Литва эл жомогу: Адам менен түлкү

  • 07.07.2024
  • 4514

Токойдо чөп чаап жүргөн бир адам чарчаганда көлөкөгө жата кетти. Шарт-шурт үн чыгып эки жагын карангыча, пайда болот куу түлкү ал аңгыча. Түкөң адатынча ызы-чуусуз жөн келбеди – чочутуп адамды мындай деди:

- Адам, адам, бөрү сени жара жаздады, жетерине ажалың аз калды!

Адам туруп туш-тарапты карап алды, токойдон башка эч нерсени көрө албады, түкөңдүн кууланганын байкап калды. Ал аңгыча түкөң айтты мындай кеп:

- Адам сени өлүмдөн сактап калдым, - деп.

- Не керек? - деп андан адам сурады. Түкөң болсо алдамайын улады:

- Жакшылыкка жакшылыкча жооп бер, көп сурабайм эки гана тоок бер!

Адам дагы жөн калбады ичке кегин бекитти, үйгө барып, капка салып алып келди эки итти. Түлкү тосту эки тоокко кудуңдап, бул адамдын аңкоолугун шылдыңдап. Каптын оозун ачып адам аңгыча, түлкү билип иттин жытын алгыча, койо берди даңгыттарды айдактап, түкөң эптеп качкычакты буйтактап, эки ит тиштеп эки жакка керишти, кожоюнга олжо кылып беришти.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз