Надежда Тэффи: Араб жомоктору

  • 30.12.2024
  • 1135

АҢГЕМЕ

Күз – козу карындын учуру.

Жаз – тиш оорулардын.

Күзүндө токойго козу карын тергени барышат.

Жазында – дантистке, тишин дарылатканы. Эмне үчүн мындай – билбейм, бирок бул чындык. Тагырагын айтсам, тиш тууралуу билбейм, а козу карын жөнүндө жакшы билем. Эмне үчүн ар жаз сайын көчөлөрдөн кебете-кепширлерин бузуп, жаактарын таңып алган арабекечтерди, офицерлерди, кербезденген ырчыларды, трамвай кондукторлорун, буура булчуң күрөш чеберлерин, жада калса бешиктен бели чыга элек жаш балдарды жолуктурабыз?

Бир акын таамай айткандай: “Терезелердин капкактары алгачкы ирет ачылгандыктан” туш тараптан соккон желден суук тийгизип алышабы?

Кандай болгондо да бул болбогон нерсе эмес, тиш оору мезгили адамдарда кандай күчтүү сезимдерди козгорун жана ал тууралуу эскерүүнүн өзү эле канчалаган толкундоолорду жаратарына жакында күбө болдум.

Кайсы бир күнү эзелтеден бери тааныш, жакын досумдун “очогуна” баш бактым. Үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен дасторкондо олтуруптур, жаңы эле эртең мененки тамактарын ичип бүтүшкөндөй. (Мен “очогуна” деген сөздү колдондум, анткени бул сөз чакыруусуз эле эртең менеки ондобу же кечинде чыракты өчүрүп, жатууга камданган учурда деле барса болорун түшүнгөнүмө бир далай убакыт болгон.) Баары үйдө экен. Энеси, уул-келини, эрге тийген кызы, бойго жетип толукшуган кызы, кыздын ашыгы студент жигит, небересинин жолдошу жана дачадагы коңшусу.

Мен ушуга чейин бул буржуазиялык үй-бүлөнү бүгүнкүдөй бир нерсеге дүүлүгүп, толкунданган абалын дегеле көрбөптүрмүн. Баарынын көздөрү кандайдыр бир ооруга кабылгандай жалындап, жүздөрүндө кызыл ала темгилдер пайда боло баштаптыр. 

Бирдеме болгонун дароо түшүндүм. Болбосо эмне үчүн адатта бир мүнөткө баш багып, кайра кеткенге ашыккан уул-келини кетүүнү ойлобой, толкунданып олтурушат.

Балким үй-бүлөдө бир чыр чыккандыр, сурагандан уялдым. Мени төргө чыгарышып, чай сунушту да, баары кожойкенин уулунун оозун тиктеп калышты.

– Анда эмесе, улантайын, – деди ал.

Ички эшиктин ары жагынан кылдуу калы бар кара тору жүз кылтыят: бул карыган бала баккыч аял, ал дагы угуп жатыптыр.

– Ошентип, ал кыпчуурун оозума кайра салды. Ооруганын айтпа! Өгүздөй өкүрдүм го, чиркин, буттарым тыбырчылайт, ал чиренип тартат. Кыскасы, баары орду менен. Акыры түшүндүңөр да, жулуп алды...

– Сенден кийин мен айтам, – бийкеч капилеттен ортого кыпчыла калды.

– Мен дагы... бир ооз сөз, – деди ага улай кызга ашык болгон студент.

– Коё тургула! Баарыңар жабылбай, – энеси аларды тыйды.

Уулу барктанып, бир аз унчукпай турду да анан сөзүн улантты.

– Жулуп алган тишти айланта карады да, өңү бузула түшүп айтып жатпайбы: «Pardon, бул дагы соо тиш экен!» Анан кайрадан үчүнчү тишти жулганы камданды... эшек! Жок, элестетсеңер! Мен айттым: “Сүйкүмдүү өкүмдар! Эгерде сен...”

– Оо, Кудай сакта,— эшиктин ары жагындагы бала баккыч кемпир онтолоп жиберди. – Алардын оюна койсоң...

А тиш догдур уялып калгандын ордуна:

– Эмнеден коркосуң? — деп жатпайбы.

Аңгыча дачадагы коңшусу үн катты:

– Корко турган нерсе бар! Сиздин алдыңызда эле ал бирөөнүн кырк сегиз тишин бүт жулган!

Чыдай албай мен да сөзгө аралаштым:

– Кечиресиз, эмне үчүн мынча көп? Ал адам эмес эле уй болуп жүрбөсүн! Ха-Ха!

–Уйдун тиши болбойт, – деп кыпчылды окуучу. – Ал сүт эмүүчү. Эми мени уккула. Биздин класста...

—Тыс!тыс! — баарылап аны сүйлөтүшкөн жок. – Улуулардын сөзүн бөлбө. Кезегиң келгенде айтасың.

– Ал таарынып калды, – деп улантты баяндамачы сөзүн. – А азыр оюма келди, ал оорулунун он тишин жулган соң, оорулуу анын калган тиштерин күбүп салса керек!... Ха-Ха!

– Эми мен! – деп кыйкырды окуучу. – Эмнеге мен баарыңардан кийин айтышым керек?

– Тим эле тиш жулуу ишинде жаналгыч! – деди дачадагы коңшу, өзүнүн сөзгө орундуу аралашканына ыраазы болуп.

– Былтыр дантистен анын койгон пломбасы көпкө чыдайбы деп сурадым, – жаш бийкеч сөзгө аралышты. – А ал “Беш жылга жетет, бирок сизге андан ашык убакыттын деле кереги жок”, – дебеспи. “Мен эмне беш жылга жетпей өлөмбү?” – дедим. Таңгалганымды сурабагыла. А ал: “Бул маселенин адистигиме тиешеси жок”,— деп бурулуп кетти.

– Алардын эркине койсоң болду! – бала баккыч аялдын үнү эшиктин ары жагынан күңкүлдөп угулду.

Кызматчы келин кирип идиш-аякты жыйнады, бирок кеталбай туруп калды. Колундагы подносту кармаган боюнча, сыйкырланып калгандай жылбайт. Бир кызарат, бир бозорот. Анын да айтар сөзү бардай, бирок кожоюндардан ыйбаа кылып, батына албай тургансыйт.

– Менин бир таанышым өз тишин жулган. Аябагандай ооруптур! – бийкечтин ашыгы студент сөзүн баштады.

– Тапкан экенсиң эмнени айтышты! – ордунан секирип турду окуучу бала. – Ал кимге кызык дейсиң! Эми мен! Биздин класста...

— Менин байкем тишин жулдурмак болот. – Небересинин досу кезекти жулуп кетти. – Ага тике маңдайындагы үйдө тиш догдур жашарын айтышат. Ал коңшусуна барып коңгуроону басат. Тиш догдур мырза эшикти өзү ачыптыр. Байкем бул жагымдуу адамды көргөндө тишин жулдургандан коркпой калат. Ал мырзага кайрылып: “Байболгур, тишимди жулуп бериңизчи” дейт. А тиги: “Жул десеңиз жулуп бермекмин, бирок эмне менен жулам? Эмне, чыдатпай жатабы?” Агам айтыптыр: “Аябай ооруп жатат; кыпчуур менен эле жулуп салыңыз”. “Кыпчуур менен болсо! ... Коё туруңуз”. – Бөлмөсүнө кирип, издеп жүрүп чоң кыпчуур таап келди дейт. Байкем оозун ачса, кыпчуур батпайт. Байкем нааразы болуп: “Кантип ушундай тиш догдур болсун, жада калса курал-жабдыгыңыз жок”, – десе тиги таңгалыптыр. “Ким айтты мени тиш догдур деп. Мен инженермин!” “Инженер болсоңуз эмне үчүн тиш жулам деп асыласыз?” “Мен асылып жаткан жерим жок, Өзүңүз келдиңиз го жулуп бер деп. Мен инженер экенимди билесиз го дегем, чыдабай жатканыңыздан адамгерчилик үчүн жардам кылмакчы болгом. А мен ак көңүл адаммын, анан кантип...”

– А меникин фельдшер эле жулуп салган, – капыстан бала баккыч аял кызууланып сүйлөй баштады. – Ал бир шүмшүк болчу! Кыпчуурун алып, бир мүнөткө жеткизбей жулуп ыргытты. Дем алганга да үлгүргөн жокмун. Анан: “Мага, – дейт, – элүү тыйын бересиң”, – деп жатпайбы. Ойлосоңор, кыпчуурун бир бурап койгону үчүн элүү тыйын! Тааптырсың жиндини, дем алганга да үлгүргөн жокмун го! дедим, ачууланып. “Сиз эмне, – дейт, ал: – сизден 50 тыйын алыш үчүн тишиңизден кармап алып төрт саат жерге сүйрөп жүрүшүм керек беле? Сараңданбаңыз, уят болот!”

– Бул чындык! – аңгыча кызматчы келин чыйылдап жиберди, ал бала баккычтан кийин сөз тизгинин алуу кожоюндарга көп оор тийбесе керек деп ойлоду көрүнөт. Кудай урсун, бул карандай чындык! Алардын баары мыкаачылар! Менин агам тишин жулдурганы барса, доктур ага “Азууңдун тамыры төртөө экен, баары көздүн тамыры менен байланышат. Бул тишти жулганыма үч сомдон кем албайм” дептир. Үч сомду биз кайдан алабыз? Биз жакыр адамдарбыз! Агам ойлонуп туруп мындай дейт: “Менде мынча акча жок, бүгүн бир жарым сом берип турайын, калганын бир айдан кийин кожоюндан айлыгымды алганда берем”. Жо-ок! Макул болбой коюптур! Ага дароо баарын бериш керек да!

– Кудай-у-ур! – чочуп кетти дачадагы коңшу. – Саат үч болуптур! Мен кызматка кечиктим!

– Үч болуптурбу? Оо Кудай, биз да шаарга бармакпыз! – уул-келини ордунан секирип турушту.

– Ах, Мен Бебчикке тамак бере элекмин! – шашып калды кызы.

Баары чарчашса да бир нерседен жеңилденип алышкансып, көтөрүңкү маанайда шашкалактап таркап кетишти.

Бирок мен үйгө абдан нааразы болуп келдим. Чынында мен дагы өзүмдүн стоматологиялык окуямды айткым келген. Бирок алар айтып бер деп сурашышкан жок.

“Алар, — деп ойлодум, — өздөрүнүн ынтымактуу буржуазиялык чөйрөсүндө арабдардай болуп, оттун тегерегине чогулуп, өз жомокторун айтып отурушат. Булар башка адам жөнүндө ойлошмок беле?”

Албетте, мага баары бир дечи, бирок мен кандай болгон күндө да алардын коногумун да. Сөз берип коюшса болмок. Бул алар тарабынан бир аз адепсиздик болуп калды.

Албетте, мага баары бир. Бирок ошентсе да айткың келет экен...

Бул алыскы, тиш доктурлар жок провинциялык шаарда болгон окуя. Тишим ооруп калды, тааныштар мени жеке ишкердик кылган доктурга кайрыл, анын тиш оору жөнүндө анча-мынча кабары бар дешти. Бардым. Дарыгер, жаак эти шылынган, жүзү кубарган ушунчалык арык адам экен.

– Тишпи? Бул коркунучтуу! Кана көрсөтүңүзчү! — деди.

Мен көрсөттүм.

– Чындап эле ооруп жатабы? Таңгалыштуу! Ушундай сулуу тиш! Демек, бул ооруйт деңизчи? Ооба, бул коркунучтуу! Ушундай таза тиш! Тим эле укмуш! – Ал иштиктүү кадам менен үстөлдүн жанына келип, сыягы аялынын баш кийими болсо керек, аны колуна алып, кандайдыр бир узун төөнөгүчтү чечип алды.

– Оозуңузду ачыңыз! – Ал шарт эңкейип, төөнөгүч менен тилиме сайып жиберди. Анан төөнөгүчтү кылдаттык менен аарчып, кайра-кайра пайдаланышы мүмкүн болгон баалуу куралды бузуп алган жокмунбу дегенсип кунт коюп карап чыкты.

– Кечиресиз, айым, менин колумдан келгени ушул.

Мен эмне айтаарымды билбей жалдырап олтуруп калдым.

– Кечиресиз, мен адис эмесмин! Колумдан келгенди жасадым!..

  • *     *

Ошентип... мен дагы айтаарымды айтып алдым.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз