даярдыктан өткөргөн. Жашоомо аскердик тартип кирген десем деле болот.

Улуттук Идеология 2013-жылы 6-октябрда биринчи жолу Рамис абага айтылган. Атайын чакыртууга Рамис баш тартканынан башында жакшы айтып көрдүм, болбогондо адатымча ажылдагам:

– Ким эле сени киши кылып атыптыр, ушу күнгө чейин Чым-Коргондо эле байланып жаттың го, же мен билбейминби, киши кылып койсо, барктанып каласыңар. Сен барбасаң, Түндүк козголбойт. Барасың, мен айттым, өлөрүңдө бала-чакага пайдаң тийсин, өлүп деле кетесиң, – деп.

Кубат абам башкаларга тилимди агытпаш керектигин баса белгилеген менен, бу кыргызга башыңа келгенин айта бер, бышып бүткөн деген. Рамис абам:

– Кубаттын кыз-кыркынынан бөлөк бала-бакырасы жокпу, болбосо өзү келип чакырсын, ансыз барбайм, – деп жооп кайтарган. Мага арнап жазган кол жазмасын берген. – Кубатка алпарасың да, – деп. Оригинал кол жазмалар бир гана өзүбүздүн госархив Кубатка топтолорун, башка архивди тааныбастыгымды айткам.

Рамистин кол жазмасын, ага кошуп, Эрнис агайдын Рамис жөнүндө жазганын Кубат абама 21-октябрда алпарып бергем. Кол жазмаларды колумдан алып, жанына ыргытып койгон. Карап койбогон. Кыска, так өз СӨЗҮНҮН коомго таралышына уруксатын берип, не кылышым керектигин, кол жазмамды Эрнистен алып Рамиске берип коюшумду, өзүнүн үч жиндисине сөздү шарттуу түрдө жеткиришим милдетим экендигин эскертип... мага далысын салып койгон. Бул кылганы – МЕН КИММИН, болбосо КАНА МЕН? дегени эле. Жүрөгүм шуулдай түшкөнгө, “өзүм таап келем” деп ордумдан жылып, жолго түшкөм.   

Сөздөрүн кийин Баяс агайым (Турал) которду. Менин түшүмө ушул эле чиймедеги кресттин ордуна суроо белгиси болуп кирген. Оңдоолорду Кубат абама көрсөткөм. Башында ырларымды коомго таратыш кызык болду. Кубаттын окуучусумун дегеним, өзүмдүн статусумду өзүм көтөргүм келгени. Абам деле билген, сөз таратуу иш чарасы, көк базардын эле закону менен кетерин. Бул жол менен абам мени пайдаланып, сөзүн тараттырды, өзүнүн өздүгүн бир өмүр тастыктады. Мен абамды пайдаланып, коом менен байланыштым, өздүгүмө жол салдым, коопсуздугум кепилденди.

Дин жана мен

Бу теманы мен жөн эле койсом деле болмок. Негизи бир да динге ишенип жыргатпайм. Бирок азыркы адашып жаткан кыргыз коому... балким өз жолун таап алышына салымын кошор. Чоң атам чоң молдо болгон, бирок биздин ортобузда бири бирибизди жек көрүү күч эле. Мени окутуп, үйрөтүп, жыргатмак эмес.

Совет доору кулап, коом динге көңүл бура баштаган мезгил. Биздин айылга Кара-Суудан мечитке балдарды окутуш үчүн Аваз деген молдо келген. Өспүрүм кездеги курагым. Атам мени жерип, аталык мээримге тойбой, өксүгөн учурум. Динден тапкым келсе керек мээримди. Мечитке барып окуп жүрдүм, айылдагы кыздар менен кошо. Араб тамгаларын тез эле өздөштүрүп, окууга өзүм көңүлдөнүп кеттим. Агайымдын неден болуп көңүлү бузулган, азыр билбейм деле, пенде да. Бирок ал кезде эч нерседен кабары жок кыз элем!

Мага тапшырма берип, өзүнүн жанына олтургузуп... Чоңоюп, эс тартып калган курактамын да. Түшүнбөйм, классташ балдарыма окшоштурайын десем, алар бизге башкача тийишет. Корком. Бир күнү кыздарды кетирип мени алып калды, анан жаныма келип көкүрөгүмдү кармаласа болобу! Чочуп кеткем, эч ким минткен эмес да. Ордумдан атып туруп качып чыккам. Эшиктин алдында мени күтүп турган сиңдим экөөбүз үйгө чейин чуркап келгенбиз ошондо. Апам сезип калса керек, не болгонун менден такып, мен көгөрүп айтпай, сиңдим не болгонун айтып берген. Эмчегим шишип, кыйла азап тарткам, жаңыдан өсүп келаткан учуру эле, мендеги организм калыптанып бүтө электе, эркектин кол салуусу чочутса керек. Кийинчерек мени апам жашыруун түрдө больницага көрсөткөн. Ошентип диний сабагымды токтотком.

Атам экөөбүздүн ыйкы-тыйкы мамилебиз, ата мээриминин мага жетишсиздиги, кайрадан мени өз алдымча дин темасына бурган. Канча окуганымды деле билбейм, күндөрдүн биринде паранжынын тарыхы жөнүндө жазылган маалымат колума тийген. Авазды, ошондон улам ооруган эмчегимди эстегем. Ыйлагам. Мени кимдир-бирөө алдап кеткендей, жийиркеничтүү бир жерди тепсеп алгандай жийиркенгем.

Паранжынын тарыхы

Мухаммед – чын эле пайгамбар, пайгамбарлык энергияга ээ болгон киши. Кудай ага адам баласынын жашоо тартибин оңдош вазийпасын тапшырган. Аткарган. Бирок жарым жартылай. Буга араб улутунун бетиндеги паранжы, чүмбөт күбө. Пайгамбар өзүнүн таза жашоосу, үлгүлүү жүрүм-түрүмү аркылуу гана коомдогу бузулган тартипти оңдойт. Анын вазийпасы ошол. Тазалыкка башкаларды чакыра бербестен, өзү да кудайдын алдында тазаланат. Ал да кудайдын кулу.

Пайгамбар ошо башы менен өзүнүн чочогун өзү башкара албаган, ошол деңгээлди багындырбаган. Чочоктун азабын тартып, өзү деле кадимки мусулманга окшоп төрт катын менен чектелбестен... менимче тогуз никелүү, анан ошончо никесиз катыны болгон. Барган жеринде оонап коё бергидей Чынгызхан болуш үчүн туулган эмес Мухаммед! Чынгызхандын жолу башка.

Араб дүйнөсүнүн да өз сулуулары болгон, мага окшогон. Аларды КУДАЙ өзү ошентип жараткан, аял өзүн өзү жаратпайт. Аларды карап туруп, пайгамбардын мээси айлана берген. Негизи тирүүлүк эркектен башталат, эркеги өзүн тартса, катыны олтуруп эле калат. Идея – жашоонун башталышы, эркектен башталат, аялдан башталбайт, баштапкы этаптагы бир клетканы эркектин организми иштеп чыгат. Ошондо пайгамбар мылжыңдай бербестен өзүн тартышы керек беле? Кудай ага тазалыктын башаты болуу бактысын тартуулап атпайбы, анүчүн өзүнө берилген энергияны башкарышы керекпи?

Жашы өтүп калганда деле мээси токтобой койсо керек, сулууларды булгай бериш, даражасына туура келбей калганын билсе керек да, анан: “Аялдын жүзү (демек өзүнүн жүзү), (аялдын да жашоосу эркектен башталат), эркекти бузат экен” – деп аялга, демек, өзүнүн бетине өзү чүмбөт жапкан. Кишинин, болгондо да пайгамбардын сойкулугу улутка, өзүнүн жүзүнө чүмбөт болгон. Араб деген Мухаммед болсо, арабдын жүзү деген Мухаммеддин кызы. Кишиби, анда кишичилик парзын аткарып кетсин, болбосо ким үчүн эле, ким пайгамбар?

Дагы бир мисал. Пайгамбардын аялы Айша жөнүндө. Пайгамбар иши түшүп, бир жакка барбайбы. Жолдо ойноп олтурган кызга Айшага көзү түшөт, назарын салып коёт. Таанышынан сурайт, кимдин кызы, не деген кыз? Таанышы сүрүштүрүп көрүп, маалыматты айтып берет. Айшанын башы бош эмес, кудалап койгон жери бардыгынан өйдө. Келечектеги түзүлчү үй-бүлөнү бузуп, пайгамбар Айшаны өзүнө аялдыкка алат. Мындайча айтканда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бирөөнүн катынын тартып алат. Менин абамдын аялы жоктугун баарың билесиңер, бирок бириңер аялыңарга талак берип, башын бошотосуңарбы? Айшанын кудалаган жери өз каалоосу менен аялдан баш тартыптырбы же күчкө баш ийип берген бекен?.. Бу суроо мен үчүн ачык бойдон. Кайра айтам, Мухаммед – Чынгызхан эмес!!! Өзү жеңген эркектин аялын тартып алгыдай. Пайгамбардын вазийпасы башка, кол башчынын вазийпасы таптакыр бөлөк! Чынгызханга жарашкан иш, Мухаммедге жарашпайт. Үй-бүлө коомдук түзүлүштүн башаты, фундаменти, демек, коомдогу фундаментти өзү талкалап койгону болобу пайгамбардын бу кылганы? Анан каяктагы үлгү, эталон?!

Мына, ошончо адам баласы туу тутунуп аткан диндеги тазалык! Адам баласынын айбанаттардан кандайдыр бир айырмачылыгы болушу керек да акыры. Жөн эле скотофермага айланып, размножение менен алектене бербестен. Ислам динин кабыл алган мезгилге чейин Хорезм, Түрк элдеринин өздөрүнүн руханий байлыгы, күчтүү маданияты, жазуулары болгон имиш. Арабдар динди бу элдерге сиңириш үчүн, алардын руханий баалуулуктарын жок кылып, руханий ачарчылыкка кептеп, анан анын ордуна өздөрүнүн динин тартуулаган. Биздеги Чынгыздын (Айтматов) дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу болушу үчүн, Ашым (Жакыпбеков) курмандыкка чалынганындай эле окуя болгон. Билгенге, Түрк, Хорезм элдери да өзүнүн руханий маданиятын азап менен тозоктун ортосунда, өлүм менен өмүрдүн чегинде, маңдай тери менен гана тапса керектир. Мына, араб баалуулуктары.

Кыргыз дүйнөсү бүгүн КУБАТ болсо, абам менин көзүм бозоруп калганда да өзүнүн эрекциясын тартып койгон. Аял макул болуп аткандан кийин, баш тартпай койсо, ким не дей алмак? Канчасы менен аралыктан чалжырашып жүрдүм мен деле. Ошончо кыргыздын ичинен бир гана абам мени таза койду, бетиме да чүмбөт жаппады, аталык мээримге мени тойгозду, тарбиялап, жол көрсөтүп, түпсүз караңгылыктагы жашоомо маяк болуп берди.

Кубат адам баласынын мээнетин, анын өз алдынчалуулугун тааныды, авторлугуна, ээлигине кол салбады. Бүгүнкү чекке өз мээнети менен гана жетти. Кимдир-бирөөнүн мээнетин тепсебеди, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланбады. Мына Араб дүйнөсү менен Кыргыз дүйнөсүнүн айырмасы. Бирок менин абам пайгамбар деле эмес, сиздей, мендей эле бир кыргыз.

Поэзия үчилтиги жана мен

Кубат абам айткандай, кыргыз коомунда 30–40-жыл жарылуулар болуп, 50–60-жыл тыныгып, 70 жыл кайрадан жарылуулар болгондугу чын болсо, 70-жылы төрөлгөн муундун ичинен жеке мен: Э.Асекти, Ж.Касаболотовду, З.Ажыматовду поэзия үчилтиги деп эсептейм. Ар бири өзүнчө дүйнө, ошол эле учурда чулу кыргыз дүйнөсү. Ар биринин башында табигат тартуулаган Акындык тагдыры бар. Буга өздөрү жазган ыр саптары күбө. Толук түрдө болбосо да, ар биринин өзү менен, кол жазмалары менен менин тааныштыгым бар.

Эрнис агайда дүйнөлүк классикалык адабият жөнүндөгү кеңири маалымат, тибеттик медицина, менин башым ныпым жетпеген философия, эч кимге окшошпогон кол жазма бар экени эсимди оодарган. Сүрөт, кино, музыка тармагын деле чемичкедей чагат экен. Акылдан чын азап тартса, ушу агайым тарткан. Мынча нерселердин баарын бир адамдын биле бериши... билбейм.

Билгенге мен өзүм деле оңой жоодон эмесмин деңизчи, бирок... Экөөбүздүн жолукканыбызга жаратылыш да реакция кылган. Жөн жерден эле свети өчүп же эшиги ачылып кетип, крандагы суусу токтоп, чынбы, калппы билбейм, түшүнө чоң энеси кирип, коңшулары үйүнө кирип келип текшерип, жолдо агайды “таможнялары” тосуп, асманга жылдыздар толуп, иши кылса... Кыргыздар Манастын тамгасы жерге түштү деп Алтайдан Таласка топурак алып келгени, айылдаштарым киши келет деп даярданышканы, жамгыр мен эшикке чыксам, акырындап токтой түшкөнү, сүйүнсөм, күндүн жаркырап тийгени, балким кимдир-бирөө айныгандагы жазмалар дээр, бирок бул космостук кубулуштар чын эле болгон. Чычкандай кыз менен чымындай баланын жолукканына табигат реакция кылса керектир. Ошол мезгилдерде болуп аткандарга башым жетпеген. Түшүнчү эмесмин. Элейе калчумун, айрымдарына.

Жыргал агайда бир эле акындык тагдыр эмес, карандай муздак акылдын уюткусу бар, мунусун өзү билеби, жокпу, билбейм. Конфликттерди, коомдогу ак-каранын кагылышын укмуштуудай ажыратуу жөндөмү бар экендигин байкагам. Бирок консерватор. Ушунусу мага жага бербейт. Жашоо бир калыпта гана турбайт эмеспи, ошон үчүн жактырбайм, консерваторлугун.

Дүйнө түзүлүшү өтсө эле ушу кыргыз аркылуу өткөнбү деген ойго келесиң, карап туруп. Билген киши Кубаттын ордунда киши бар экендигин баамдабай койбойт. Турмуш агымы менен агып олтуруп, өлүп эле калбаса, бир жагын жарып чыгары тагдырына жазылган. Абалкынын азыркы баласы – Зайыр агай экөөбүз көп жагыбыздан окшошпуз. Айырмабыз – мен кыз бала, аныбыз эркек бала. Бар болгону, Зайыр менен Шайырда, бир тамгадан айырма. Жогорудагы эки кыргыздын кандайдыр бир сүрүнөн анчалык даай албасам, бу кыргызымды... билбейм, жаш баладай эле көрчүмүн. Экөөбүз бири бирибизди анчалык деле тогото бербедик. Бир жагы жаш айырмабыз чоң болбогондугунан да болушу керектир. Теңтуш элек.

Өз алдынча кыйратып ийчү деле билим албаган, жалкоолугунун айынан аракет деле кылчу эмес, биз аналитиканы Жыргал агайдан алчубуз, өзүбүздүн мээбиз жетчү эмес, бирок... Ушу бирок деген сөз укмуш да. Бу кыргызда табигый талант болгон, нукура түрдө. Жаратылыш Зайыр агайдын өздүгүн өзү түзүшүнө аянбай мүмкүнчүлүк түзүп койгон. Кудайдын мээри түшкөн экен да азыр ойлосом. Жыйырманчы кылымдын Гомери Саякбай тамга тааныбаган экен. Анын сыңарындай, агайдын нукура таланты – Акындык тагдырын түзгөн.

Саясат жана мен

Негизи саясат менен эч кандай иши жок, бар болгону ырдап-чоорлоп гана өмүр кечириш үчүн жарыкка келген элем. Бирок кудай кааласа, кубарыңдын акысы барбы? Башында саясатчылардын жашоосу, тиричилиги, айлана-чөйрөсү, башка бардык адамдар сыяктуу эле мени да өзүнө кызыктырган. Абам ыңгай түзүп берди. Түзгөн Идеологиясын шарттуу түрдө саясатчыларыбызга жеткирткен. Кантип издештиргенимди, тандаганымды, сөздү жеткиргенимди, өлкө үчилтиги кантип изделди деген баяндамамда жазып чыккам.

Атайын айтылган сөз биринчи Өмүр агайыма (Текебаев) жеткирилди. Иштеген орду бизге белгилүү эле. Тапканга оңой. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жообун бербей, барктанып жүрөт. Жыргал агай айткандай, кырдын кызыл түлкүсүн табындагы тайган гана ала алса, 45 жеримден Кубаттын окуучусу болсом да, табыма келе электигимден “түлкүмдүн” жолун торой албай, бир ооз жообуна жетпей жүрөм. Саясаттагы эки жүздүүлүктү мен ушул киши аркылуу тааныдым. Мунумду чанып ийейин десем, эл арасында канчалаган кубулма жүздөр бар. Бир гана саясатта эмес башка бардык тармакта жайнап эле атпайбы. Толеранттуулук деп тантыштан башка эч нерсе колумдан келчүдөй эмес. Кабар жеткирип жооп ала албасам, демек, кандайдыр бир кемчилик, бышпаган чийки сапат өзүмдө да бар. Кемчилик бир гана тараптан эмес, эки тараптан кетет. Өзүмө гана ылайыктуу жетекчим, башка не дейм.

Бу кишиден мен эки жолу кайттым. Биринчиси, кеминдик аксакалдын мончоктоп аккан көз жашын көргөнүмдө. Окуя мындай. Күндө Акүйдүн пропуск бюросуна барам жалдырап. Түшкө жакын барам, түштөн кийин кайтам. Швеядагы тигилип аткан көйнөктөрүм мени күтүп турушат. Иштебей койсом, акча каражатым жок. Мен да көгөрөм, Акүйдүн билермандарынын кылыгына тилимди тиштеп. Бир аксакал менен күндө көрүшүп жүрдүм, бир-эки ай убакыт деле өттү. Башка кайрылгандар улам жаңыланат, экөөбүз мукураган кудайдын мусаапыры элек. Мени да, аны да кабыл алышпайт, ар шылтоолорун айтышып, а биз... Бир күнү эки кембагал тааныштык. Кеминден экен:

– Кудай каргап, минтип карыганда кор болдум, – деп ызааланып кеттиби, айтор, шолоктоп ыйлап ийген. Сакалы ылдый мончоктогон жашы агып.

Өмүр бою кой багыптыр, эки кыз, бир уулдуу болуптур. Кыздары турмушта, а уулу үйлөнгөн жылы кырсыктап, аварияга учурап кайтыш болуптур, карыганда кемпир-чалды кууратып. Келинди төркүнү алып кетет. Келиндин боюнда калган экен, кудай жалгап небересин кемпир-чалга бердиртиптир кудасы. Небереси ошол учурда беш жашка келиптир эле. Өмүр бою кой артынан жүрө берип, колхоздун үйүндө жашап, өзүнчө турак кылбаптыр. Колхоздун эки комнат үйүн, учурунда кыздары жүгүрүп жүрүп, ата-энесине калтырышкан экен. Жашап жүрүшүптүр. Кийин бир бай келип сатып алыптыр, жерди. “Чыккыла” дейт. Каякка да бара алат? Мукураган үй-бүлө. Кемпир-чал, беш жаштагы наристе. Селсоветке барса, алар жардам бере алышпаптыр, бирөөсү боор ооруса керек: “Жогорку Кеңешке өзүңүз кайрылыңыз, ошолор кийлигишсе, үй сизге калат” – дептир эле.

Аксакал үмүттөнүп Кеминден келиптир, спикерге кат жолдоп. А.Жээнбеков спикер эле. Өзүнүн тааныштары жок, шаарда, бир коңшусунун баласыныкында түнөп жүрүптүр. Анын деле бир комнат временкасы, эки баласы бар экен. Эми ойлоп көрүңүз, жашап эле калган абышка, эрди-катындын үстүндө түнөп жүргөнүн. Аял бата алат, а эркек кишичи? Дагы коңшусунун келини түзүк экен, эки айдан бери унчукпай батырып атса.  

Акүйдөгү “сойкулардын” биздин абалыбызга мылжыңдап, ыржайып олтурганын абама өксүп айтып бергем, окурманымдан баш тарткам. Абам ошол башы менен, менден, өзүнүн “шуркуялары” үчүн кечирим сураган. “Мени ушул жашымда кууратпай, зөөкүрдүн зөөкүрлүгүнө чыдап бер, сен ук мени, эч кимиси укпаса” – деп мени токтоткон.

Экинчиси, Мелистин (Мырзакматов) имиджин көз көрүнөө жеке пайдасына пайдаланып, он миңдеген өзүнүн электоратын каратып туруп алдап койгонунда. “Чыныгы жалап сен экенсиң” деп тан бергем. Эки жүздүүлүктүн, уят-сыйыттан кеткен, ачык формасы эле мен үчүн. “Ушул менин элитам болсо, элитасы жок эле жашайм” дегем. Көп саясатчы эмес, биздин тандообузга жеткен саясатчыбыз болуп атпайбы, анан биз да саясатчыбызга талап коёт элек.

Баягы абам. Вакуум түзсөм өлтүртүп алаарымды, бул жинди өлтүрүлсө абам мени Кремлге жөнөткөнгө аргасыз болуп калсачы, себеби, калпы-чыны белгисиз, Россиядан төрт самолёт келген имиш, бизге, же Үркүн окуясы орун алсачы, бул жактагы саясатчылар элдин эртеңи эмес, бийлик үчүн өз ара чабыша баштасачы... Жыргаткан күн күтүп турбаганын айтты. Азыр ошондогу төртүнчү этаждагыларга ырахматымды айтам, айтылган сөзгө реакция кылып, жөн эле чыңыргам мен деле. Путиндин төшөгү калыптырбы, мен түшүп көрбөгөн?.. Кысчу жерди он беш жеринен кысып, алдыдагы кризиске даярдангам. Өз башыма өзүм тирүүлөй азапты жүктөп алгым келген эмес.

Азимбек агайды өзүм жактырам, эң биринчи саясый дөө-шаалардын ичинен ушул киши мени менен сүйлөшкөн. Териме батпай сүйүнгөм, саясатчылар менен сүйлөшкөнүмө. Кыйла убакыт эйфорияда жүргөнүм эсимде. Мага мамлекеттик түзүлүш, саясаттагы өзүнүн жолу жөнүндө айтып берип жүрдү. Болбосо саясатчылар ичи тар кишилер эмеспи, мунубуз башкачарак түшүнүктү карманып, билгенин өз башы менен алып кеткиси келбейт окшойт.

Жалгыз депутатым бар болсо, ошо депутатым, 2017-жылы мага өнөрүн көрсөтсө болобу! Чимирилип эле кеткем. Бу кишинин пенде экендигин кабыл алыш, мага оор болгон. Менин түшүнүгүм башкача эле да. Иши кылса мени пешенесине олтургузуп алып, өзүнүн айтканы чын чыккан.

– Мени силер чоң киши көрөсүңөр, мен да пендемин, мен да адашам, – деген эле.

Ошол жылы бу киши ишти туура баштаган. “Ак кеме” мейманканасына бизди топтоп, бийликтегилерди көзөмөлдөсө, алар деле адам баласы, биздин эле пайдабызга иштей баштаарын, эл менен өлкө ортосуна өзү көпүрө болуп берерин, Курултайды уюштурса болорун айтып, анан эле... Эсен болсун дедиртти.

Бийлик азгырыгына туруштук бере албаган. Өзү үчүн бир гана системаны тандабастан, кош стандарттагы саясатты жүргүзө баштаган. Бизге келип бирди сүйлөйт, Абдилдин чайханасына барып башканы сүйлөйт. Текебайыптыкы двойной стандарттагы саясат болсо, Азикебиздики тройной болуп кеткен. Идеясы туура, бирок өздөрү чийки экендигин түшүнгөм. Абал жыргатарлык эместигинен улам, өйдө-төмөн жоруктарды жутканга туура келген. Өттү, кетти. Кийин менин кайрылуума жооп кылып, Өмүр үкөсүн үй камагына ушул киши чыгартты. Мени Р.Матраимовдор издей башташыптыр эле, өлтүрүлүшүм реалдуулукка келип жеткендиги мени чочуткан, Азике менен туугандашкам, кайрадан экөөбүз жарашып алганбыз. Кемчилик кимден гана кетпейт, ар ким адашканга укуктуу. Бирибизди экинчибиз кечиргенди да үйрөнгөнүбүз жакшы.

Болот Шер агай башында анчейин көрүнчү эмес, сөз шарттуу түрдө айтылышы керек болгондуктан издештиргем. Адрести Садык агайымдан алгам. Бу кишиге мага чейин Улан үкөм (Эгизбаев) барбайбы. Аны Бокебиз кабинетинен кууп чыгыптыр. Зайыр агай түтөп кеткен:

– Боке өлгөнү жүрөт, – деп.

– Жаш балдарга эмес, ошончо “кыйындарга” көрсөтпөйбү күчүн, – деп мен деле тиштенем. Бир жагы корком, мени да сабасачы, сөз шарттуу түрдө жеткирилиши керек эле. Бир буттап чимирилип жүрөм, болгон окуяга кандай анализ жүргүзүштү билбей.

Жыргал агайым күлөт, мени шылдыңдап:

– Боке кыздар менен сүйлөшкөндү жактырат, сен коркпой эле бара бер, – деп.

Мен ишенмек белем? Эки ортодо өзүмчө эле кыйпычыктайм. Карбалас агай жакшы тааныйт экен Бокебизди, ал кишиге айтып бердим, сөз жеткирилип, жообу алыныш керектигин, издештирейин десем, бу киши жаш балдарды сабап жүргөнүн. А Карбалас агайым коркот:

– Сөзгө реакция кылып, Боке кокус болуп кетсе, Конгантиев болуп калышың мүмкүн, жакшысы, бу ишке Садыкты аралаштыр, – деп.

“Айтыш” фильмдин дарегин Мамат акеден алып жумушуна барсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, Садык агайым мас, жумушунда олтурат. Кадимкидей кызуу. Биринчи жолу жанынан көрүп атам да. Жаман кызыктай туюлган. Адрести, ага кошуп өзү тарткан “Курманжан датка” фильмине билетти алгам. Ошол күн туулган күнүм экен, фильмден чыгып алып эстеп атпаймынбы өзүм деле.

Кайсы жылы экенин унутуп атам, Таласка, Манас-Ордо комплексине барып саякаттап келген элем. Кандайдыр бир аура Кароол чокунун башында, ошол эле аура Манастын күмбөзүндө да бар экен. Адамды тынчтандырган, эс алдырган жылуу илеп. Ушуну издеп келсем керек деген элем.

Кийин убакыттын өтүшү менен унутуп деле калгам. 2015-жылы Болот агайды эски аэропорт районунан таптым, айтчумду айтып алып кайттым, бир нерсе эле илээшип келатат, жан жагымды карап коём, жолдогу Ормон хандын эстелигинен өтө берген жерде... селт эттим. Ыйлап ийгем, жол менен бир болуп ыйлап келатам, эч ким деле эч нерсе дебеген. Бирок ыйлап алган да жакшы.

Үйүн Карбалас агай көрсөтүп берди. Жооп алмакка үйүнө бардым, абам жообун алып келесиң деген да. Килтейген капкара ити бар экен, киргизишти, маңдай-тескей олтурабыз, баягы илээшкен нерсе. Ушу кишинин бир балээси бар окшойт дейм өзүмчө. Башкаларга анчалык болчу эмесмин. Жообун берди, сөз бүттү дегенсип, колун көтөрүп койду. Чын эле кем сөз экен, угуп жүрчүмүн. Сигаретин түтөтүп олтуруп алды. Бир чел кабыктын ичинде эми. Корктум.

2017-жыл. Оштон келип эле Бокени издештиргем, менин төркүнүмдүн (Текебаев) жакыны ким экенин билем да мен деле. Таптым. Кабыл алды. Пешенесинде олтуруп ыйлап атам, сүйлөп атам. Кенен бир сааттай сайрадым окшойт. Сигаретинин атасын окутуп атты:

– Нааразычылык акциясына сен да бар, мен бармакмын, бирок баса албайм, ыйлаганыңдан пайда жок, – дейт.

Эртеси да келдим офиске, чын эле ыйлай бергенден пайда чыкмак эмес. Ошондо баягы аура кабинетте эле. Чочуй түштүм, мени байкап турган го. Жалт карасам, сыртыман карап туруптур. Оозума тыгылып аткан жүрөгүм пастай түштү, бир аз олтуруп, чыгып кеткем эч нерсе дебестен. “Курагына жетиптир” дегем. Бул аура Болот агайды коштоп жүрдү. Негедир ушул кишиден ошол жылуу илеп чыгып турчу болгон эле.

Көзү өткөндө Карбалас агайыма кыйын эле болду, кайра-кайра дарыланып, бир абалда жүрдү. Сот процессине барсам, Өмүр агайдын ички азабы, күйүтү жүзүнө чыгып калыптыр. Батага барып, үйүнөн чыгып келатсам, баягы аура. Бишкекти айландырып тиктеп, жолума түштүм. Курултайыбызга чейин жашап берсе болмок. Кандай болгон күндө да артында ИЗИ калды.

Өлүм жана мен

Айылда кыштап, шаарга жаңы эле келгем, жумушум токтоп калды. Квартирамда ырларымды окуп жатсам, коңшу эжем кириптир.

– Ии, жатасың, - деп. Ыр окуп атканымды айттым, кыртышы сүйбөдү.

– Өзүңдү Алыкул сезип жата бербей, Алыкулуңа барып кабар алып келбейсиңби, ошончо акын болсоң, – дейт.

– Чын эле быйыл өзүм Алыкулдун жашына чыгам, – дейм мен келесоо. Анан бармай болдум. Ала-Арча көрүстөнүнө барып, ырымды окуп, бир аз олтуруп кайткам.

Эжем эртеси деле келет:

– Болдубу, дагы барбайсыңбы, бир жолу шерик болуп албайсыңбы? – деп.

Ошентип бир жумадан ашыгыраак каттап жүрдүм, жөн эле экскурсиялайм мүрзөнүн ичин. Коркуп өлбөйм. Ар кимдин жайына барып... Дагы жакшы, эрте менен барып, кечинде келем. Жумушка баргансып каттайм темселеп. Ким кирип, ким чыгып атканын карашпайт деле экен.

Мендеги абал Мамат акеге түшүп калган го, телефон чалды. Алдым. Жакшына, жумшак сүйлөп, каякта жүргөнүмдү сурады. Айтпайм каердемин. Редакцияга чакырды. Бардым.

– Кубат аке келиптир, азыр уктум, укпадыңбы сен? – дейт.

– Келиппи?! – Атып эле чыгып кеттим, абамдын үйүнө бардым. Кирип барсам, абам жаактан ары тартты:

– Не көздөрүң жалжылдайт? – деп. Ойлоп көр, учурашканы барсаң, жаактан ары жесең.

– Айтпайм, – дейм. Башында түшүнбөй калсам керектир да.

Пешенесине олтургузуп алып, эки-үч тартты жаакка:

– Не мени менен ойношуп атасың, теңтушуңмунбу? - деп.

Ыйлап ийдим, не болуп атканымды айттым.

– Пок барбы ал жакта, өзүңдүн ким экениңди билгенден кийин андай жерге сен барба, Алыкулдун погун көргөнсүңбү, аны сен эмес, мен көргөн эмесмин, – деп кейип-кепчип, нары-бери жулкулдатып, жаакка чаап, оозумдан капкара түтүн сыяктуу көлөкө чыгып, өзүм ыйлап бүтпөй, диванына кулап...

Бүгүндөн калбай ошол жеримден көчүшүмдү талап кылды абам. 3-4 күндөн кийин чын эле көчүп кеткем, эжем ээрчип жүрөт:

– Жашай бербейсиңби, – деп коюп. Мен шыпырып алдайм:

– Журналисттерим бекер квартирасын бергени атышат, – деп. Бир нерсе дештен корком эжеме. Кийин ойлойм, абам айткандай, жөн эле бир чөпкө чалынып кетсем, мен келесоо не болот элем деп. Ошентип бир өлүмдөн өткөм, 35 жаш курагымда. Кыш аяктап, жаз башталган мезгил эле.

Эскергим деле келбейт, бирок өзүм жөнүндөгү маалыматты өзүм жазып калтырышым шарт. Кайсыдыр бир мезгилдерде мен деле жер бетинен шыпырылам.

Эрнис агай менен таанышканымды апама айтып берген элем. Эже-сиңдилерим деле билчү. Ошо. Апамын реакциясын байкап калганга Зайыр, Жыргал агайларым жөнүндө ооз ачпагам. Аял башыбыз менен ушубуз, эркектер эсен болсун, неге менин жашоом ушундай болуп калган деп өксүгөн элем. Негедир мени айланамдагы адамдар бири биринен кызгана берери жадатып деле ийет. Мага жеке турмуш буйруйбу да, буйрубайбы, билбейм.

Сиңдим төрөп, апам кызын караганы кеткен, үйдө жээндерим менен өзүм калгам. Суук кабарды апам алганча келди. Ишенбей, телефонун алып, Интернетке кирсем... бир ай өтүптүр. “Бүтүптүр да” дедим. Бир заматта азыркы өзүм кармап, көрүп, курчап турган дүйнө быт-чыты чыгып, сүрөттөргө, жансыз өлүккө айланып калды. Реакция кылып ийгенге, мээм чыңала түштү. Төшөгүмдү салдым да, тетири карап жатып алдым, ыйлагым келет, ыйлай албайм. Жуурканым деле коошпойт. Денем муздап, катый түшкөнүн сездим. Личинка тойгондо, куурчакчага айланат ко, ошондой. Терезени карайм, чоочун дүйнө. Нес болуп жаттым. Кыймылдай албайм, доли секунд ичинде.

Абалымды сезип калды, апам айкырды:

– Тууйм дедиң беле, ана тууп жат, өлүптүр аркалыгың, не болор экенсиң эми? Богума окшоп каласың, – деп. Кыжырым келди, ыйлай албай жатсам, апам кемсинтет беле?

– Не балээ, той башталдыбы? – деп атырылдым.

Эне-баланын кырылышы ошентип башталды. Кандайдыр бир деңгээлде агайымдын кырк жашын өзүм жашап өттүм. А.Пушкин өлгөндө орустун макулуктары шампан ачып, салют атышкан. Эрнис өлсө, менин энем бактылуу, чимирилип бийлеп, мага атырылып. “Бир эле бу канчык эмес, канчасы той кылып аткандыр” деген ызалуу ой желкемден басып турду. Көк желкем тырышты, эч ким менен байланышпадым, шаарга барганда сүрүштүрмөк болуп, балким абам эскерткен кризисим ушулдур. Кубат абамды эстегенде ыйлап ийдим, неден азык алып жашаарымды ушу киши гана билчү.

Апам марш тээп туруп алды, ошол абалда жатсаң, сени кимдир-бирөө, как будьто футбол оюнун комментарийлеп аткансып, абалыңды жарыялап атса, эң оор нерсе ошол экен. Кыздары энесине утуру тетири телефон чалып, канчык энеси комментарий берип... Мен жаткан бөлмөгө кайра-кайра баш багып, куу шыйрактыгыма, материалдык абалыма басым жасап, кемсинтип бүтпөй... Энеси баласын:

– Сен куу шыйраксың, балаң жок, куу шыйрак бойдон каласың, – дегени болбойт экен. Башка айтылгандарга өзүм деле реакция кылбадым окшойт. Топуракка басылбай койду.

“Эрнис өлүптүр” дедиртпейм деп жанымды тиштедим. Абалдан аман-соо чыгышым керек болду. “Канчык менен кайра таанышам, ага чейин өлбөйм” деп ичтен көгөрдүм. Чыйралат экен киши. Чапкан сайын көз чыга бербейт да. Кандай болгондо да жыйын кылдырып, не болуп өлгөнүн өлбөсөм чукулайм дейм. Эне сөрөй өзү айткандай, өлтүрүп эле таштагысы келди, мага арнаган сүйүүсү ошончолук, колу барбады, мен да оңой моюн сунчулардан эмесмин. Дагы бир “сүйрөткүм” Кубат абама асылып, мен атырылып, апам качып чыгып, иши кылса... жашадык.

Нооруздан кийин жолго чыкмак болдум Бишкекке. Жолго чыгарда өлкө боюнча карантин башталды, мени гана күтүп тургансып. Нес боло түштүм, апам шылдыңдап, мени басынтып бүтпөйт, анын үйүндө мукурап олтуруп калганыма, барчү жеримдин жоктугун баса белгилеп. Таптакыр болбогондо туз таштадым, мен үчүн тирүү өлүккө айланды мастан энем. Дал келүүбү же билбейм, 19-апрелге туш келиптир, Элмирбек өлүптүр. Карантин да жанды кашайтып туруп алды. Кудайдын мага берилген үстөкө-босток сыноосу ушулдур.

Жээним келип, тайнесин колго алды. Биртике болсо да эс ала түштүм. Записки жаздым, Эрнис өлсө ишин улантуучусу бар экенин өзүмө өзүм далилдегим келди окшойт. Жазышы жаздым, ар нерседен бир нерсе эсиме түшүп, бир шалдырап муунум бошойт, жуурканымдын ичине кирип кетип сыздап жатам, жөн эле өлүп баратам, жээним атырылып кирди, жуурканымды сыйрып:

– Өзү Эрнисиңер ким эле?! – десе... мээм токтоп калды. Эми көздөрү, тим эле... Ичтен корко түштүм. – Болду жатпаң, туруң, чыгың эшикке, – деп ордумдан козгойт, мен шалдырайм, өзүмдү таштап ийген окшойм да, азыр ойлосом.

– Кой Жаңылай, - дейм. Болбойт. Түшүнөт дедимби, билбейм.

– Билесиңби, мен эми төрөбөйм, – деп ыйлап бүтпөйм. Уккан жок. Ой боюма койбой тургузду, эшикке чыгарды.

Темселеп басып баратам, тепкичтен түштүм, анан эле... “Кубат аке” дегенимди билем... жерге чөк түштүм тизелеп. Төбөмдөн кимдир-бирөө, акыры-ын:

– Да здравствуй, мой мир, эй, – дейт.

Башымды жогору көтөрсөм, асмандын бир кабаты жыртылып, экинчи катмары ачылып... ошентип мага шек түштү. Чын эле мындай нерселер празничный жол менен келбейт экен. Өлүп баратып, анан... Асманым ачыла түшкөнгө ичтайым ачылып, жашоого алаксыганга аракет кылдым.

Жаңылайыбыз тайнесин бир жакка, мени бир жакка коюп, экөөбүздүн ортобузду кыркып, а мени жаткыра койбой суу ташытып, идиш жуудуртуп, шыпыргы суулатып алаксытты. Элмирбеги өлүп, Зайыр тилин чайнап, кризисте жатканын сездим, өзүм да кризистен өтүп аткам. Байланышкым келип, кайра шаарга барганда биротоло байланышайын деп токтодум. 

Таэже-жээн сууга баратып, экөөбүздүн тең жүрөгүбүз сыгылат. Асман да үп.

– Чүйдүн талааларын үшүк алыптыр, – дейт жээним. Мен жаман кабар айткым келбеди.

– 1-май Болот Шердин туулган күнү, – дейм.

– Аныңыз ким, аркалыкпы же сартпы? - дейт.

– Аркалык, - дейм.

– Өлүп кетсин, ушу күн тезирээк өтсө экен, жүрөктү сыкпай,– дейт.

Ошентип күн өттү. Эртесиби же кийинки күнүбү, “Азаттыктагыларды” тааныр-тааныбастыгымды сураса...

– Не кыласың, тааныштарымды? – дейм.

– Дагы бирөөсү өлүптүр, сиз тааныбайсызбы, Зайыр дегенин, – десе... – Интернеттен көрдүк. Башында көрсөтпөдү, сиз дагы баштайсыз, – деп... Жаңыдан болуп өткөн кризистен өтүп атканымда... Унчукпай кирип ордума жаттым, мээм атылат. Түшүнбөйм, не болуп атканына, акындарга “өлөт” келдиби? Апам эси оойт:

– Мунусу менен да жүргөн турбайбы, гангиреп эле атат, – деп. Футболдук комментарийлер кайрадан башталды, бу сапар көнө түштүмбү, маани бербедим. Небереси мага жакындаткан да жок.

– Кызыңызды өзүңүз билесиз го, өлүп кетсин, жата берсин, – деп.

Түн кирди. Тамактандык. Кыстап ичирди. Кайра кирип кеттим бөлмөмө. Бир учурда... Өзүм сезип калдым, телефонумду, номер жазылган дептеримди жаныма коюп жатам, уктап эс алгым келди, же уйкум келбейт андайда. Эки-үч күн болуп калды эле тыңыраак уктаганыма, болбосо...

Адам өлүмү чын эле буттун баш бармагынан башталат экен. Башында бир коркуп алдым, анан өзүмдү коё бердим, өлсөм артымда ырым каларын билдим. Карасам, чын эле кетип атам. Жыргал агайымдын айтканы кулагыма жаңыра түштү. “Мен өлгөндөн кийин концертиңди коёсуң” дечү. Оодарылып ийдим, сообщение жазып атам, бутум муздап келатат таштай катып. Ошол абалымда катасыз жазыптырмын, кийин көрүп алып... Окубай койсо дедимби, билбейм, ошол эле сообщениени Карбалас агайга жөнөттүм, желкемди тырыштырып жата берип, өлүп тынбайын деп. Жыргал агайдан жооп келди:

– Не болуп атканын ким билет, ким бул? - деген.

Ушу Жыргал менин телефонумду билбейби, кыжырым келди. Анан жиндидей абалда адам үнүн уккум келди. Телефон чалсам, өчүк. Зайыр өлө элегинде телефон чалбаганыма ошондо өкүндүм. Ыйлап, кайра сооронуп, уктап, ойгонуп, иши кылса, эшикке темселеп чыгып кирип аттым. Уктасам, Зайыр агай мене чогуу жүргөндөрүм түшүмө кирет, ойгонсом эле – реалдуулук жүрөктү мыжыгат. Чыдабайм, тытынып кетем, ичим ачышат. Соолуп жаттым. Не болуп кеткенине башым жетпейт. Катар-катар өлүм болбойт экен. Ыр жаздым. Колума бирөө калем карматкандай. Жаңылай үйүнө кетип, ордуна Уулжан келди. Кирип чыгып коёт, мага эси ооп. Апам аңкылдап көрдү, небереси тыйды:

– Жаңылай айтты го, сизге, – деп.

Чоң апам келиптир, ФАПка врачтар келгендигин айтып. Ким алып келгендигин сурасам, Матраимов экен.

– Зайнап экөөң мени өлтүрө албай атасыңарбы? – деп оозго бердим. Мени менен иш алпарса, билгени алып барсын да.

– Өлүп кет, Зайнабың айтканынан келдим, барбасаң кой, – деп жулкунуп чыгып кетти. Жүрөгүм чын эле мыжыгып, кайра коё берип атты, бирок барбадым, эми мен калыптырмынбы өлүп тынбаган.

Жээним көрсөттү, жер-сууну сел алганын, колума күзгү карматты. Өзүмдү колго алыш керек болду. Китеп окугум келип, китептеримдин жанына чыктым, Жыргал агайымдын китебин алып окудум. Бу киши апасы өлгөндө мага окшоп түшүндө тирүү көрүп, ойгонуп, реалдуулугу менен бет келишип жашагандыгын жазыптыр. Бул нерсе менде, Зайыр агайдын көзү өткөндө болуп өттү.

Соңку сөз

Жети саны ыйык сан, өзүмдү өзүм жетиге бөлдүм. Маданияттын адабият тармагындагы өкүлү менен маданий чөйрөнү жакындан тааныштыргым келди. Өзүбүз жашаган мезгил жөнүндө маалыматтар калсын. Журт алдындагы биздин вазийпа – колдогу куралыбыздын жардамы менен дүйнө картинасын кагазга түшүрүү эмеспи.

10.05.21.

КОШУМЧА

Кыргыз журтчулугу өз жашоосун өзү бир багытка буруп, өз жолун таап алышына, мамлекеттүүлүгүн өзү чыңдашына, маданий баалуулуктарын өз пайдасына жумшашына, бүгүнкү чалкеш замандагы бүтүндөй адамзатка маяк болушуна космостук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Чын эле түшүнүп сезген кишиге үчүнчү миң жылдыктагы убакыт КЫРГЫЗГА берилди. Карап туруп, кызгана түшөсүң, бир жагы таңыркап. Иши кылса... Жашоо үчүн болгон күрөштүн биринчи доору аяктап, жаңы доордун босогосунда турабыз.

Болот агай (Шер) айткандай, кыргыз адам эмес бөрү болсо, БӨРҮ МЫЙЗАМ менен ушул мезгил аралыгын жашадык. Ак-караны айырмалаганды үйрөндүк. Бирине өкүнбөйм. Ошончосунун ичинен мага ушундай тагдыр тартууланыптыр. 70-жылдары төрөлгөн муун, чын эле бактылуубуз. Өзүбүздү өзүбүз таанышыбызга табигый зор мүмкүнчүлүк түзүлдү, биз аны өз пайдабызга пайдалана алдык. Өз жолубузду тапканга умтулдук.

Кааладык-каалабадык, Курултай кылганга баары бир табигый жол ачылат, карандай мээнет кумга сиңип кетпейт. Кандай болгон күндө да КЫРГЫЗ доору келатат. Аккан суу тосмону жарып чыгып, өз жолун андан ары улагандай, бул эл кылымдар бою өз жүзүн өзү жоготпой жашай берет, өзүнүн мурастарын, табигаттан алган баалуулуктарын муундан муунга өткөрүп.

Жеке мени Кубат аба баласындай асырап, мээримге тойгузду. Өзүнүн кишиси кылып алды. Эми мен да абамдын жолун, окуусун улап, өзүмдүн кишимди эл арасынан таап, өзүмдүн кишим кылып алганга, муздаган дубалдарды талкалаганга неге болбосун. Өмүр берилсе, адам менен адам болуп, жашаган кандай жакшы. Жашоодон өтөрү барбы тирүүлүктө.

Жалганымдан кайтпас болуп кеткенимден кийин деле кайрадан жаралуу бактысы берилсе, адам баласы болуп гана келгим келет. Эркекпи, аялбы, мага айырмасы жок. Экөөнүн тең жашоодо өз орду бар экендигин билдим. Болгону, ушул линиядагы адамдардын катарында төрөлгүм келет. Башка дүйнө болуп келгим келбейт, тирүүлүктүн туу чокусу – адам баласы, өзүбүз экенбиз.   

Абам айткандай, өлүм адамды ачат экен, жашоо маңызын көрсөтүп берет экен. Адам баласынын жашоосунда “экинчи дем” деген түшүнүк бар эмеспи. Дүйнөлүк масштабда кайра жаралуу доорунун башталуу этабында турат адам баласы. Маданият анын бир өткөргүчү, адам баласынын АДАМ болуусуна кызмат кылат.

Ушу.  

Балким менде, балким сенде өзгөрүү,
Кереги жок, эми бизге жек көрүү.
Жалгыз гана бир мыйзам бар баш ийчү,
Ошол кымбат. Кайра баштан ТӨРӨЛҮҮ!

Шайыр ТОЙЧУЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз