
Айылымда аты, жүргөн-турганы, кылык-жоругу, пейил-кую аңызга айланган аталарым тууралуу жазсам деп көптөн бери ойлоп жүрүп, эми сааты чыгып отурат.
Айрымдары сиздердин назарыңыздарда!
Бук Этпес
Кыш. Суук. Жокчулук мезгил. Суукка карайбы?.. Айылдаштар Сулайман, Бусурман, Сыдыкбай, Акун сыртта кобурашып турушат.
– Эт-аш жок канчадан бери. Ичке кан түшүп кетмей болду, – деди Бусурман.
Анын кебин Акун улай кетти:
– Айтпа! Балдар куурап кетти сорпо-шилең ичпей. Суук болсо, бул...
Анда Сулайман:
– Мен 2-3 күндөн бери Ара-Көлдөн жалгыз төө жүргөнүн көрүп калып атам. Келгиле, ошону союп алалы! Кап, аркан-жибиңерди алып, көз байланганда чыккыла! Кечке маал элден оолактатып барып, байлап коёюн! Бирок бул жөнүндө өзүбүздөн башка жан билбесин! – дегенде, жанындагылар "ооба, ообалап," анын тапкычтыгына сүйүнүп кетишти.
Ошентип кечинде баягы төртөө шашып-бушуп аладан-шала түшүп, төөнү союп, каптарга бөлүштүрүп салып, минген аттарына сылай жүктөп бүткөн кезде, ай жаркырап чыга келди. Жанатан жаман ишти жарыя кылгандан жашыргандай; айлана текши көөдөй караңгы эле.
– Башын, терисин сен ал, Бусуке, – дешти.
Буга Бусурман кудуңдап, башты алайын десе эле, айдын жарыгында өзүнүн төөсүнө таккан чүлүгү "жарк" деп көрүнсө болобу...
Чочуп кеткен ал:
– Ой, бул менин "Бук Этпесим" го! – деп кыйкырып жиберген имиш.
Жанатан бери "уурулугубузду эч ким көрүп, туя электе кетип калалы", – деп жанталашкан курбулары дуу жарылып каткырышат:
– Ырас болуптур "Бук Этпесиң" болсо... Эми буюрса, жегенибиз аш болот экен! – дешкен экен!
Көк
Бир күнү чокою жыртылып калган Асаке тууганы Карачунактыкына көк сурап барат. Ал өтө сыпаа, өмүрү кыңыр ишке баспаган, такыба киши экен.
Карачунактыкы бул кезде булоолонтуп эт чыгарып, нарындап эт туурап жатыптыр. Асаке тамактын үстүнөн чыкканына өзүн ыңгайсыз сезип, кайра чыга жөнөйт. Чакырса келбес Асаке тууганын Карачунак кетирбей, устукан тартып, бажактап тосуп коноктоп калат.
Тууганынын меймандостугуна ыраазы болуп, этке карк тоюп чыккан Асаке өзү тыкан неме Карачунак берген төөнүн териси менен чокоюн тыпыйта тигип алат.
Арадан бир ай не өттү, не өтпөдү, Асаке бир күнү дөбөдөгү кыдырата каркырадай тизилип, өткөн-кеткенден кеп салып отурган аксакалдарга кошулуп отурса, аларга бир атчан бастырып келип учурашып калат. Кейпи, минген аты чоочун. Коңшу айылдан келген неме көрүнөт.
– Амансыңарбы, акелер?
– Бар бол, баатыр!
– Жок издеп жүрдүм эле.
– Эмне жоготтуң?
– Төө жоготтум.
– Качан?
– Бир ай болду.
– Оо, коку-у-й, балам! Жоголгонуна бир ай болсо, төөңдү эчак союп, сорпосуна тоюп, терисин көк кылып, чокоюна тигип алды да, – деген Карачунак алаканын шак коюп, Асакенин чокоюн карап коёт дейт.
Ошо жерден кирип кетейин десе, жер катуулугунан калган Асаке үйүнө келип, өзүнө жини келип сөгүнүп, "экинчи сенин үйүң жакка бассам элеби..." деп, баягы чокоюна тыпыйта тигилген төөнүн терисин үзүп-жулкуп сөгүп, отко жагып жоготуптур.
Көрсө, өткөндө кампая тоё жеген эт менен чокойго тигилген көк ушу жоголгон төөнүн эти менен териси тура!
Кумар
Ошол күнү Чекир кумарчы кайра-кайра утулганына карабай, кечке карта ойноду. Бүгүн негедир демейкидей эмес! Такыр колу келбеди. Улам ойносо, улам утулат. Үмүтү үзүлбөй дагы ойноюн деди эле, Биркулак көзүн ыкшыйта анын колундагы картаны унчукпай алып койду. Чекир таң кала карап калса, "эмнеңди коёсуң?"дегенсип, акырая тиктеп калды. Ыңгыранган Биркулакты эки метрге чукул бою бар, олбурлуу неме жүндөй тытып жибергиси келгени менен, анын колу келип, мөрөйү үстөмдүк кылып атса, Чекең не дей алат?.. Кумар ышкысы оңойбу?
Чекир:
– Кел, Бики, дагы бир жолу ойнойлу, – десе, тиги баш чайкап, чалкалап отуруп алды.
– О-о-й, Чеке, эми эмне башыңды саясыңбы.?! – деди Бикиси мыскылдай мурду менен күлүп.
Араң отурган Чекир жини келип, чарт жарылып кетти:
– Саям, кара башыл киши саям!
Башы – Жарашбай тегирмен, каласы менен,
Аягы – Бекбай беш кыз, карасы менен,
Ортосу – Актеке, Байсейит катын-баласы менен бүт саям!
Муну укканда Биркулак жаткан ордунан ыргып туруп, көзү чанагынан чыгып кете жаздаптыр:
– Түү-ү, ата, ит турбайсыңбы!!! Мунуңду менден бөтөн киши укпасын!
Айтылган сөз – атылган ок! Угулбай калабы!? Эртеси Чекирдин тууган-уругу анын бул жоругун угуп, сакалдуулар ачууланып, бир айылдын элин байгеге сайып, кумар оюнуна курмандыкка чалган кумарчыны "көзгө көрүнбөсүн" дешкен экен.
Агайын анткен менен Чекирдин тилинин курчтугу, жүрөгүнүн өрттүгү үчүн "жигитчилик" деп кечирим беришиптир! Кантип кыйып иет эле, эр элден безип каякка кетет эле?..
Кайран гана бири шум, экинчиси энөө, ак пейил аталарым ай!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.