Жашоо – жаркын ойлордун асманы

  • 28.01.2025
  • 2780

Жашоо оңой эмес, бөтөнчө биринчи жүз жылы эң оор.
Уилсон Мизнер

Жашоо – оорукана, анда ар бир бейтап башка керебетке өтүүнү кыялданат.
Шарль Бодлер

Дүйнөдөгү эң жакшы нерселерди көрүүгө да, кармалоого да мүмкүн эмес. Аларды болгону сезе аласыз.
Хелен Келлер

Жашоо кичинекей кадамдардын сериясы.
Хота Котб

Өзүңдү сүйгөндү үйрөн, ошондо баары ордуна келет.
Люсиль Бол

Эгер бир ишке 5 жыл коротууну каалабасаң, ага беш мүнөт да коротпо.
Меган Маркл

Оңой келген нерсе көпкө чыдабайт. Ал эми анын көпкө чыдашы оңойго турбайт.
Белгисиз автор

Кереметтерге ишенбеген адам эч качан кереметке ээ болбойт.
Роалд Даал

Жашоо – үй эмес, саякат.
Феликс Фельдхайм

Жашоо дегениң сага жакпаган нерсени жасоо үчүн өтө кыска.
Ричард Брэнсон

Жашоо – бул мезгилдин иши.
Владимир Резников

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз