(көркөм котормого адабий анализ)
Хайку жапон поэзиясындагы салттуу жанр болуп саналат. «5–7–5» ыр саптары менен түзүлүп, үч саптан жана он жети муундан куралат. Бул жанрдын жаралуу тарыхы XVI кылымдын аягы XVII кылымдын башына таандык. Хайку жанрында ыр жазган белгилүү жапон акындарынан Мацуо Басё, Кобояси Исса, Ёса Бусон жана башкаларды атоого болот.
Классикалык хайкуда адам менен жаратылыштын карым-катнашы, мамилеси, ички биримдиги баяндалат, табият көбүнесе жыл мезгилдери аркылуу берилгендиктен, учур чактагы автордун ички жан-дүйнө абалы, көз карашы, ички туйгулары, ой-толгоолору баяндалат.
Хайку жанрынын дагы бир артыкчылыгы – ыр болгону үч саптан куралганына карабастан, китепте ар бир ыр бир бетке өзүнчө басылат. Мындай эреже (тартип) менен окурман ар бир ырды окуган соң, ырды шашпастан толук кабылдап, анын дүйнөсүнө терең сүңгүп киришине жол ачылат. Демек, хайку ырларын биздегидей шатыратып, баарын бир дем менен окуп салганга болбойт. Мындайда окурманда эч кандай таасирленүү байкалбайт. Бизде начар жазылган ыр саптары көркөм окуудан кийин сапатын сездирбей калганын айтпайсызбы... Айрыкча, күчтүү сезим менен айтылган декломациялык ырлардан анын маңызын, техникасын, чыныгы табияттын аңдоо кыйын.
Үч сап ыр – хайкуну окуган соң, окурман ырдын маанисине сүңгүп, беш-он мүнөт ырды мээде сактап турганда гана хайку ырлар окурманды өз керемет дүйнөсүнө жетелейт дешет адистер.
Хайку ырлардын дагы бир өзгөчөлүгү, дагы бир артыкчылыгы анын медитациялык күчкө ээ экендиги. Кечкисин үйдө же кооз жаратылыш койнунда жалгыз олтурган кезде хайку ырынын жардамында эффективдүү медитацияны жүзөгө ашырууга болот. Ал үчүн үч сап – хайку ырын жаттап, андан соң аны ичтен тынбай жай кайталап, ырдагы сюжетти мээде чагылдырып, ошол сюжетке өзүңүз визуалдуу түрдө кирип кетүүгө аракет кылыңыз жана ошол дүйнөдө көңүлдү бир жерге топтоп, беш-он мүнөт туруңуз.
Чакан көлөмдөгү хайкуларды жаттап алуу көп деле кыйынчылыкты талап кылбайт. Ушул көндүмдөрдү бир нече жолу аткарган соң, адам стресстен арылып, көңүлү бир жерге топтолуп, баштагы пайдасыз, чаржайыт ойлордон кутулат, кадимкидей жеңилдей түшөрү илимде дадилденген. Мындан сырткары хайку ырлар окурмандын эстетикалык табитин ачат.
Хайку саптардын биринчи сабында «кайда?» деген суроого, экинчи сабында «эмне?» жана үчүнчү сабында «качан?» деген суроого жооптор жазылат. Чакан жазылган үч сап ырдагы ар бир саптын өз салмагы, мааниси, таасири камтылган. Хайкунун негизги принциби – бир ооз сөз менен көп нерсени туюнтуп берүү. Кыргызда: «Кептин астында кеп жатат...» – деген сөз бар эмеспи. Ошол сыңарындай.
“Хайкуда бүткүл жапон маданиятынын маңызы камтылат, дзен-буддизмдин идеяларына ширелген. Хайку поэзиясында күтүүсүз бурулуштарга, түшүнүксүз жашоону көндүм менен кабылдоого, көз ирмемде түбөлүк дүйнөнү аңдоого басым жасалып, жашоонун туура багыттарын издөөдө поэтикалык саякаттоо салтын түзүүгө алып келет.
Саякаттын табигый жолунда таасирлердин такай алмашуусу үч сап ырларда жаңычыл ой-толгоолорду көрүп-билип, аңдап түшүнүүгө жол ачат” деп жазат котормочу К.Эрназаров [1] сайтындагы котормосунда.
Жапон адабиятынын ири өкүлдөрүнүн бири Мацуо Басёнун (1644–1694) хайку-үч сап ырларын жапон тилинен түзмө-түз которгон Эгемберди Абдазов, котормонун көркөм редактору Кубантай Эрназаров.
Авторлор жөнүндө кыскача маалымат бере кетели. Э.Абдазов – адистиги боюнча тарыхчы, жапон тилин окуп-үйрөнгөн, Жогорку Кеңеште иштейт. К.Эрназаров Орусиянын Элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенет.
Саргайган беде гүлү,
Чыгыштан Ай сустайып,
Батышта Күн кызарат.
♦ ♦ ♦
Жөтөлсөм да күрс-күрс,
Жатам жалгыз, жапжалгыз,
Жалгыздык жан шеригим.
♦ ♦ ♦
Курманы тиштегенде –
Хорюдзи храмынан
Коңгуроо үнү угулат.
Карагайды ак кар басты,
Чайынып турчу дайым,
Салаалап жааган жаанга.
♦ ♦ ♦
Жаз да кетти,
Балыктар ыйлап жатса,
Куштар турду көзгө жаш алып.
♦ ♦ ♦
Сапарда ооруп калдым,
Аңгыраган ээн талаа,
Түшүмө тынбай кирет.
♦ ♦ ♦
Июнь айы,
Чокуну булут каптайт,
Арасияма [1].
Арасияма – Киото шаарынын батыш тарабындагы тоо. Бул тоонун этегинде белгилүү Арасияма бамбук токою жайгашкан.
♦ ♦ ♦
Жаалданат толкундар, каарданат,
Садо аралына албууттанып боюн урат,
Саманчынын жолу көктөн кол сунат.
♦ ♦ ♦
Бажырайган гүл өңүнөн,
Өзүн төмөн сезип,
Ай булутка жашынды.
♦ ♦ ♦
Тынымсыз торгой үнү,
Көңүл куунак, басканым шат,
Ашууда баратамын.
Жогорудагы ыр саптарынын ар бири жөнүндө кеңири сөз кылса болот. “Саргайган беде гүлү” беде жылына эки-үч ирет гүл ачса, жыйымы жакындап келаткандагы жаратылыш көрүнүшү көз алдыга тартылат. Айрыкча иңир кирип келатканда чегирткелер чырылдап, сайдагы бакылдаган бакалардын үнү, ысыктан ныксырап бараткан толукшуган жайдын колу-бутун жайып, суналып жаткан кези кандай сонун! “Чыгыштан Ай сустайып, / Батышта Күн кызарат” деген саптар таң алды менен күн баткандагы кездин ажайып картинасын бет алдыңызга тартат.
“Көркөм котормо адабиятты байытуу менен жаңы усулдарды жана адабий табылгаларды алып келет” деп жазат К.Абдыкеримов “Стих и искусство перевода” [2] деген эмгегинде. Орус адабиятындагы котормонун көрүнүктүү теоретиги Корней Чуковский [3] Л.Гинзбургдун: “Вначале было слова” деген эмгегиндеги мындай фразаны “От одного слова зависит подчас не только судьба перевода, но и творческая судьба переводчика” [4] колдоп-кубаттаганы жөн жерден эмес, анткени башка тилдеги котормонун түпнускасын бузбай, көркөмдүк деңгээлине көлөкө түшүрбөй, ошол элдин өзүнө таандык эн белгилерди сактап калуу чоң чеберчиликти талап кылат.
Табият эсеп-кысапка өтө так. Жаратылыштагы бардык нерселер бири-бири менен тыгыз байланышта, өзөктөш, талапташ, энчилеш, алар бири экинчиси менен өтө татаал биримдикте өз ара биригишет. Жаратылыштын мыйзамы катуу сакталат, жер бетиндеги пенделер сыяктуу алакчылабайт, “өңдү көрсө, жүз таят” болбойт. Кыш келди, “карагайды ак кар басты” бүчүр-жалбырагын, жашыл жүзүн ак жаанга чайкап турган карагайдын кышкы абалы кантээр экен деген ой, сарсанаа акынды ушундай ыр саптарын жазганга аргасыз кылды. “Чайынып турчу дайым, / Салаалап жааган жаанга”.
Дарыя менен деңиз өзүнчө аалам. Экөөнүн жашоосун баары эле түшүнбөйт, сезбейт. Алардын жашоосун сөз менен жашаган, сөз менен иштеген, сөз кадырлаган акынчалык эч ким жеткире айтпайт. Басёнун ушул төрт сабы, деңиздин албууттанган мезгилин эске салат. Жээкте карап турсаң, жүрөгүң түшөт, артыңды карабай качкың келет “жаалданат толкундар, каарданат”. Деңиздин бугу чыгып, жаны жай алгыча жанына барбай коё туруңуз... Болгон күч-кубатынан жанып, Садо аралынан ызаасын чыгарган толкундардын жоошуган мезгилин карасаңыз, асманда жаркыраган “Саманчынын жолу көктөн кол сунат”. Мындай керемет саптарды таланттуу жан дүйнө гана сезе алат, көрө алат.
Ал орто жашаган самурай үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Хайку – үч сап ырлар жанрында жазган, ойлорду көркөм туюндуруунун кыска жана нуска жолуна алгачкы из салган карлыгач акын. Поэзияны 1664-жылы Киотодо өздөштүрүп, жапон поэзиясы менен бирге кытай поэзиясын жана философиясын окуп үйрөнгөн. Өмүрүнүн көп жылдарын жер кыдырып, эл кезип, саякаттоо менен өткөргөн, нукура өз стилинде, өз манерасында жазган акындардын адабий мектебин калыптаган. Анын адабий мурасы эки багыттуу пейзаж лирикасынан жана лирикалык күндөлүктөн турат. Лирикалык философиясы жаңыча, олуттуу, терең идеяларга жык. Көзү тирүүсүндө шакирттеринин жардамында бештей ырлар жыйнагын чыгарганга жетишкен.
Көптөгөн шакирттерди тарбиялап, поэзиянын татаал сырларын бөлүшкөн, өзүнөн кийинкилерге үйрөткөн кадырлуу устат. Өз мезгилинде атак-даңкына, абройуна, хайку жанрына алгачкы из салган, атактуу акын болгонуна карабастан, өмүрү бүтүндөй жакырчылыкта өткөн. Чыныгы философ-буддист катары өзүнүн материалдык абалына эч качан көңүл бөлгөн эмес, материалдык байлыкка таптакыр кызыкпаган. Колунда бар шакирти салып берген, ыр дүйнөсүндө белгилүү «Банан өжүрөсү» күйүп кеткен соң, он жылдай бүткүл Жапон аймагын жөө кыдырып, өмүрүн жолоочу (дервиш) жашоодо өткөргөн. 1694-жылы шакирттери менен жер кезип жүргөндө, Осакада каза болгон.
Көзү тирүүсүндө жапон элине кадыр-барктуу адам катары кеңири таанылган. Кезегинде карапайым дыйкандардын айрыкча хайку ырын сүйүүчүлөрдүн арасында Мацуо Басёнун катышуусундагы мелдештер тынымсыз уюштурулуп, анын көркөм поэзиясы, эстетикасы жапон адабиятынын калыптанышына олуттуу салым кошкон. «Басё стили» жапон поэзиясында дээрлик 200 жылдан ашык өнүгүү-өөрчүү жолунда турган.
“Хайку ырларын түпнускадан которуунун бир топ машакаты болорун байкадык. Биринчиден, «5-7-5» эрежесин сактап, он жети муун менен которуу бардык учурда эле ишке аша бербейт. Ошондуктан бул эрежеден четтеген күндө да, хайкунун саптарга камтылган маанисин сактоо талабы каралды. Экинчиден, жапон жана кыргыз тилиндеги синтаксис жана грамматикалык эрежелер ортосундагы айырмачылыктар да хайку ырларын которууда кедергисин тийгизет. Ошондуктан мүмкүн болушунча ырдын маанисин бузбай сактоо аракети көрүлдү” деп жазат котормочулар К.Эрназаров менен Э.Абдазов [5].
Колдонулган адабияттар
1.Эрназаров. К. Абдазов. Э. Хайку ырларын түпнускадан которуунун машакаты. [Электрондук ресурс] - Б.: Кыргыз маданият борбору. 26. 03. 2022. kmborboru.su [Кирген күн 18.11.2023]
2. Абдыкеримов К. Стих и искусство перевода. [Текст] / К.Абдыкеримов. – Фрунзе.: Мектеп. 1970. – 5с.
3. Чуковский.К. Высокое искусство [Текст] / К.Чуковский. - М.: Искусство. 1964. -885с.
4. Гинзбург, Л. В начале было слова. Сборник мастерство перевода [Текст] / Л. Гинзбург. - Москва.: 1959. – 291с.
5. Эрназаров.К. Абдазов.Э. Хайку ырларын түпнускадан которуунун машакаты. [Электрондук ресурс] -Б.: Кыргыз маданият борбору. 26. 03. 2022. kmborboru.su [ Кирген күн 25.11.2023.]
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.