
Амантай ушул азыркы калың элге таанымал чоӊ акын болгончо, өз жан дүйнөсү менен кошо бүткөн, өзү жакшы көргөн өнөрүнүн бийигине умтулуп, сересине көтөрүлгөнчө турмуштун түмөн түйшүк жолдорун жакшы эле басты; умтулткан өнөрүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңду.
Ушуга бир мисал, өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында (19-августта) Москвада өткөн Путчу окуясынан кийин дүйнөгө таасири зор СССР деп аталган үлкөн империя кулады. Ошол таасирлүү империянын кучагынан бошонгон кыргыздар автоматтык түрдө эркиндикке ээ болду; өзүнчө эркин мамлекетке айланып, чамгарагы көтөрүлдү. Эркиндигине карабай, өлкөдө жаралган экономикалык кризис, материалдык каатчылык жалпы кыргызды зор түйшүккө салды.
Базар экономикасы деген түшүнүк келди. Түзүлгөн ушундай шартта адабиятың, маданиятың деле мындай калып, элдин баары жалаң эле кара курсактын камын көрүп, камын ойлоп, чуркап калды. Эптеп, жашап калуу амалын кылышты: загара нан жеп калган көрүнүштөр деле болбодубу. Ошол учурда биздин салттуу өнөр деле жок болуп кетүү коркунучунда турду. Турмуштун ошол көрүнүштөрү Амантай акындын жан дүйнөсүнө да таасир берди, бүлүк салды: бирде, материалдык дүйнөнүн камын көрүп, бирде, рухий дүйнөнүн кызыгына арбалып, эки дүйнөнүн ортосунда калып; эки оттун ортосунда чарпылып, айланып учкан чарк көпөлөктөй абалда калганын туйду.
Кокус, туура эмес тандоо болсо, канатын отко күйгүзүп алган көпөлөктөй абалда каларын жакшы түшүндү. Себеби Амантай акын ошол учурда өнөргө аралашып, өнөрдүн артынан түшүп, өнөр кууп калган психологиялык абалда болчу. Анын туура багыт алуусуна өнөрдү сүйгөн ошол табияты чоң түрткү берип, үстөмдүгүн жүргүздү окшойт.
Ал учурда Амантай бала эле болчу. Китепканаларга көп каттаар эле, азыр деле ошол салтынан жаза элек: Касымалы Баялинов атындагы гезит-журналдар сакталган чоң залында көп отурчу, болбосо, Алыкул Осмонов атындагы китепканада жүрчү. Айтор, капыл-тапыл кездешип калчу жерибиз – китепкана болор эле. Жолукканда саламынан жазбаган илбериңки элпек мүнөзү байкалып турчу. Жүзүнө үңүлсөң – сары чийкил өңү албырып, ууртунан жылмайып, ага кошулуп бүтүгүй көздөрү кошо күлмүңдөп турганын көрөсүң. Айрымдардын көзүнө үңүлсөң – таптаза боштук ко. А мунун күлмүӊдөгөн көздөрүнүн тереңинен кимге болбосун чындап мамиле кылган, куулук-шумдугу жок жасалмасыз жан дүйнөсүнүн абалы окулуп турчу.
Көздөрү бөтөнчө жандуу эле... Анан эл китеп окубай калган мезгил келди. Бирок ошондо да Амантайдын китеп окубай калган мезгили болгон жок: анын үстүнө, ачык коом болуп, сырттан үстү-үстүнө тынбай агылып келген адабияттарды опкоктук менен жутуп окуду; Жидду Кришнамурти, Шри Ауробиндо, Бхагван Шри Раджниш-Ача-Ошо сыяктуу мистик философтордон тартып, Франц Кафка, Альбер Камю, Жан Поль Сартр, Сальвадор Дали, Ингмар Бергман сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу, кинорежиссёр, сүрөтчү авторлорду, албетте, өзүбуздүн элдик өнөрдү, акындар чыгармачылыгын талыкпай өздөштүрдү.
Кийин-кийин акындык өнөрдүн бийигине көтөрүлүп чыга келгенде, азыр деле айтыштарда байге үстүнө байге жеңип алып, элинин кызуу кол чабуусуна татыган мезгилдерде – Амантай акындын ошол окумал, издемчил табиятынан келип жаралган бай рухий дүйнөсүнүн, ааламынын (микрокосмунун), дүйнөтаанымынын тереңинен келип импровизациялык эстетиканын касиети аркылуу Амантай акындын оозунан нөшөр болуп төгүлүп, жамгыр болуп жамакталып жаткан ырларынын тереңдиги менен кенендигине абай салып аңдаганда – баягы Амантай акындын окумал табияты аркылуу көкүрөгүнө жыйналган көмүскө жан дүйнөсүнүн рухий ааламынан ушундай тереңдикте, ушундай кенендикте (трансформацияланып) берилип жатабы деген ой биздин аң-сезимибизге келет...
Бул Амантай акындын «Аалам санаттары» аталган китебинин кол жазмасын окудук. Биздин жеке пикирибизде, бул китеп өзүн колго алган окурманын эч качан кайдигер абалда калтырбайт, өз кызыгына арбап, тартып кетет... Китепке Амантай акын дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармачыл адамдардын учкул ойлорун топтоп, киргизген. Башкача айтканда, дүйнөлүк деңгээлдеги авторлордун учкул ойлорун бир китепке чогулткан жыйноочулук милдет өтөгөн. Европада, жалпы дүйнөлүк искусстводо «максима», «афоризм» деген жанрдык түшүнүк-дефиниция, аныктама жашайт. Бул жанрдык түшүнүк кыргыз көркөм дүйөсүндө «учкул ойлор», «санат ойлор», «даанышман ойлор», «залкар ойлор» деген түшүнүк сөздөр менен аталып жүрөт.
Ошол учкул сөздүн, афоризмдин негизги жанрдык белгиси – кандай айтылбасын, кандай шартта айтылбасын, кандай мезгилде айтылбасын, дайыма өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, сактап айтылат. Бул ойду дагы мындай түшүндүрсө болот: кылымдан кылым өткөрүп, ага дагы бир кылым кошуп берип, ошол үч кылым өткөндөн кийин баягы үч кылым сакталган залкар ойдун тереңине үңүлүп карасак, ошол айтылган фразага (же айтымга) чөгөрүлгөн ойдун залкарлыгы (актуалдуулугу) калыбынан бузулбай – солк этпей, жоголуп кетпей – турат!..
Шагыраган чүкөлөрдүн ичинен табияты сакалыкка жарачу бир эле чүкө болот ко, качан болбосун, кандай шартта болбосун, кандай абалда болбосун, өкчөсөң айкүр турат, канча өкчөсөң да, кайра-кайра өкчөсөң да, айкүр турганынан жанбайт!.. Залкар ой да ошондой – айтымдын тулку боюна чөгөрүлгөн ой – дайым өзүнүн залкарлыгын жоготпой турат!..
Афоризмдерди кыргыз тилинде «залкар ойлор» деп атап келебиз. Амантай акын залкар ойлордун мына ошол жанрдык табиятын жакшы билет, жакшы ажыратат. Өзүнүн китебине залкар ойлорду башка микротексттер менен (каламбур сөздөр, таамай сөздөр, накыл сөздөр, макал-лакаптар, ж.б. менен) алмаштырып, чаташтырып албай, кумдан алтын издегендей, жалаң залкар ойлорду чогулткан экен.
Залкар ойлордун өздөрүнө таандык стилдик өзгөчөлүктөрү бар. Залкар ой композициялык жактан уюшулганда, бири-бирине байланыштуу болгон эки бөлүктөн курулат: биринчисинде көрүнүш-түшүнүк жөнүндө ой айтылса, экинчисинде маани-маңызы ачылып, чечилет. Демек, залкар ой – ойдон жана ой-корутундудан турат.
Айрым учурда бул эки компонентти ажыратуу кыйын. Бирок контексттик структурада сөзсүз катышат. Биринчиге автордук баа таандык болсо, жыйынтыгында ой, ойдун «тузу» – жыйынтыгы айтылат. Залкар ойлордо мындай стилдик структура композициялык жактан өтө бай ар кандай жайланыш, уюшулуш структурасына ээ болот. Амантай акындын «Аалам санаттарындагы» залкар ойлор формалык жактан айрым учурда эле ыр түрүндө берилбесе, көпчүлүк мезгилде залкар ойлордун стилдик өзгөчөлүгүнө баш ийип, проза түрүндө, кара сөз абалында – формалык жактан жөн эле сүйлөмдүк курулуш менен берилген; бирок Амантай акын залкар ойлордун идеяларын өзүнө сиңирип алып, ал идеяларды төкмө акындык өнөрүнүн табиятына келтирип, кээде төгүп жараткан, кээде жамактатып жараткан ырларынын саптарына чөгөрүп койгон. Залкар ойлорду формалык жактан ырга айландырып койгон...
Башкача айтканда, Платон, Сократ, Эврипид, Хемингуэй, Асадов сыяктуу ар кыл маданиятка таандык болгон толгон-токой улуулардын залкар ойлору ыр формасында айтылып, кыргыз жыттанып тургандай. Аларды чогултуп, ырга айландырып берген Амантай акындын өзүнө да кайсы бир деӊгээлде окшошуп калгандай. Эми бул залкар ойлордун которулгандан кийин кандай чыкканы, бутага кандай тийгени окурмандардын «таразасына» коюлар...
Амантай акындын котормосунун өзгөчөлүгү ушунда. Тамашалап айтканда, Амантай акын залкар ойлорго артист киймин кийгизип, ар бирине комуз карматып, сахнага айтыштырып чыгышы да мүмкүндөй...
Эмне дейбиз, Амантай Кутманалиевдин «Аалам санаттары» китебинин окурмандарга жетер жолу ачык болсун!.. Жалпы эл, окурман журт сүйүп окуган, колдон-колго талашып окулган, элге жакын китеп болсун... Амантай акындын өзүнө акындык жигер, денсоолук каалайлы!..
Рысбек Эшматов, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери
Учкул ой бардык тилде бир,
Угула берет бирме-бир.
Хорошо выраженная мысль звучит умно на всех языках.
Жон Драйден
♦ ♦ ♦
Кандай собол саласың,
Ошондой жооп аласың.
Айтылар сөздү айтып кал,
Айтпаска оозуң жабасың.
Какое слово скажешь, такое в ответ и услышишь!
Об одном следует говорить, о другом — молчать.
Гомер
♦ ♦ ♦
Айтайын деп барган сөз,
Айтылбай ичте калган сөз.
Айланып кетет ооруга,
Акыры барып андай сөз.
Оставить несказанным то, что хочется сказать, всегда в конце концов причиняет боль.
Калидаса
♦ ♦ ♦
«Каалоосу жок окуучу,
Канаты жок куш болот».
«Байкабай айткан чагым сөз,
Башыңды жарган муш болот».
«Ученик, который учится без желания
— это птица без крыльев».
«Не знает тот, кто клевету плетет,
Что клевета потом его убьет».
Саади
♦ ♦ ♦
Макалдар – баалуу, асыл зат,
Беш эле сөз түрдөгү.
Кыярбас, өчпөс жарык зат,
Кылымдын сөөмөйүндөгү!
Пословицы — это драгоценные украшения из пяти слов, вечно сверкающие на указательном пальце времени.
Альфред Теннисон
♦ ♦ ♦
Өлчөмүнөн ашыкча,
Чарчайт дене машыкса.
Акыл-эс көнүгүүлөрү,
Ашкан сайын дасыкма.
Тело от излишних упражнений устает, ум же от упражнения укрепляется. Марк Туллий Цицерон
♦ ♦ ♦
Мээ салмагы жүк болот,
Омурткага күч болот...
Наличие мозгов — дополнительная нагрузка на позвоночник.
Станислав Гольман
♦ ♦ ♦
Аракетсиз адамды –
Теңир сактап кала албайт.
Көптү сүйлөө эч качан –
Көптү айтуу болуп саналбайт.
Небеса никогда не помогают тем, кто ничего не делает,
Много говорить и много сказать не одно и то же.
Софокл
♦ ♦ ♦
Өзгөдөн көрө, өзүңдөн
Уялууну көп үйрөн.
Жаман сөз айтпа, жасаба,
Жалгыз да кезде көңүлдөн.
Даже наедине с собой не говори и не делай ничего дурного. Учись гораздо более стыдиться самого себя, чем других.
Демокрит
♦ ♦ ♦
Өлгөндөрдү тирүүлөр
Үйрөтө албайт бир дагы.
Тирүүлөргө өлгөндөр
Үйрөтүп коёт кыйланы.
Живые не могут ничему научить мертвых, зато мертвые учат живых.
Франсуа Шатобриан
♦ ♦ ♦
Жазгандарың сенин ал,
Жалаң жакшы жери бар.
Боёгу жок жашоонун
Болгону ошол – мемуар.
Если вы написали о всем хорошем, что должны были сделать, и опустили все плохое, что вы сделали, – это мемуары.
Уилл Роджерс
♦ ♦ ♦
Сүйлөп кетет адамдар –
Эки жылда бат эле.
Сүйлөнбөөнү үйрөнүү –
Алтымыш жылдык маселе.
Человеку нужно два года, чтобы научиться говорить, и 60 лет, чтобы научиться держать язык за зубами.
Лион Фейхтвангер
♦ ♦ ♦
Адеми проза жазылган –
Айсбергдей сыры катылган.
Сегизден жети катмарын,
Деңизге терең жашырган.
Хорошая проза подобна айсбергу, семь восьмых которого скрыто под водой. Хемингуэй
♦ ♦ ♦
Тикенекти колуңа,
Тикелей кантип аласың?
Жаман адам ошондой –
Жакындан манжаң саясың.
А злые люди все похожи на колючки. Никто не может их держать в руках. И их выбрасывают.
Давид
♦ ♦ ♦
Айбан жырткыч бир жашап,
Адамдарга байыр алат.
Адамдан адам үйрөнүп,
Айбандарга айланат.
Звери, живя вместе с нами, становятся ручными, а люди, общаясь друг с другом, становятся дикими.
Гераклит Эфесский
♦ ♦ ♦
Ойлонбой туруп үйлөнгүн,
Жакшы жар тапсаң – даанасың.
Жаманы кокус туш келсе,
Философ болуп каласың.
Женись, несмотря ни на что. Если попадется хорошая жена, будешь исключением, а если плохая – станешь философом.
Сократ
Башкарууга барганга,
Макул болбой чанганда:
Чоң жаза – сенден жамандын
Кол алдында калганда.
Самое великое наказание – это быть под властью человека худшего, чем ты, когда сам ты не согласился управлять.
Платон
♦ ♦ ♦
«Дос таппаган кас табат,
Жакшыны сүйбөс жат табат».
«Жамандыктын булагы –
Жалгандыктан башталат».
«Кто себе друзей не ищет, самому себе он враг».
«Ложь – источник всех несчастий, ложь – начало всякой муки».
Шота Руставели
♦ ♦ ♦
Баарынан ушул жалганда,
Балакет азап, арман да:
Бактылуу күндү эскерүү –
Башыңды кырсык чалганда.
Нет большей муки, чем воспоминание в несчастье о счастливом времени. (Нет большего мучения, как о поре счастливой вспоминать.)
Данте Алгерьи
♦ ♦ ♦
«Жамандык жасоо бир зыян,
Мактаган аны миң зыян».
«Делать зло плохо,
но хвалиться этим – еще хуже».
Жон Хейвуд
♦ ♦ ♦
Өргө түрткөн таш кайгы,
Өзүңдү кайра баспайбы.
Өзгөгө чуңкур казбайлы,
Өзүбүз кулап жатпайлы.
Кто роет яму, тот упадает в нее, и кто покатит вверх камень, к том он воротится.
Сулайман
♦ ♦ ♦
Билебиз адам кыйласын,
Бир жакшылык кылбасын.
Кылбаганы үчүн жамандык,
Аларды керек сыйлашың.
«Многих приходится уважать не за то, что они творят добро, а за то, что не приносят зла».
Клод Адриан Гельвеций
♦ ♦ ♦
Бир аз кармап тартса эле,
Бир талынан чачыңдын.
Бийлигине шайтандын,
Билинип турат баш ургуң.
Стоит дьяволу ухватить тебя за один лишь волосок – и ты навсегда в его власти.
Готхольд Эфраим Лессинг
♦ ♦ ♦
Ибилистин «залкары»
Иле-амалын айталы
Ибилис жок дегенге,
Ишендиргени барчаны.
Величайшая уловка дьявола состоит в том, чтобы убедить вас, что он не существует.
Шарль Бодлер
♦ ♦ ♦
Учурун туура колдонгон,
Убагын мурда ойлонгон.
Улуулук эмей эмине,
Ушундай адам зор болгон!
Истинно велик тот человек, который сумел овладеть своим временем!
Гесиод
♦ ♦ ♦
Эңсегеним атакпы
Же байлыкпы?
Эч качан! Мезгилимди бир гана,
Токтото алсам деп жатам.
Хочу ли знатным и богатым быть?
Нет! Время я хочу остановить.
Ли Бо
♦ ♦ ♦
Кыймылдуу жашоо агууда,
Кылымдар канат кагууда.
Эх, чиркин, мезгил жол бербейт,
Эргүүңдү кармап калууга!
Жизнь в бесконечном движенье,
Все исчезает в веках.
Лишь вдохновенье не будет
Временем сметено!
Ли Цин-Чжи
♦ ♦ ♦
...Эски күл менмин. Чачпагын,
Өрттөнүп өчкөн жактамын.
Жыландай таштап кабыкты,
Жыйрылып карайм арт жагым.
Я старый пепел, не тревожу, —
Здесь был огонь и вот остыл.
Как змей на сброшенную кожу,
Смотрю на то, чем прежде был.
Валерий Брюсов
♦ ♦ ♦
Түбөлүктүү дүйнө жок,
Түндө барың – күндө жок.
Жыдып калган жылдарың,
Жылтыратар түр да жок.
Нет вечности, и мира тоже нет,
И не на что менять остаток скверных лет.
Илья Эренбург
♦ ♦ ♦
Жети амал бар түлкүдө,
Жеке амал бар кирпиде.
(Миң шумдукту бир укмуш,
Жеңбесине ким күбө?)
У лисы есть много хитрых приемов, но ёж знает одну большую хитрость!
Архилох
♦ ♦ ♦
Кайгы менен күйүттөн,
Кармана албай күйүккөн,
Кас-душманын жеңе албайт,
Кайтканы туура жүрүштөн.
Когда горе целиком захватит человека, он уже не может бороться с врагами.
Вальмики («Рамаяна»)
♦ ♦ ♦
Мас жоокер чуркайт талаада,
Майрамдап жеңиш ирмемин.
Аз өтпөй октон кан жая,
Айта албай кетти бир кебин...
Бежит солдат по полю, пьяный,
Он рад – закончилась война.
Но вот попал в прицел он рваный,
А сам не знает, как умирать не до сказав слова.
Александр Солженицын
♦ ♦ ♦
«Алдуу, алсыз» дегендин
Айырмасы момунда:
Кемчилин күчтүү жеңе алат,
Күчсүз тек ошол жолунда!
Сильный и слабый, как их различают?
Я думаю, так, наверно:
Сильный пороки свои побеждает,
Слабый им служит верно!
Эдуард Асадов
♦ ♦ ♦
Ат минип көрбөс жандарга,
Атчан уруш майданда:
Кудайдан жеңиш тиленүү,
Кур убара андайда.
Нельзя просить у богов победы в кавалерийском сражении тем, кто не умеет ездить верхом.
Ксенофонт
♦ ♦ ♦
Кудайдын кудуретисиз –
Куурай башы көктөбөйт.
Жеңил иштер жерден оор –
Арзан ишке көп төлөйт.
Без милости Бога даже самая легкая работа становится невыносимо трудной.
Чанакья Пандит
♦ ♦ ♦
Мыйзам деген момундай:
Жөргөмүштүн торундай.
Күчтүүлөр жарып чыга алат,
Күчсүздүн каны сорулмай.
Законы подобны паутине: если в них попадется бессильный и легкий, они выдержат, если большой – он разорвет их и вырвется.
Солон
♦ ♦ ♦
Падыша үчөөн ойлосун:
Башкарсын, мыйзам коргосун,
Үчүнчүсү, эч качан
түбөлүк такта болбосун!
Монарх должен помнить три вещи: что он управляет людьми, что он обязан управлять ими согласно законам и что он не вечно будет управлять.
Еврипид
♦ ♦ ♦
Жүрөктө каары ташкан жан,
Жүгөндөй албай жаткан жан.
Тикелей жолу сактанган –
Тилинин заарын баскандан.
Если бушует гнев в твоем сердце, оберегай язык свой от лая.
Сафо
♦ ♦ ♦
Сабырда салмак канагат,
Сабырдан баары жаралат:
Жалбырактан жибек жип,
Гүл таажыдан бал алат.
Имеющие терпение способны создавать шёлк из листьев и мёд из розовых лепестков.
Алишер Навои
♦ ♦ ♦
Ата Журт үчүн кез келсе,
Жан берүүгө даяр бол.
Кел-келиң келсе сабырдуу,
Кет-кетиң келсе аяр бол!
Будь готов умереть за отечество. В счастье будь умерен, в несчастье разумен.
Периандр
♦ ♦ ♦
Сүрөтчүлүк – поэзия,
Сүйлөгөндү билбеген.
Позия дегениң –
Сүрөтчүлүк сүйлөгөн.
Живопись – это молчаливая поэзия, а поэзия – говорящая живопись.
Симонид Кеосский
♦ ♦ ♦
Жазганыңдай жашагын,
Жашагандай жазганың.
Жакындашып турбаса,
Жалган лира саптарың.
Живи, как пишешь и пиши, как живешь, иначе все отголоски лиры твоей будут фальшивы.
Константин Батюшков
♦ ♦ ♦
Акындын анык жөндөмү –
Айрыкча сезип көргөнү.
Ансыз эч ким көрө алгыс,
Аймакты ачып бергени.
Поэт — тот, кто в предмете видит то, чего без его помощи другой не увидит.
Афанасий Фет
♦ ♦ ♦
Таш чагасың сен иштеп,
Таза кылып тегиздеп.
Баш чагамын ыр менен,
Маңыздуу ой мен издеп.
Ты работаешь с камнями,
чтобы стали поровней.
Я долблю мозги стихами –
силюсь сделать их умней.
Стефан Малларме
♦ ♦ ♦
Өзгөлөр менен айтышсаң,
Чечендикти казасың.
Өзүң менен айтышсаң,
Поэзия жазасың.
Из распри с другими людьми происходит риторика, из распри с самим собой — поэзия.
Уильям Батлер Йитс
♦ ♦ ♦
– Ырааты жок түзүлүш,
Ырыңыз кыйын түшүнүш.
Түшүнбөптүр досум да?..
– Түзүк мээ достон күтүңүз.
— Мы с товарищем читали ваши
стихи и ничего не поняли.
— Надо иметь умных товарищей.
Владимир Маяковский
♦ ♦ ♦
Татыксызга жакшылык –
Таамай кыянатчылык.
Благодеяния, оказанные недостойному, я считаю злодеяниями.
Квинт Энний
♦ ♦ ♦
Жакшылап дитин бурган жан,
Жардамга колун сунган жан:
Жараткандын тарапка,
Жакыныраак турган жан.
Когда человек протягивает руку, чтобы помочь другому, он прикасается к лику Божества.
Уолт Уитмен
♦ ♦ ♦
Өтө чоң жумуш ааламда –
Өзгөнү сүйүп баалаарда.
Калган иш өмүр өтөлгөң
Камдануу ага – баары анда.
Любить другого, возможно, это самое трудное на свете, вся остальная работа в нашей жизни — лишь приготовление к этому.
Райнер Мария Рильке
♦ ♦ ♦
Аялзаттын эркекке
ашыктыгын айтканы:
Шар аккан сууга жана да
шамалга сөзүн жазганы.
То, что говорит женщина любящему её человеку, писано на ветре и быстротекущей воде.
Гай Валерий Катулл
♦ ♦ ♦
Сүйсө чын сүйөт аялзат,
Сүйбөсө такыр сүйө албайт.
Оң менен солдун эч качан,
Ортосунда жүрө албайт.
Женщина либо любит, либо ненавидит: она не знает середины.
Публилий (Публий) Сир
♦ ♦ ♦
Бир болбосоң мындайда –
Түн пардасы тартылат.
Түшүмө кирсең түн кайра,
Күн болуп чыгат жаркырап.
Ты не со мной – и день покрыла мгла; придешь во сне – и ночь, как день, светла.
Уильям Шекспир
♦ ♦ ♦
Эмне дейм сенин жаныңда?
Эптеген он ооз табылга –
Үчүнчү жакта каңгыйт ал:
Сен, анан сүйүү барында.
Что я скажу? Когда я с вами вместе,
Я отыщу десятки слов,
В которых смысл на третьем месте,
На первом — вы и на втором — любовь.
Савиньен Сирано де Бержерак
♦ ♦ ♦
Учурда нени тандайсың,
Уу берип өлтүрө албайсың.
Көңүлдү сууткан бир гана –
Көз караш менен жайлайсың.
Чтоб жизнь мою прервать, не требуется яда:
Довольно одного безжалостного взгляда.
Жан Расин
♦ ♦ ♦
Ажайып сулуулугуңа,
Ашыктыгым дал канча:
Бир сенде менмин түбөлүк,
Бүт деңиз соолуп калганча.
Сильнее красоты твоей
Моя любовь одна.
Она с тобой, пока моря
Не высохнут до дна.
Роберт Бёрнс
♦ ♦ ♦
Петрарка – Лаура бар маалда
Баш кошушуп калганда:
Соңуна чейин өмүрдүн,
Сонет жазмак кайда анда?
Неужели вы думаете, что если бы Лаура была женой Петрарки, он стал бы всю жизнь писать сонеты?
Жордж Байрон
♦ ♦ ♦
Жүрөккө жүрөк берилген,
Жүз көрүшөт эринден.
Души встречаются на губах влюбленных.
Перси Биш Шелли
♦ ♦ ♦
Мезгилинде мен аны –
Күткөндөй болгом түбөлүк.
Мезгили кетти, эми аны –
Эстешим керек миң өлүп.
Час настал – мне казалось, я ждал его вечно.
Час прошел – вспоминать я могу бесконечно.
Адам Мицкевич
♦ ♦ ♦
Бул жерде оору студент,
Тагдыры тайкы – чарасыз.
Эм болбойт дарың, алып кет,
Ашыктык дарты – дабасыз!
Вот здесь лежит больной студент;
Его судьба неумолима.
Несите прочь медикамент:
Болезнь любви неизлечима!
Александр Сергеевич Пушкин
♦ ♦ ♦
Себеп жок сени сүйбөшкө,
Сенсиз жерлер – тек жалган.
Сенсиз жер өлүк – кунарсыз:
Сел кыйратып, көчкү алган.
Но разлюбить тебя мне невозможно
Всё, что не ты, – так суетно и ложно,
Всё, что не ты, – бесцветно и мертво.
Алексей Толстой
♦ ♦ ♦
Бир кезде бизди бак кушу –
Билесиң эркелеткенин.
Эстетчи, ошол кездериң,
Келеби сенин эстегиң?
Ты помнишь ли, как счастье к нам ласкалось?
Вам нужно, чтоб оно мне вспоминалось?
Поль Мари Верлен
♦ ♦ ♦
Алыстап элден чын кудай,
Адамдар болду бир кудай.
Баары бир сүйүү болбосо –
Майыптай, чолок, мунжудай.
Нет более богов, стал богом человек,
Но без любви сей бог — калека из калек.
Артюр Рембо
♦ ♦ ♦
...Ошондон балким, тек сага,
Тек сага терең чөккөмүн.
Бар болгон акыл-эс жана
баш отум менен өткөмүн.
Оттого ли, потому ли, –
Но в тебе, в тебе одной
Безвозвратно потонули
Сердце, жизнь и разум мой.
Владимир Соловьёв
♦ ♦ ♦
«Тагдырдан эркин махабат –
Ашыктык болуп аталат».
«Көлөкө – Күндүн сыясы,
Көктөн жерге жаза алат».
«Любовь – свободна, она никогда не подчиняется судьбе».
«Тень – это чернила, которыми пишет солнце».
Гийом Аполлинер
♦ ♦ ♦
Жарым бол деген сөзүмөн,
Жай боло түштүң тунжурап.
Коюулай түшкөн көзүңөн,
Кош тамчы кетти бир кулап...
Я назвал тебя невестой; ты молчание хранила,
но из глаз меланхоличных две слезинки уронила.
Хуан Рамон Хименес
♦ ♦ ♦
Сенсиз мага бир мүнөт –
бир кылымдай сезилген.
Бирге болсок, бир кылым –
жылт эткен бир көз ирмем.
Мне без тебя минута — как столетье.
Но целый век — как миг, когда с тобой.
Булат Окуджава
♦ ♦ ♦
Мыкчысаң колго турабы,
Махабат мөлтүр сымаптай.
Ачык алаканыңа
Асырап ал кулатпай.
Любовь как ртуть: можно удержать ее в открытой ладони, но не в сжатой руке.
Дороти Паркер
♦ ♦ ♦
Кылчайбай сага тик келген,
Кылмышкер менмин – изделген.
Алчадай назик оозуңа,
Айыпкермин тиштелген...
И, словно преступленье,
Меня к тебе влечет
Искусанный в смятеньи
Вишневый нежный рот...
Осип Мандельштам
♦ ♦ ♦
Махабат ээлеп тереңим,
Маягы менен келемин.
Түккө турбайт мындайда,
Түйшүк-мүйшүк дегениң.
Я с любовью иду
На указанный путь,
И от мук и тревог
Не волнуется грудь.
Сергей Есенин
♦ ♦ ♦
Жан эргиткен сезимди,
Жалган нерсе дейсиңби?
Анда мен калп деп айта алам,
Аңдооңду, бүткүл эсиңди.
Если чувства будут не истинны, то и весь наш разум окажется ложным.
Тит Лукреций Кар
♦ ♦ ♦
Жан дүйнөсү адамдын –
жандуу аспап кылындай.
Жанып кетет күүсүнөн –
жалган чертсе кымындай.
Люди — как музыкальные инструменты: их звучание зависит от того, кто к ним прикасается...
Публий Вергилий Марон
♦ ♦ ♦
Мал дүйнөгө жардамга –
маалы келсе акча алгын.
Жан дүйнөгө жардамдан –
жакшылап бирок сактангын!
В благодеяниях кредитора следует выбирать с большей тщательностью, чем в деньгах.
Луций Анней Сенека (кичүүсү)
♦ ♦ ♦
Кулакты салуу бекер иш,
Кудурет кайда десеңиз:
Жанары терең ачылган,
Жан дүйнө менен сезебиз.
Поверьте, бесполезны уши,
Пока не пробудились души.
Кретьен де Труа
♦ ♦ ♦
Артыңда калган сан дүйнө,
Алдыңда күткөн бар дүйнө.
Анын бүт түккө татыбайт,
Ачылган болсо жан дүйнө!
Всё то, что лежит позади нас и что лежит перед нами, — мелочи по сравнению с тем, что лежит внутри нас.
Ральф Уолдо Эмерсон
♦ ♦ ♦
Эс алам деп биз дайым,
Эс оодарып келебиз.
Орнотом деп тынчтыкты,
Согушка жанды беребиз.
Мы лишаемся досуга, чтобы иметь досуг, и войну ведем, чтобы жить в мире.
Аристотель
♦ ♦ ♦
Айга учат адам карасак,
Андан чоң ички саякат:
Эң алыс, эң бир кооптуу –
Чексиздик десек жарашат.
Зачем люди летают на Луну, когда существует куда более далекое и полное опасностей путешествие – к самому себе?
Анаис Нин
♦ ♦ ♦
Ден соолугуң бар кезде,
Тез чуркап кал ал кезде.
Тейтеңдеген тегин иш –
Денден кубат ал кетсе.
Если не бегаешь пока здоров, придется побегать, когда заболеешь.
Квинт Гораций Флакк
♦ ♦ ♦
Көздөрү шумкар куш сымак,
Колдору назик кыз сымак.
Жыландай акыл, жүрөгү –
Арстандай врач мыкты нак.
Врач должен обладать взглядом сокола, руками девушки, мудростью змеи и сердцем льва.
Авиценна
♦ ♦ ♦
Ден соолуктун бардыгы –
денебиздин байлыгы.
Алган окуу, билимиң –
акылдын алтын сандыгы.
Блаженство тела состоит в здоровье, блаженство ума — в знании.
Фалес Милетский
♦ ♦ ♦
Күнүлөштүк бүт чечет,
Күчүнө кандай күч жетет?
Кылымдык сүйүүң болсо да,
Кызганычтан мүрт кетет!
Ревность наносит смертельный удар самой прочной и самой сильной любви.
Публий Овидий Назон
♦ ♦ ♦
Илгертен эле кызганыч –
ишенчээк, баёо балдардай.
Албууттанган ачуусу –
кутурган ит, айбандай.
Ревность легковерна, как дитя, и бешена, как дикое животное.
Николай Некрасов
♦ ♦ ♦
Бир баштаган ишиңдин,
Бирин калбай бүтүргүн.
Кымындай жери бүтпөсө,
Кылынган жок деп түшүнгүн.
Если осталось еще что-нибудь доделать, считай, что ничего не сделано.
Марк Анней Лукан
♦ ♦ ♦
Балээни эрте сезе алган –
акылмандын жумушу.
Башталса түздөп кете алган –
баатырлардын жумушу.
Дело умных – предвидеть беду, пока она не пришла, дело храбрых – управляться с бедой, когда она случилась.
Питтак
♦ ♦ ♦
«Эзелтеден акылман
эски ичикте катылган».
«Кайраттуунун белгиси –
кайгысын ичке жашырган».
«Часто мудрость мы находим под убогим рубищем».
«Да, жалок тот, кто скрыть своих несчастий не способен».
Публий Папиний Стаций
♦ ♦ ♦
Даанышмандык – төрөлүш.
Дасыгуу такыр бөлөк иш.
Гением можно родиться, но гениальности нельзя научиться.
Жон Драйден
♦ ♦ ♦
Тереңди билет тереңдер,
Кеменгерди – кеменгер.
Музыкага кылчалык,
Муктаж эмес кереңдер.
Чтобы понять мудрость, надо быть мудрым: для глухой аудитории музыка ничего не значит.
Уолтер Липпман
♦ ♦ ♦
Илгеркиң куубай издерин,
Издегендерин издегин.
Не ищите «следы древних»,
ищите то, что искали они.
Мацуо Басё
♦ ♦ ♦
Билгилердин жазганын,
Билем чындык, калптарын.
Билемин баарын. Бир гана
бир өзүмдөн башканын.
Я знаю книги, истины и слухи,
Я знаю всё, но только не себя.
Франсуа Вийон
♦ ♦ ♦
Сулуулукта чындык бар,
Чындыкта турат сулуулук.
Мына ушул жер бетиндеги –
биз биле турган улуулук.
В прекрасном — правда, в правде — красота. Вот всё, что знать нам на земле дано.
Жон Китс
♦ ♦ ♦
Актыктан кайткан бу жалган,
Алданбай сак бол булардан:
Айланаң сансыз жуучулар,
Ааламың турат жубандан.
Для верности в мире нет места;
К обманам его будь готов.
Знай: мир наш – старуха-невеста
С несчётной толпой женихов.
Хафиз Шамсиддин
♦ ♦ ♦
Кайгыга чарчап жеңилбе,
«Калкам жок менин» деп ийбе.
Чылк түндө жылдыз жаркырайт,
Чын күйгөн жакын Теңирге.
Не говори, что нет спасенья,
Что ты в печалях изнемог.
Чем ночь темней, тем ярче звёзды,
Чем глубже скорбь, тем ближе Бог...
Аполлон Майков
♦ ♦ ♦
Тууралык, мыйзам, изгилик,
Алпейимдик, адилдик –
«Чынчылдыкка» такалат,
Айланып келип аның бүт!
Правда, законность, добродетель, справедливость, кротость – все это может быть объединено в понятии «честность».
Марк Фабий Квинтилиан
♦ ♦ ♦
Пайда менен адилдик –
Башка-башка жагыңда.
Экөөсүнүн ортосу –
Жер-жылдыздай айырма.
От пользы до справедливости также далеко, как от земли до звезд.
Лукиан
♦ ♦ ♦
Табият баарын тең көргөн,
Таалайды, бакты тең бөлгөн.
Калганынын баарысы –
Кармап калуу жөндөмдөн.
Природа всем дала возможность обрести счастье – если бы мы только знали, как ею воспользоваться.
Клавдий Клавдиан
♦ ♦ ♦
Кеткенге күйүп-жанбагын,
Кел-келиң келсе кармагын.
Таап алат сени өзү эле,
Таалайың билет калганын.
«Не удерживай то, что уходит, и не отталкивай то, что приходит. И тогда счастье само найдёт тебя».
Омар Хайям
♦ ♦ ♦
Батыраак барып жолугар,
Бакыттын жалгыз жолу бар:
Эркиң жетпес нерсеге –
эзилбей эле коюңар.
Существует только один путь к счастью – перестать беспокоиться о вещах, которые не подвластны нашей воле.
Эпиктет
♦ ♦ ♦
Бактылуу ким топтогу?
Байкасам бул окшоду:
Ден соолугу зор, бирок,
Эс тутуму жоктору.
Чтобы быть счастливым, надо всего лишь иметь хорошее здоровье и плохую память.
Ингрид Бергман
♦ ♦ ♦
Бактылуу ар бир үй-бүлө –
баары бирдей дал келет.
Бактысыз үй-бүлөлөр –
башка-башка, ар бөлөк.
Все счастливые семьи похожи друг на друга, каждая несчастливая семья несчастлива по-своему.
Лев Николаевич Толстой
♦ ♦ ♦
«Бир душманың миңге эсеп,
Миң жолдошуң бирге эсеп».
«Жашоодон окуп билбесек,
Устаттар нени үйрөтөт?»
Один враг — много, тысяча друзей — мало. Тех, кто, жизнь прожив, от жизни не научится уму. Никакой учитель в мире не научит ничему.
Рудаки
♦ ♦ ♦
Окууну куулар жеришип,
Жөнөкөй элдер сыйынат.
Акылдуу ага келишип,
Керектүү жерден урунат.
Хитрые люди презирают учение, простые преклоняются перед ним, мудрые пользуются им.
Томас Бабингтон Маколей
♦ ♦ ♦
Көп окуулар чындыкты –
көргөзүп турган айнектей.
Карап кана турасың,
Кармаганга ал жетпей.
Многие учения схожи с оконным стеклом. Мы видим истину сквозь него, но оно же и отделяет нас от истины.
Жебран Халиль
♦ ♦ ♦
Кишилерди көп көрдүм,
Кийими жок ийнинде.
Кийимдерди көп көрдүм,
Кишиси жок ичинде.
Я встречал много людей, у которых не было одежды.
Я встречал много одежд, внутри которых не было людей.
Жалаладдин Руми
♦ ♦ ♦
Адамдыкты башкадан
Айрып көргөн – накта адам.
Бийиктен таанып киришкен,
Билимин ачат бийик кең.
Только тогда станешь человеком, когда научишься видеть человека в другом.
Александр Радищев
♦ ♦ ♦
Бир чындыкты билүүң оң:
Бириң сол эмес, бириң оң.
Бир киши – бийик бир дүйнө,
Миллиондон миллион!
Каждый из нас – самостоятельная личность, именно он сам и никто другой из миллиардов людей.
Кеннет Рексрот
♦ ♦ ♦
Сократтын өлгөнү;
Ыйсаны мыкка кергени;
Абалтадан берки эле:
Адамзаттын деңгээли.
Смерть Сократа и распятие Христа принадлежат к характернейшим признакам человечества.
Артур Шопенгауэр
♦ ♦ ♦
«Ишениш үчүн түшүнөт,
Түшүнүш үчүн ишенбейт».
«Кедейликтен чыкканды,
Сараңдык келип кишендейт».
«Не верить, чтобы понимать, а понимать, чтобы верить».
«Скупость начинается там, где кончается бедность».
Пьер Абеляр
♦ ♦ ♦
Бизге ишенбей, биз көпкө –
ишендик бала мезгилде.
Бизге ишенет, биз азыр –
ишенбей калдык эч кимге.
В молодости мы верим всем, но никто не верит нам; в старости все верят нам, но мы — уже никому.
Мориц-Готлиб Сафир
♦ ♦ ♦
Болгонго өксүп, Болорго
Болтурба кыял кишенин.
Аракеттенип Учурдан,
Арта бер ага ишеним!
Не оплакивай Былого,
О Грядущем не мечтай,
Действуй только в Настоящем
И ему лишь доверяй!
Генри Лонгфелло
♦ ♦ ♦
Эч кимге муктаж болбоймун,
Эч кимден муктаж болбоймун.
Башкарбоо жана кул болбоо:
максатым деп ойлоймун.
Не терпеть нужды и не иметь излишка, не командовать другими и не быть в подчинении – вот моя цель.
Франческо Петрарка
♦ ♦ ♦
Жалына турган кишим жок,
Жалгыз Кудай коркконум.
Эң негизги зор бакыт:
Эркин адам болгонуң.
Никому не кланяюсь и никого не боюсь, кроме Бога. Великое счастье быть свободным человеком.
Тарас Шевченко
♦ ♦ ♦
Өз пикир, ою тумчугуп,
Өзгөнү карап турчу угуп.
Көз каранды көз караш:
Көрпенделик, кулчулук.
Кто не имеет своего собственного мнения и зависит от мнения и вкуса других, тот – раб.
Фридрих Готлиб Клопшток
♦ ♦ ♦
Адамдар кандай, кандай бир
бактысыз болуп жаралган!
Дем алыш үчүн – аз аба;
жашайын десем – тар аалам.
Куда несчастней создан человек!
Чтобы дышать — и воздуха мне мало,
А чтобы жить — мне мало даже мира.
Луиш Важа ди Камоэнс
♦ ♦ ♦
Тек адам жашайт өңдөнөт:
Таалайын таппай өрмөлөп.
Кечке эле бизди бир нерсе –
Кемирип-кесип жей берет.
Один лишь человек счастливым быть не может,
Нас вечно что-нибудь снедает, мучит, гложет.
Пьер де Ронсар
♦ ♦ ♦
Асмандагы Ай жарык
Азыркы тийген Күн жарык –
Олтуруш үчүн тийбестир,
Өткөнүң эстеп кыйналып?
Разве солнце светит мне сегодня для того,
чтобы я раздумывал о вчерашнем дне?
Фридрих Шиллер
♦ ♦ ♦
Аңдоосу менен дүйнөмдүн,
Ааламды чексиз сүйгөнмүн.
Жеригендердин айынан,
Жек көрүүнү үйрөндүм.
Я был готов любить весь мир, –
меня никто не понял:
и я выучился ненавидеть.
Михаил Лермонтов
♦ ♦ ♦
Түн, көчө, чырак, аптека,
Маанисиз күңүрт жарыгы.
Чейрек бир кылым сен жаша:
Дале ушул. Кайткыс калыбы...
Ночь, улица, фонарь, аптека,
Бессмысленный и тусклый свет.
Живи еще хоть четверть века —
Все будет так. Исхода нет.
Александр Блок
♦ ♦ ♦
Аз керек мага;
Кесим нан гана,
Тамчы сүт жана асманым паана,
Ак булут даана!
Мне мало надо!
Краюшку хлеба
И каплю молока.
Да это небо,
Да эти облака!
Велимир Хлебников
♦ ♦ ♦
Жолу экен ушул жашоонун –
Жоголуу, кайра төрөлүү.
Өсүшү үчүн – өлөрү
Өлбөсө буудай өнөбү?
Терять в жизни более необходимо, чем приобретать.
Зерно не даст всхода, если не умрет.
Борис Пастернак
♦ ♦ ♦
Ачылган эшиктеримен,
Дем алсам токой желинен.
Мен өзүм жакшы билемин,
Менимен калат эминем.
Когда двери раскроются и запахом леса повеет,
я, может быть, разберусь, что осталось во мне от меня.
Пабло Неруда
♦ ♦ ♦
Ырахатсыз, шаанисиз –
Жашооң болсо маанисиз.
Анда ал жерде бир сыр бар,
Алиге сага далилсиз.
Если в жизни нет удовольствия, то в ней должен быть хоть какой-нибудь смысл.
Диоген Синопский
♦ ♦ ♦
«Аккан сууда арам жок»,
Ал чирибейт оболу.
Аккан суудай жөн гана,
Агым менен бололу.
Проточная вода никогда не протухает. Вот почему нужно просто плыть по течению.
Брюс Ли
♦ ♦ ♦
Жашоо деген – жалганчы,
Жашоо деген – алдамчы.
Бактылуу киши андагы –
Жагымдуу түрдө алданчу.
Жизнь есть обман – счастлив тот, кто обманывается приятнейшим образом.
Николай Карамзин
♦ ♦ ♦
Жашсың го деп башкадан,
Жашыңды сенин мактаган:
Жалооруунун белгиси ал –
Жашыңа карый баштаган.
Когда друзья начинают расточать комплименты, что ты молодо выглядишь, – значит, они стали замечать, как ты стареешь.
Вашингтон Ирвинг
♦ ♦ ♦
Аялдын көркү тууралуу,
Акылман сөзү туурабы?
Тигүүчүгө тийиштүү –
Тикелей анын бир жагы.
Недаром какой-то мудрец сказал, что половиной своей красоты женщины обязаны портнихам.
Лопе де Вега
♦ ♦ ♦
Окугандар кабардар,
Обо Энеден баян бар:
Ойлоптур жаңы көйнөктү,
Ойгонор менен аялдар.
Вы помните историю Евы? Как только женщина приходит к сознанию, ее первая мысль – это новое платье.
Генрих Гейне
♦ ♦ ♦
Аялзат сенин көлөкөң:
Жакындасаң качышат;
Алыстасаң кубалап,
Арт жагыңдан басышат.
Женщина — ваша тень: когда вы идете за ней, она от вас бежит; когда же вы от нее уходите — она бежит за вами.
Альфред де Мюссе
♦ ♦ ♦
Шаанисин баары жактырган,
Шараптан дагы мас кылган:
Аялдар, Күлүк ат, Бийлик,
анан да Согуш азгырган.
Что опьяняет сильнее вина? Женщины, лошади, власть и война. (Великие вещи, все, как одна: Женщины, Лошади, Власть и Война.)
Редьярд Киплинг
♦ ♦ ♦
Серт аял жок дүйнөдө,
Шекчилим, ук ашынган.
Аялзаттан эркектин
Катылган руху ачылган!
Некрасивых женщин не бывает
Заявляю скептиками иным,
В женщине мужчина открывает,
То, что незаметно остальным.
Расул Гамзатов
♦ ♦ ♦
Балдарын жүргөн кор санап,
Аялын жүргөн мол сабап.
Маанисиз ага баарысы –
Мечитке деле кол салат.
Тот, кто бьет жену или ребенка, поднимает руку на самую высокую святыню.
Марк Порций Катон (старший)
♦ ♦ ♦
Аял менен бир жашоо –
Жеңил эмес эң эле.
Бирок жашоо аларсыз –
Мүмкүн эмес деги эле.
Жить с женой – дело нелегкое, но жизнь без нее вообще невозможна.
Марк Порций Катон (кичүүсү)
♦ ♦ ♦
Аялзат турса жаркырап,
Ал үйдө жарык шам чырак.
Түнөргөн аял үйүндө,
Түн пардасы тартылат.
Женщина сияет – весь дом сияет,
женщина мрачна – весь дом погружен во мрак.
Ахикар
♦ ♦ ♦
Аял деген аялжан –
Аянбагын аялдан.
Түшүнүүгө түк болбойт,
Сүйүшкө гана жаралган...
Женщины созданы для того, чтобы их любили, а не для того, чтобы их понимали.
Оскар Уайльд
♦ ♦ ♦
Эркектерди бейиштен,
Аялдар кууп келишкен.
Аялзат болот кайра эле,
Бейишти кайрып беришкен.
Женщина вывела мужчину из рая, и только женщина может вернуть его в рай.
Элберт Грин Хаббард
♦ ♦ ♦
Сүйлөтүүгө аялды –
тапса болот миң амал.
Үндөтпөшкө аларды –
таба албайсың бир амал.
Существуют тысячи уловок, чтобы заставить женщин заговорить, но нет ни одной, чтобы заставить их замолчать.
Гийом де Буше
♦ ♦ ♦
Кедей менен байыңда –
Белгилүү бир айырма:
Бай каалаган чакта жейт;
кедей аны тапса жейт.
Разница между богатым и бедным та, что один ест, когда хочет, а другой – когда может.
Уолтер Рэли
♦ ♦ ♦
Бай табыты – кедейден,
Айырмасы нелерден?
Бириники – кайыңдан;
Бириники – эменден...
Гроб бедных едва отличается от гроба богатых: у одних он сосновый, у других дубовый, вот и вся разница...
Николай Фёдоров
♦ ♦ ♦
Кырсыктап калсаң боор ооруп –
Кыйла дос сага муңаят.
Жылдызың жанса жол болуп –
Жыйырмадан бири кубанат.
Все сочувствуют несчастьям своих друзей, и лишь немногие — радуются их успехам.
Оскар Уайльд
♦ ♦ ♦
Ит адамга дос болот,
Ишенимдүү түбөлүк.
Бирок,
Ит менен иттин достугун,
Үлгү тутпай жүрөлүк.
Да, конечно, собака – образец верности. Но почему она должна служить нам примером? Ведь она верна человеку, а не другим собакам.
Карл Краус
♦ ♦ ♦
Жаныбарлар – жакшы дос,
Жаман-жакшың ылгабайт.
Суроо берип кыйнабайт;
Кылганыңды сындабайт.
Животные – очень милые друзья: не задают вопросов и не критикуют.
Жорж Элиот (Мэри Энн Эванс)
♦ ♦ ♦
Жиндини жинди түз табат,
Бирине бири суктанат.
Акылы бирдей накма-нак
Акмакты акмак бат табат.
Всякий глупец найдёт ещё большего глупца, который станет им восторгаться.
Никола Буало-Депрео
♦ ♦ ♦
Кемерге кептеп зээнимди,
Кескен суроо кендирди:
«Жиндиминби чын эле?
А балким бардык эл жинди?..»
Вопрос, который ставит меня в тупик: «Сумасшедший я или все остальные?»
Альберт Эйнштейн
♦ ♦ ♦
Байлыкты Кудай башынан
Баалабайт, сүйбөйт көрүнөт.
Болбосо митаам шүмшүктү,
Бай кылмак эмес көбүрөк.
Если бы Бог считал богатство чем-то ценным, он бы не давал его таким негодяям.
Жонатан Свифт
♦ ♦ ♦
Басып алган кылычтап,
Байлыгың колдон чыгыш бат.
Ак иштен алган алкыштын –
аягы чексиз ырыс-бак.
Богатство, завоеванное мечом, недолговечно, лишь благодарность за добрые дела не имеет конца.
Квинт Курций Руф
♦ ♦ ♦
Элдин бүт суроо-талабы,
Эгерде толук берилсе.
Улутуң, бардык байлыктар,
Урап жок болмок, менимче.
Если бы людям дали все, на что они претендуют, жизнь и все имущество нации были бы потеряны.
Мухаммад аль-Бухари
♦ ♦ ♦
Ата Журт, сүйүп сүйөнөм,
Атыңды уксам түзөлөм.
Теңдешсиз жыты жагымдуу,
Тезегиң күйүп түтөгөн.
Мила нам добра весть о нашей стороне:
Отечества и дым нам сладок и приятен.
Гаврил Державин
♦ ♦ ♦
Жылаңач, жымжырт талаалар –
сыймыгым, ырым сен өзүң!
Баары бир менин өлкөмө –
бактылуу умай энесиң!
Степи голые, немые,
Всё же вам и песнь, и честь!
Всё вы — матушка-Россия,
Какова она ни есть!
Пётр Андреевич Вяземский
♦ ♦ ♦
Дүйнөнү көр бүртүк кумдун агынан,
Ааламды көр токой жалбырагынан!
Алаканга чексиздикти сыйдыргын,
Көз ирмемге түбөлүктү бар кылгын!
Увидеть мир в одной песчинке
И Космос весь — в лесной травинке!
Вместить в ладони бесконечность
И в миге мимолетном вечность!
Уильям Блейк
♦ ♦ ♦
Кайсалап жарык күндөрү,
Капкара десең дүйнөнү:
Кара көзүлдүрүктөн,
Караганың мүлдөнү.
Нельзя ожидать, что мир будет выглядеть светлым, если вы постоянно носите темные очки.
Томас Стернз Элиот
♦ ♦ ♦
Орошон чексиз сулуулук!
Обо-жер ээси белең, эх!
Келгенмин сенден жаралып,
Кереметиңден керемет.
О, красота беспредельная!
О, царь земли и небес!
Я создан тобою,
как самое чудесное из чудес.
Рабиндранат Тагор
♦ ♦ ♦
Эң кайгылуу кубаныч –
акын болуу дүйнөдө.
Алсыз болсо ага өлүм –
а калганы бирдеме.
Самая печальная радость — быть поэтом. Все остальное не в счет. Даже смерть.
Федерико Гарсиа Лорка
♦ ♦ ♦
Фактыны гана кармаган,
Фактыга баарын байлаган.
Адамдар менен акындар –
Абалтан келише албаган.
Человек, придерживающийся фактов, и поэт никогда не поймут друг друга.
Освальд Шпенглер
♦ ♦ ♦
Маңдайда чексиз жол жатат,
Максатым кайтпас өрүндө.
Көчмөн дух толкуп мол жатат,
Күн-түнү көкүрөгүмдө.
Без конца моя дорога,
Цель все так же впереди,
И кочевника тревога
День и ночь в моей груди.
Уильям Вордсворт
♦ ♦ ♦
Улуктан улук тил деген!
Улуттун жаны тил менен.
Тикелей элдин тагдырын,
Тилинен окуп бил кенен.
Язык! Язык! Он душа народов: в нем читаются их судьбы.
Пьер Жан Беранже
♦ ♦ ♦
Дени сак улут эзели,
Улуттугун сезеби?
Оорубаска билинбейт,
Омуртка кайда экени!
Здоровая нация не ощущает своей национальности, как здоровый человек не ощущает, что у него есть кости.
Жорж Бернард Шоу
♦ ♦ ♦
Атчандар алга шаштырат,
Атчан бир келет чапкылап...
Алдында жансыз баласы,
(Агалбай көздө жаш турат).
Ездок погоняет, ездок доскакал...
В руках его мертвый младенец лежал.
Василий Жуковский
Жашайт үмүт жаныңда,
Жан дүйнөңдүн шагында.
Түнү-күнү ал сайрайт,
Түбөлүк тынчтык багында.
Надежда — это птица,
На веточке души
Сидит и распевает,
До вечной тишины.
Эмили Дикинсон
♦ ♦ ♦
Эки түр элбиз туугандар:
Жакшы ишти сүйүп кургандар;
Жана да аны жактырбай,
Артынан бузуп тургандар.
Род человеческий состоит из людей двух видов: первые любят и создают, вторые ненавидят и разрушают.
Хосе Марти
♦ ♦ ♦
Элестейт дайра жээгинде –
Кичекей издер биз салган...
Жыл узак болчу ал кезде –
Эх, азыр кандай кыскарган!
Я помню: в реке большая вода,
маленькие следы у реки…
Как были годы длинны тогда,
как они сейчас коротки!
Белла Ахмадулина
♦ ♦ ♦
Оо кудай, өмүр жалгашын,
Өтө тез кайда жылдырдың?
А түгүл кантип сайрашын,
Бир укпай жүрөм булбулдун.
Бог мой, как прошмыгнула жизнь,
я даже никогда не слышала, как поют соловьи.
Фаина Раневская
♦ ♦ ♦
Өлчөмүнөн баш тарттык –
өмүрлөр мейли кыскарсын.
Даана жашап өткөндү –
далилдеген иш калсын!
Нам отказано в долгой жизни; оставим труды,
которые докажут, что мы жили!
Плиний Старший
♦ ♦ ♦
Жалган тарыхчыларды,
Жалган тарых жасаган.
Жасалма акча кылгандай,
Куткарбаш керек жазадан.
Лживых историков следовало бы казнить, как фальшивомонетчиков.
Мигель де Сервантес
♦ ♦ ♦
Бейпил кезде көбүрөк,
Атасын көмөт балдары.
Атага уулун көмдүрөт,
Алаамат согуш жаңжалы.
В мирное время сыновья хоронят отцов, а на войне – отцы сыновей.
Геродот Галикарнасский
♦ ♦ ♦
Тынчтыгын элдин ойлогон,
Согушка даяр болгон оң.
Сонун көрөт согушту,
Согушта өзү болбогон.
Пусть тот, кто желает мира, готовится к войне. Война приятна только тем, кто ее не испытывал.
Публий Флавий Вегеций Ренат
♦ ♦ ♦
Бүркүт болсоң бүркүтчө,
Майдалар менен түртүшпө.
Талашып биринчиликти –
Таандарды үркүтпө!
Если можешь быть орлом, не стремись стать первым среди галок.
Пифагор
♦ ♦ ♦
Арыстандын терисин –
алган эшек жамынып.
Айкын болот бат эле –
айкырыгынан таанылып.
Осла и в львиной шкуре по крику узнаешь.
Эзоп
♦ ♦ ♦
Калп атагы гүлдөгөн,
Калпты чындай сүйлөгөн:
Чындыкты айтып жатса да,
Эч ким кулак түрбөгөн.
Если кто-либо печально известен своей низкой ложью, то даже правдивые его слова не внушают доверия.
Федр
♦ ♦ ♦
Керектүү иште биргелеп,
Кеңешүүгө ким керек?
Кеңешчиң кандай ал ишти –
аткарарын билген эп.
Когда хочешь посоветоваться с кемнибудь о своем деле, обрати прежде всего внимание на то, как он устраивает свои собственные дела.
Исократ
♦ ♦ ♦
Кеңешмеде коёндор,
Теңдикти талап кылыптыр.
Ал жөнүндө сүйлөөгө,
Арстандар чыгыптыр.
Львы взяли слово, когда, собравшись на совет, зайцы потребовали для всех равноправия.
Антисфен Афинский
♦ ♦ ♦
Жаркын көңүл, каш-кабак –
жакшылыктарды башкарат.
Акыл иш ийгилигине –
айрыкча кызмат аткарат.
…Веселое или доброе настроение при умственных занятиях служит лучшим условием их успеха.
Кенже Плиний
♦ ♦ ♦
Бир чөйчөк – чаңкоо кандыруу;
Экинчиң – көңүл шаң кылуу;
Үчүнчүң – чексиз ыракат;
Төртүнчүң – мээден айрылуу.
Первую чашу пьем мы для утоления жажды, вторую – для увеселения, третью – для наслаждения, а четвертую – для сумасшествия.
Луций Апулей
♦ ♦ ♦
Айланайын башкармам,
Сенин ишиң башкарган.
Элге жолтоо болбогун,
Эмгегин жакшы аткарган.
Руководить — это значит не мешать хорошим людям работать.
Сергей Капица
♦ ♦ ♦
Жүрөктө болбойт бырыштар,
Жүрөктө жалаң тырык бар.
Сердце не имеет морщин, на нем бывают только шрамы.
Габриэль Сидони Колетт
♦ ♦ ♦
Жүрөгүнүн ачкычын –
аялдарга арнаган:
Кулпусун алмаштырууну –
ойлоно баштайт кайрадан.
Вручив вам ключ от своего сердца, мужчина сразу же начинает подумывать о смене замка.
Хелен Роуленд
♦ ♦ ♦
Сыналгынын келгени:
Сыягы баарын теңдеди.
Аалам болуп бир айыл –
айың-ушак бергени.
Благодаря телевидению мир стал большой деревней, а изрядная часть передач возрождает деревенские сплетни.
Герберт Маршалл Маклюэн
♦ ♦ ♦
Саясатчылар тайызы –
Жүзүнөн токсон пайызы.
Ошолордон булганат,
Онунун абийир, намысы.
Какие-то 90 процентов политиков портят репутацию всех остальных.
Генри Альфред Киссинжер
♦ ♦ ♦
Кериктей болсо териңиз,
Саясатка келиңиз.
Кылчалык жука болсо эле,
Кыйналбай кете бериңиз.
Не идите в политику, если кожа у вас чуть потоньше, чем у носорога.
Франклин Рузвельт
♦ ♦ ♦
Жер үстүндө аңкоолор –
Алдамчыдан мүлдө көп.
Агер андай болбосо,
Алдамчы кантип күн көрөт?
На свете дураков больше, чем мошенников, иначе мошенникам нечем было бы жить.
Сэмюэл Балтер
♦ ♦ ♦
Акчага кулдук урушкан,
Айбандык турмуш курушкан:
Чыкпасын чындап күтө бер,
Чыр-чатак, жаңжал, уруштан.
Тот, кто, прельстясь деньгами, в брак
Вступить готовится, – дурак:
Дождется ссор, скандалов, драк.
Себастьян Брант
♦ ♦ ♦
Биринчи топчу туура эмес
бүчүлөнсө, ар жагы:
Ырааты жок, орду жок,
Ыдырай берет калганы.
Кто неправильно застегнул первую пуговицу, уже не застегнется как следует.
Иоганн Вольфганг Гёте
♦ ♦ ♦
Жөнөкөйсүнүү ашкере,
Жөнүн билсең башка не?
Тереңинен карасаң:
Текеберлик жакшы эле.
Чрезмерная скромность есть не что иное, как скрытая гордость.
Андре Мари Шенье
♦ ♦ ♦
Өзөлөнүп жан салып,
Өзүңдү сүйсөң канчалык:
Көз каранды болосуң,
Көп пикирге тамшанып.
Чем больше человек любит самого себя, тем больше он зависит от чужого мнения.
Марк Аврелий
♦ ♦ ♦
Бир тараптан көрчү бүт,
Бир гана ишке энчилик:
билимдүү бир шарлатан,
болбосо, орой эмпирик.
Односторонний специалист есть либо грубый эмпирик, либо ученый шарлатан.
Николай Пирогов
♦ ♦ ♦
Эки адамда сыр жашайт,
Үч киши билген сыр болбойт.
Төртүнчү билген нерседен,
Төгөрөк дүйнө кур болбойт.
Есть тайна двух, но тайны нет у трех, и всем известна тайна четырех.
Абылкасым Фирдауси
♦ ♦ ♦
Каалоо кайдан карысын,
Каалайт пенде баарысын.
Каалай берип унутат,
Кайсыны каалап алышын.
Черт, человек может лежать и хотеть - хотеть, и больше ничего, так хотеть, что он сам забывает, чего ему хочется.
Роберт Пенн Уоррен
♦ ♦ ♦
«Жалпыга кылдым эмгегим
Жасадым колдон келгенин» –
деп айта берген адамдар –
жакшы билбейт деңгээлин.
Когда люди говорят: «Я сделал все, что мог», – это значит, что они недооценивают себя.
Марлен Дитрих
♦ ♦ ♦
Түгөл журт мага кол чапса,
Түшүнөт неге чапканын.
Эл бирок сизге түшүнбөйт,
Эмнеге кол чаап жатканын.
(Эйнштейнге тамашасы)
Мне аплодируют, потому что меня понимает любой; вам аплодируют, потому что вас не понимает никто.
Чарли Чаплин
♦ ♦ ♦
Дүйнө – китеп жазылган,
Кадамың сайын ачылган.
Музейлер – искусствонун
көрүстөнү жашынган.
Мир – это книга, страницы которой открываются нам с каждым шагом. «Музеи – это кладбища искусства».
Альфонс де Ламартин
♦ ♦ ♦
Байыркыда кут кандай,
Баарыбызда суктанмай.
Зарыл бирок жашашың,
Заманыңдан тыш калбай.
Можно восхищаться древностью, но следовать нужно современности.
Публий Корнелий Тацит
♦ ♦ ♦
Атага дилин ачпаса;
Атанын оюн таппаса;
Баары бир андай эркектер –
Балага болбойт жакшы ата!
Ни один мужчина не может стать хорошим отцом, пока он не научится понимать своего отцо.
Торнтон Уайлдер
♦ ♦ ♦
Көздө бардык ый жатат,
Көркоо да жанын кыйнашат.
Торпокту толук сугунган,
Крокодилдер ыйлашат.
И крокодилы плачут, а все-таки по целому теленку глотают.
Александр Островский
♦ ♦ ♦
Итке сөөк ыргыткан –
ырайым эмес негизи.
Ырайым – иттей ачкаңда,
ит менен сөөк бөлүшүү.
Кость, брошенная собаке, не есть милосердие; милосердие – это кость, поделенная с собакой, когда ты голоден не меньше ее.
Жек Лондон
♦ ♦ ♦
Балээни күтүү – балакет.
Балекеттин өзүнөн,
Башкача бир жан эзет!
Ожидание несчастья — худшее несчастье, чем само несчастье.
Торквато Тассо
♦ ♦ ♦
Карамүртөз ташбоорлук –
Караңгылык жемиши.
Караганда тереңдеп,
Коркоктук анын негизи.
Жестокость — это порождение злого ума и часто трусливого сердца.
Лудовико Ариосто
♦ ♦ ♦
Асыл эр эмес шекчилден,
Алдоону күтпөйт эч кимден.
А бирок алдап атканды,
Ал биринчи тез билген.
Благородный муж ни от кого не ожидает обмана, но когда его обманывают, он первый замечает это.
Конфуций
♦ ♦ ♦
Убаданы берүүгө –
Укмуш күчүн арнаптыр.
Аткарууга бир дагы –
Ал-кубаты калбаптыр.
Когда слишком много сил тратят на обещания – слишком мало оставляют на исполнение.
Константин Михайлович Симонов
♦ ♦ ♦
Уйку бир укмуш каникул:
өзүңдөн чыгып эс алуу.
Айланаң, өзүң көрбөгөн –
алыскы жакка бет алуу.
Но в этом-то и величие сна. Каникулы от самого себя — не видеть ничего вокруг и самого себя не видеть.
Хулио Кортасар
♦ ♦ ♦
Ар үйгө таандык бир сезим,
Таңгалтпай койбойт эч мени.
Коюнуң толгон кубанчты айт,
Коногуң кеткен кездеги!
Интересно, подумала я, во всех домах бывает это чувство радости и полноты жизни после ухода гостей?
Дафна Дюморье
♦ ♦ ♦
Жыйырма эки миң төрт жүздөй
Чарчы километрде.
Кока-кола жарнаксыз –
СССР эсимде!
СССР — это 22 400 000 квадратных километров без единой рекламы кокаколы!
Габриэль Гарсиа Маркес
♦ ♦ ♦
Майда чыгашалардын
Мааниси чоңун эстейли.
Чыпалактай тешиктен,
Чоң коробль чөкпөйбү.
Будьте осторожны с мелкими расходами: самая небольшая течь может потопить большой корабль.
Бенжамин Франклин
♦ ♦ ♦
«Пиво-суу» дүкөн алдына,
Бир жакшы адам сулаптыр.
Элден чыккан ал дагы –
Чыгып түз, карга кулаптыр...
У магазина «Пиво-воды»
Лежал хороший человек.
Он тоже вышел из народа —
Как вышел, так упал на снег.
Николай Рубцов
♦ ♦ ♦
Ашказан мээден акылдуу:
Жакпаса кусат кайрадан.
Мээ жута берет ылгабай,
Таштандыларды сандаган.
Желудок умнее мозга, потому что желудок умеет тошнить. Мозг же глотает любую дрянь.
Чыңгыз Айтматов
♦ ♦ ♦
Бекерчилик салтанат:
Бечелдикке алпарат.
Ажонун көбүн жок кылган,
Ажайып шаарды талкалап.
Праздность нередко губила великих царей и прекрасные города.
Гай Валерий Катулл
♦ ♦ ♦
«Жакшылык мага келбейт» деп,
Жеңил ойлойт жалкыган.
Куюлуп таамп отуруп,
Кумара толот тамчыдан.
Не думай легкомысленно о добре: «Оно не придет ко мне». Ведь и кувшин наполняется от падения капель.
Будда Шакьямуни
♦ ♦ ♦
Элдик сөздөр акылман,
Эчен кылым катылган.
Жалаң асыл ойлордун
Жанарынан ачылган.
Людская речь – она была от века
Лишь отраженьем мысли человека.
Жусуп Баласагын
♦ ♦ ♦
Караңгы элге бул адат:
Кубанбаска кубанат,
Уялбастан уялат.
Надан ел – қуанбас нәрсеге қуанады,
ұялмас нәрседен ұялады.
Абай Кунанбаев
♦ ♦ ♦
Билмексен болсо билимдүү –
Бийиктиги жооптуу.
Дердеңдей берген билимсиз –
Ден соолугу кооптуу.
Кто, имея знания, делает вид, что не знает, тот выше всех. Кто, не имея знаний, делает вид, что знает, тот болен.
Лао Цзы
♦ ♦ ♦
Менде азыр айлык, акча көп,
Бүт өмүргө жетүүчү.
Төрт сааттын эгер ичинде,
Дүйнөдөн болсом кетүүчү.
Денег, которые я заработал, хватит мне до конца жизни, если я умру сегодня в четыре часа.
Хенни Янгман
♦ ♦ ♦
Коридорлор аягы –
дубалга барып такалат.
Түнөлгө кирсең ар жагы –
түз жарыкка апарат.
Коридоры кончаются стенкой,
а тоннели выводят на свет.
Владимира Высоцкий
♦ ♦ ♦
Калбасын деп коркконуң,
Каталыктар жасалып:
Өмүр бою коштогон –
Ошол анык каталык.
Самой большой ошибкой, которую вы можете совершить в своей жизни, является постоянная боязнь ошибаться.
Элберт Грин Хаббард
♦ ♦ ♦
Чыгарса жиндиканадан,
Кайрадан үйгө барганың:
Айыгуу эмес, жөн гана
Жалпыга окшоп калганың.
Если тебя выписали из сумасшедшего дома, это еще не значит, что тебя вылечили. Просто ты стал как все.
Пауло Коэльо
♦ ♦ ♦
Түшүнбөйм түгөл бурганга,
Дүйнөнү кайра курганга.
Жашайлы десең ишенем,
Жаман кылбай мындан да.
Я не верю, что можно изменить мир к лучшему. Я верю, что можно постараться не сделать его хуже.
Чарльз Буковский
♦ ♦ ♦
– Сиз өзүңүз жөнүндө
сөз сүйбөйсүз, туурабы?
– Мен атүгүл сүйбөймүн
ойлоону өзүм тууралуу.
— Вы не любите говорить о себе, не правда ли?
— Я даже думать о себе не люблю.
Эрих Мария Ремарк
♦ ♦ ♦
Аялыңды ээрчитип,
Баргандыгың Парижге:
Самооруң менен Тулага,
Баргандай эле таризде.
Ехать с женой в Париж все равно, что ехать в Тулу со своим самоваром.
Антон Чехов
♦ ♦ ♦
Бактылуулук, ден соолук –
экөөндө жок айырма.
Бар экенин сезбесең,
демек, сенин жаныңда.
Счастье — как здоровье: когда его не замечаешь, значит оно есть.
Иван Тургенев
♦ ♦ ♦
Бүт дүйнөгө белгилүү,
Бүгүн аны бүт билет:
Англия чылым жыттаса,
Франция чүчкүрөт.
Это уже известно всему свету, что когда Англия нюхает табак, то Франция чихает.
Николай Гоголь
♦ ♦ ♦
Оптимист менмин көбүрөк,
Оптимист кандай бөлүнөт?
Көрүстөндөгү кресттер,
Көзүнө плюс көрүнөт.
Я вообще оптимист. А оптимист — это человек, который приходит на кладбище и вместо крестов там видит плюсы.
Михаил Задорнов
♦ ♦ ♦
Кактус деген – бадыраң,
Катуу кечкен жанынан.
Кактус — это глубоко разочарованный в жизни огурец.
Евгений Петросян
♦ ♦ ♦
... бир башың бар сен жакшы,
Эки баштуу эң жакшы.
Эки баштын ортосун –
Ээлеген жаман эң башкы!
...одна голова хорошо, а две лучше, если ты не между ними!
Семён Альтов
♦ ♦ ♦
Доклад деген доклад,
«Достойный» жерге окулат!
Дейдилерге орун жок,
Дебатка барсын топурап!
Дуракам нельзя давать делать доклады! Дураки должны выступать в прениях!
Виктор Ардов
♦ ♦ ♦
Жакшылык – тилдин улуусу,
Жалпыга кызмат кылуучу.
Ал тилде дүлөй сөз сүйлөп,
Ал тилден керең угуучу.
Доброта — язык, на котором немые могут говорить и который глухие могут слышать.
Кристиан Нестел Боуви
♦ ♦ ♦
Эч качан мындай болбогон,
Эч кандай нерсе болбоого.
Ар дайым болгон ушундай –
Кандай да болсо болгонго.
Никогда так не было, чтоб никак не было. Всегда так было, чтобы как-нибудь да было.
Гашек Ярослав
♦ ♦ ♦
Күндү тоо жапкан кезинде,
Күңүрт кеч каптап эң алды.
Күмүш түс суунун бетинде,
Күч алат салкын жел аргы.
Солнце скрылось за горами,
Вечер мрачный настает;
Над сребристыми водами
Ветерок прохладу льет.
Егор Аладьин
♦ ♦ ♦
Өмүрдү берип тек күнгө,
Өкүттүү турган мезгилде.
Алдыңкы күнгө чакыруу –
Акым жок менин эч кимге!
Я же, растративший свой день впустую, по какому праву смею я призывать завтрашний день?
Ален-Фурнье
♦ ♦ ♦
Тынчтыкта жашайт коркпогон,
Кыялы чексиз түрдөгү.
Ар күнүн кубанч коштогон,
Ар күнү гүлдөйт гүлдөрү!
Мир тому, кто не боится
Ослепительной мечты,
Для него восторг таится,
Для него цветут цветы!
Константин Бальмонт
♦ ♦ ♦
Ач эшикти, адамдар, ач эшигиң,
Чатыр сүзүп, айнек кагам үйүңдөн.
Ач, мен шамал, шамалдын так өзүмүн,
Жалбырактан кургак кийим кийинген.
Откройте, люди, откройте двери,
Я бьюсь о крышу, стучусь в окно,
Откройте, люди, я ветер, ветер,
Одетый в платье сухих листов.
Валерий Брюсов
♦ ♦ ♦
Сен да, мен да Евгений.
Эмеспиз бирдей тең гений.
Сен дагы итсиң, мен – дагы,
Сен – мурдагы, мен – жаңы.
Ты – Евгений, я – Евгений.
Ты – не гений, я – не гений.
Ты – говно, и я – говно.
Я – недавно, ты – давно.
(Евгений Евтушенко, Евгений Винокуров)
♦ ♦ ♦
Сен балким акын болбоссуң,
Ашыкпа, керек түшүнүү:
Кыйкырат кантип каалгада –
Кыпчылган шоола үзүмү!
Можно и не быть поэтом
Но нельзя терпеть, пойми,
Как кричит полоска света,
Прищемленная дверьми!
Андрей Вознесенский
♦ ♦ ♦
Бирөлөөр тутат партбилет –
Өмүр бою жакшы деп.
Экинчи жүрөк бирөөгө ал,
Бирөөгө болсо – нак жүрөк.
Только тот партбилета достоин,
Для кого до конца его лет.
Партбилет — это сердце второе,
Ну а сердце — второй партбилет.
Евгений Евтушенко
♦ ♦ ♦
Күндөр кайтат.
Күрдөөл кайтпас артына,
Карылык кууп
сары изиме чөп салат.
Мейли десем,
болбой согуп талпына,
Бул жүрөгүм
түгөл артка көз салат.
А дни бегут.
А сила не вернется,
А старость бродит
по моим следам.
Пусть будет так.
Но все же сердце бьется
И это сердце – без остатка – там.
Михаил Исаковский
♦ ♦ ♦
Пайгамбарлар аттары,
Башында болгон: «көрөгөч».
Көпчүлүк көрбөс нерсени
Көргөндүгү жөн эмес.
Тот, кого сегодня называют пророк, когда-то назывался провидцем. Иначе говоря — пророк видит вещи, которые недоступны человеческому разуму.
Мишель Нострадамус
♦ ♦ ♦
Коңур күз неге эркелеп,
Конокко келдиң эртелеп?
Жүрөктөн дагы сурайсың:
«Жылуулук, жарык берсе» деп!
Что ты рано в гости,
Осень, к нам пришла?
Еще просит сердце
Света и тепла!
Алексей Плещеев
♦ ♦ ♦
Кайрымдуулук жардамы,
Берген жери пайданы:
Көпчүлүктүн ошондон –
Көз карандысыз калганы.
Благотворительность полезна только в том случае, если она поможет вам обрести независимость.
Алексей Плещеев
♦ ♦ ♦
Оо үмүт, менин көсөмүм!
Жол башчы болдуң өмүргө.
Түзмө-түз кызмат өтөдүң,
Түйшүктү түмөн бөлүүгө.
О надежда! ты мой гений!
Ты вожатый в жизни мой!
От опасных треволнений
Я избавлен лишь тобой.
Кондратий Рылеев
♦ ♦ ♦
Куу тагдыр сени ойнотуп,
Кубантып, кайра азаптайт.
Учуруп кылым бойлотуп,
Уятка салып мазактайт.
Судьба играет человеком;
Она, лукавая, всегда
То вознесет тебя над веком,
То бросит в пропасти стыда.
Николай Соколов
♦ ♦ ♦
Туткунда жаткан жырткыч – биз,
Туш келди чуулап-дүрбөгөн.
Каалгасы катуу жылчыксыз,
Ачканды бири билбеген.
Мы – плененные звери,
Голосим как умеем.
Глухо заперты двери,
Мы открыть их не смеем.
Фёдор Сологуб
♦ ♦ ♦
Шаардын чоң ушакчысына,
Сатып тоту кушуңду.
Жашай алсаң коркпостон –
Жашоо дейм ошол учурду.
Жить надо так, чтобы не бояться продать своего попугая самой большой сплетнице города.
Юлиан Тувим
♦ ♦ ♦
Жаз – жалгыз улуу төңкөрүш,
Жактырган дүйнө, өлкөбүз.
Орногон бардык талаптар:
Орошон эмгек, көркөм иш.
Весна — единственная революция на этом свете, достойная быть принятой всерьёз, единственная, которая по крайней мере всегда имеет успех.
Фёдор Тютчев
♦ ♦ ♦
Жаңылып-жазып турса да,
Жаштыгың сулуу, сүйкүмдүү.
Каадасын канча кылса да,
Карылык өңү бир түрлүү.
Молодость даже со своими ошибками прекрасна и очаровательна, а старость даже со своими добродетелями не многого стоит.
Теодор Фонтане
♦ ♦ ♦
Айрылуу кыйын калгандан,
Кайрылуу кыйын сынгандан.
Унутуу кыйын чангандан,
Учат да, кайтпайт курган жан!
Уйти труднее, чем остаться,
Сломаться легче, чем согнуться.
Забыть труднее, чем расстаться,
А сгинуть проще, чем вернуться.
Михаил Щербаков
♦ ♦ ♦
Чөбөрөлөрдүн бир кезде,
Чөйрөсү өсүп-өнсө дейм.
Сүрөтүн жакырчылыктын
Музейден гана көрсө дейм.
Я бы хотел, чтобы когда-нибудь наши правнуки имели возможность увидеть, что такое бедность, только на картинках в музеях.
Мухаммад Юнус
♦ ♦ ♦
Түрктөр айтат дүйнөдө,
Үчөөнү жашыра албайсың:
көк жөтөл, сүйүү, жакырлык –
көмүскө кантип кармайсың?
Три вещи в мире невозможно скрыть, – говорили турки, – любовь, кашель, и бедность.
Иво Андрич
♦ ♦ ♦
Пилдер көрсө сүрөтүн –
биттей сезмек бир өзүн.
Бүргө көрүп сүрөтүн –
бүркүтмүн десе күлөсүң!
Слоны всегда изображаются меньшими, чем они есть на самом деле; блохи же – всегда большими.
Жонатан Свифт
♦ ♦ ♦
Чачты таза кырамын,
Ала кийим ыраңым.
Колумда күрөк, лом менен,
Коммунизм курамын...
С бритой головою,
В форме полосатой,
Коммунизм я строю
Ломом и лопатой.
Олег Григорьев
♦ ♦ ♦
Эч адам чыйыр сала элек,
Эң татаал жолду тандасаң:
Алдыңдан тосуп чыгуучу,
Атаандаш болбойт ар качан.
Всегда выбирайте самый трудный путь – на нем вы не встретите конкурентов.
Далай Лама
♦ ♦ ♦
Чет тилди билүү жакшы олжо,
Чеберлик түртөт жакшы ойго.
Өмүрдө бирок эч качан,
Өз эне тилге кас болбо!
Хорошо, что с чужим языком ты знаком,
Но не будь во вражде со своим языком.
Самуил Маршак
♦ ♦ ♦
«Жөнөкөй адам менмин» деп,
Жөөлүгөн бир келжир кеп.
Жөнөкөй жөнөкөйлүгүн
Жөн эле жүрсө эл билмек.
Не люблю, когда говорят: «Я простой человек». Простой человек о себе никогда так не скажет.
Агния Барто
♦ ♦ ♦
Талашынын негизин,
Так билбей турса эки адам.
Талашкандай узакка,
Талаша албайт эч адам.
«Никто не спорит так долго, как два человека, не знающие, о чем они спорят».
Леон Баттиста Альберти
♦ ♦ ♦
Көрсөң карап фанатчылык тарыхын:
Көлдөгөн кан, көз жаш менен жазылган.
Тамгалары тирүү тозок жалындын,
Табы менен таамай кургап басылган.
История фанатизма написана одними слезами и кровью; каждая страница написана ими и высушена на огне костров.
Пьер Буаст
♦ ♦ ♦
Учкул куш адам кыялы –
Учурбай кантип тыялы.
Кыялсыз жашоо, кунарсыз,
Кыйылган өмүр сыңары.
Крепко держись за мечту:
Если мечта умирает,
Жизнь, как подбитая птица,
К земле припадает.
Лэнгстон Хьюз
♦ ♦ ♦
Өкүткө жаның алдырба,
Өксүбө бекер кайгырба.
Чексиздик күтөт мелжиген,
Чечкиндүү кадам алдында.
Ни о чём не жалей,
Продвигайся вперёд,
Там вдали, посмотри,
Горизонт тебя ждёт.
Морис Карем
♦ ♦ ♦
Түшүнбөйм мобул ааламды,
Түзүгү – чынбы, жалганбы?
На этом свете не поймёшь,
Что лучше – правда или ложь.
Роберт Фрост
♦ ♦ ♦
Алдуулар коркпойт топ жоодон,
А бирок коркот достордон.
Сильный человек не боится врагов, зато боится друзей.
Рюноскэ Акутагава
♦ ♦ ♦
Оолакта дүйнө көйүңдөн,
Шоолалар Айдан төгүлгөн:
Жаткансыйт келип, жайгашып,
Жай ээлеп жүрөк төрүмдөн.
Далекая
От горестей этого мира,
Сияет луна,
И кажется мне, её свет
В моём поселился сердце.
Сайгё
♦ ♦ ♦
Кыркка келген убагың –
картайганы жаштыктын.
Элүүдөгү курагың –
жаштык кези карттыктын.
Сорок лет — это старость молодости, пятьдесят — это молодость старости.
Виктор Гюго
♦ ♦ ♦
Ааламда далай үй-жайсыз,
Азаптуу эл көп миң-сансыз.
Бириксек кучак жайышып,
Биз жалгыз эмес, бир жанбыз.
Люди в мире бесприютны,
И у всех печаль своя.
Я к груди тебя прижала
И не одинока я.
Габриэла Мистраль
♦ ♦ ♦
Кечээ мага бир жайдан,
Крокодил жылмайган.
Кысынып ошол ыңгайдан,
Кыйналам дале мындайдан.
Вчера Крокодил улыбнулся так злобно,
Что мне до сих пор за него неудобно.
Сильвия Плат
♦ ♦ ♦
Көздү жумсам бир ирет,
Өлүмгө дүйнө биригет.
Көтөрүлсө кирпигим
Көрүнөө баары тирилет.
Я закрываю глаза и весь мир умирает; я открываю глазаи всё снова оживает.
Силвия Плат
♦ ♦ ♦
Ашкере кууган ырахат –
арт жагында миң азап.
Чем большее получаешь удовольствие, тем большую боль испытаешь потом.
Нацумэ Сосэки
♦ ♦ ♦
Бөлүнбөй көпкө биригип.
Жалгыз булут көктөгү,
Айга турат илинип...
Долго-долго висит одинокое облачко в небе,
зацепившись за месяц...
Такахама Кёси
♦ ♦ ♦
Таңдагы туман,
Жан тарткан жакка,
Жай жылат улам...
Утренний туман
уходит тихонько туда,
куда ему надо…
Танэда Сантока
♦ ♦ ♦
Караңгы кезде көп көрөт,
Каректин курчу өзгөрөт.
В темные времена глаз начинает видеть.
Теодор Рётке
♦ ♦ ♦
Эстеп койгун тим гана
Эң негизин бил жана.
Поэзия жазылбайт,
Баарлашуу үчүн бир гана.
Надо помнить, что стихи пишутся не для того лишь, чтобы служить предметом беседы.
Томас Стернз Элиот
♦ ♦ ♦
Кунар-кутуң өчкөн күн:
күлкүсү жок өткөн күн.
Наиболее впустую прожитый день — это день без смеха.
Эдвард Эстлин Каммингс
♦ ♦ ♦
Карөзгөй кайгы жеңдирбейт,
Карыны, жашты тең бийлейт.
Страдание всех уравнивает — и старых и молодых.
Альфонс Доде
♦ ♦ ♦
Арамзанын сылыгы –
Ары жагында былыгы.
Коварство – форма зловредности тактичных людей.
Анри Ренье
♦ ♦ ♦
Жооптун жоонун сүйлөйбүз,
Жооптордун түрүн чүргөйбүз.
Суроонун неден турарын
Сураса такыр билбейбиз.
Мы выучили все возможные ответы. Но мы не ведаем, в чем состоит вопрос.
Арчибальд Маклиш
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.