ПОЭМА
1.
Көңүлдөгү аздегиме айландың,
жөлөп турган күч экенсиң кайдандыр.
Сен бар үчүн темир тордун артында
эч болгон жок кайратымдан тайган күн.
Жанып дайым дилимде шам жарыктай,
жанымдасың күнү-түнү кайыптай.
Санаа, куса, убайымдын баарысы –
экөөбүзгө сот жүктөгөн айыптай.
Экөөбүзгө тең буюрган жаза бул,
экөөбүзгө бирдей кайгы, аза-муң.
Тартсын десе керек өкүм ээлери
Жаншериктер сагынычтын азабын.
Экөөбүзсүз ээн, мусапыр үйүбүз,
экөөбүздүн үйдө кыял, дилибиз.
Жаншериктин бири тордун ичинде,
жалдырап суз, зарлап сыртта бирибиз.
Ар бир мерте көргөндө сот залынан
көңүл эзген көздөрүңө кабылам.
Сен үшкүрүп, мен күрсүнүп ичимден:
түр көрсөтөм – сыртымдан шер кабылан.
А ичимде бук, сагыныч камалып,
жүрөк таарыйт – эки-үч кадам аралык.
Ортодо тор. Кучагыма кысалбайм.
Көрүштүрбөс конвойлордон жададык.
Тексиз, таш боор, наадандыкка жеткен бу
тергөөчүлөр изгиликтен кеткенби?..
Сүйүнүчтү ыраа көрбөс зулумдар,
сүйүүбүздү жазалайлы дешкенби?!
2.
Жароокерим, экөөбүздүн куракта
жаншериктик ээ болуп зор кубатка:
сүйүү гана коргой алат турбайбы,
эң оор сыноо башка түшкөн убакта.
Сен убайым жебеш үчүн адатта,
сергек жашоо курдум темир абакта.
Ден-соолукту бассам-турсам чыңадым,
дем-күч топтоп, көндүм өздүк талапка.
Сен жантуйгум, жароокерим, асылым,
ар аптада менин ташып азыгым:
табитимде эмне сүйсөм жөнөттүң,
тандап түрдүү мөмө-жемиш, жашылын...
Ырайы суук түрмө бетон дедиңби:
эски дартым – бут сөөктөрүм, белимди
ойлодуң бейм... жылуу, жумшак кийинттиң.
А мен кантип жоготом күч-демимди?!
Сыз өтпөдү, суук өтпөдү денемден,
асыл жарым болгон үчүн кеменгер.
Аялзаттын баары сендей болгондо
азап чекмек кандай мырза, шер, эрлер?
Жем издеген куштай ар бир жумада:
жаз, жай, күз, кыш тарттың канча убара?
Мен эмнени жакшы көрсөм ташыдың,
чүйгүн тамак – витаминдүү курамы.
Бакыт буйруп, табат сендей жарды ким?
Сен өзүңө ыраа көрбөй бардыгын
мага ташып «түнөрбө, – деп – түрмөдө»,
сездирбедиң дүнүйөнүн тардыгын.
3.
Алганымда кагаздагы тизмени:
баштык-үштүк, бал, сары май, сүзмөнү –
кол жазмаңды чопулдатып өпкүлөйм,
баары келет үйдөн ысык, муздагы.
Сен жыттанат үйдөн эмне жөнөттүң,
жыттап алып кээде ыйлайм, өрөпкүйм...
Жанымдасың көз ирмесем. Ойгонсом
– боппоз дубал. Жалгыз жаздык. Бөлөкмүн...
«Жарабайт, – дейм, – муун-жүн бошоп ыйлаган!»
Жанам оттой рух айбат таап чыйралам.
Жаншеригим үчүн ушул жашоодо
жандүйнөмдү чачып кайра жыйналам.
Маанайы шат, жаркын мүнөз асылым,
аялзатсың сүйбөс эрдин жашыгын.
Мажүрөлүк жарашпаган жосун деп,
махабат бар менде ашып-ташыгыр.
Абак жашоо көрсөтсө да кыйланы,
сүйүү бизди жибек жиптей чыйрады.
Эркиндигим чектесе да канчалык,
эч суу кечпейт – бийлик мени тыйганы.
Айына бир зарыктырып бетме-бет
абак жайда жолугушуу чектелет.
Эзелтеден ушул экен кантели...
эркем, жаным, махабатты жектемек.
Уламышта бар Олжобай+Кишимжан
– өз доорунда символ болгон ысымдар.
Дал ошондой сүйүү эрки чектелген
жаңы тарых каарманыбыз кысылган...
4.
Сүйүү баркын кетиришкен көптөрү,
жалган сезим бүркөт жалын кептери.
Жаншериги үчүн бирок алардын
жок эч сендей кайгы, азап чеккени.
Сүйгөнүнө жанын арнап койгондор –
азыр эмес, эски доордо болгондой.
Азыр кара, сүйүшкөндөр арасын:
өзүмчүл көп, керт баштарын коргонмой.
Эзелкилер кандай сүйгөн бир-бирин?
Эмкилерчи? Эсеп-кысап дилгири.
Мансап, байлык, машинеси, үй болсун...
– «махабатка» чырмап койгон тирлигин.
Акындарчы? О курусун жалганчы
– жалын сөзүн бүркүп койсо алданчу!
Жанын жеген жазмакерлер толтура
жаш жүрөктү алдоо үчүн карганчу.
Сүйүү сезим шилекейдей чачырап,
«сүйүү доору» келди жаным, заты жок.
Жаншериктик эмне экенин билишпей,
жандап ээрчип жүргөндөрдүн жаты көп.
Сүйүшкөндөр так калтырып жүрөктө,
баштарына сыноо келген мүнөттө:
безеп тилин каргап, шилеп, уу чачып,
бет карашпай ажырашып жүрөт ко.
Жаңы доордун «махабаты» курусун,
эски доордой табуу кыйын дурусун.
Жек көрүшкөн үй-бүлөдө бир-бирин
жетелешкен «жаншерик» көп, түрү шум.
5.
Сыртта көктөм, гүл жыттанып жапжашыл.
Бекер эмес поэманы башташым...
Акталууда сот, бандиттер, жемкорлор,
бошотушту үйгө менден башкасын.
Бошонууда саясатчы эрендер,
бошонууда эл ырысын жегендер.
Казынаны тоногондор кутулуп,
а мен жатам: пул жок пара берем дээр.
Заман беле жазалачу акынды,
сот мөөнөтүм узартылды. Өкүмдү
күткөн кезим. Тогузунчу ай кетти.
Сен жөнөткөн далай китеп окулду.
Бүгүн дагы түшкө кирдиң жадырап.
Мен маанайсыз. Тоо беттедик кары жок.
Көктөм жаздын гүлүн терип адырда
сен жүгүрдүң... Жолум сенден ажырап.
Үй камакпы? Боштондукпу? Белгисиз.
Сага жетпей калдым тартып демди суз.
Көзүм ачсам – баягыле камера.
Түшүм неге кылбайт сага жолду түз?..
Терезеде муздак шамал илеби.
Бул шамалдын не болдукен тилеги?
Гректердей шамал тыңшайм байыркы...
Шамал ушул не болорун билеби?
Келечекте не болорун билет дээр
шамал тыңшар жок байыркы гректер.
Тек жер шарын жөн желдетпейт бул шамал,
бул шамалда бар зор үмүт, тилектер...
6.
Жер шарына сүйүү тилейм бүтүндөй.
Жер шарына жетсин шамал күчүндөй.
Аманатым Аалам кескен шамалда:
аруу, таза жаншериктер үчүн дейм.
Жаншериктер зарлабасын бөлүнүп,
жантуйгумдай буурчак жашы төгүлүп.
Азык-түлүк ташыбасын түрмөгө,
азап-муңдан сай-сөөк сыздап сөгүлүп.
Аманатым айтам эркин шамалга:
«Айыбы жок мендей эч ким камалба!»
Бул абакты душманыма каалабайм,
бук кылбасын эч пендени караңгал!
Күүлөн шамал, күүлөнгүнүң чек билбей!
Адамзатка тилегимди жеткир дейм.
Жашоо, сүйүү, мээрим, бакыт алып бар,
жаншериктер эч бир ыйлап, эчкирбей...
Жантуйгумдун сылап өткүн саамайын,
жаркытып өт жабыр чеккен маанайын.
Жаншеригим – бул жашоонун белеги,
жараткандан насип болгон таалайым.
Боштондукка чыгарыма көп бар го,
чар учуп жет шамал, биздин Көк-Жарга.
Кайышпасын жантүгөйүм, айта бар,
кайгырбасын эр бүлөсү, көкжалга.
Капчыгайдын оозундабыз шамалдуу,
абак жайдан айтып өткүн саламды.
Көчөбүз бар көздөн учкан Ачекей,
менден салам, көрсөң жалгыз караанды...
7.
УКМК абагында камалган,
уюшулган кылмыштуу топ саналган
арестанттын көбү бошоп, мен калдым.
Арга канча? Тилек, үмүт – аман жан.
Жамандыкты жеңет жаным, амандык,
чыдамдуу бол, көрсөтпөйлү чабалдык.
Касиретти канча тартсак ошончо
касиетти жоготпойбуз адамдык.
Жашоо тайбайт өз табият салтынан:
жакшылык бар жамандыктын артынан.
Өткүр, көсөм болот адам баласы
өзүн таанып азап-шордун зарпынан.
Балким азыр боштондукта жүрмөкмүн
көрдүйнөнүн артынан кууп күндөп-түн.
Сен ансайын кубат берип шыкактап,
мен байлыкты сенден артык сүймөкмүн.
Билесиң го: ачкөздүгү пенденин
көрдүйнөнүн кулу кылып келгенин.
Үй-бүлөдө эрди-катын жарышып,
азгырыктар кылдырбаган эмнени?
Унутушуп бирин-бири сүйгөндү,
улук көрүп мүлк-оокатты үйгөндү:
жанды үрөп жүрүп көбү ойлонбойт,
жаншериги жаншерикке күйгөндү.
Пенде кылбас үчүн арам жолдогу
балким жазмыш бизди жаным, коргоду.
Эркиндиктин баркын, баасын билсин деп,
булбул акын болсун деди тордогу.
8.
Үрүл таңда үнүн тыңшап булбулдун,
жакшы жагын көп ойлоймун бул күндүн.
Кадырыңды сүйүш үчүн кастарлап
камак мүмкүн чаң дүйнөмдү тундурду.
Чачкан жемге жан багууну оң го деп,
көп акындар бөдөнөдөй жорголоп,
чыгалышпай кылтагынан бийликтин
амал менен жашап көнгөн корголоп.
Боштондукта кузгун, жору, карга көп,
тарп аңдуудан башка чара, арга жок.
«Талант» алар кол караган үмүткөр,
бийлик берген сыйды намыс-ар көрөт.
Башкалардай көрсө экен деп урмат-сый,
балким жаным, мени бир күн тыймаксын.
Оозумду жаап көп акындын жарындай
О'Шакирди анык дудук кылмаксың.
Көр болуудан абийримди колдоп жүр.
Көкүрөгүм төш белгиге толмоктур –
кокус сен да «кой» деп тыйып турганда,
кол куушурган кошоматчы болмокмун.
А балким сен катын болсоң кажаган,
азоо мүнөз менден такыр тажаган;
манчырканган жаншериктер болмокпуз
мансап, байлык күтүп бардар жашаган.
Сен андайга түрткөнүң жок, асылым!
Ач, ток күндөр өттү. Кээде кашыгың
майга жетпей калган учур болсо да
адабият, «РухЭш» болду азыгың.
9.
Мен жашадым дайым кылдын учунда,
эч кайдыгер болалбадым учурга.
Өзөгүм өрт кезде дайым жантуйгум,
өзүң болдуң демим, шыгым, күчүм да.
Жашасам да кээде бычак мизинде,
жаншеригим, коркуп... ажар жүзүңдө
жадырамыш болуп күлүп жайгарып,
жашырмайың бар эмеспи ичиңде.
Сага анык: эмнеде шык-жөндөмүм,
уучум ачык жашаганга көнгөмүн.
Менден өткөн ачык, шайыр өзүң да
жашообузду көрдүйнөгө көмбөдүң.
«Кежир», жинди ушул десе эл мага,
кээде тилдеп түшүнбөсө эл мага:
мерес коомдун акылына сыйбаган
мени мендей кабыл алдың сен гана...
Кыз-уулдарым далай кепти коротту:
«Ата, бизге айтпачы, – деп,– жомокту».
Мага дайым үй-бүлөдө болушуп,
максатыма ишенген сен омоктуу.
Үйдө балдар мени канча урушту,
тыйуу салып «токтолчу...» деп жүрүштү.
«Атаңарды койгула, – деп, – эркине»
аргаң дайым айбымды жаап турушта.
«Бекер айтпайт, – деп ынантып, – атаңар»,
жантуйгумсуң көздү жумган катама.
Үй-бүлөмдүн зор ошого бактысы:
баары мени «кур кыялкеч» атаган.
10.
Абак сыноо бизге жаман болбоду:
акыл пештеп, кош жүрөк тең толгонуу –
рухий улуу махабатты жаратты,
түгөйлөрдүн анык ушул оң жолу.
Сүйүү алсыз жалаң дене кумардан,
сүйүүнү ал ажыратат кунардан.
Жар күткөндөр ошон үчүн жашоодо
жаңылышат коркпой шерттен, убалдан.
Сүйүү дене кумар менен чектелбейт,
рухий сүйүү тапкан жарлар шектенбейт.
Жантуйгуга айланганда түгөйлөр
жаалы кайнап бирин бири жек көрбөйт.
Рухий сүйүү – зор бакыт бул биз жеткен,
эч бир күч жок эми аны муздаткан.
Жалын отту, топон сууну кечсе да
жаншериктер чанда ага түз жеткен.
Колго тийген чопо чоорду чертилбес,
ар ким чалып аваз күүгө келтирбес.
Күүсүн угуп жансыз турган чопонун
күйүтү жок жүрөк кургур серпилбес.
Билген киши чоорду күүгө салгандай;
мени аваз күүгө салдың ар кандай.
Далай сулуу сендей болуп, жантуйгум,
жарабаптыр сырдуу күүмдү чалганга.
Колуңдагы чопо чоордой аярлап,
копол мени «мээримиме таян» деп,
астыртадан аваз күүмдү издедиң,
асыл жарым, мени мендей даярлап...
11.
Туш кылганы үчүн сендей жубайга
миң мертебе алкышым бар Кудайга.
Кежир жаным түшүп минтип абакка:
кечир мени салдым куса, убайга.
Тогуз айда күтүп соттук өкүмдү,
том-том китеп күнү-түнү окулду.
Мээме бирок китеп акыл кошкон жок,
мээримиңден алганчалык акылды.
Каттарыңдын окуганда кээ бирин –
эс-акылга булак болду мээримиң.
Ак баракта ый, муң, куса, сүйүүң бар:
козгоп терең уктап жаткан зээними.
Каттарыңда кээде мени тилдедиң,
картым сыйрып канатканың билбедиң.
Өзүмдөгү каршылашкан күрөштүн
өзөгүн таап, ал ансайын зилдедим.
А бир курдай катың алдым таарынган,
азап болду ал күн жүрөк таарылган[1].
«Бийликке сын айтпа. Жаагың жап» – депсиң.
Каттарыңдын көбүн тыттым. Заарымдан...
Ошол күнү ызам зар-уу жуткуруп,
оодарылып уктасамчы туттугуп.
Жандүйнөмдө өзгөрүлдүм эртеси
жантуйгумдун көз жашындай туптунук.
Жаның ачып, айыбымды туйдуруп,
жакын сендей ким кат жазмак күйдүрүп?
Жаздыгымды жашка чылап... Мээримдүү
жароокерлик турду чексиз сүйдүрүп.
12.
Торгой сыздап коргогондой уясын,
сени көрдүм корчологон күйөөсүн.
Ажоого да чебелектеп кат жаздың,
арачыга таппай жандын бирөөсүн.
Боштондукка чыгышыма зарладың,
каалга кагып кимге гана барбадың...
Эр бүлөңө ушунчалык жан берер
эмне мынча жапакечсиң, ардагым?
Сен жөнүндө узартканым баянды,
себеби көп – сен үлгүсү аялдын.
Эл билсе дейм; эң оор сыноо келгенде
эр бүлө мен, сага кандай таяндым...
Бир ийгилик кылып коюп желпектээр
биз дайыма мактанчаакпыз эркектер.
Эстебейбиз – эр, шер, баатыр болдук деп,
эне сүтүн эмген үчүн эмчектен.
Улуу тарых жаратса да зайыптар,
эркек ысмы аталуучу айып бар.
Калп санасаң, алмуздактан бериге
карт тарыхтын бетин сыйрып, жайып көр.
Адилетсиз үчүн жалпы Дүнүйө –
таңууланган тарых эркек сүрүнөн.
Аяр, назик Аялзатын басынткан
Аалам түшүп кетпес бекен түбүнө?!
Кайсыл улут, кайсыл элде болбосун
Аялзат эш, шериктешиң жолдошуң.
Назгүл аттуу жантуйгу жар бар үчүн
нак мендей эр кантип, кайдан шорлосун?!
13.
Окуя бар эстен кеткис дайыма,
окурманга болсун экмет-жарыя!
Бойдок кезим. Парк тынч. Жашыл теребел.
Уулун тилдеп отурду бир карыя:
«... тайыбагын мырзалыктын салтынан.
Баргын уулум... колуктуңдун артынан...
Уялбастан сурагының кечирим...
Ажырашпа! Эр жигиттин марты бол...
Билесиңби, кышты куйган калыпты?
Эркек ошол калып сымал айыптуу...
Эгер кыйшык түшөр болсо куйган кыш –
эмгек текке кетсе нени жарыттың?..
Куйган кышың эч бузбаса нускасын,
өз ишиңде демек чебер устасың...
Уулум, дайым калыптай бол кыш куйган.
... Кыйшык нуска балким сенден чыкпасын?..»
Карыянын ошондогу соболу –
катуу таасир калтыргандай оболу.
Кулагыма куйган кыттай уюду,
туйдум анык үй-бүлөлүк Жобону!
Бейтааныш бир карыянын накылы
бермет таштай сандыктагы катылуу...
ошол күндөн ушул күнгө зээнимде –
мырзалардын баарын эске чакыруу!
Изгиликтүү болсун үчүн зайыптар,
өзүбүздү мырзалыктан тайытпай –
чийки кышты сүйрү, кыйшык куйбаган
эр-жигиттер болсок нуска-калыптай.
14.
Кары болчу ал элеттик жөнөкөй,
гөлөш, чапан, башта жыртык тебетей.
Акылманды көрдүм анык ошондо
асыл нуска кебин төгүп көмөкөй.
Өмүрүмдө укпаган да, күтпөгөн
бул нуска кеп – жандүйнөмдү түптөгөн.
«Баягыңды баштадыңбы?..» дечүлөр,
баяным бул дайым айтып бүтпөгөн.
Калкыбызда бар тантыган макал бул:
«Катын – жолдо, бала белге» такалгыр.
«Улуу элбиз!» дегендерге айтарым:
«Улутуңду кууратуучу катаң бул!»
Кыргыз элде түшүнүк көп эскирген
кыз-келиндин көбүн кайгы чектирген.
«Алтын баштуу аялдан да бака баш
эркек артык» – деген кепти жеткирген.
Эрдин турар камчысынан кан тамып –
элдин көрдүм макалдарын аңтарып.
Поэманы атаганым «Жаншерик» –
АЯЛЗАТтын доору жашар даңк алып!
«Байтал чуркап, байгесиз деп калышат –
метафора маанисинде кагышат!
Аялзаты озуп чыкса алдыга –
арсыз эрлер неге ичтен тарышат?!
Оболотуп Аялзатты деги биз,
оңолсо дейм ой-казына кебибиз.
Бойдок кезде кезиктирген карыдай
болгум келет нарктуу, тектүү феминист!
15.
Жаны сыздап кучактаган жаздыгын
жалгыздыктын түрмөсүндө Назгүлүм.
Жалгыз жаздык кучактап мен абакта
жаншериктин башкасынан аз муңум.
Жалгыз арман – сагынычым Назгүлдө!
Жантуйгума жетер бекем аз күндө?
Бажырайган гүл талааны сагындым,
барсам экен бүтелекте жаз күндөр.
Абак мөөнөт өтпөсүн деп курулай,
аракетим – тартпоо муңдуу кур убай.
Күүсү менен «Жаншериктин» жарышып
күндөр тездеп чубурууда шурудай.
Бат, билинбей өтсүн үчүн бул камак,
баштабапмын поэмамды мурдарак.
Боюм азыр терек сымал термелип,
бороон-чапкын 24 саат бурганак...
Адам канча тарткан сайын азапты,
аруу сезим тазалайт бейм өзөктү.
Тирүүлүктө көргөнүң оң бейишти,
тирүүлүктө тарткан жакшы тозокту.
Көрүп мында тозокту да, бейишти
көөдөн тунуп, мен унуттум кейишти.
Убай чеккен жаншериктер биз болуп,
улуу сүйүү буюрду дейм жеңиштүү.
Бойдогунда сүйүп, күйүп табышкан
болбойт кимде казан-аяк кагышкан.
Андай адат бизде дагы жок эмес,
ажылдашкан, акыйнекте жарышкан...
16.
Эми чыгып боштондукка барганда,
келинчегим тургай башка ар жанга
кенен болом, айкөл болом Манастай,
кең дүйнөгө кенен карайм жалганда.
Кенендикти мен үйрөндүм тар жерде,
кеменгер ой калчайт экен зар пенде.
Көөдөнүмдө көп түшүнүк жаралып,
көп түшүнүк кетти жаңы бартерге.
Жылда жылан алмаштырса терисин,
алмаштырса адам рухий өрүшүн...
Кеменгердей болуш үчүн заманга
керек болчу абак жайды көрүшүм.
Ажыратуу оңой тескей, күнгөйдү,
ажыратуу кыйын чалкеш дүйнөңдү.
Бир келген соң бул өмүргө түтөбөй,
билиш керек тура оттой күйгөндү.
Тоо артында көрүнбөгөн тоо канча?
Томук баштын ичи көңдөй оо канча?
Жанды үрөп жарык издей берели,
жаншеригим, кайышпачы көп анча.
Абак – мектеп! Мага дагы, сага даа...
Агартуучу болуш үчүн садага
курман кылуу керек убак, күчүңдү.
Бул учурлар кур кетти деп санаба.
Тизе бүгүп намаз, дуба окунуп,
тиленбедим эч Кудайга чокунуп.
Ийгилигим – дзэн-медитация,
демим тыңшоо, күндө мандаш токунуп.
17.
Ыйлап, сыздап, жаның жайсыз бозордуң,
ыйык мага, жаным, бирок ошол күн.
Темир торго камалсам да, арийне
тирликтеги ой камактан бошондум.
Билесиңби, мен бошондум эмнеден?
Каптап келет глобалдык сел деген!
Калчоо керек эс-акылды мындайда
карайлабай караламан эл менен.
Учур болду: каршы сүздүм агымга,
устаттар жок: Салижан да, Алым да.
Коомго батпай койдум жаным, кантейин?!
Кошоматчы, жуукур толо жагынган!
Мен жиндиге абак ыйык храмдай,
мендеги бир жазуучулук кыялдай.
Өзүмчүлдүк кылдым. Ооба. Мойнумда.
Бул өзүмчүл кадамымдан уялбайм.
Мээримиңди төксөң дагы алпейим,
мен өзүмдү тыйалбасам кантейин?..
Буккан ойлор тынчтык бербей кысылып,
бузгум келди бул жашоонун ар чегин.
Ошон үчүн каршылашып бийликке,
баш ийгемин жүрөктөгү буйрукка.
Улуу максат көздөйлү биз, асылым,
улут дайым келсин үчүн бирликке!
Баары баштан, жүрөгүнөн өтмөйүн,
адам аткыр улуу азап чекмейин
улуулукка кайдан жетет маң улут,
улуулукка биз көз жашты төкмөйүн?..
18.
Барчылыкка, токчулукка көпкөнбүз.
Бардар туруп тойбос, ачкөз, өктөмбүз.
Жерде чачык берекеге тооп дебей,
жиберсе деп тиленебиз көктөн биз.
Элбиз ачкөз кууган мүлктү, байлыкты,
шашат, чачат топтоп алса тойлук пул.
Бөөдө бирөө сүрүштүрсө санжыра –
бөлүнгөндү, жарылганды койдукпу?
Элбиз түркөй: мал туягын санаган,
эрендери мамлекетти тоногон.
Эр аттуулар үй-бүлөдө катынын
эзип кулдай, уруп-согуп сабаган.
Кыз балдарды коркуп турсун деп сүрдөн,
кырк үй тыйуу салып жүрүп өстүргөн:
кыздын баасы кырк жылкылык кыргызда,
кыз артынан кыздар туулса көпсүнгөн!
Кызы үчүн доолаган бар калыңды!
Кыздар эмне айырбаштаар малыңбы?..
Кылымдардан бери карап отурсаң,
кыз-келиндер шордон качан арылды?!
Мал-мүлк күтүп кыргыз кокус байыса,
макал бар го: «катын алат» анысы.
Намаз окуп жүргөндөрдүн канчасы
нарк, салт көрүп, токол алмай парызы!
Айыкпаган дартыбыздай туюк бул
анык кооптуу шорубуз көп куруткур.
Кемпай мени санашса да кан какшап,
кемчилигин айта берем улуттун.
19.
Рухий казат кылбагандан жарандар,
рухий азап көрүп келген ар элдер.
Кай улуттар карайлычы өсүүдө –
кай өлкөдө илим-билим таралган...
Назым, жаным! Баарын кийин айтасың...
Мага болгон таарынычтан кайтасың.
Феминист мен бекер жыйды дейсиңби,
Фейсбуктагы «Мыкты Энелер» тайпасын?..
Өскөн сайын «Мыкты Энелер» катары,
өсөт элдин өрнөк болор сапары.
Рухий сепил тургузамын, көрөсүң,
«РухЭштин» да тарайт бир күн атагы!
Символубуз билесиң да – кумурска!
Ал мээнеткеч. Даяр эң оор жумушка.
Убагында жерпай түптөп келдик ко –
улуттук чоң жаңы долбоор курушка!
Бекем улап узунду да, кысканы –
бекер тайпа санайсыңбы «Нусканы?”
«РухЭш-Бизнес» эшелондой чиркелет,
«Куйма кулак» турат тушоо кескени...
Жаамы журтту агартууда тилектеш,
жарандык коом – достор канча жүрөктөш?
Жароокерим, жаркын күндөр алдыда,
жарыктантам түрмөнү да күн өтпөс!
Түйшүктөнүп какшап сага күн да, түн
түтөткөнү дебе куру дүрмөтүн.
Түркөйлүккө каршы күрөш улантуу –
тирүүлүктө тыным билбес милдетим!
20.
Тирүүлүктө чоң душманга кабылдым,
түк жеңилбей келет о ал кагынгыр.
Оюма чак, боюма чап жабышкан
алп душманым так өзүмдөн табылды.
Өзүмдөгү алп душманды жеңүүгө
түрмө жашоо мүмкүнчүлүк берүүдө.
Мүмкүнчүлүк берди мага темир тор
өзүмдөгү кас-душманды көрүүгө.
Күрөш эми өзүм менен өзүмдө,
боштондукка зарлап турган кезимде.
Күн нуруна, анан сага зарлайын
жаншеригим, а сен мен деп эзилбе.
Мен өзүмдү аң-сезимдүү жазалайм,
чырмооктордон жандилимди тазалайм.
Хадисте бар, напси деген асыл ой,
дал ошонун жолун тосом, кашаалайм.
Напси тыйыш керек дешет таксырлар,
наадан анык так ошолор аксынган.
Эч көрбөдүм өз напсисин тыйганын
аялзатка көз артышып акшыйган.
Таксыр канча напсилери тыйылбай,
төрт-беш жарга никелери кыйылган.
Сопусунуп чакырат да ыйманга
өзү неге темир тордо кылыйган?
Кезиктирдим мында түрдүү пендени,
башканы кой, таксырларды селделүү.
Болгондо да кылмыштуу топ мүчөсү.
Намаз үзбөйт. Миң кайталайт келмени.
21.
Мени менен отурду бир молдосу.
Беш катындуу. Ыйык ага селдеси.
Жума намаз болгон күнү мечиттен
өмүргө кол салуу экен мелдеши!
Өзү ажы. Меккеге көп каттаган.
Пайгамбардын осуятын жаттаган.
Күндүз беш маал, түндө да көп намазы.
Томполоңдоп, фанат кирпик какпаган.
«Түнү бою намаз окуп калганым –
аламын, – дейт, – көп сыйлыгын Алланын.»
Болгондо да «Алла берер бонус» – дейт,
түнү бою жай намазын жайганын.
Келдим анан мен өзүмчө бүтүмгө:
кылмыштуу топ мүчөлөрү кутумга
даяр тура, – бетке тутуп Алланы –
бонус алып турган үчүн утурлап.
Ошол молдо жыш сакалы өрттөнгүр,
телеканал тиктеп калып көптөн бир:
муз үстүндө кызды көрүп бийлеген
«токол кылсам ушуну... – дейт, – төрттөн бир...»
Сулууларга бели ичке, келишкен
сугун артат чимирик муз тебишкен.
Чолок юбка кийгенине напсисин
тыйалсачы: «Периште! – дейт, – Периштем...»
Токолдорун чыгарбаган очоктон,
молдолордун чыкпайт ою чочоктон.
Кыз-келиндер ошолорго кордолгон
кыйын ушул чыгат кантип тозоктон?!
22.
Дагы неге күбө болдум абакта? –
ыйык динге жамынышат адатта!
Кылгылыкты кылып келип, бу жактан
беш маал намаз окугандар жадатты!
Омбудсмендей көрөт көбү Алланы.
Жалбарышат жеткичекти ал-жаны.
«Момун мендей мусулманды ая» – деп,
көз жашына чылайт көбү сажданы.
Кезиктирдим арестантты түрлөгөн,
башы чыкпай жүргөнү көп түрмөдөн.
Талап-тоноп, киши өлтүргөн, уурдаган
такыбалар алар намаз үзбөгөн.
Сот, прокурор, аткаминер, шылуундар
соттолгонго чейин жүрүп жулунган –
ибадатчы темир тордо ыймандуу,
бешенеси жай намазга урунган.
Абак – мечит. Азанчы көп үрүл таң.
Динчил болуп жүргөндөрү мурунтан
уюшулган кылмыштуу топ мүчөсү! –
улут шорун ойлонбосок бүгүнтөн...
Ырайы суук өлкөбүздө турмуштун,
«ыймандуулар» – анабашы кылмыштын!
Жообун издейм – эмне болот эртеңи
жоругу көп, жолуң болгур кыргыздын.
Түркөйлүктүн чирип жаткан кыгыбыз,
тоодой этте, көлдөй чыкта ыгыбыз.
Котур ташы койнундагы элденбиз
кооз угулган Гимнибиз, ырыбыз.
23.
Улут өзүн жүргөн үчүн тааныбай,
улуп-уңшуп күчөй берет наалымай.
Жаратмандык сактайт бизди бир гана
жан үрөсөк кумурскадай, аарыдай.
Сөздөн ишке өтүү зарыл анүчүн.
Дартыбыз не? Таануу керек барысын.
Улуу ишке бел байлаган себебим:
жантуйгулуу жаншеригим бар үчүн!
Жалгыз башка буюрган соң бир өлүм,
жан таттуу деп жатат белем, түгөйүм!
Колдон келер ишти тандап алдымбы,
коом агартуу үчүн күчүм үрөйүн.
Дем, күч, кайрат жетет каалоо болгон соң,
мен өзүмдү таанып, өзүм ойгонсом:
жаншеригим, жалгыз-жарым эмеспиз,
жарандык коом өзүн чыйрайт, толгонсо.
Үмүт үзүп, болбойт баарын өлөт деш,
мекенчилдер арбыйт бизге көмөктөш.
Жарандык коом болот бизге жаншерик,
бийлик менен бир иш кылсак өнөктөш.
Мен абакка түшкөнүм жок себепсиз:
бийликке да, элге дагы керекпиз.
Коом агартуу ишин бирге жандантсак,
колдон колго желбиреген желекпиз.
Тогуз айда жатканым жок зар чегип,
тоолук элим болот бизге жаншерик.
Атпай журтту эриктирбейм, анткени,
ат-башылык азоо чалыш ал черик!
24:
ПОСТСКРИПТУМ
Дарак болот шагын ийип бүгүлөр,
мөмө байлап бажырайган гүлүнөн.
Ошол дарак абактагы О'Шакир.
Шамал керек эми ошону күбүгөн.
Ал шамал – коом. Эл башкарган мыктылар,
абак жайга ырас мени тыктыңар.
Жетик болуп мен өзүмдү тааныдым,
жетти ага рухий айбат, ыктыяр.
Башта чала алган болсом билимди –
баш көтөрбөй өздөштүрдүм илимди.
Түйшүктөнүп күнү-түнү тогуз ай
түшүмү мол дарак сымал ийилдим.
Шамал керек эми мени күбүгөн,
дарак мөмө байлайт ачкан гүлүнөн.
Адилет сот берсин эми боштондук:
ажыратпай жаншериктен, үйүмөн!
Апрель–Май, 2024.
УКМК абагы 32.
Күтүүсүз маанай
1-муң
Мээримиң заарга айланды.
Катыңды кантсем?.. Айрамбы?!
Денемди көргөн пендеден
дем күтүп келдим эмне мен?..
Мээримиң, заарың аралаш –
мен жалгыз белем кара баш?!
Жан-теним майда таарылды...
Жаптырмак белең жаагымды?!.
16.03.24.
2-муң
Соңку катың салып мага кайгы-муң,
мурункудан берки баарын айрыдым.
Эми менден эч кабар-кат күтпөгүн –
көңүл кирим тазаланып бүтмөйүн.
Заар сөздөрүң көкүрөктө зилдеген
мага мынча оор тиерин билбегем...
17.03.24.
3-муң
Ушунча да жан кайгы оромокпу?
Ушаланган кат мени тоголотту...
Мүңкүрөттү кат мени ушаланган...
Эмне эңсеп?.. Эмнеге кусалангам?
Ачуу сөздөр – курч миздүү кат-кат тура,
айбалтадай жаткыра чапмак тура!!!
Жаратымды таңайын. Дарылайын!
Жан ууктурган терс ойдон арылайын.
18.03.24.
Регистр: Өмүрлүк жарга
«Дайыма жакшы нерсе ойлоо керек,
аялы арестанттын»
(Назым Хихмет)
Ачуу, заар сөз неге жаздың – туямын.
Жанга баары баткан үчүн бу дагын...
Зор азапты кайыл болуп тартканым –
ишенимдин баарын сага арткамын.
Сынба, жаным! Көрсөт элге өрнөгүң!
Сыноолорду менсиз, жалгыз жөндөгүн!
Билем: менсиз жаның сыздап кайыштың.
... рухий жолго биз таштаган арыш бул.
Ыйлабагын, эсте: жалгыз эмессиң,
тилектештер берет акыл-кеңешти.
Рухий күрөш жолун издеп күндө мен,
жолум таптым – ырайымсыз түрмөдөн.
Тунган азыр, мөлтүрөгөн булакмын.
Жайбы, тынчпы – абалымды сурап бил...
Жандүйнөмдү чаңдатса да башкалар,
жантуйгум бол, аяп көздөн жаш чаяр.
Бул оор күндөр башым өйдө таячу,
жалгыз сенсиң мен майышсам аячу.
Суранбагын: «Болду, жаагың жапкын!» деп.
Суу жүрөктөй, дудук болуп жаткым жок.
Жанын таарып жүрсө заман акыны,
«жаагыңды жап» деген болбос катыны.
Эч унутпа, эркем, мени тыйганың –
эркиндикке кыянаттык кылганың!!!
Эң башкы бир түшүнүп ал себепти:
элге дагы, бийликке да керекмин.
Жаншеригим, жароокерим, унутпа!
Жар-түгөйлөр көп акынды куруткан!
Кошоматчы, дудук кылган эрлерин!
Корстон болуп чалаар сурнай, кернейин.
«Куйма-кулак», «РухЭш» ишин токтотпо!
Окурманга О'Шакирди жоктотпо!
Курмандыксыз эч улуу иш бүтпөгөн.
Курмандыктар – рух айбатты күчтөгөн.
Жароокерим, билем жаның кыйналат.
Зор күч, кайрат дал ошентип жыйналат.
Кара жанын ар бир пенде багалат.
Экөөбүздүн мурас – рухий аманат.
Оңой эмес коом агартуу көздөгөн.
... эл да сөздөн ишке өтөр кез келер.
О ошондо бул көз жаштын баарысы
оор болсо да – өткөөл доордун тарыхы.
Жыгылсам да тоскоолдукка жолугуп,
турам өйдө. Жолум улайм. Жол – улук.
Унутпагын, мен баш ийбейм тыйууга!
Тирүү жанды барбайм антип кыйууга!
Тирүүлүк бул, тирүүлүк бул, тирүүлүк!
Коом агартам, билегимди түрүнүп.
Катарыма башкаларды чакырам!
Калк караңгы – кыйын үчүн акыбал!
Эч унутпа, өзгөрүүгө себепмин!
Элге дагы, бийликке да керекмин!
Майыштырар коркунуч жок жолумда,
сынар тагдыр сенин гана колуңда...
Сен экөөбүз айлансак кош канатка –
мен жиндини Кудай албайт абакта!
18.03.24.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] Таарыныч себебин поэма соңундагы «Күтүүсүз маанай»аттуу ырдан окуйсуз...