Салижан Жигитов: Укса ачууланат

  • 13.12.2024
  • 475

АҢГЕМЕ

Макембай жаңы салынып жаткан клуб тараптан ачуусу таркабай, майпаңдап чайпала басып үйүнө келди. Кага алабыз деп чатырлык тунукелерди иштен чыгарган ашкеби усталарга рейкалык ничке тактайды ала чуркап жулунуп, буркан-шаркан түшкөндө зырп-зырп этип, сай-сөөгүн өрттөп жиберген жамбаштагы оорусу да басаңдаган жок.

Тамдын бийик айбанына чыгып, жөлөнгүчү жок орундукка көчүк басар замат шамалдын толкуну ылдыйтан шукшурулуп келип эшиктин алдына урунду. Аердеги какыр-чикир, күбүлгөн жалбырак аралаш чаң куду бирөө шыпырган өңдүү көпкө дейре жер бойлоп учуп барып, анан мектептин тушуна жеткенде куюн болуп көккө көтөрүлүп, нары-бери оолжуп шуулдаган мырза теректерди каптап калды.

Макембай канталай түшкөн көзүнүн кыры менен бу тентек кубулушту узатып койду. Оорунун айынан жайын-кышын үстүнөн түшүрбөгөн ичик-тонун кымтыланып, жеңдерине кайчылаштыра киргизген колдорун тизесине такап бүкчүйдү да, чырт түкүрүп, башын гана өөдө көтөрдү. Кумсарган жүзүнө билинер-билинбес темгилденип кызыл жүгүрө баштады. Удаама-удаа чамынып келип тийген шамалга куду кирген үндүктөй үрпөйө калып жаткан барпагай балаты алмаларынын саргыч-карагүрөң, али сабагы бекем жалбырактарын көрүп: «Кысталак, түшпөдү го, эми оор кар жаап, үшүк урганда анан күбүлүп түшөт», – деп ачуусун унутуп, жай гана ойлонду. Андан өйүздөгү жылгасы көп, аңырайган чоң жары бар бийик бетке назары түштү. Каркайган бугу мүйүз жаңгактардын текши бышкан кочкул сары жалбырактары камгактай калдаңдап алда кайда кайып жатты. Тоонун кыры менен барабар салаңдаган коргошун түс оор булуттардан саал эле төмөндө самсып учуп бараткан сансыз көп таан карарган асманды ого бетер карартып, улам нарылаган сайын көздөн кайым болууда...

Макембай кайра жер карап, дагы чырт түкүрдү да, муңкана түштү. Ушу менен ал канча мертебе таандарды узак сапарга узатат! Баягыда кара топурак, чирий баштаган аңыз, ачуу эрмен жыттанган суук адырда күздүк айдап жүргөндө да таандар ушундай уу-чуу менен самсып өтүшчү. Анда ары жаш, нары куландай соо чагы экен: ысык-суукту тоотконду деле, оорудум-чарчадым дегенди деле билбептир, жалгыз атка араң жүк болгон көрөн-жеренин артынып, колхоздун иши десе кырмандан-кырманга, адырдан-адырга көчүп жүрө бериптир.

Баса, кайсы жыл экени эсинде жок, деги ушу маал эле, күздүктү айдап бүткөн соң адырдан өндүрдөгү үйүнө көчүп келатып, жолдо жаш зайыбы менен чатакташа түшкөн. Жин тийгендей дароо бууракандап, ачуусуна чыдабай атка артылуу орун-төшөнчүнү чалды-куйду бырыксытып чачкан. Чукул ачуусу бат эле сээлдегенден кийин ал айыптуу ылжайып, баягынын баарын күдүңдөп өзү чогултуп, тердеп-тепчип атка артып, кайра жол тарткан...

Азыр ошондогу эски окуяга күлөм деп башын көтөргөндө, жамбашы дагы ийне сайгандай зырп этип, жүзүндө жайнап келаткан жылмаюу куду ачуу зарнадан зааркангандагыдай бузулуп кетти.

– Ох! – Эрдин тиштене калып, кабагын чытып, катуу онтоду да, ичинен зээни кейип наалыды. «Ээ, курулай эле ачуулана берипмин да. Деги кулуп[1] жакка кайдан барып калдым? Эми адебими куп жейм. Доктур катын чын айткан экен, чын айткан экен...»

Мурда ал оорусунун себебин көкбөрүдөн көрүп жүргөн. Заманында ал айтылуу улакчы эле. Бир катар жыл колхозго башкарма болсо да, аны «Макембай-Раис» дешпестен, ар дайым «Макембай-Улакчы» деше турган. Анда кеч күздөн тартып кыш бою көргөн-бакканы улак болчу. Жер дүңгүрөп, аргымак аттар көкүрөк тирешип, көк буу булоолоп, бел майышкан катаал, бака-шака, башаламан топтон керели-кечке чыкчу эмес. Айкырып-өкүрүп, өлөрүнө карабай жанын сабап, өзүн унутканча берилип чаба берип, кечкурун ылайга, аттын көбүктөнгөн шор терине буланып, сасык тер жыттанып, бети-башынын бир жери камчы же аттын башы тийип жарылып, бүткөн бою жанчылып, ырп этерге алы калбай келчү. Эртеси белим, жамбашым деп туралбай, очорулуп жатып калчу. Бирок улактын каңшаарын угар замат, токтоно албай, аттанып кетер эле.

Тийип-качып кармаган оору сүзөктүү дартка айланганда, ал көпкө дейре улакты каргап жүрдү. Бирок Өзгөндүн чоң врачы – балканактай давердес[2] сары катын ал оорусуна даттанып барган сайын: «Сеники радикулит, а радикулит ушу нервдан булат, хазир сеники джинь келеть-сеники кунь-кунь авруйт, сеники джинь кельтирбейт-сеники хамузум аворумайды» – деп кулагына кумдай куя берчү. Анда ал врачтын сөзүн жанына жооткотчу эмес: «Жо-жок, меники сага ишенбейт. Меники ооруну өзүм билем. Меники оо маладой чакта жинди болгон, күн-күн улак чапкан, меники оору ошондон ооруйт. Мен оо уруштан көп нервинийлер көргөн, алар эмне үчүн ридикүлүт болгон эмес?»

Кийинчерек доктордун сөзүнө ичинен ынана баштады. Катуу ачууланып койсо, эртеси жамбашын көтөрө албай, боздой берет. Анын үстүнө, жаздагы бир ачуусу...

Жазга жуук бир кур жакшы сакайып кетти эле. Кашааларын жаңылап, алмаларынын эркектеген бутактарын калчатка[3] кылып, чолосу тийгенде атчан нарыбери бастырып – деги кайра туулгандай оңуп калган. Бир күнү азыркы башкарма атайы үйүнө бастырып келди. «Макембай аке, оңолуп алыпсыз, эми, кой дарылайбыз, ошого баш-көз болуп, каралашып бербейсизби?» – деди. Башкарма көрсөткөн ызатка жетине албай, дароо кой мончого жетип барды. Үч-төрт сомодой жигит ноого кой түшүрүп жатыптыр. Койлорду тосмолоп, «кош-коштоп» кыйкырып, нары-бери удургутуп, ноого киргизе алышпайт. Макембай аларга ат үстүнөн карап бир пас турду. Беркилер дагы эле түшүрө албай убара. Макембай чыдаган жок. Аттан оонап түштү. Өтүгүн көз ачып-жумгуча чечип ыргытты. «Силерде баш жок!» – деп кыжына сөгүнүп, дүрбүккөн койлорду четтен кучактап кармап, дары чыланган ноого таштай баштады. Ошо күнү кечке чейин кралини кылкылдаган сууну кечип, муздак цемент басып жүрүп, эртеси эле кайра жамбашын көтөрө албай жатып калды.

Ошондон бери доктор катындын сөзүнө катуу ишенип, өзүнүн ачуусуна аябай нааразы. Жакшы эле сактанат, бирок кээде, байкоостон эрктен тайып кетет. Өгүнү жаңы салынып жаткан клубга көзөмөлчү кылып коюшуп, тапкан пайдасы бүгүнкү ачууланганы болду.

Макембай күндүн бузулганына муңдуу карап, көңүлү кыжыл болуп көпкө отурду. Далысы курушуп чыйрыга баштаганда гана ордунан күч менен көтөрүлүп, ичкериге жөнөдү. Босогодон эле үйдүн жылуу деми бетине урунуп, бышкан алманын назик аңкыган жыты мурдуна тийди. Кепичин чечип, дайым салынуу турган калың төшөккө оонай кетти. Денеси бир аз жылып, курушканы тараганда, жамбаштагы оорусу мемиреп басыла баштады.

Тышта шамал күңгүрөнө чамынып, кез-кез терезенин айнектери кылдырт-кылдырт этет, тамдын аркасындагы бой тирешкен мырза теректер созолонуп кайгылуу шуулдайт, ошол созолонгон шуу аста өчүп барып, бир пастан кийин капыстан дуу көтөрүлөт. «Кысталак, калкоздун малы эмне болду экен? – деди ал ичинен камтама болуп, – малчыларың түшкүр жакшы көзөмөлдөбөй, бүгүн бирди-жармы буюгуп кетпегей эле...»

Суу болгон үзүктөй салмактуу чепкенинин этектерин шамал далбак-далбак кайрып, бети-башы көгүш тартып үшүп, бороонго аралаш колхоз малдарын кыдырып, малчылар менен урушуп-табышып бакылдашып жүргөн кайран күндөрүн эстеп ичи бышты. Ыңгыранган бойдон берки жамбашына оодарылып кетти.

Чыканактап жаагын таянган калыпта тыштагы шамалга кулак түрүп бир кыйла тунжурап жатты эле, бир маалда кулагы катуу чыңылдап жиберди. Ал селт чочуду. Тунжуроодон ойгонуп, абага сиңген назик алма жытын дагы сезди. Өзүнчө мулуң этип күлүп койду. Ордунан күчөнө шап туруп жөнөдү. Четки бөлмөдөн бышкан алманын, жаңы самандын, сыз жердин өткүр жыты, муздак илеби ичиркенте бетке урду. Макембай бурчтагы катмар жащиктердин аяк-быягын бир жери кемибеди бекен дегендей омсоңдой карады да, эң үстүңкү жащиктен пыр-сыры менен бир чок алма сууруп чыкты. Аны жеңине аарчып-аарчып, эки-үч мертебе оп тартып жыттады. Жаны жыргай түшкөндөй мардая түшүп, алманы колу менен салмактап-салмактап эркелетти.

Кайра келип төшөккө жатты. Дагы эле бороон тышта күңгүрөнө уңулдап, терезенин айнектерин кез-кез кылдырттатат. Ал боюн жазып чирене керилип коюп, колундагы алмадан качырата бир тиштеп алды. Ширесине тамшанып чайнап жатып алманын бооруна түшкөн тишинин изин көрдү да, мулуң этип койду. Мээнеттин үзүрү деген ушу да. Башкармалыктан бошонуп, ушуерге жаңы дубал салам деп камынып, ушул алмаларды адеп эгип жатканда, элдин көбү шылдыңдаган. Башкалар түгүл ушул өзүнүн эле катыны Канышай: «Мээси шишип каяктагы чыбыктарды эгип атат», – деп күлгөн. Макембай да оозу шок адам го: «Аа, көрөрсүң, буюрса, ушул жыйырма түп алмадан беш-алты жылдан кийин туура бир тонна алма алам, беш сентирин бала-чака, айыл-апа менен жесек, беш сентирин сатып жеп жата берем», – деп тамашалап, өз сөзүнө өзү маашырканып каткырган болучу. Аны эшиктин алдынан өтүп бараткан Айыниса угуп калып, күйөөсү Кушубакка: «Капырай, тиги бабыр акем талаага чыбыктарын сайып алып, эмитен эле акчаларын эсептеп атат», – деп айтып барыптыр. Кыйыр иниси Кушубак ыгы келсе-келбесе деле сүйлөй берген неме. Төрт адамдын башы кошулган жерде: «Макембай акем алма сатып байыйт, Макембай акем алмасын антет, Макембай акем алмасын минтет», – деп капыялап[4] эрмек кылып жүрдү. Какшыгын жылдырып коюп, дегеле чоң иш бүтүргөн кишиче ыкшып калар эле. Баарынан да баягыда бир тойдо аны сөзгө жыгып, алмасынан козгоп обу жок какшыктап, анан табалап ыкшып күлгөнүчү! Баарынан да кимдин ким экенин аңдабаган ары жоктордун аны коштоп каткырганы өтпөдүбү! Макембайдын ичинен ызалуу кыжыр көтөрүлдү. Алмадан дагы бир кыжына тиштеп үзүп алды да, ордунан шарт тура келди. Алманы маймаңдап чайнап, бир оор абалга арга издегендей бир дем ойго батып, анан эшикке кыйкырды:

– Каныша-аай!

Ачуулуу чыккан ничке добуш үйдүн аркасынан үзүл-созул угулду:

– Эмне?!

– Бас бери!

Бети-башына көгүш боёктуу акиташ суусу чачырап, көйнөк-кечеси так-так болуп булганган ыраңдуу жашамал аял колуна актагыч щетка кармап, ачыган акиташтын кескин жытын ала кирди.

– Ии, эмне эле айкырып атасың?

– Аа, бүтөйүн дедиңби? – Ал аялынан кайдыгер сурап коюп, анан буйрук берди, – бүтсөң, тез нан-паныңды даярда, эл чакырабыз.

Аялы тирмеңдей түштү:

– Бороондуу күнү кычабай тим отурчу! Быягынан жааны жаайм деп, тыягынан үйдү актап бүтө албай жүдөп-какап атса... жөн эле обу жоктоно бересиң!

Макембайдын көзүнүн канталаганы көбөйүп, бетинин отундагы кызыл саал өчө түштү. Бул түрүнөн аялы да жалтаң этип, тайсалдабыраак калды.

– Астахпурулда! – деп Макембай бир пас буулуп тургандан кийин өзгөрө түшкөн үнү менен тобо келтирди. Оозуна сөз кирбей, азыраак туталанып туруп:

– Бар, бара бер, баарын өзүм бүтүрөм! – Ал чечкиндүү кол шилтеп, сыртка табыштады, – Карабек!

Чаңга буланган он жашар бала чуркап келип, ата-энесине алма-телме көзүн жалжылдата карап туруп калды.

– Барып Кушубак акеңи катыны менен чакыр, кечкурун биздикине келсин. Анын айылдагылардын баарын чакырып кел, болуппу?

Бала шуу жөнөй берди.

* * *

Кең мейманкананын ичи кандуу сорпонун мурун жарган ширелүү жытына капталды. Заматта дасторкон четтерине булоолонгон чоң пиялалар тизилип калды. Жыгач чара толо козунун эти удаалаш келди. Ооздор ишке киришип, азыр эле кабыр-шабыр жүрүп турган сөздөр бир саамга тып басылып, үй ичин чалпылдата чайнагандагы, шоркурата ууртагандагы итиркей келтирген шоокум гана бийлеп турду. Улам эңкейе калып дасторкондон нан алган сайын тегерек тартып отургандардын калдайган кара көлөкөлөрү дубал бетинде алда кандай арбаңдай түшөт.

Макембай сорпосунан эки-үч ирет ууртаган соң, үстүнөн илең-салаң буу көтөрүлүп турган чараны алдына тартты. Кармалаганда күйүп кетип жаткан колдорун улам-улам үйлөгүлөп, эттин ысык деминен бетин улам ала качып, эт бөлүштүрө баштады. Кез-кезде эттен кесип, оозуна салып коёт.

Эт аксакалдата үч абарадан[5] тартылды. Жиликтерге колдор сунулду. Кээси маки менен, кээси тиши менен эле үзүп-жулкуп жеп киришти. Жаактар тыным албай чулчуңдап жатты.

Чийбаркыттан галифе шым, аскерче китель кийип, чыкчыйып мандаш токунуп отурган шляпачан ынды кара неме устуканын:

– Уулуңузга, Карабек мырзага алып бериңизчи, – деп көчүгүн элпек көтөрө коюп Канышайга сунду.

Төрдөгү момоюп отурган эки абышка белге байланган жоолуктарын чечип, жиликтерин бапестеп ороп, кайра курчанып алышты. Көздөрү шоролонгон арыкчырай катиңкиси карт кекирип, кудайга күңгүрөнө шүгүрлүк айтты. Меймандардын бир даары дасмалга кол аарчып жатса, бир даары ууртун «чыйп-чыйп» эттирип тиш чукуй баштады. Баарынын өңүндө кампая тойгондон кийинки манчыркаткан ныксыроо пайда болду. Ыйламсыраган балыгыр сары жигиттин уйкусураган коймолжун көздөрү «мен аябай тойдум, эми эчтеке жебейм» дегенсип токпейил күлүңдөп турду.

Бүткөн бою балкып көшүй түшкөн Макембай жамбаштап кынтая кетти.

– Куш келипсиңер, меймандар! – Ал оозун жыйып ала электе бир чоң табак алма алып оозгу үйдөн аялы кирди. Эзилип бышкан алманын жыты аптыктыра бур этти. Отургандардын өңүн билинер-билинбес омсоңдоо аралады. Канчалык карабаска аракет кылышса да, бейбаш көздөрдүн кыйыгы лимон түстөнүп саргарган алмаларга кадалды.

Канышай пияладай чоң алмаларды бошогон дасторкон бетине элпек гана чачып таштады.

– Алма жегиле, – деп жылмайып, ызат көрсөттү ал. Алмаларды көрөр замат көздөрү чачырап, жүзү жайнаган Макембай баарынан озунуп алмага кол салды. Аялы тырчып, кабагын бүркөдү да, тирмеңдеп кагып да жиберди:

– Жутунбай меймандарды ал десең, каапыр!

Отургандар ыңгайсыздана түшүп, эмне дешти билбей, калп эле көчүктөрүн копшоп козголуп коюшту. Кагып ийип, кайра артынан жалтактап калган Канышай:

– Ырас да анан! – актангандай карагүчкө күлгөн болду. Макембай аялынын ашмалтай сөзүн таназар алган жок. Колундагы алманы моокумун кандыра катуу жыттады да, жүзү ажарланып, кыялдуу тамшанды:

– Ушуну жыттаганда эле быкыным толо түшөт, кысталак!

Меймандар коштоп күлүп калышты. Баятан бери мурчуюп тишин чукугулап отурган шляпачан ынды кара жигит күлкү аралаш сурады:

– Бусурманым, ал эмне дегениңиз?

Макембай бажырайып жадыраган кара тору жүзүн суроо чыккан жакка бурду. Бирок жооп бербей, колундагы алмага мулуң этип элжиреп карай берди.

– Ээ, адам өзү апенди да! – Ал күтүлбөгөн жерден сөзүн кыжырлуу баштап, анан бир дем такала калып, саал сабырлуу улады, – бир чырпыкты жерге сайып койсоң, беш жыл өтпөй мөмө берет экен. Беш жыл деген эмне, тебетейиңди беш тегереткиче өтүп кетет. Чын айтамбы?

Төрт-бешөө анын сөзүн ырастап койду. Бирдеме айтканга эптенип жанында отурган бүтүк көз жымшыгый жигит эми оозун ачып келатты эле, Макембай темине берип, барбайган колдорун созду:

– Токто, токто, мен бир нерсе айтып берейин.

Оозунан сөзүн жулдурган бүтүк көз осолдой түшүп, далысын күйшөп-күйшөп тим болду.

Макембай бабырап сөз баштап алды. Ушул ортодо жайылган дасторкондогу алмалардын көчөтүн жаңыдан тигип атканда элдин ишенбей караганын, башкалар тургай өзүнүн эле катыны Канышайдын шылдыңдап күлгөнүн, ал эми иниси Кушубактын көрүнгөн жерде табалап какшыктаганын ал кызып-кызып, теминип-теминип, күлкү аралаш бабырап айтып берди. Айрыкча Кушубактын бүгүн жок болуп калганына аябай өкүнүп, башын чайкады:

– Ка-ап, Өзгөнгө жөнөп кеткенин карасаң, болбособу, бир сөзгө түшүрөт элем. Кап, болбособу...

Бая тамак ичкенге дейре жолдоштору «Бакир-Мырза» деп эрмектеп отурган купайкечен кызыл чийкил жигит аңгемеге аябай берилген экен, көздөрү арбалгандай жалдырап, оозу чала-була ачылып, тили чыгар-чыкмаксан булайып калыптыр. Улам сүйлөшкө эптенип, улам оңтоюн таба албай далысын күйшөп-күйшөп отурган алиги бүтүк көз Макембайдын оозунан сөздү жула качты:

– Ырас эле, сизди дайым какшыктап калчу эле. Баягыдачы, баягы немелердин тоюнда...

– Ээ, токтоп турбайсыңбы! – Макембай кыжынып, аны чыканагы менен бөйрөккө бир койду эле, тиги ык эте түштү. Отургандардын күлкүсү кыстады. Бир даары күлкүсүн араң тыйып, калп эле шыпка акыя карап калды; кээ бири эрдин тиштенип, башын быякка бура берди. Чыдамы жетпеди окшойт, кимдир бирөө катуу бышкырып жиберди. Буулуккан күлкү дуу жарылды. Нес баскан немедей оозу чала ачылып, тили чала булайып, башы чала кылжыйып отурган кызыл чийкил Бакир күлкүдөн чочуп өзүн жыйнаганда, ууртунан жылтыраган ничке шилекей чубалжып куюлуп кетти...

Макембай саал теригип, алдастабыраак калды.

– Токто, токто, күлбөгүлө! – Ал темине берип, колунун өктөм жаңсоосу менен шарактаган күлкүнү басты. – Токто, илгеркини эмес, кечээ эле өзүңөр көргөндөн айтайын. Кечээ эле үйдүн тунукесин сырдатабыз деп уста издеп Өзгөндөн бери тапчу элек. Табылган уста бааланып атып араң келчү. Кокус арак бербесең, иштебей догурунуп жатып алчу ал. Аа-аа, атаңдын көрү десе! Ошону дагы өнөр көрүп жүрүппүз! Азыр тунуке сырдабаган кыргыз кем. Ана, иштесе эле болот экен го, кана эми бу колотко чоочун устанын башбакканы?

Сепкилге окшош билинер-билинбес тактары бар саргыч алмалар дасторкондо бейтартип чачылып жатат. Саргарып көз кызартат. Үп болгон абада жыты аңкып, көңүлдү алаксытат. Назары сынган жымшыгый неме кандайдыр кыялга берилгендей телмирип, бүтүйгөн көздөрүн алдындагы алмадан үзбөй, уялыңкы күлүмсүрөйт. Мурчуйган шляпачан ынды кара оозун араандай ачып, улам эстейт.

– ...Биз жерди иштеткенди билбейбиз, ушу жерде пайда көп. Кыргыз акең төрт малынын туягын санап....

– Жалаң эле өзүң бабырай бербей, меймандарга алма жедирсең боло. – Канышай күйөөсүнүн аңгемесин бузуп жиберип, кайра сөзүн күлкүгө чалып бүтүрдү. – Төгөрүн төгүп коюп, сайрайсың эле сайрайсың.

– Ыя!.. Ырас эле!.. – Макембай чочуп да, осолдоп да кетип, шашмалап калдастады. – Кана, алмага карагыла! Ой, албайсыңарбы! Ал, Бакир-Мырза! Алгыла!

Бири-бирине сыпайыгерчилик көрсөтүп, «алың-алың» менен бири-бирин күтүп, адеп кол салганга эч кимиси даабай, бир дем буйдалып турушту. Бирөө бир алманы алар замат колдор жабалактап жапырт дасторконго качырып кирди. Алмалар касырап, жаактар чулчуңдап, көлөкөлөр арбаңдады. Алма даамы бал татып, тамшандырып, ширеси тиштин арасынан чачырады.

Бат эле дасторкон үстү тазаланды. Бири анда, бири мында тоголонуп жаткан үч-төрт алманы көрүп, Макембай аялына:

– Алмадан дагы апкел, Канышай, – деп буюрду да, жигиттерге карап азилкеч көз кысты, – жешсин, кокус тилинде даамы калса, эмдиги жылы баары тең алма тиккиси бардыр...

Дасторкон кайра берекеге толуп, ооздор кайра кыймылдады. Меймандар дагы кичине жешкенден кийин эле маш жеген короздой ыкыйып туруп калышты. Макембай дагы жедирем деп аларды кыстап көрдү, бирок кыстоо менен жедире албаган соң:

– Эмесе калганын чөнтөккө уруп алгыла, бала-чакага апарып бересиңер, – деп, ой-боюна койбой жатып, баарын эки-үчтөн алууга аргасыз кылды.

Дагы азыраак алмадан кеп уруп отурушту. Баары текши каалгый баштаганда, бата кылып, дүпүрөшүп айбанга чыгышты. Аба нымык тартып тунуп калыптыр. Суу болгон кургак беденин жыты өткүр буруксуйт. Ным чаң-топурактан муздак жыт келет. Өркөчтөнгөн тоолордун кырлары гана карарат, дүпүйгөн бак-дарактар шырп эткен добуш бербейт. Абышкалар галошторун таппай бөкчөңдөп, жигиттер бой керип чирене эстенет. Ныксыраткан уйку ачылып, түнкү муздак аба чыйрыктырат.

– Мына биздин бак! – Ичигин желбегей жамынып чыккан Макембайдын үнү шак этти. – Кичине коюулук кылат, кысталак. Суюлтканга жер тар. Тиги оң жак бурчта жаш көчөттөр бар. Жерге кирсин, алар деле эртең эле чоңоюп калат. Эмки жылы аларды сайга көчүрөм. Ордуна келиштирип ажаткана салып, тышына «женскей, мужскей» деп жазып коём. Бизде дагы жети жылдык план бар да! – деп өзүнүн сөзүнө өзү курсант болуп карс-карс күлдү.

Кимдир бирөө бийик айбандан дүңк этип жерге секирип түштү. Жерди тепкилеп көрдү да, батыш тарабы чала сүрүлүп, бирин-серин жылдыздары бүдөмүк бүлбүл эткен түнөрүңкү асманга көз жиберди.

– А кокуй десе, чамынып атып араң чаң басар жаан жааптыр да. Жарытпаптыр.

Кайыр-кош айтышып коюп эки абышка менен бир жигит төмөнкү айылга карап салышты. Макембай ичигинин жеңин кийип кымтыланды да:

– Кысталак, алмада куп пайда бар, – деп берки калгандарды узатканча кошо басты, – ушу тапта Өзгөндүн өзүндө улактуу эчки эки жүз сом. Ал эми меникиндей алманын килосу он-он эки сом. 600 сомго элүү-алтымыш кило алманы жөн эле оодарып салып бересиң. Ушу бир чырпыктын башында үч улактуу эчки турса...

Аларды узатып коюп, майпаңдап тамын карай жөнөдү. Көңүл курсант, убактысы чак болуп, бир зор иш бүтүргөндөй мардайып баратты. Капыстан шарт бурулуп, тигилер кеткен жакка кыйкырып үн салды:

– Эй, кыргыздар! «Үйүңдү ак кыл, тегерегин бак кыл, убактыңды чак кыл» деген сөздү уктуңар беле?

Нараактагы мектеп тушунан бири мурун, бири кийин чыккан күлкү, кабыр-шабыр сөздөр угулду.

– Уктук, уктук! – деген чыйылдаган үн кулагына кабылды. Ого бетер мардая түшкөн Макембай мүдүрүлүп кетип, жамбашы бир-эки жолу зырп-зырп этип алды. Тамагын кырып какырынды да, чайпала басып ичкери кирип кетти...

Беркилер чоң жолго чыгышты. Унчугушпай, абайлап басып баратышты. Бакир, алиги Бакир-Мырза кыялга мас болуп салмактуу кадам таштайт. Тилинен алманын даамы кетпей, көз алдына бирде дүпүйгөн алма дарагы, бирде айланасы жайдак жепирекей тамы, бирде бабырап карс-карс күлгөн Макембай элес-булас караңдайт. Өзүнөн өзү кубанычка батып, купуя жымыят.

Үн-сөз жок тым-тырс абалды шляпачан ынды каранын коңур үн бузду:

– Ушинтип, Макембай бабырды да бабыратып ал-дык!

– Козусун да жеп алдык, – деди экинчиси.

– Алмасын айтсаң, алмасын, – деди дагы бирөө.

Таттуу кыялда бараткан Бакир жаактан нары бир чапкандай селт эте түштү.

– Эй, эй, койгула! Укса ачууланат! – деди ал чыйылдап.

МУЗДАК шамалдын толкуну келип, шырп этпей дүпүйүп турган бак-дарактарды шуулдатып, жалбырактардын шүүдүрүмүн дыбыр-дыбыр күбүп өттү.

[1] Кулуп – клуб.

[2] Давердес – олбурлуу.

[3] Калчатка – эркек бутактарды кесүү.

[4] Капыялап – шылдыңдоо.

[5] Үч абарадан – үч кишиге бир табактан.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз