
Эпитафия
Кашкөй талант, жазуучу, публицист Дүйшөн Керимовдун дүйнөдөн өткөнүн укканда, далай кыргыздын кабыргасы кайышты го... Себеби ал кыргыз деп, мекен деп чындап чыркырап күйгөн киши болчу. Анан калса, Дүйшөн ага ушу интернеттен канал ачып, видеоблогдору аркылуу элге таалим менен билимдин үрөнүн сээп, көбү айта албаган чындыкты көзгө сая айтып, кыргызды куруткан жаман жоруктарыбыздын бетин ачып ашкерелеп, кара кылды как жарган калыстыгы, алысты көрө билген көсөмдүгү менен элдик кишиге айланып калган.
Ал кайрылбаган тема, санааркабаган маселе жок болчу. Ар бир видеоблогунда элге маанилүү маалыматтарды, өзүбүз тууралуу ойлондурар пикирлерин ак дили менен айтып турчу.
Чындыкты бетке айткан калыстыгы менен элдин эсинде калды
Азыр зерикпей, «Мурас-наследие предков» https://www.youtube.com/watch?v=bYiIjjLDYfs деген ютуб каналын ачсаңыз, Дүйшөн аганын “Манастан”, кыргыз урууларынын санжырасынан, казак-кыргыздын жалпы тарыхынан баштап, саясатыбызга, маданиятыбызга, алтургай, борбор калаабыздын тазалыгына, транспортуна чейин күйүп-бышып сүйлөгөн видеолорун көрөсүз. Дүйшөн Керимовдун видеоблогдорунун ар бир чыгарылышы билимдин, таалимдин нагыз үлгүсү экенине ынанасыз.
Ошентип Д.Керимов бизге, кыргыз элине, жаңы технологиянын, интернеттин мүмкүнчүлүгү аркылуу өзүбүзгө өзүбүздүн көзүбүз менен кароого багыт берген коомдун агартуучусуна айланганын көрөбүз. Ал китептеги, илимий эмгектердеги, тарыхый документтердеги, эл оозундагы маалыматтарды саресептен өткөрүп, бүгүнкү жашоо-турмушубузга айкалыштырып талдап, көпчүлүк көзүн умачтай ачып, коомдук пикир жаратууга кадимкидей салым кошуп турчу.
Анын бүгүнкү күн үчүн, кыргыз үчүн да, казак үчүн да табылгыс дагы бир баалуу сапаты – толеранттуулугу. Казакты кошо айтканым, ал Кененсары, Абылай хандар тууралуу да видеолорду чыгарып, эгиз элдер үчүн алардын тарыхтагы ордун түшүндүрүп турган. Бир жагына тартып, жалган пафоско, куру намыска жетеленчү эмес. Ушундан улам анын видеолорунун астында казакча жазылган боордоштордун ыраазы болгон пикирлери да жайнайт.
Д.Керимовдун кыргыз уруулары тууралуу видеолору арбын. Айрыкча, Ак уул, Куу уул, Ичкилик тууралуу биримдик идеясын чыңалткан баяндары, Нүзүп бий, Алымбек датка, Ормон хан, Шабдан баатыр, Балбай, Жаныбек казы ж.б. тууралуу даанышмандык менен айткан баяндары элдин жүрөгүндө калды.
Коомдо кандай окуя болбосун, Дүйшөн ага ал окуяларга кайрылбай койчу эмес. Бул анын журналисттик да, жарандык да милдетине айланган. Мейли, Акаев бирөөлөргө маек бере койсун, ага карата пикирин, мейли, дагы бир саясатчысы тууралуу чуулгандуу иш болсун, ал боюнча пикирин, болгондо да, алардын жаман-жакшысын барабар айтып, калыс баасын берчү. Өзү да: “Тарыхыбызга баа бергенди үйрөнөлү, анан келечекке кадам таштайлы” деп көп айтыптыр.
Эркиндик, тил, иденттүүлүк, тарых, маданият, мыйзам маселелери Д.Керимовдун видеолорунун өзөгүн түзчү. Бул маселелерди ал бүгүнкү жашообузга байлап таразалап, түшүндүрүп берчү.
Учурда, азыркы интернет доорунда, кыргыз тилинде блог алпарган, видео чыгарган билимдүү инсандарыбыз өтө аз. Кыргыз маалымат айдыңы азыр компетенттүү, калыс, кулактын кычуусун кандыра сүйлөгөн чечен кишилерге муктаж. Дүйшөн ага ушул боштукту толтуруп, тил, маданият, саясат, иденттүүлүк, элдик ынтымак тууралуу туруктуу видеоблог алпарган, тартынбай эле айтсам болот, жападан жалгыз аналитик агартуучу инсан болгон.
Дүйшөн Керимовдун бул видеоблогдору түркөйлүктүн кашкайган бир белгиси болгон трайбализмди жоюуга да салым кошту. Учурда билимдүү кишилерибиз деле, илим жактаган окумуштуулардын же акын-жазуучулардын арасында деле жердешчилик, уруучулук оорусун жеңе албай, жеңмек турсун, күрөшүү кем акылына келбей жүргөндөрү чекеден чыгат. Аларды көргөндө, кадимкидей иренжий түшөсүң. Кирдейсиң. Жанында бир мүнөт тургуң келбей, жаа бою качасың.
Ошондуктан биримдик идеясын жайылткан Дүйшөн Керимовдун видеолорунда ага ыраазычылык билдирип, эмгегине таазим кылган адамдардын пикирлери жүздөп саналат. Ютуб каналындагы комментарийлерде: «Аксакал, калыстыгыңызга ыраазыбыз. Бекем ден соолукта болуңуз. Өмүрүңүз узун болсун!» деп алкагандар өтө көп. Эми алар Дүйшөн аганын калыс кебин, билиминин негизинде чыгарган ой-бүтүмдөрүн, ынанымдуу баянын көпкө чейин сагынып, жоктошот го. Көрсө, биз, кыргыз эли, калыс аксакалдарга ушунчалык зар экенбиз. Аксакалдардын акыл калчап айткан ак сөзү болбосо, тарыхыбызды тааныбай, наркыбызды баалабай, келечек багытыбызды таба албай кашайып калат турбайбызбы.
Илгери касиеттүү карылар аксакалдык сөзүн дөңдөгү жыйында топтолгон элге айтчу болсо, азыр ошол дөңүбүз, ошол жыйыныбыз – интернет, телерадио, гезит-журнал. Дүйшөн ага ушуну абдан жакшы түшүнгөн. Ошондуктан элин, айрыкча, жаштарды ойлоп, (аны өзү да көп жолу айтат: ушундай кыскача түшүндүрүп койбосом болбойт деп) ар бир маанилүү тема, окуя тууралуу пикирин өз убагында айтып келди. Болбосо карыдым-арыдым, эч кимге жаман көрүнбөй шүк отурайын деп жүрө берсе деле, аны эч ким айыптмак эмес.
Нарк менен сүйүүнү данктап өттү
Дүйшөн Керимов өтө таланттуу жазуучу болчу. Ал аз жазды, бирок саз жазды. Эргүүсү жок, эптеп бирдемени шилтеп коюу Дүйшөн аганын жан дүйнөсүнө, жазуучулук абийирине жат болчу. Элге калыс пикир айтканындай эле, ал чыгармачылыгына да чынчыл мамиле жасады. Эргүү келгенде гана калемин алып, ак кагазга төгүлгөнү анын ар бир чыгармасынан байкалат. Буга төмөндөгү шилтемеден чыгармаларын окуп ынансыңыз болот: https://ruhesh.kg/ky/dasmiya/126-kerimov-duyshon
Анын көркөм чыгармаларынан Дүйшөн Керимовдун адамдын ички сулуулугуна үңүлүп суктана караган чыгармачыл дүйнөсүн көрөсүз. «Наал эже», «Төкө», «Өмүр токтоп тургансыйт…» (кара сөз), «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы» (эссе), «Сүйүүгө Соң-Көл – эстелик» (эссе), «Адам өмүрү — aккан суу» (эссе), «Киндик кан тамган конуш» (эссе), «Ажайып Күндүн алдында», «Редакциянын эски короосу» (эссе), «Үч сом» (аңгеме), «Арзуунун күндөлүгүн барактап» (эссе), «Күйөө жолдош» (эссе) сыяктуу чыгармаларынын дээрлик көбү эссе жанрында жазылган. Эссе деген эмне өзү? Эссе – бул жан дүйнөнүн үнү да. Ошондуктан Д.Керимовдун чынчылдыгынын, сезимталдыгынын, калыстыгынын, адамгерчиликти туу тутканынын башатын ушул алакандай, бирок маани-маңызы мухиттей терең эсселеринен табасыз.
Кыргыздын адамдыкты баарынан жогору койгон наркын ал бир окуп, өмүр бою жүрөктө сактап кала тургандай не бир элестүү, не бир таасирдүү баяндаган эсселеринде айтат. Бул эсселер наркты курулай акыл айтуу менен эмес, а сезим кылдарын комуздай күүлөп жибере тургандай күчтүү эргүү менен окурманга жеткирет. Дегеле нарк тууралуу, анын кыргыз элинин улуттук көрөңгөсүн сактай турган идеология экенин, аны элдин жашоо-турмушуна киргизүү зарылдыгы тууралуу Дүйшөн ага видеолорунда да, маектеринде да көп айткан. Каада-салттарды сыдыргыдан өткөрүп иштеп чыгуу демилгесин да көтөрүп жүрдү.
Улуттук нарк менен бирге ал сүйүү сезимине өзгөчө ынтаа менен кайрылганын да баса белгилегим келет. Анын калеминин бир кудурет-күчү да ушунда. Сүйүүнү ушунчалык мээрим төгүп жазган Дүйшөн агадай эссеисттер чанда кездешер. Мисалы, ал «Жаз айынын жамгыры – залкардын көз жашы», кийинчерээк «Табыттагы махабат» (бул шилтемеден уксаңыз болот: https://www.youtube.com/watch?v=p6LTZydpTR0) деген ат менен чыккан Ч.Айтматов менен Б.Бейшеналиеванын даңазалуу махабаты тууралуу эссеси менен бул жанрдын кашкайган классикалык үлгүсүн жарата алган. «Көрүстөнгө алпарчу жол» https://ruhesh.kg/ky/category/show/news/3351/duyshon-kerimov-korustongo-alparchu-zhol?fbclid=IwY2xjawGch5tleHRuA2FlbQIxMAABHXAhtzFtNda6xWlJXaiikK2HIFZo9nJrKjN2tl4my-QRZdZ-SeGchtVSZQ_aem_WGufYIEKtbwm9bHYa-zQ1g, «Арзуунун күндөлүгүн барактап» https://ruhesh.kg/ky/dasmiya/1263-kerimov-duyshon/duyshon-kerimov-arzuunun-kundolugun-baraktap, «Кайдасың, Лилит?» https://www.facebook.com/share/p/15AvK2Ty91/ деген эсселеринде сүйүүнүн адам үчүн, анын жашоосу үчүн алмаштыргыс, кайталангыс зор күч экенин даңазалайт.
Дүйшөн аганын сүйүүгө мамилеси ар бир эссесинде улам тереңдей берет. Көпчүлүк жазуучулар жашы өткөн сайын сүйүүнү жазуудан тартынып, ал темага кайрылбай калат эмеспи. А Дүйшөн ага, тескерисинче, жашы улам өөдөлөгөн сайын сүйүүнү ушунчалык кастарлап жазгандай... Адамга берилген бул улуу, ыйык сезимди – Сүйүүнү окурмандарга, айрыкча, жаштарга ушул жетилген курагында түшүндүрүп бергиси келгендей. Бир маегинде «Адам карыган сайын сезимдер да карып баштайт деп айтышат. Сиз буга кандайча жооп берер элеңиз?» деген суроого бу киши мындай деп жооп бериптир: «Бул сурооңо ааламга дайын жазуучу Габриэль Гарсия Маркестин сөзү менен жооп берейин: «Адамдар картайган кезде сүйбөй калабыз деп ойлошот. А чындыгында алар сүйбөй калганда картайышат»... Бир эле сүйүү болот дегенге мен ишенбейм. Улам эле келе берер жарыктык экен да өзү. Мектепте бир келет экен, студент кезде бир келет экен, киши куракта бир келет экен ал түгөнгүр. Мына, азыр алтымышка келгенде да сүйүү эңсеп турам. «Дагы жолугабы?» деп үмүттөнөм» https://ruhesh.kg/ky/dasmiya/1270-kerimov-duyshon/duyshon-kerimov-azhayip-eskeruulor-toltura. Минтип агынан жарылып ким айтат, кайсы акын, кайсы жазуучу айтат бизде? Дүйшөн Керимовдун чынчылдыгы ушунчалык: ушундай сезимтал темада да жасакерленбейт, оюнда аздектеген оюн жаап-жашырбай, ачык билдиргенден жалтанбайт.
Ооба, Дүйшөн Керимов ушундай ажайып эмгектери менен элдин эсинде кала берет. Бирок ошентсе да, айтпай коюуга мүмкүн эмес бир чындык бар. Дүйшөн ага өзүн толук ача албай кетти. Кудай ыроологон чоң талантына, дараметине жараша мындан да көп эмгектерди жаратса болмок, атаганат! Эми андай болбой калганынын ар кандай себептери болгондур. Балким, Дүйшөн Керимовдой кашкөй таланттарды өз учурунда мамлекет да, коом да, баарыбыз тиешелүү деңгээлде баалай албаганыбыз да чоң себептир. Мындай адамдардын арышы да, мүнөзү да башкача болот. Алар жанталашып документ чогултуп, эбин таап сыйлык-наамдын артынан сая түшпөйт. Бизде өзүң жүгүрбөсөң, сыйлык берүү эч кимдин деле оюна келбейт эмеспи. Кимдин документтери тизилип барса, кимдин дубай саламы тиешелүү жерлерге жетсе, ошого ыйгарып коймой оорубуз айыкпас дарт болгону жалганбы?! Ушундай элге күйүп жүрүп өтүп кеткен кишилердин жашоосу да, өлүмү да бизге сабак болсо кана! Анда Дүйшөн ага безилдеп коргогон чындык, калыстык орнобойт беле...
Адам о дүйнөгө аттанганда, «Маркум кандай киши эле? » деп сурайт эмеспи. Анда жаназада жабалактап тургандар жапырт: «Жакшы киши эле» деп бир ооздон чебелектеп жиберишет. А мен Дүйшөн ага тууралуу минтип айтар элем: «Ал бу жалганда жараткандын пендесине жакшылыкты мол жасады. Чындыкты туу тутту. Сүйүүнү даңазалап, бул улуу сезимдин жашоо үчүн маңызын адамдарга түшүндүрүп жүрүп өттү».
Гүлзада Станалиева, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты
09.11.2024
Эгер“РухЭш”сайтынынишмердигитоктопкалбашынкааласаңыз,биздиколдооүчүнтөмөнкүбанктыкэсебибизгеөзкаалооңузгажарашаакчакотороаласыз...Мбанк+996700532585жанаОптимабанк-4169585341612561.