Карбалас Бакиров: Кыргыз поэзиясынын жаңы барагы

  • 30.11.2022
  • 2738

Жакшысын жакшысың деп төрүнө чыгарбаган,
Жаманын жамансың деп боз жолго таштабаган. 
Бул эл ушунусу менен КЫРГЫЗ.
К.Жусубалиев, жазуучу

Жаңы доордун, жаңы күндүн келатканын кабарлаган таң алдындагы ЖЕЛАРГЫ жеңил гана тирүүлүктүн жүзүнөн сылап өтүп, оор уйкудагы ааламды ойготот. Ооба, бүтүндөй тирүүлүк жашоого гана умтулат эмеспи. Жашаган кандай жакшы.

Окурмандардын каардуу сотуна тартууланып жаткан Шайыр Тойчуеванын алгачкы жыйнагы – турмуштан келген ырлар. Жашап кетишин же жок болушун мезгил чечээр. Ыр саптарын окуп олтуруп, акындын жүрөгүнө өз таасирин тийгизбей өткөн нерсе жок окшойт деген ойго кетесиң. Саптары көндүм болгон трафареттен алыс, тематикасы да кенен, көбүнесе уйкаштыгы жок ак ырларга жакын.

Турмуш өзү
Чапса тумшукка,
Түшүнбөскө айла жок.
А болбосо
Том-том китеп
Окугандан пайда жок.

Өзүнө өзү калп айталбаган саптар. Акындын өздүк кол тамгасына таандык жөнөкөй, турмуштук полотно. Ооба, турмуш өзү мектеп. Көбүртүп-жабыртып сөздү көбөйтпөй, ойго басым жасалышы – көркөм ойду чагылдыруудагы мыкты сапат. 

Жоготком нени табылгыс болгон, 
Кебелбейт дүйнөм, көк муздай тоңгон. 
Ыйладым неге? Өзүмдү аяп, 
Чыгарбай камайт, жылчыксыз коргон.

Жанымды коёр жер таппай онтойм,
Тилеймин нени азаптуу жолдон?
Өлүктөй сүйрөп өтөмбү? Билбейм,
Алмадай башты, өксүккө толгон.

Өксүккө толгон алмадай башты элестетип көргүлө. Кыйынчылыкка туш болгон каарман бир туруп өзүн аяп көз жаш төксө, бир туруп азаптуу жолдон чыгып кетүүнүн жолдорун издейт. Бирок көк муздай тоңгон дүйнө  жибибей, тоңгон бойдон турат.

Сага, мага, баарыбызга өзүн өзү ачып бергиси келген акын кызыбыз – бир карасаң оптимист, бир жагынан пессимист, ошол эле учурда романтик. Турмуштун өзүндөй көп кырдуу, көп сырдуу. Эң башкысы, анын ааламга, окурманга айта турган ою бар. Жан дүйнөсүндө катылып жаткан нерсени ыр аркылуу жүрөгүбүзгө жеткиргиси келет, туюнткусу келет.

Тоолор тартат өзүнө,
Тоолор түртөт өзүнөн. 
Караганым койбодум,
Кыл учтарын же бир мен.

Бийиктик кимди гана өз дүйнөсүнө тартпаган. Көк мелжиген бийик тоолор, асман тиреген кыл чокулар, акынды бир жагынан өзүнө тартса, ошол бийиктикке жетип, аны багынтуу үчүн канча эмгек керек деген коркуу түртүп да турат. Бул төрт сап ыр – экспромт, учуп келип бутакка конгон чымчыктай.

Так секирип бычак мизинде, 
Жолумду улайм.
Бурганактап, көз ачырбай,
Турса дагы капкара түн. 
Түндү жиреп,  
Түтөсөм да, адашсам да,
Жетим улактай.   
Баары бир,  
Жетем ЖАРЫККА!!!

Көксөгөнүн бербеген, рамкага сыйбаган, тоскоолдукка баш ийбеген, жарыкка умтулган жан дүйнөнүн симфониясы! Бул ээ-жаа бербеген жапайы күчтө, кубаттуу энергияда не деген күрөш жатат?!. Ыр саптарында эч кандай уйкаштык жок. Түшүнүктүү. Кеп уйкаштыкта эмес, көкүрөктөгү будуң-чаңды окурманга дал ошондой төгүп бергендигинде.

Майда-чүйдө кемчиликтерден да куру кол эмес, бирок өз үнү, өз жүзү бар кыргыз поэзиясынын жаңы барагы ачылды. Ак жол сага, таңкы ЖЕЛАРГЫ!!! Ж.Мамытов айткандай “сен эңсеген нерселер, сени дагы күтүп турат бир жерде”.

СЕН БАР ҮЧҮН ДҮЙНӨ ТИРҮҮ
Кыргыз Тоолору.
Карт тарыхты катып алып ичиңе,
Көз талыткан мейкининде ааламдын.
Улуу тоолор чокуларың көк тиреп,
Толкутасың көңүл кушун адамдын.

Жан сактатып, КЫРГЫЗ! деген тукумду,
Сары сүргүн, кызыл кыргын заманда.
Күңгүрөнө жолун тороп душмандын,
Корголоттуң кыл чайнашып калганда.

Сөөлөт күтүп, аппак таажы кийинип,
Тартуулайсың адамзатка жакшылык.
Кашка сууңдан моокум кана жута албай,
Соолуп барат сенде өскөн бир чырпык.

Мекен кылып кыраандардын кырааны,
Кубат алып бир өзүңдөн уланды.
Ар бир ташын унуткарбай эскертет,
Муундан-муунга МАНАС деген сырттанды.

*     *     *

Уктап жаткам тоо койнунда бейкапар,
Миң сан түркүн гүлдөрүнө оронуп.
Тилин безеп, сайрап жаткан булбул да,
Арнап мага өзү концерт койгонсуп.

Кокусунан таңдандырып, айлананы толтуруп,
Мукам үндөр чачырады туш-тушка.
Кулак салды теребел да дымырап,
Шамал сокпой, жашоо токтоп тынымга.

Акты күүлөр, эркин аккан дайрадай,
Тоолор коштоп, жаңырыктап кайталай.
Кыргыз көчүн жөпжөнөкөй бир комуз,
Ырдап жатты эч тоскоолсуз  такалбай.

Узак жолдо кылымдарды карытып,
Белек кылып ата-баба мурасын.
Комуз күүсүн ай-ааламга тартуулап,
Төгүп жатты жалгыз өзү мукамын.

Оо керемет! Ташка жанды киргизген,
Бир башкача сыйкыр күчүң бар беле?
Көзгө комсоо, мукам үндүү комузсуз,
Кимдер билет, балким кыргыз жок беле?

*     *     *

АЙЫЛ ЖАНА МЕН
Чанып келгем мен өзүңдү тоготпой,
Кайра айланып барбайм дегем ойлонбой.
Барам дегем  шаарларына батыштын,
Мага гана баарын суутуп койгондой.

Оңой оокат, жакшы турмуш элестеп,
Келген элем  мен шаарыңа бак издеп.
Пендемин да, бир жаралган шоркелдей,
Калган кезим, тойдум шаардан кетем деп.

Кутман айыл, бар байлыктын  башаты,
Өмүр, жашоо көрсө өзүңдө турбайбы.
Чаң аралаш жолдоруңда калган го,
Балалыктын балдай таттуу кучагы.

Энекемдин мээриминдей жыпжылуу,
Мекен сени барктабапмын кечирчи.
Сыр айтууга бүгүн барам кашыңа,
Коңур үндүү бешик ырын эстетчи.

*     *     *

Чоңойгонго жан далбастап шашчумун,
Токойлорго жалгыз өзүм барам деп.
Карышкырга барып айтам коркпостон,
Узун кулак коёндорго тийбе деп.

Беш жашымда бир ордумда турбастан,
Айылдагы чаң жолдордо чуркагам.
Келемиштин ийиндери калбады,
Кызык көрүп, сууну ташып куйбаган.

Көрүш үчүн кызыл тилин жөжөнүн,
Бир күн кечке аркасынан кубалап.
Оо дүйнөгө тынгам акыр узатып,
Колум менен көмүп койгом корумдап.

Жаңы аттап босогосун мектептин,
Апакеме күндө үйрөтүп тамганы.
Тил укканым азыр деле эсимде,
Дептериме өзүм коюп бааларды.

Жерге батпай, ай-ааламда сайрандап,
Учкул кыял айландырып башымды.
Жүргөн элем. Таппай турам азыр мен,
Жоготтумбу алтын көкүл чагымды?

*     *     *

Жылдар өттү бирин бири кубалап,
Дале мени азгырасың бала чак.
Кайра өзүңө кезигишүү мезгилди
Күткөм. Күтөм. Күтө берем күн санап.

Өзүм кийген кызыл гүлдүү көйнөгүм,
Апакемдин сандыгында тургандыр.
Кирсиз, таза балалык кучагында,
Балдай таттуу алп уйкусун салгандыр.

Жаандуу күндө баткак кечип сайрандап,
Жүргөн күнүм ошол бойдон калса экен.
Жолугушсам кубалашып  ойнормун,
Ошол жазгы көпөлөктөр болсо эсен.

Көкүрөктө орду толгус бук толуп,
Эңсетесиң колдон учкан куш болуп.
Эми экөөбүз көрүшпөспүз дебечи,
Калгым келбейт бир өзүңсүз соксоюп.

*     *     *

Өмүр сызат жаадан учкан жебедей,
Күндөрүмдү уурдаттымбы эч кенебей.
Кайда баары, кайда асыл максаттар,
Бүт баарысын талкалапмын.
Жинди болгон немедей.

Капкара түн. Айланам бүт караңгы,
Жылчык издейм, сүзгүлөп туш тарапты.
Көкүрөктө бир жылт эткен жарык жок,
Оо жараткан, сокур болуп калгамбы?

*     *     *

Акыл жетпей чалкып жаткан,
Кеңдигине ааламдын.
Чамындыдай агып барам,
Бийлигинде замандын.

Ээ-жаа бербей агат өмүр,
Барар жагы белгисиз.
Бейитиме кадам таштайм,
Азап чегип ченемсиз.

Иши жоктой мени менен,
Турмуш үнсүз, тунжурайт.
Базар ырын созолонтуп,
Жалгыз шамал бетке урат.

*     *     *

РЫСПАЙГА
Көчүп жүрүп шамал кууган камгактай,
Кезиктирдим бир өзүңдү байкабай.
Жан дүйнөмдү жарып өтүп чагылган,
Жүрөк кургур туйлап алды, чиркин ай!

Бейкут жаткан сезимдерди бийлетип,
Кымгуут кылып, буздуң менин уйкумду.
Оңой менен жан адамга чечилбес,
Ачтың окшойт жүрөктөгү кулпумду.

Баш тарталбай бир өмүрдүн энчинен,
Байге алчу күлүк аттай элирем.
Корком, бирок орто жолдон чорт сынып,
Каламбы деп жер кучактап сенсиз мен.

*     *     *

Жоготком нени, табылгыс болгон,
Кебелбейт дүйнөм, көк муздай тоңгон.
Ыйладым. Неге? Өзүмдү аяп,
Чыгарбай камайт жылчыксыз коргон.

Жанымды коёр жер таппай онтойм,
Тилеймин нени азаптуу жолдон?
Өлүктөй сүйрөп өтөмбү, билбейм,
Алмадай башты өксүккө толгон.

*     *     *

Ф.Кафка. «Процесс».
«Перед законом».
Жалгыз гана ушул каалга,
Катып ичке бар сырын.
Кылым санап, жылбай турат,
Отко түртүп эчендерди,
Соруп адам асылын.

Болбогондой эч бир нерсе,
Турат дайым жалгыз гана
Кулпуланган ушул каалга.
Катып койгон чындык жүзүн,
Көрсөтпөстөн бир да жанга.

Чарт-чурт эткен чагылгандай,
Жалбыртташып күйүп жана.
Өмүр сайып көрүш үчүн,
Кызыгышкан жандар канча?
Дүйнө кезип шамал сымал,
Акыйкатты таппай жүргөн,
Түтөп күйгөн жандар кайда?

Ачылбастан бүтпөс жолдо,
Турат дайым ырдап гана.
Шамал менен жашташ болгон,
Ушул каалга,
Сырын ачпай эч бир жанга.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз