О`Шакир: Бир асылды ала качты ажалың

  • 15.07.2025
  • 1112

Бийик чокудагы мөңгүлөр кылымдар бою турганы турган калдайып. Ошол сыңары журттун жүрөгүндө мөңгү сыяктуу жок болуп кетпес инсандар бар. Чанда. Айрыкча кыргыз коомунда! Улут көрөңгөсү, элдин эс-акыл эркечи ошолор…

Өмүрбек Абдырахмандын урку да, наркы да дал ошондойлордон. Эми бул инсанды дагы далай кеп кыларбыз күрсүнүп. Жоктойбуз. Өкүнөбүз. Жер муштайбыз. Орду толгус экенин эми аңдайбыз, кыргыз!

Анын багбандык менен саясый агартууну айкалыштырган жаратмандыгын айтып түгөтө албаспыз алдыда…

♦ Идеялар багбаны болгонун – жерге көчөт тургай мээбизге жаркын ойлордун көчөтүн отургузган, элдин аң-сезимине акыйкат үрөнүн сепкенин;

♦ Бирден бир саясый агартуучу катары демократия маңызын, артыкчылыгын элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, акыл-насаатында элди эркин ойго ишенимдүү үндөгөнүн;

♦ Өз заманынын жаратманы катары зулумдукка баш ийбеген, эл үчүн жүрөгүн таарыган, убактылуу эмес, узак мөөнөттүү багытты көздөгөн реалист экенин;

♦ Көп кырдуу кеменгерлиги менен агро тармагында инновациялык жаңылыкты (тамчылатып сугаруу) кыргыз коомуна жайылтуудагы бирден бир реформатор болгонун;

♦ Таланттуу калемгер-публицист, ойчул, коомдук ишмерлиги менен караламан калктын акыл аңына демократия дөөлөтүн сиңирсем деген улуу миссияны көтөрө билген инсандыгын;

♦ Таза жүрөк, тайманбас үнү менен акыйкатчыл, бийлик эмес уяттан корккон кежирлигин кеп кыларбыз далай өксүп...

Мындан бир ай мурун Өмүкем экөөбүз бири-бирибизге тултуңдашкан бойдон ажыраганбыз. “Болуптур көрүшкөнчө” деген бойдон, кол да алышпай, бири бирибизге тетири караган бойдон жолубуз ажыраган… Убактылуу деп ойлогом!

Ага чейин жайдаңдашып, бакылдашып, тамашалашып, ресторанда Өмүкенин сый тамагын ичкенбиз – Жаныбек Абидетегин үчөөбүз. Ишке эми-эми ашыра турган долбоорубуздун уюштуруу иштерине бюджет бөлүштүрүү маселесинен чыкты таарынычыбыз.

Былтыртан бери Өмүкем мага тапшырган Павел Назаровдун “Борбор Азиядан качуу аттуу” калдайган китебин беш ай басып жатып которуп бүттүм. Бирок аны жарыкка чыгаруу маселесин талкуулашып, бир пикирге келмегибиз азап болду. Менин да, Өмүкенин да ит кыялы чым жазданып өлмөйүн кайдан калсын: чыртылдаша кеттик сөздүн аягында…

Бирок баары буга чейинки Өмүкеге мен какшанып келгендей эле болду: өлүп алды китеп жарыкка чыкканын көрбөй! Китепти мартта бүтүп, колуна карматтым. Ана-мына чыгарабыз дейбиз, Өмүке өзүнүкүн бербейт улам:

– Китепти калың, кымбат баракка чыгаралы. Сүрөттөр көп болсун. Өзүнчө альбом кылсак дейм Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган... – деп буга чейин өз табитине жаккан толтура сүрөттөрдү көрсөтөт.

– Коюңузчу, Өмүке! Окурман ошол сүрөтү үчүн кызыгат дейсизби китепке?! – деп мен тырчыйм. – Анда китептин чыгымы асманды чапсыйт, – дейм китеп өндүрүшүндөгү тажырыйбама таянып, китеп соодасын жүргүзүп жүргөн практик катары…

– Чапчыса акчасын мен чыгарып атам го, – дейт Өмүкем. – Уулум Азат миллиондорду чапчыса да чыгымын мен көтөрөм деди…

– Сиз го, сиз… чынжырлуу байсыз! А окурмандардын чөнтөгүнө туура келбейт толтура сүрөттөрү, калың барактуу китеп. Элибиз ансыз да китеп сатып алгысы жок, кара курсактын кайгысынан… 

– Анда бекер таратабыз! – деп чыкканычы Өмүкем.

– Өзүңүз ашынган либералсыз, кантип түшүнбөйсүз – бекердин куну татыбасын! – деп мен зиркилдейм китепти бекер таратабыз дегенине көнбөй. – Ансыз да адабияттын зоболосун өстүрө албай келатсак, а сиз китептин кадырын түшүрөсүз… бекер таратып! – дейм күйбөгөнүм күл болуп.

– Макул… Анан эмне кылалы?! – Өмүкем жумшара калгансыйт кайра.

– Китепти сары баракка чыгарсак, арзан түшөт. Сары кагаздын жакшы жери – окурмандын көзүн талытпайт. Чөнтөгүнө да жеңил – арзан. А сиз тандаган моногул жылтырак ак кагаздан окурмандын көзү чыбырчыктап тез талыйт. Сары барактан көз чарчабайт, бул көзгө да жумшак, – дегениме Өмүкем ынангандай болуп кетет да, иштин кийинки баскычына келгенибизде эле баягы өз табитине гана туура келген позициядан тайбай туруп алганы үчүн, ишибиз кечеңдеп келди…

– Китепти өзүңүз дагы бир сыйра карап чыктыңызбы?.. Баш сөздү бүтүрдүңүзбү? – дегенимди даа канча кечеңдетти.

– Эми кыргызда азыр жалгыз гений сен болсоң, сага ишенбегенде кимге ишенем, Олжоке! Сен айткандай кылабыз... – деп ишти улам создуктурганына ачууланып жүрдүм.

Тилиме сала бергендей кээде Өмүкени шаштырган тамашамды каргыш алсачы…

Мындан үч жыл мурда “РухЭш” сайтына “Өмүкенин кеби – демократия деми” деген аталыштагы ал кишинин Фейсбук баракчасындагы суроо-жооптор топтомун жарыялап жүрдүм. Аны Өмүкем экөөбүз өзүнчө китеп кылып түзмөк болдук. “Бирок кийинки жылы чыгаралы китепти” – деп жүрдү Өмүке. А кийинки жылы кайдан: мен бир жылдан ашык темир тор артында жашоо кечирип, ал ишибиз үзгүлтүккө кабылды…

Түрмөдөн чыгып келдим. Шайдоот. Алты саным аман. Өмүкем башымды куттуктап, үйүмдүн босогосун биринчи аттагандардан болду. Тишиң тийсе ширеси чачыраган эки жашик толо алмалардын асыл сортунан ала келиптир үйүмө. Ошентип Павел Назаровду Өмүкенин сунушу менен басмага даярдап, колуна карматмак болгомун.

Акыры карматтым, бирок иштин сапаты үчүн ал долбоорубуз кечеңдеп келгенден улам 2-3 мерте азил-чыны аралаш айтканым бар:

– Өмүке, – дедим. – Бойго жетип солкулдап турган кыздарды көзү суук бирөөлөр ала качып кеткендей, ажал деген балекет кимди болбосун заматта ала качып кетчү эле... Дем-күчүңүз барында өзүңүздүн авторлук эмгекти да ылдамдатып, китеп түрүндө чыгарып коёлу… Назаровдун китеби менен катар сиздин авторлук эмгектер да кыргыз коомун агартууга аба-суудай зарыл, – дегенимди укпады да эй!

Мага көнбөй:

– Шашмалыгыңды койчу, – дейт кайра.

– О`Шакир шашма деп ойлойсуңар баарың!!! Мен шашма эмесмин, силерден алдыга озуп кеткемин эбак! Тек гана жамбаштап жаткан кыргыз, көттө калгандар гана мени шашма деп ойлойсуңар, – дегениме жарпы жазылып каткырчу кайран асыл Өмүкем.

– Өзүмдүкүнөн мурда Павел Назаровду чыгаралы… А меникин кийинки жылы, – деп жүрүп эле, мына Өмүкенин кылганы: өлүп алды!!!

Эми анын рухий мурастарын жаамы журтка жайылтуу биздин – тирүүлөрдүн моюндагы парз…

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз